Кыргызды өзбек атты
28-сентябрь күнү Баткендин Өзбекстан менен чектеш Кадамжай районунун Кайтпас айылында чек ара тилкесине 500 метр бери жакта мал издеп жүргөн Алмаз Жороевге өзбек чек ара кызматкери ок аткан. Өзбек чек арачысы аткан ок Алмаз Жороевдин сол далысына кирип, денесинде калып калган. Жабырлануучунун айтымында өзбек чек арачысы эскертүү берген эмес. Учурда жарадардын денесиндеги ок алынып, абалы туруктуу. Бул иш боюнча териштирүү жүрүп жатат.


Улукбек Абдусаламов үй камагына чыгарылды
Жалал-Абад шаардык соту "Дидор" гезитинин баш редактору, 14-июндагы Жалал-Абаддагы жаңжалга тиешеси бар деген айып менен кармалып отурган Улукбек Абдусаламовго карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарды. У. Абдусаламовдун адвокаты Бектурсун Калмановдун айтымында, Жалал-Абад шаардык соту өткөн аптада адвокаттын У.Абдусаламовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн карап, аны канааттандырган. Жактоочу айыпталуучунун ден соолугун эки дарыгер текшерип, анын абакта турууга болбой тургандыгын тастыкташканын кошумчалады. Убактылуу Өкмөт ден соолугу чыңдарга алы жетпей, жалаң оорулууларды баса калып атканбы?


Жаштар, саясый партияларга каршы
"Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Бул күнү ар кыл мамлекеттерден көз карандысыз эл аралык байкоочулар келет. Учурда шаардын көчөлөрү саясый партиялардын үгүт материалдарына толуп кеткен. Борбордук көчөдөн тартып, шаар четине чейин бак-дарактар, имараттардын беттерине чейин үгүт баракчалары чапталган. Алар айрылып, тытылып калган", - деди "КАБАР" маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында "Коомдук жаштар кеңеши" кыймылынын төрагасы Гүлзат Беталиева.
Жаштар партиялардын үгүт иштери да маданияттын чегинде болсо деген ойлорун билдиришти. Алар бактарга байланган кызыл чүпөрөктөр адамда жаман ой калтыраарын да айтышты.
"Биз саясый партиялардын лидерлерине жолугуп бул маселени көтөрүп чыгууну ойлодук. Бирок алар облустарда жүргөндүктөн эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок. Ушул себептен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кайрылат элек" - деди кыймылдын мүчөсү Рустам Касымбеков.


Эми президент видеокүндөлүк колдонот
Р.Отунбаева видео күндөлүгүн www.kyrgyz-el.kg. сайтына жайгаштырат. Бул тууралуу Өкмөт үйүнүн пресс-кызматы маалымат таратты.
Мында карапайым эл да өз мүдөөсүн билдирип жана президенттин позициясын билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Ошондой эле, бул видекүндөлүк коомчулукту кызыктырган маалыматтар боюнча президенттин өз оозунан жеке коментарийлерди ала алышат.


Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Чернобыль авариясына 25 жыл болду
Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Чернобыль авариясынын 25 жылдыгына карата жыйын өтөт. Ага КМШ өлкөлөрүнөн да өкүлдөр келет. Бул тууралуу "КАБАР" маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында "Ардагерлер жана майыптар "Союз-Чернобыль" коомдук уюмунун төрагасы Кадырбек Сасыкулов билдирди.
Анын айтымында, КМШ өлкөлөрүндөгү чернобылчыларды Бишкекте чогултуу идеясын КР биринчи вице-премьер-министри Амангелди Муралиев колдогон. "Аталган иш чара мамлекеттик деңгээлде өтөт, аны кыргыз өкмөтү уюштурат", - деди ал.
К.Сасыкулов Россия, Беларусь, Украинада болгондугун, ал жакта бир топ расмий жолугушуулар өткөндүгүн анда Кыргызстандагы чернобылчылардын көйгөйлөрү көтөрүлгөндүгүн айтты.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1 миң 80 чернобылчы бар, алардын жарымы 1-топтогу майыптар, алар финансылык жардамга муктаж. Пенсия 3,7 миң сомду түзөт, бул акча оорулуу адамга жетпейт, тамагынан тышкары дары-дармектерди да алуу зарыл", - деди К.Сасыкулов.
Ал мындан тышкары, Ысык-Көлдө чернобылчылар үчүн реабилитациялык борбор керек экендигин, бул маселе вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров менен сүйлөшүлгөндүгүн, ал оң жагынан чечилгендигин айтты.


Кыргыз Кытай чек арасы жабылат
Кыргыз Кытай чек арасы убактылуу 1-октябрдан 10-октябрга чейин Кытай Эл Республикасынын билим берүү күнүн майрамдоого байланыштуу жабылат. Бул тууралуу КРнын Улуттук чек ара кызматынын пресс-кызматы билдирди.
Ошондой эле чекарачылар КРнын жарандарына тартипти сактап, маршруттук каттамдардын жүрүшүнөн кабардар болуп туруусун өтүнөбүз деп билдирет.
Бизге маалым болгондой, КЭР ар жылы мамлекеттик чоң иш -чаралары өтүп жаткан маалда эки өлкөнүн чек арасын жаап турууну салтка айланткан.




102
билдирет
Өрттөн жатакана жабыркады
Шаарыбыздын К.Акиев-Киев көчөлөрүндө жайгашкан "Кебабистан" кафесинин чатыры өрттөндү. Ал Улуттук университетинин жатаканасынын жанында жайгашкандыктан, жатакананын 6 бөлмөсү да өрттөн жабыркады. Бактыга жараша имараттагы студенттердин баары сыртка чыгарылып эч ким жабыр тарткан эмес . Өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түздү, тилсиз жоондон убагында куткаруу иштери жүргүзүлүп өрт ылдам өчүрүлгөн, Учурда өрттүн чыгуу себептери аныкталууда.

Сотко чейин тергөө керек
Ош шаарындагы аскердик бөлүктөрдүн биринде Кара-Суу райондук милициянын начальниги Адылбек Султанов менен анын айдоочусу Уран Шамурзаев июнь айындагы Ош окуясы учурунда Нариман айылына эл менен сүйлөшүүгө барып мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул адамдарды мыкаачылык менен өлтүрүлүп. өрттөлгөнү белгилүү болгон. Учурда кылмышка шектүү деген адамдардын үстүнөн сот процесси башталды. Ишти Кара-Суу райондук соттун судьясы Бакыт Усупбеков карап жатат. Бирок жабырлануучулардын жакындары тергөө жакшы жүргүзүлбөй туруп, сотко ашып кетти деген нааразылыктарын айтышты. Ошондуктан бул ишти кайра тергөөгө жиберүү ыктымалдыгы да каралууда. А.Султановдун жана У.Шамурзаевдин жакын туугандары бул кылмышка катышы бар же көргөн-билгени бар деген негизде Кара-Суу райондук акиминин орун басары Шаятовду, Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Шадмановду чакырууну талап кылышууда. Анткени, кандуу окуя болгон 13-июнда алар А.Султанов менен чогуу жүрүшкөн экен.

Соцфонддун инспектору 42 198 сомду кымтып коюптур
Талас областтык Каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Социалдык фонддун Кара-Буура бөлүмүнүн инспектору Б.Э. 2009-жылдын ноябрында кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, 42 198 сомду өз керектөөсүнө жумшаган. Бул факт боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз почтасы" 141 750 сомду мыйзамсыз пайдаланганын аныктады
Салык төлөмдөрүн текшерүү иш-чарасынын жүрүшүндө "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Кадамжай районундагы филиалынын башчысы А.Ю. жана башкы бухгалтери Э.М. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан. Маалыматка ылайык, "Кыргыз почтасы" "Фольксваген гольф" автоунаасын мыйзамсыз түрдө 141 750 сомго сатып алышкан. Бул акча каражаты Кадамжай райондук аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн пособие катары төлөнмөк. Натыйжада мамлекетке жогорудагы суммада материалдык зыян келтирилген. Бул факт боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Каржы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Автобусту карактап
Шейшемби күнү эртең менен белгисиз адам Аламүдүн районуна караштуу Ново-Покровка айылындагы аялдамадан №8-муниципалдык автобусту 10 жүргүнчүсү менен беткапчан "Наган" системасындагы тапанча менен куралданган адам басып алуу жолу менен коркутуп айдоочуну борбор калабыздагы Ак үйдү көздөй айдатып баратканда, Лебединовка айылынын милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.

Төрт адам жашы жете элек кызды зордуктап
Жайыл РИИБнин кызматкерлери Жайыл районунун жана Бишкек шаарынын төрт тургунун кылмышка шектүү деп кармашты. Алар 19-сентябрга караган түнү Кара-Балта шаарынын стадионунан жашы жете элек кызды зордуктаганга шектүү деп кармалган. Бул маалыматты ИИМ басма сөз кызматы билдирди. Учурда кылмышкерлердин үстүндө тергөө иштери жүрүп жатат.