Өрнөк өлкө рубрикабызда мындан ары дүйнөдөгү өнүккөн алдыңкы мамлекеттерди жакындан таанып, дүйнө таанымыбызды кеңейткенге аракет кылабыз. Бул санда, "Азия жолборстору" аталган Жапония, Сингапур, Гонг-Конг,Түштүк Корея мамлекеттеринин арасынан Сингапур жөнүндө баяндайбыз.
"Арстан шаар" - Сингапур
Сингапур Республикасы, Түштүк чыгыш Азияда жайгашып, 1 чоң негизги жана 50дөй кичине аралчалардан турат. Сингапурду "арал мамлекет" деп да аташат. Мунун себеби, мамлекеттин баардык территориясы аралда жайгашкан. Адамдар азыркы Сингапур аралына болжол менен мындан 2000 жыл мурун барышкан. Сингапур, "Арстан шаар" деген маанини берип, бул ысымын XI-XIV кылымдарда алган. XIX- кылымга чейин аралда малай калкынан куралган аз сандагы эл жашаган. 1819-жылы, Британ колонисттери тарабынан бул аралга шаар курула баштайт жана 1824-жылдан тарта толугу менен Британия империясынын карамагына өтөт. Ошондон көп убакыт өтпөй, Сингапур чоң соода борборуна айланат. Буга, Сингапурдун батышынан Инд океаны, чыгышынан Түштүк Кытай деңизи менен чектеш болушу өбөлгө түзөт.
Сингапур Британия курамынан 1959-жылы толук чыгып, 1965-жылы Сингапур өз эгемендүүлүгүн жарыялайт жана ушул эле жылы БУУнун курамына көз карандысыз мамлекет катары катталат. Биринчи президенти болуп Юсуф бин Исхак шайланат.
Калкынын саны 4,5 миллион, мунун төрттөн үч бөлүгүн этникалык кытайлар, калганы малай жана индустардан турат. Жыштыгы 1 км квга 6676 адам жайгашкандыктан Сингапурга иммиграция өтө татаал. Калкынын өсүшү жылдык 0.5 пайыз болуп, жана бул көрсөткүч жакынкы арада түшүшү күтүлүүдө.
Сингапурда расмий 4 тил колдонулат. Булар: кытай, англис, малай жана тамил тилдери. Кытай тили күнүмдүк турмушта колдонулган негизги тил болсо, англис тили расмий башкаруу жана бизнесте колдонулган экинчи тил.
Калкы 4 динди тутунушат: буддизм, ислам, индуизм жана христиан диндери. Булардан мусулмандар дээрлик 20 пайызын түзүшөт. Буддисттер 15, жана салттык диндерди тутунгандар 45 пайызды түзүшөт.
Негизинен калкы сабаттуу келишет. Орточо эсеп менен 95% эли окуй жана жаза алат. Мектепте билим берүү бекер болуп, окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Ошол эле учурда билим берүүдө башка расмий тилдерге да чоң маани берилет. Жогорку окуу жайларынан Нан Йанг Технологиялык жана Сингапур улуттук университеттери дүйнөдөгү эң мыкты делген 50 ЖОЖдун арасына кирет. ЖОЖдордо студенттер арасындагы атаандаштык аябай күч алган.
Сингапур бийлиги саламаттыкты сактоо жаатына көп көңүл бөлөт.Мамлекет антисанитардык тек­шерүүлөргө катуу көзөмөл кылат. Орточо адамдын өмүрүнүн узундугу 81 жыл болуп, дүйнө 3-орунда турат. Көпчүлүк өлгөндөрдүн себеби жүрөк жана рак оорулары.
Ошол эле учурда салыштырмалуу Сингапур аскерий жактан да күчтүү өлкө. Жалпы аскеринин саны 50 миң, анын ичинде 9 миң аскерий аба, 13500 аскерий деңиз бөлүктөрүндө кызмат кылышат. 18 жашка толгон ар бир эркек аскерий кызмат өтөөгө милдеттүү.
Экономикасы
Бүгүнкү күндө Сингапурдун экономикасы Азияда гана эмес, глобалдык экономикада да өз ордун ээлейт. Ички дүң продукциясынын көрсөткүчү 195 миллиард доллар болуп, өсүшү жылдык 6,5 пайызды түзөт. Ал эми ИДПны калк башына бөлүштүргөндө 27000 $ ды түзүп, дүйнөдөгү алдыңкы 20 мамлекетке кирет. 1995-жылдан тарта Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү.
Тышка экспорттолгон товар жана кызматтын жалпы суммасы 180миллиард$, импорттолгон товар жана кызматтардын наркы 163миллиард АКШ долларына жеткен. Улуттук валютасы Сингапур доллары(S$), 1S$=100 сент = 0.6 USD. Учурда Сингапурда 130дан ашуун коммерциялык банк бар.
Сингапурдун эмгекке жарамдуу калкынын саны 2.2 миллион адам болсо, анын 40% аялдар түзөт. Кызмат көрсөтүүдө, өндүрүштө жана туризмде 1,5 миллиондой адам иштейт. Жумушсуздуктун саны 5,4%.
Көпчүлүктү кызыктырган, кантип Сингапур ушундай аз убакытта эбегейсиз зор ийгиликке жетишти? деген суроо болсо керек. Буга Сингапурдун порт шаар болушу, порт үчүн акы, салык төлөмдөрүнүн алынбашы, импорттолгон товарларды кайра иштетип аны кайра экспорттолушу, иш алып баруудагы кооперативдик өз ара колдоо көрсөтүү жана азияттардын адамгерчилиги деп серепчилердин айткандары бар.
Кызмат Көрсөтүү тармагы ИДПнын 66% түзүп, экономикалык өсүштүн негизги булагы болуп саналат. Туризм сектору абдан маанилүү жана жакшы өнүккөн. Айтсак, 2005-жылы 7,1 миллион турист зыярат кылган. Өндүрүш, ИДПнын 28% түзөт. Айрыкча, электроникалык буюмдары, компьютерлер, байланыш жабдыктары жогорку сапатта болуп, дүйнөлүк масштабта абройлуу эсептелинет.
Сингапур өзүнүн энергияга болгон муктаждыгын импорттоо менен чечет. Жакынкы кошуналарынан импорттогон мунайды кайра иштетип, жылуулук-электр централдарынан электр энергиясын иштеп чыгарат.
Сингапурдагы Интернеттин ылдамдыгы өтө жогорку деңгээлде болуп, үйлөрдүн жарымынан көбүндө байланыш бар.
Сингапурдагы бардык гезиттер коомдук жеке менчик компаниялардыкы болсо да, бийлик ММКларды көзөмөлдөп турат. Эгерде кандайдыр бир чет элдик ММК ички саясатка шек келтирсе, расмий бийлик дароо тыюу салат.
Расмий бийлиги
Сингапурда парламенттик демократия башкаруусу бар. Ар бир 21 жашка толгон жаран добуш берүүгө милдеттүү деп эсептелинет. Аткаруу бийлигин Президент менен Премьер министр башкарат. Президент 6 жылга шайланып мамлекеттин башчысы болот. Президенттикке талапкерлер алгач Президенттик шайлоо комитетинин макулдугун алыш керек. Кызыгы талапкерлердин арасынан бирөө коюлган талаптарга жооп берип, калгандары жооп бербесе анда жанагы талапкер шойлоосуз Президент болот. Президент өкмөттү дайындайт жана премьер министр башкарат.
Мыйзам чыгаруу бийлигин парламент аткарат. 84 депутаттан куралган парламент жалпы элдик добуш берүүнүн негизинде 5 жылга шайланышат. Мамлекет өз эгемендүүлүгүн алгандан бери Элдин Кыймыл партиясы ар дайым жеңишке жетишип келет. Партия төрагасы Ли Куан Ю 1959 жылдан 1990 жылга чейин премьер-министр кызматын аркалаган. Өлкөнүн өнүгүүсүнө өтө зор салым кошкон бул партиянын учурда аброю өтө жогору. 2001-жылкы шайлоодо парламенттеги 84 орундан 82син дал ушул партия жеңип алган. 2004-жылы Ли Куан Юнун уулу Ли Хсиен Лун премьер министр болуп шайланат.
Сот бийлигин Жогорку сот жана анын төмөнкү инстанциядагы бөлүктөрү аткарат. Жогорку сотту премьер-министрдин макулдугу менен президент бекитет. Мыйзамдары катуу болгондуктан, кылмыштуулуктун саны да аз. Катуу мыйзам коомдо стабилдүүлүктү алып келет деп ишенишет Сингапурлуктар.

Жашоосу
Бардык эле азияттардай, сингапурлуктар үй-бүлөгө, тууган урукка болгон жакын карым-катнашка багытталган жашоо өткөзүшөт. Сингапурда расмий түрдө үйлөнбөстөн жубайлардын чогуу жашашына жана балалуу болушуна мыйзам менен тыюу салынган. Өткөн кылымдын 80-жылдары Мамлекет атайын социалдык өнүгүү борборун ачып, ЖОЖду бүтүргөн жаштардын үйлөнүүсү үчүн аларды ошол жерде жолуктуруп, тааныштырып жана баш кошуусуна жардам берген. Ал эле эмес жубайларды 3төн ашык балалуу болуусуна үндөгөн.
Негизинен сингапурлуктар инсандык баалуулуктарга басым жасашат, улууга урмат, бири бирине колдоо көрсөтүү, ала жипти аттабоо, кичипейил болуу сыяктуу асыл сапаттар катуу сакталып келе жатат.
Тамак-аштын негизги бөлүгүн күрүч жана деңиз азыктары түзөт. Көп улуттуу өлкө болгондуктан Индия, кытай, жапон, малай ашканаларынын тамак аштары кеңири таралган. Космополиттик мамлекет болгондуктан, тамак жеш стилдери жана этикалары адамдан адамга алмашат.
Сингапурлуктар көбүнчө кол беришип учурашышат жана улууларга бир аз ийилип салам беришет. Бизнес чөйрөсүндө болсо, саламдашуу учурунда визиттик карточканы ийилип, эки колдоп узатуу менен бири бирине сый урмат көрсөтүшөт. Карточка бүктөлбөгөн жана таза болушу керек. Бул салтка айланган жөрөлгө болуп калган. Сингапурлуктар болжошкон жолугушууга убагында келүүгө үйрөнүшкөн. Бири бирин алкаганда кичипейилдик үчүн сый гана баш тартышат, бирок алкоо айтканга сүйүнүп ыраазы болушат.
Сингапур Түштүк Чыгыш Азиядагы эң көп гольф талаасы бар шаар. Ошол эле учурда ат жарыш спорту жакшы өнүгүп, көбүнчө байге сайуу аркылуу кытайлардын кумар оюндарына айланган.
Сингапурда бир канча улуттун жана бир канча диндин өкүлдөрү жашагандыктан, ар биринин өзүнчө майрамдары бар. Эң эле атактуу майрамдары: Жаңы жыл, кытай календары боюнча жаңы жыл, мусулмандардын айт майрамы,эгемендик майрамы,1-май эмгекчилер күнү, Будданын туулган күнү, Хинддердин жарык майрамы ж.б.
Бүгүнкү күндө Сингапур көп улуттуу, саясий стабилдүүлүккө жана экономикалык өсүшкө жетишкен, жашоого эң эле ыңгайлуу жана ырахаттуу шаар болуп эсептелинет.
Бөрүбай Касиев