Балык уулаганда
Тар дарыясынын боюнда балык серпип (кармап) жүргөн арык кара бала кечке жуук талдын ичке ноодасына төрт-беш чыканактай сары балыкты тумшугунан өткөрүп илип алып үйүнө кайтты. Жаздын жумшак жел аралаша соккон шапатаасына бетин тосо тез-тез басып, Чаттын тик өөдөсүнөн кайырмагын сереңдетип чыгып бара жатты. Бүгүн анын сүйүнүчү ичине батпай, утуру колундагы салбаңдаган сары балыктарына карап коюп жүрүп олтурду. Күндөгүдөн башка күн. Күндө келип, жана эле сомодой сары балыктарды кармаган жерден кечке олтуруп тута албай кетчү. Жини кайначу, тепкиленчү, койгуланчу… Ал эле эмес теңтуш балдары менен келгенде да абдан уят болчу. Кээде достору тамашалап "шыгы жок бала" деп коюшчу. Ага арданган өспүрүм туталанып, сыртынан сөгө албаса дагы ичинен ыжылдаган досторун сөгүп алчу. Балык серпип жатканда ошолордун жем илинген кайырмагына эле түшө берип, мунун кайырмагына жакындап дагы койбогондой туюла берчү балага. Суу тунуктаган мезгилде барып балык серпип калышканда кара бала атайлап башын салып досторунун кайырмагы турган жерди карап алып таң калчу. Досторунун кайырмагына балыктар үймөлөктөп жемин талашып жеп, илингени илинип, илинбегени кайрадан барып жеп киргендей сезилээр эле. А мунукунда болсо, адашкансып эки-үч балык айланчыктап тиштесемби же тиштебесемби деп, байлыка тойгон катындардай чайпалып, куйруктарын күүшөп коюп жүрө берчү. Анда-санда гана достору айтмакчы, "мас болгон балыктар" келип түшүп калаар эле. А бүгүн кара бала өзү ойлогондон да дурус балык кармап алганына сүйүнүчтүү. Жолумдан мени арданткан агаларым же досторумдан бирөө жарымы чыгып калса экен деп эки жагын элеңдей карап шайдоот. Чыга калса мактанат да… өзү мактана албаса да колундагы балыктарын көрүшүп таң кала сурамак: "Кайдан серптиң ыя? өтө чоң балыктар го... Бизге дагы көрсөтүп койчу ошол жерди",- дешип кызыгышмак. Анан кара бала таноолорун дердеңдетип: "Ошол… баягыл биз барып жүрчү жерлер да",- деп башын жерден көтөрүп кубанмак. Мына ушундай кыялдар.
Келе берди, келе берди. Чаттын тик өөдөсүнөн чыгып, түз жол менен токой аралап энтеңдеп бара жатканда жолунан сары жоргосун алкынта минген Сапарбек корукчу капыл-тапыл чыга калды. Кайырмагын чеңгелине бекем мычкып, сол колунда көтөргөн балыктарын жолдун боюндагы сеңселип өскөн камыштардын арасына таштай салды. Жаш баланын ойноктогон көздөрү жана түштү. Сапарбек корукчу көрсө да көрмөксөнгө сала, бир сынамака, атын секин бастырып баланын жанына келди. Эки жагын каранып, жинин келтирип атынын ээр кашына өбөктөй кетти. Бала саргарган сары кишинин ачуулу көздөрүнө тике карай албай жалтаңдап, жер тиктеп телмирип унчукпай сөөмөйүн тиштеди. Корукчу баланын акыбалын байкагандан соң ооз көптүрө дарылдады:
- Каяктан келе жатасың?
Бала бир оордунда тура албай кымыранып:
- Тиги жактан…- деп колу менен келген жагын шилтей көрсөтүп, алсыз үнүн чыгарды.
- Каяктан?! Балык серпип келе жатасыңбы?,- деп шыргый сап кайырмак ашына карады.
- Жоок… тиги… балык түшпөй койду,- деп аргасыздан жооп берди.
- Кармай албадыңбы?
- Ооба, кармай албадым.
- Оо, жердеги эмне?
Кара баланын көздөрү ойной түштү. Кайырмак кармап турган колдорун майда калтырак басып, калчылдап, өңү бозоруп сүйлөөгө сөз таба албай калды.
- Жердеги эмне деп жатам! Мени алдайын деп жатасыңбы?!
- Жок… Ал эч нерсе… жөн эле… бал…
- Эмне айтпайсыңбы. Балык дебейсиңби!
Жашырганга болбой калганын билдиби, башын көтөрө албай:
- Ал балык,- деди көздөрүн каканактатып.
- Анан эмне жашырасың. Ошентип эле айтпайсыңбы, жинге тийбей. Эми мен сени мамлекеттин жандыгына кол салып, жашырганың үчүн айыпка буюрам. Жашырбай чындыгын айтканыңда айыпсыз үйүңө кайтмаксың,- деп атынан түшүп басып келип, камыштын арасында жаткан жыгач казыктай соймоңдогон сары балыктарын майлуу жумуру колдору менен көтөрүп барып, ээр кашында асылып жүргөн калтасына салып алды. Мыйыгынан күлгөн жагымсыз кишинин кылыгына чыдай албай калган бала:
- Аке, балыктарымды албай эле коюңузчу суранам. өзү бүгүн зорго ушу төрт-бешөөнү кармадым. Апамдын башы ооруп жаткан болчу, барып мактанганча кичине шорпо жасап берейин, бүгүнчө албай эле коюңузчу. Бүгүнкүсүнөн кечирим сурайын сизден, не дейсиз? - деп жалдырап ийди.
- Жок, болбойт. Сен айыптуусуң. Ушул балыктарыңды райондогу корукчулардын чоңуна алып барып берейинби эмне кылаар экен. Соттолуп кетесиң кургур, уктуңбу? Андан көрө тынч жаша да жолуңдан калбай жөнө үйүңө,- деп атына минип, алчактата бастырып кетип калды. Колунан баарын алдырып ийип осолсуп отуруп калган баланын тамагына ый тепти. Бакырып токой менен бир болуп ыйлады. Азыр эле кубанычы койнуна батпай сүйүнүп бараткан баланын көзүнөн токтобой ысык жаш төгүлдү. Эмне кылсын бечара… Ыйлайт да анан. Шалпыйып андан ары жүрүп отурду. Эми алдынын достору чыкса "ээ, баягыл шыгы жок да…"- дешип теңсинбей өтүп кетет. Жанагыдай чоң балыктарды серпип алганы менен кимдин иши бар дейсиң. Ичинен " Эч ким алдымдан чыкпай эле койсун эми. Болбосо, дагы серпе албай келе жаткан экен дешип жаман ойлошот. Эч ким чыкпасын, ээ кудаа",- деп элеңдеп алга карай жүгүрдү. Баарынан да балыктарын алдырып ийгенине кабыргасы кайышты. Канча мээнет менен кечке эриндерин кебээрситип отуруп кармады эле. "Эх, алым жетсе элеби! Бул акмакты "эки чайнап, бир жутаар" элем деп али балапан көөдөнүнө кек жыйнап баратты.

Жакшылык Жума Бек




Эне
Келет ал кенен жолдо учу-кыйырсыз,
Жемиштей салмактанып
Чандаят курсагы анын.
Не деген сепкил баскан нур жамалын?!
Уулу ыйлайт: "Алма жейм",-деп,
Тамандан чаңы чыккан,
Кызы ыйлайт: "Сүт ичем",-деп,
Эмчектен жаңы чыккан.

Баары сага эле жол бошотот,
Кылышып колун желек,
Баары аны чакырышат… орун берет,
Калдыркан кармап берет баласы анан,
Гүл үзүп берет кызы седептердей.
Курсакта тыбырчылайт дагы бир өмүр,
Уул, кызын бир жыттоого кезек бербей.
Табылды МУКАНОВ,
"Арчадай жашыл элем…"


Татаал тагдыр
Жараткан түстү бердиң, өңдү бердиң,
Түз жолду ыраа көрбөй дөңдү бердиң.
Жаш кезде кучак толо арман бердиң,
Келбетти убактылуу жалган бердиң.

Жигиттер жалт эткире карашканда,
Турпатым түбөлүк деп адашкам да.
Жараткан, кайда сенин калыстыгың,
Бир чымчым бакытыңдан алыс кылдың.

Билем го берген жанды аларың бар,
Жан алы пандан нени табарың бар.
Жаш экем-бардыгына чыдадым да,
Май тамыз карыганда чырагыма.
Бурулкан Карагулова


Кусалык
Түйүлүп түйдөк жиптей көкүрөгүм,
Түшүнбөйм, эмнегедир өкүнөмүн.
Көөдөндү кайра-кайра былчылдатып,
Кусалык кыйнабачы өтүнөмүн!

Жаралап жан дүйнөнү жышып турган,
Жармашып жан алгычтай кысып турган.
Желкеге минген ойлор жарга такап,
Жүрөгүм муздап барат ысып турган!

Тегирмен талкалаган талкан болуп,
Тулку бой кайра катат калкан болуп.
Сыйыртмак салган сымал моюнума,
Сезимдер муунтушат аркан болуп.

Ашыктык азап-муңбу? Аян кылып,
Айталбай алдастаймын баян кылып.
Капкара көөсү кетпес казанга окшоп,
Көңүлдү каптап турат караңгылык!

Түйүлүп түйдөк жиптей көкүрөгүм,
Түшүнбөйм, эмнегедир өкүнөмүн.
Көөдөндү кайра-кайра былчылдатып,
Кусалык, кыйнабачы өтүнөмүн!!!
Алтынбек Исмаилов





Сезимтал бала

- Сен кайда кетесиң?-деди бала.
Жанатан бери атасы ары басса ары басып, бери басса бери басып, артынан калбай ээрчип аткан эле.
- Кетем!-деп корс этти атасы. Бала селт этип кетти. Атасынан көзүн албай, унчукпай тамга жөлөнүп калды.
Атасы колуна чемоданын көтөрүп, босогого келди. Бала да үнсүз ээрчип алды.
- Жакшы кал…-деди атасы. Саамга үнсүз турду да, эшикти жаап кетип калды. Ошондо бала бакырып жиберди. Чуркап келип оюнчуктарын туш келди ыргытып, томолонуп ыйлап килем үстүндө жатты.
- Алдыңа кетейиним, дагы таштап кеттиби?-деп апасы жалооруп отурду. Бала көзүн ачты. Көздөрү тоодой шишиген. Апасын көрүп жылмайып койду. Эмнегедир уктап туруп, жанагы окуяны унутуп койгондой.
Апасы аны бооруна кысып, буулугуп ыйлап жиберди.
- Апа, мен сени жакшы көрөм,-деди акырын апасынын жүзүнөн сүйүп.
- А атаңдычы?-деп сурады ал. Бала унчукпай калды. Бир аздан соң:
- Сен жумуштан эмне алып келдиң мага?-деп мойтойгон эриндерин чормойтуп, эркелей баштады. Апасы убада берген оюнчугун колуна карматты. Жерде чачылып оюнчуктар жатат. Бала аны да оюнчуктарга кошуп жыйнап койду.
- Ойнобойсуңбу?-деди апасы таң калып.
- Сени менен сүйлөшөм, -деди бала- Эртең садиктен ойнойм,-деп кошумчалады. Апасы кайра ыйлады. Бала телефондун номерин тере баштады.
- Ата, сен эми келбей эле койчу.
- …
- Апамды урасың…
- …
- Ал азыр ыйлап атат…-деди да трубканы коюп салды.
Азима АКУНОВА,
2005-жыл, Бишкек