"Кара-Кечеге азыр дагы
чакыртып жатышат…"
Гезитибиздин өткөн санында "Мекен Туу" партиясынын координатору Жапаркулов Каттоо "Шайлоодо эл алданса, кайра революция болот" деген маегинде Кара-Кече тууралуу дагы өз пикирин билдирип, анда аталган көмүр ишканасынын мурдагы башкы директору Нурлан Мотуев тууралуу дагы кеп козгогон эле. Бул маселе боюнча, редакциябызга Нурлан мырза баш бакты. Эмесе кеп кезеги менен болсун. Эскерте кетүүчү нерсе, гезитибизге жарыяланып келген жана жарык көрүп жаткан ой-пикирлер гезиттин жеке көз карашы эмес, андыктан, окурман өзү таразалап алат.

- Биринчиден, гезитиңерди окуп алып күлкүм келди. Жапаркулов Каттоо деген киши бар экенин силердин гезитиңерден көрдүм. Анан иликтеп чыксам, 93-95-жылдарды Бишкек шаардык Октябрь райакимиятында иштеп жүрүп, бир повильондон "взятка" ала коюп соттолуп, отуруп чыгыптыр. Өзү ошентип "взятка" алып жүрүп, анан мени, өмүрүмдө көрбөгөн кишинин сындаганына күлкүм келди. Ал эми Кара-Кече боюнча айтсам, беш жылдан бери айтыла берип тил тешилди, жазыла берип гезит бети деле жыртылып бүттү окшойт. Акыры менин идеям жеңди, кайра эле Жумгал эли алып койгонуна күбө болбодуңарбы. Учурунда революциялык кырдаал болуп, Жумгал элинин талабы менен Өкмөттүн алдындагы Кыргыз-Көмүр жактан Кара-Кечеге башкы директор болуп бекип, мен барып тартипти орнотком. Мен иштеп турган бир жыл ичи эл миңдеген тонна көмүрлөрдү бекер, арзан алды. Көмүр өндүрүү жакшы болгон. Ошол жылы Кыргызстанды кыштан чыгарып кеткенбиз. Көмүрдүн күлү жеринде тоннасы 350 сом, кесеги 450 сом болчу. Анан албетте, кийин мени жалган жалаа менен каматып коюшту да, мурункулар келип кирип алып, тоннасын миң сомго көтөрүп жиберишти. Каттоо деген келип сөкмөк тургай, мен аны өмүрүмдө дагы көргөн эмесмин. Атүгүл, Камчыбек Жолдошбаев тишине чейин куралданган 80 спортсмен менен келип, биздин элден таяк жеп, курал-жарагын тарттырып жиберген. Рысбек Акматбаев Кара-Кече тоолоруна келе албай, тээ жапсарда жүрчү. Каттоо мага кара пияр кылам деп жатып, кайра мени мактап алыптыр. "Жумгал эли мени басып, Мотуевди колдоп койду"деп өзү мойнуна алып жатпайбы. Жогорку технологиялык жана коллективдүү иштөө деген эмне экенин далилдеп, чыныгы эркиндик эмне экенин бир жыл элге көрсөткөм. Бир жыл бапырап эле берекеси ашып-ташып турган. Бекер алганы бекер алып, арзан алганы арзан алып, элдин баарына жетип эле ашып-ташып турган.
- Сизди Бакиевдин кишиси деп жазып жүрүшөт го?
- Мен каяктагы Бакиевдин кишисимин? Өзүңөр мына күбө болдуңар, Бакиев беш жыл бийликте турду. Мен Кара-Кече иши боюнча төрт жыл суракта жүрүп, былтыр апрелде араң ишим жабылды. Анткени, куру жалаа, жалган доомат болчу баары. Бир жыл тергөө изоляторунда(СИЗО) отурдум. Анан мен кандайча Бакиевдин кишиси болуп калат экемин? Ал беш жыл жыргап президент болуп отурду, а мен темселеп суракта жүрдүм. Кичине Кудайды карап сүйлөшпөйбү, анализ, аргумент, салыштыруу, факт деген болуш керек да, же жөн эле ооздору менен оттой беришеби? 2006-жылы оппозиция уюштурган ноябрь митингинин астында мен: "Кара-Кеченин артында Адылбек Бакиев турат" деп, Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкарууга өтүп баратканын алгачкылардан болуп айтып чыккам. "Лица", "Агым", "Айкын" гезиттеринде, "24 kg" агенттигинде Бакиев, премьер Куловдорго каршы радикал оппозиция маанайында атырылып бир тийгем. Өөрчүп келаткан ноябрь митингинин отуна май чачып, элдик маанайды козгогом. Жумгалдан мени колдоп, миң киши келген. Мен СИЗОдо отуруп, теледен Өмүрбек Абдрахмановдун: "Жумгалдан 500 киши келатат бизди колдоп",-деп айтканын көрүп мыйыгыман жылмайгам. Негизи, Жумгалдыктар "Ата-Мекенди" же Ө. Абдрахмановду колдобой эле, мени колдоп келишкен. Митингде "Мотуевге боштондук!" деген плакаттарды лидерлер Текебаев, Эшимкановдор көтөрттүрбөй коюшуптур, элден жалдырап суранып. "Биз личносттор үчүн эмес, а реформалар үчүн чыгып жатабыз" деп. Ошого деле болбой, "Мотуевге азаттык!" деп кыйкырган үндөрдү оппозициялык НТС каналынан көрүп калып жаттым. Ошол эле Текебаев, Эшимканов, Булекбаев, Б. Букашевалар менен соткадан байланышып отурдум тергөө изоляторунан(СИЗО). Жумгалдыктар башкы прокуратураны курчашса, ошо кездеги генпрокурор Камбараалы Конгантиев коркуп, бир ай жумушка келбей качып жүргөн.
- Азыр Кара-Кеченин жетекчиси жок экен го, барып кабар алган жоксузбу?
- Барып кабар алган жокмун. Бирок, мени эки жолу чакыртышкан. Азыр дагы чакыртып жатышат, шайлоо бүтсүн деп карап отурам. Аерди тартипке келтирүү үчүн күчтүү, эрктүү адам керек. Болбосо, криминалдар карьерлердин начальниктерин "грузить" этип башташат. Мен барда гана аерге криминал жолой алган эмес.
- Шайлоо демекчи, сиз бул шайлоого каршы пикирде экениңизди билебиз, ошон үчүн шайлоого барган жоксузбу?
- Мен бул Парламенттик шайлоого 2008-2009-жылдан бери эле каршы ойлорумду, контаргументтеримди айтып келатам. Парламенттик республика - бул христиандардын католицизм эрежесин колдойт. Жөөттөрдүн чоң салымы бар. А Ислам принцип эрежелеринде бир гана президенке баш ийиш керек. Амир деп коет бизде. Макул, референдумду көз буйдамалап жатышып, Конституцияны зордоп кабыл алдырышты. Өлкөнү канча киши башкарат? 120 кишиби, же президент менен премьерди кошуп 122 кишиби? Сот бийлигинин эркиндиги кайда калат? Талабы кандай болот? 120 депутаттын да командас ы болот, ошондо120 уюм болуп кетип жатпайбы. Бул боюнча оюмду билдиргем, азыр дагы айтам, Ислам принциптерине, Курандын жоболоруна каршы Конституция жана Парламент болот бул. Ошон үчүн мен мындай шоуга катышкан жокмун.
- Учурда азыркы бийликке оппозициялык күчтөр чыга албайт деген пикирлер айтыла калып жүрөт, буга кандай карайсыз?
- Оппозициялык күчтөр эмнеге чыга албайт? Бирок, чындыкты, өз пикириңди, принциптериңди айтып койсоң эле оппозиция дегендер дагы бар. Чыныгы оппозиция болом дегендер да бар. Эмнеге жок? Атамбаев, Текебаев, Отунбаевалар кечээ эле бийликтин кылт эткенин баса калып эле сындап атышчу эмес беле. А өздөрү эмне сындан четкери калышыптырбы? Атүгүл, шариат китептеринде деле айтылат: "Аллахты да ыза кылышат. Эмне деп дебейсизби? Мисалы, христиандар Аллахтын энеси, уулу бар деп айтышат. Аллах төрөлбөгөн, төрөтпөгөн. Өзүн ыза кылгандарга карабай, Аллах кечиримдүү, баарына ырыскы берет. Ал эми, өзүнө шек келтиргендерден кыямат күнүндө сурак алат". Сындабаган, сындалбаган ким калды Кыргызстанда? Мени деле башымдан ылдый жугунду куюп жатышпайбы. Дабааттын окуусуна сугарылгандыктан, баарына кечиримдүү мамиле кылып келатам. Негизи сын адамды оңдойт. Саясатта жүргөндөрдүн баарынын эле тилектери Кыргызстан оңолуп, эл жашоосу жакшырсын деген ниет болуш керек. Ал эми, Парламенттик республика деп адашып жаткандары башка маселе. Акыры кыяматта Аллах астында жооп беришет.
Азима Акунова





  Аксакалдан акыл кеп

Ишенбай АБДУРАЗАКОВ, коомдук ишмер:
"Мамлекет балдак таянгандай көрүнөт"
- Президентибиз мыйзамдуу шайланганына, Өкмөттүн курамы бекилгенине карабай, Убактылуу Өкмөт дале өз күчүн жоготпой келет. Мунун себептерин сиз эмнеден көрөсүз?
- Учурдагы саясый абал көп жагынан уникалдуу десек болот. Президентибиз мыйзамга ылайык шайланганы менен, мамлекеттик бийликтин экинчи чоң бутагы кесилип, анын ордуна жаңысы келе элек болгондуктан, бүгүнкүдөй аткаруу бийлигинин курамы да чаташкан шекилде калбадыбы. Укуктук өңүттөн карасак, өкмөт толук кандуу болбой, мамлекет балдак таянгандай көрүнөт.
Техникалык деп аталган өкмөт калыптангандан кийин, мурдагы Убактылуу Өкмөт толугу менен өз миссиясын тапшырып кетиш керек болчу. Андай болбоду. Айрымдары алда кандай болуп кетет дегенсип, өз мартабасына да, башкаларга да ишенбей тырмышып отуруп алды. Калгандары деле "чыныгы өкмөт мына биз болобуз" деп, логикасыз аргумент менен элди ишендиргиси келип жүрүшпөйбү. Себеби, президентке таасирин жукартпас үчүн, техникалык өкмөттү тизгиндеп турбаса административдик ресурсту жоготуп коюшубуз мүмкүн деп чочулаганы болсо керек. Эл ичинде ушундай пикир бар.
- Техникалык Өкмөт тарыхта болгонбу?
- Ал туурасында маалыматым жок.
- Техникалык Өкмөттүн курамын эски бийликтин "камчы чабарлары" түзүп калды. Ошондон улам "люстрация программасын" кабыл алуу зарылбы?
- Люстрация деген укуктук түшүнүк болуш үчүн, анын маанисин тактап, анан тийиштүү жол аркылуу эреже кылып кабыл албаса, азырынча идея катары кала берет.
Өкмөттүн мүчөлөрүн талдоодо эң негизги шарттар менимче төмөнкүлөр: алардын акыл-парасаты, билими, тажрыйбасы, тазалыгы. Бүгүнкү өкмөт чектелүү укук алкагында аракет кылууда. Сөз бар эмеспи "пианистти атпагыла, ал колунун келишинче ойноп атат" деген. Алдыбызда шайлоо турбайбы. Ошону коогалаңсыз өткөрүп алган соң, өкмөт курамына катуу талап кылсак жөндүү болот.
- Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарга жаштардын көбүрөөк тартылбай жатышына эмне тоскоол болууда?
- Сөз жок, келечек жаштардыкы. Бирок, мамлекеттик кызмат дегендин өзгөчөлүгү бар эмеспи. Ага ириде профессионалдык сапатына, мен жогоруда айткан критерийлерге ылайыкташ керек. Жөндөмдүүлөрдү тандап, тарбиялап, бышырып мына эми оор жүктү көтөрүп кете алат деп ишенгенден кийин коюш керек. Деги эле кадр саясаты бизде солгун. Ишеничтүү резерв болбосо, мамлекеттик кызматтын сапаты жогорулабайт. Непотизм деген балээден кутулуу зарыл.
- Шайлоо өнөктүгүнө байкоо салып атасызбы?
- Шайлоонун кандай өтүшү өлкөнүн келечегине байланыштуу да. Андыктан, албетте, кайдыгер боло албайбыз.
- Жеке пикириңизде кайсы партия көбүрөөк добуш алат деп ойлойсуз?
- Аны айтсак да, айтпасак да болот.
- Президенттик башкаруу, Парламенттик башкаруу талашы эмгиче күчүнөн жана элек. Сиз кай тарабына кошулат элеңиз?
- Ал талаш жөнүндө сөз көп, бирок, талашкандан не пайда? Биз саясый жаңы тилкеге кирип кеттик. Муну да көрөлү. Адам баласы өз башынан өткөрмөйүн көп нерсеге терең түшүнө албайт. Менин оюмча, кеп формада эмес, кеп саясый аң-сезимде. Парламенттик башкаруунун оң жагы да, терс жагы да бар. Саясат майданына кирген адамдардын билими, маданияты жогору турган өлкөлөрдө ал система өзүн актады. Бийликти бир адамдын колуна бербей, бийлик бутактары бири-бирин тыкыс көзөмөлгө алып, эл алдында жоопкерчиликти курч сезе турган деңгээлге жетсек, иш илгерилей берет.
- Парламенттик башкарууга өтөөрүбүзгө саналуу убакыттар калды. Сурайын дегеним мындай башкарууга партиялар даярбы?
- Чынын айтыш керек. Бийик критерий коюп, анализ кылсак, азырынча партиялар даяр деп айтыш кыйын. Бирок, турмуш өзү калыпка салаар. Эл - сынчы болот эмеспи. Депутаттардын, өкмөт мүчөлөрүнүн ар бир кадамы көрүнүп калат. Ошолорду ачык айтып, калыс баа берилип турса, алар деле акырындап жетилээр.
- Акаевдин жубайы, эки баласы, Бакиевдин жети тууганы, эки баласы өлкөбүздүн капчыгын эсепсиз эңшерип ийишти эле, эми 120 депутат ачарчылык "сазына" батырбаса болду деген кооптонуулар жок эмес...
- Келаткан 120 депутаттын ар бири ошол кооптонууну түшүнүп, элдин каргышына калбай, абийирим таза болсо экен деп ниеттенсе, мейли парламент, мейли өкмөт, кызмат -байлыктын булагы эмес, элге ак кызмат кыла турган жооптуу күч экенин сезсе, буюрса, иш илгерилеп кетээыр.
- Маегиңизге рахмат!


Эрлан ЖУМАГАЗИЕВ