Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_5.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_5.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_5.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_5.htm on line 2
  Акин Токталиев, саясий адвокат:

"Урмат Барктабасовду
жаш баладай алдап жатышат"
- "Урмат Барктабасовду бошотуп жиберишиптир"деп айрым массалык маалымат каражаттарында жазып жатышат. Бирлери азыр үйүндө экен деп айтса, айрымдары "Бийликке тосткоолдук кылып жатат деп Арабияга кетирип жибериптир" дешет. Үчүнчү топтогулар "губернаторлукка шайлаганы жатышыптыр" деп айтышууда?
- Мен адвокаты катары жооп берет элем, Барктабасовду эч ким, эч жакка кетирген жок. Ушул күнгө чейин камакта.
- Азыр ал-абалы кандай?
- Эми эки айдан бери отурган кишинин ал-абалы начар эле болот да. Ден соолугу чың деген киши дагы түрмөгө түшсө түрмөнүкүндөй болот. Кыргыз айтат эмеспи "Ал жерге жылан жатпасын" деп.
- Адвокаттар биринчи актоодон мурда тактоо ишин кылат эмеспи. Сиз ушул процесстин ичинде жүрүп, Барктабасовдун ким экенин билип бүткөндүрсүз. Айтсаңыз, абдан коркунучтуу фигура деп да жоругандар бар, чынында эле ушул бийликке анын канчалык коркунучу болду?
- Барктабасовдун келээрин кыргыз эли көптөн бери күткөн. Анткени, жаңы лидердин келишине эл суусап турган. Барктабасовду билген да, билбеген да уккан да, укпаган да ушул таза, ыймандуу жигит келсе, биздин экономикабызды көтөрүп кетет деген элдин үмүтү бар болчу. Ошол себептен убактылуу өкмөт Барктабасовду өлкөгө жолотпогонго абдан бут тосушту. Барктабасов 10-апрелде келмек, бирок, анда жолотушпай коюшту. 20-апрелде келмек, анда да келтирбей коюшту. Ар кайсыл шылтоолор менен эки жолу учакты кондурбай коюшту. Оштогу кандуу окуяда бийлик эмне кылаарын билбей, өзүн өзү жоготуп койгон учурда гана келип калды.
- Төңкөрүштөн кийин Барктабасовдун келем деген аракети даяр тамакка баш баккандай болгон жокпу?
- Антип кабыл алган жок. Бул келсе баарыбызды тең камайт дешти. Булар эки жолку төңкөрүштү тең мыйзамсыз кылышты да. Акаевдин режимин мыйзамсыз кулатып, артка кетишти. Эптеп-септеп мыйзам жолуна келдик деп жатышса, мында да кайра мыйзамсыз бийликти басып алышты. Чоң кан төгүүлөр менен коштолду. Демократиялык жол менен "цивилизованно" албай, бийликти күч менен басып алды деп эле эсептейм. Мен Бакиевдин жактоочусу эмесмин, юрист катары, адвокат катары болгонун болгондой факты менен айтып жатам. Мыйзамсыз басып алгандыктан, булар мыйзамдан коркуп кетишти.
- Сиз Бакиевдин жактоочусу болбосоңуз дагы, Акаевдин актоочусу болгонсуз да убагында…
- Бакиев менен Акаевдин айырмачылыгында абдан чоң ажырым бар. Бакиев дагы басып алган, бирок, кан төгүлгөн эмес. Мында болсо кандын артынан кан төгүлүп кетпедиби? "Максим Бакиев менен Жаныш Бакиев жакында ызы-чуу чыгарган жатат, кан төккөн жатат" деп эртеден кечке чейин теледен көрсөтүп жатса дагы, каратып туруп кан төктүрүп салышты. Аны убагында басып койсо болот беле? Болот болчу. Бул кан төгүлүү эмне үчүн керек болгон? Себеби, наркотрафиктик жолду ачыш керек болчу.
- Референдумду дагы тездетиш керек болгон деген маалыматтар айтылып жүрөт го?
- Рефрендумду биринчиден, мыйзамсыз өткөрүштү. Экинчиден, "Деги чаң-тополоң басылсынчы, эптеп бир нукка келеличи" деген ниетте эл аргасыз референдумга катышты. Отунбаевага ким берди Конституцияны? Эч ким берген жок. Мисалы, мен азыркы муфтий Чубак Жалилден сурадым: "Аял кишини президенттикке шайлайбыз деп жатышат, буга кандай демекчисиз?" десем, анда ал айтты: "Бизде хадисте айтылган. Эгерде кайсыл өлкөгө аял падыша келсе, ошол өлкөгө Кудайдын каары тиет деген".
- Бирок, биз динден сырткары мамлекетпиз да?..
- Туура, динден сырткарыбыз. Бирок,85 пайыз калк Ислам динин тутуп жатпайбызбы?! Киши өлсө деле жаназасын окуп жатпайбы? Никени кыйса да молдону чакырып келебиз. Мына Кудайдын каары түшкөнүн көрбөдүкпү! Аялды шайлап алганыбыздан соң эмне болду?! Дагы айта кетүүчү нерсе, Отунбаева менен мусулмандардын жолугушуусунда муфтий Чубак Жалил ага барып салам берди. Анан муфтийден сурадым: "Ээ, азирети муфтий, өзүң каары түшөт деп жатып эмне үчүн барып аял менен саламдаштың? Өзүң айтасың, кол берген болбойт деп. Бул кандай, өзүң каршы чыгып жатасың го Кудайдын айтканына" десем, "Жо-ок, мен ал аялды энем катары көрбөдүмбү"-дейт. Мен айттым: "Эне катары бардыңбы же мамлекеттин башчысы катары бардыңбы? Ошонун айырмасын билчи. Эне катары барсаң, түшүнөйүн, болуптур, эне катары кучакташса дагы болот экен, өбүшсө дагы болот экен деп. Эми ошону элге сен түшүндүрүп бергин, эл туура эмес түшүнүп жатат" дедим. Андан соң, муфтий Чубак Жалил мечитте элге сүйүнчүлөдү "Роза Отунбаева жүз жыйырма мусулмандын оозун ачырды. Ошондо "Орозо айтта кыргыз элечегин кийип, аянтка намазга чыгам" деп айтты деп. Кийинчерээк биз "Отунбаева чыккан жок го?" десек,ал бизге "Еврейлердин сенагогасына(чиркөөгө) бирөө граната ыргытып жибериптир, ошон үчүн чыкпай калган го" деди. Ооз ачырган кезде молдокелер Роза Отунбаевдан "Ай, эмне кыргыздын уулун камап койдуңар? Бакиевдин учурунда качып жүргөндөр кайра келбедиби?"-деп сурашыптыр. Анда Роза Отунбаева:"Барктабасов Жаныш Бакиев, Курманбек Бакиевдер менен ымалалашып кеткен, менин бийлигимди кулатам деп аракет кылгандыгы үчүн камадым" деп жооп бериптир. Ошол убакта молдокелер унчукпай сөз бүткөн.Бирок, мен Барктабасов менен Бакиевдер биригип кеткен дегенге ишенбейм, бул саясат. Барктабасовду Бакиевдер бир кезде камакка алабыз деп өздөрү кубалап жүрбөдү беле. 17-июнь 2007-жылы Бакиевдин бийлигин кулатам деп аракет кылгандыгы үчүн. Ошондой эле ыкма менен булар дагы бийликти басканы жатат деген шылтоо менен камап коюшту. Коомчулукка туура эмес маалымат таркатышты.






Жапаркулов Каттоо, "Мекен Туу" партиясынын координаты:
"Шайлоодо эл алданса, кайра революция болот"
- Шайлоо жакындап калбадыбы, сурообузду ушундан баштасак, шайлоонун таза өтүшүнө ишенесизби?
- Шайлоо бизде таза өтпөйт. Буга чейин канча шайлоону көрдүк, бүт баары фальсификация жолу менен өтүп келатат. Алалы, жакында эле болуп өткөн референдум эптеп эле "бармак басты, көз кысты" менен өтүп кетти, аерде деле жасалма бюллетендерди урнага салгандар болгонун өз көзүм менен көрдүм. Мен "Мекен Туудан" ал жерде байкоочу болдум, эки жолудан добуш берген адамдар болду. Мыйзам бузууларга жол берилди, бирок, шайлоону өткөрүүгө мажбур болдук да. Эми алдыдагы шайлоо бузулушу мүмкүн. Себеби, партиялар бири-бири менен тирешип турушпайбы. Мисалы, "Ата-Журт" партиясын алалы, баары "Ак-Жолчулар", олигархтар. Анан Адахандын партиясын киши шайлабайт. "Аз добуш алып калдык" деп ушулар каршы чыгышы мүмкүн. Менин оюмча, "Каганат" жана "7-апрель" деген партиялар алдыга чыгышат. Азыр партиялар административдик ресурс колдонуп жатышат, эл алаарын алып, бирок, добуш бергенде ушул эки партияга эле салышат. Бул боло турган иш.
- Урнадан деле бурмалап коюп жатышпайбы?
- Бурмалай албайт азыр. Азыр эл алдатпайт, алдаса анда кайра революция болот.
- Ошол сиз айтып жаткан мыйзам бузууларды айтып чыкканга азыр бизде мурдагыдай оппозициялык күч жок. Сиздин оюңузча азыркы бийликке карата оппозиялык күчтөр пайда болобу?
- Оппозицияык күч чыкса болот. Мисалы, мен оппозиция эмесмин, бирок, мен акыйкат, теңсиздикти айтам. Ким эмне кылып жатканын көзүн бууп койгон сокур деле көрүп турат. Булар диктаторлор. Булардын бир канча тобу союздан калган мүлктү басып алган. Азыркы бийликтегилер Акаев менен Бакиевдин калдыктары. Башка жаңы адис адамдар барган жок. Акчаны миллион-миллион кылып алып туруп Бакиевди, Суталиновду, Үсөнөвду, Жаныш Бакиевди 7-апрелде эле Ак үйдөн кое беришкен. Бул жерде Сариев, Текебаев, Каптагаев, Атамбаев, Отунбаева да бар. Мен ошол жерде болдум. Сариев, Бекназаров жана башкалар саат 5-6ларда эле жолугууга киришкен. Бир сааттан кийин эле эки согуш джипи атып-атып чыгып кетишти. Андан кийин булар саат 11-12ге чейин Ак үйдүн ичинде жүрүштү. Ак үй тонолгон жок, эки кабинетти гана Бакиевдер өздөрү жардырып кетишти. Биз Ак үйдүн туш тарабында турганбыз. Жардырды, эл алаксып калганда "черный ход" менен чыгып кетишти.
- А сиз жетисинде кимдер менен жүрдүңүз?
- Кыргыздын эле менден кичүү, менден улуу патриот балдары менен жүрдүм. Көрдүңүздөр да үй - бүлөлүк башкаруу болуп калбадыбы. Кулчулукка баш ийбейбиз деп чыктык. Башында беш миңдей эле болчубуз, бара-бара он миң адамга жеттик. Акырында Акүйдүн алдында 150 миң жаштар чогулду. Ошонун баары кетпейбиз, алабыз деп турдук.
- Алаарын го алдыңыздар, ошол кан менен алынган азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан ишине канааттанасызбы?
- Жок, мен жаңы өкмөттүн жүргүзүп жаткан саясатына канааттанбайм. Булар баары туура эмес кылышты. Ошондогу курман болгон 86 баланын каны буларды кое бербейт. Жүрүп-жүрүп булар ошол акыбалга кайра келишет.
- Булардын күнөөсү эмнеде, айта аласызбы?
- Булардын күнөөсү аябай эле…
- Мисалы.
- Мисалы, азыр мына ушул учурда, реформадан кийин жардам беришсе бергендир, бирок, көп нерселер кылынган жок. Ошол убактагы жигиттердин көбү ыраазы эмес. "Мекен шейиттери" менен сүйлөшкөнүмдө деле ыраазы эмес экенине күбө болдум. Биздин айылдан деле сегиз бала бар, алар дагы нааразы.
- Барктабасов менен сүйлөшүп жатасызбы?
- Адвокаты аркылуу сүйлөшүп жатам. Ал айтып жатат, "Коркпогула, мен чыгайын, баардыгы жакшы болот" деп. Биз ошон үчүн партиянын мүчөлөрү тараган жокпуз, башка партияларга барган жокпуз, өзүбүзчө иштеп жатабыз. Депутаттыкка биз башынан эле каршы болгонбуз. Партиялык шайлоо бул туура эмес. Бул жанагы масон кыймылы деп жатпайбы, ошол еврейлердин ойлоп тапканы. Барктабасовдун программасында Курултай жолу менен жер-жерлерден эле шайлап алып келип отургузуу болчу. А азыркы ыкма башаламан, административдик ресурс колдонуп жатышат. Бизде билесиздер, кыргыздар элди акча менен сатып алганга машыгып бүтүшкөн. Мамлекеттик казынадан каржылангандарды мага саласың деп кыйнамай… Бала бакчадан баштап, мугалимдерге чейин адмиинстративдик ресурска иштейт.Болбосо жумушуңдан кетесиң деп коркутушат. Дагы бир жолу айтайын, бизде таза шайлоо өтпөйт. Бир гана ошол Курултай жолу менен Кыргызстанга таза шайлоо алып келсе болот.
- Курултайга деле каршы болгондор четинен, илгери уруу-уруу болуп чабышкан дешип…
- Уруу уруу болуп чабышпайт. Мисалы, мен Жумгалданмын, 20 жылдан бери бир депутат барып жолун же башка нерсенин жасап койгонун көргөн жокмун. Шайланган соң өз арбайын салып бул жакта жүрө берет. А бизге андай жашоонун кереги жок. Мисалы, Жумгалдын кулундары бар иш жасап жүргөн, ошолорду шайлашыбыз керек.
- Жумгалдан болсоңуз Кара-Кеченин жайын беш колуңуздай билсеңиз керек. Азыр иштетилип жатабы?
- Кара-Кечени азыр иштетиш кыйын, акча керек. Адистер бар иштетүүгө. Мисалы, биз жакшы эле иштетип жатканбыз. Ошол убакта 2004-жылы көмүрдүн тоннасы 350 сом болчу, азыр бир мүшөк көмүрүң 350 сом. Нурлан Мотуев барганда көмүрдүн баасынын тоннасы миң сомго чыгып кеткен. Ага караганда Акаевдин учурунда арзан болчу.
- Мотуев ал жакка "кыйратам" деп барбады беле?
- Мотуевге эч ким бермек эмес, Жумгалдын элин туура эмес үгүттөп, бандиттик рейдерство менен алынган жер. Ал жерде "Беш Сары" жана "Демилге" деген жеке компаниялар иштечү.Эч кандай кезеккке туруу деген маселе жок болчу, тоннасын 350 сомдон тандап салып кетчү. Азыр техниканын баары бузулган, бир эксквоатор иштебейт.
- Мотуевди айтып жатасыздар да, туура эмес иштеди деп, эмне үчүн убагында ага каршы чыккан жоксуздар?
- Мен каршы чыктым. Бирок, мени Жумгал эли басып койду. Мен керек болсо ошол жерде Мотуевди сөккөм, "Бар кет, сенин акың жок" деп. Мисалы, менин иштеткенге колумдан келет. Анткени, мен адисмин. Кара-Кеченин ар бир көмүрүнүн үстүнөн басып, кой кайтарып чоңойгом. Кара-Кечени иштетиш иттен жеңил. Ал жерде көмүрдүн запасы көп. Мотуевден кийин Жумгалдын зектери менен алкаштары барды.
- Жумгал эли басып койсо, анда Мотуевге нааразы деле болушкан эмес го?
- Аларга азыр чала болду. Азыр көмүр алалбай калышты.
- Азыр ким жетектеп жатат?
- Азыр башаламан. Билбейм учурда, баягүнкү ызы-чууда барып улам бирин шайлап эле жатышты. Шайлаганда эмне, иштете албаган соң.
- Жакында эле биздин өлкөгө корейлердин "Йонтан энерджи" деген команиясы темир мештер менен көмүр брикеттерин алып келишти. Сиз көмүр жөнүндө түшүнүгүңүз болсо бул тууралуу маалыматыңыз бар болушу керек. Бизде деле майда көмүргө топурак кошуп жууруп калыпка келтирип, алар сыяктуу брикеттерди жасаганга неге болбосун?
- Брикет жасаган арзан эле. Кара-Кеченин күлү көмүрдөн жакшы күйөт. Бизде Кыргыз көмүрдүн башкы директору дараметсиз. Коррупцияга баткан киши отурат, эч нерсе кылбайт. Акчалуу адамдарыбыз дагы мындай пайдалуу иштерди жасабай, куру кыйкырык менен ач сүрөөн салып жүрүшөт. Биз деле брикеттерди жасасак болот болчу.
Азима АКУНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
23-сентябрь, 2010-ж.:
1-бет
Бата менен эр көгөрөт…
2-бет
Азаматсың, Актан!
3-бет
Баалар баягы,
Бабырбектин кыска окшойт "таягы"

4-бет
Сапар Аргынбаев:
Адилеттикти издеп таппадым

5-бет
Акин Токталиев, саясий адвокат:
6-бет
ТЭЦ, бюджетти теш!
7-бет
Жашооң кандай студент?
8-бет
"Сага ишенем, "Ата Журт"
9-бет
"Замандаш" шайлоочулары менен жолугууда
10-бет
Акин Токталиев, саясий адвокат:
"Урмат Барктабасовду
жаш баладай алдап жатышат"

11-бет
Ошко кайрадан жаз келет
12-бет
Кыргыз тили - кыргыз куту же тилди сактоо үчүн кутту тутунуу керек
13-бет
Бала чагы
14-бет
ФИФА баяндамачысы наркотик менен кармалды
15-бет
Теректердин адамдарга салыштырмалуу пайдасы көп
16-бет
Бир ырдын баяны



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_5.htm on line 74

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_5.htm on line 74

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_5.htm on line 74


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_5.htm on line 74

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_5.htm on line 74

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_5.htm on line 74


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_5.htm on line 74

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_5.htm on line 74

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_5.htm on line 74