Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_3.htm on line 2
Баалар баягы,
Бабырбектин кыска окшойт "таягы"
Баалар асмандоодо, кайсыл чекке барып токтоору али белгисиз. Бирок, буга карабай Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директору Бабырбек Жээнбековдун айткандарына өзүбүздү өзүбүз сооротуп келүүдөбүз. Ошентип отуруп эки ай мурдагыга караганда күйүүчү майдын баасы 10-12 сомго кымбаттаганына карабай, дагы көтөрүлөөрү айтылууда. Бабырбек мырза канчалык "көзөмөлдөп атабыз, жол кире көтөрүлбөйт" деген менен, саясий серепчилердин биринин айтымында, баанын жогорулашын өкмөт көзөмөлдөбөй койгон. Ошондой эле эркин соода аймагы өңдүү келишимдерге Россиянын экономикалык пошлинаны киргизгени карама-каршы келет. Күйүүчү майдын кымбатташынан улам, жол кире да эки эсеге жакын баага көтөрүлгөн. Мындан сырткары күзгү айдап-себүү маалында, эң жаманы дыйкандарга кыйынчылык жаралып жатканы болууда.
Ал эми ундун кымбаттаганына деле негиз жоктугун, бааларды болгону жергиликтүү ун чыгаруучу компаниялар көтөрүп жатканын, анткени, алар буудайды кошуна өлкөдөн мурдагы эле баасында алып жатканын Жээнбеков айткан эле. Бул боюнча комбинаттарга да эскертүү берилгенин кошумчалаган. Бирок, өткөн жумада жогорку жана биринчи сорттогу ундар, нан, сүт, өсүмдүк жана сары майдын баалары бир сомдун тегерегинде жогорулаган. Буларга катар Аи-80 маркасындагы бензиндин баасы 70 тыйынга кымбаттаган. Анткени, күйүүчү майлар Омскийдеги нефтини кайра иштетүү заводунан түз алынып келинип жаткандыктан, баалардын өзгөрүшү заводдун жеткирүүчүлөрү тарабынан жүргүзүлүп жатыптыр.
Ошол эле маалды экинчи сорттогу ундан даярдалган нандын, айрандын, быштактын, күн карама майынын, кой этинин жана Аи-93 маркасындагы бензиндин, көмүрдүн баасы арзандаган имиш. Баасы түштү деген менен, айырмасы арзыбаган эле тыйын болуп жатпайбы.
Дүйшөмбү күнү Ошто 10 жумуртка 40 сом болгонун Монополияга каршы шаардык башкармалыктын башчысы Арзыбек Жунусов сүйүнчүлөгөн. Көрсө, мурда жумуртка азыркыга караганда 12,5 сомго кымбат болгон экен. Жумуртка арзандаган менен ал жакта курулуш материалдары кымбаттап кетиптир. Мурда бир шифер 295 сом болсо, ал 20 сомго жогорулаган. Түштүктө ун өндүрүүчү төрт заводдун үчөө ишин токтотуп койгонуна карабастан, ун 2,2 сомго арзандаган.
Бир сомго болсо да баалар төмөн­дөдү дегенибиз менен, базардагы баалар ошол эле бойдон. Аны дароо "төмөндөтүп атабыз, карап атабыз"- деген сөздөр ошол айтылган боюнча калууда.




"Тентек шамал" же
партиянын ишин ок гана токтотобу?
Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин башталганына эки жумага чукул убакыт болуп баратат. Ушул аралыкта элге баракчалар таркатылып, көчөлөргө көрнөктөр илинип, үгүтчүлөр буту жеткен жерге дейре барышууда. Бирок, мындай "убарагерчилик" "Ата мекенчилерге" кеп болбой калды көрүнөт. Анткени, өткөн жумада "Ата мекендин" самолету кошуналардын эки айылына 500 килограмм салмактагы баракчаларды "жаадырып" кеткенин өзбек тарап айтып чыкты. Буга карата партиядагылар баракчаларды "тентек" шамал учуруп жеткиргенин жооп кылышты. Келип-келип эле күнөөнүн баардыгы ошол "тентек" шамалда болууда. Эгерде ошол шамал болбогондо, баракчалардын асмандан "жааганы" деле билинбей калмак экен.
Мындан сырткары "Ата мекендин" анабашчылары Таласка барганда бири 7- апрелдеги окуянын жемишин "Ак Жолдон" чыгып, башка партияларга өткөн адамдарга бербестигин айтса, Болот Шер "таластыктар, Кыргызстанды кулдуктан сактап калдыңар"-деп, ыраазылыгын кантип билдирээрин билбей, баш ийип билдирди. Кантсе да апрель окуясы Таластан башталганы талашсыз факт. Бирок, ушундай эл чогулган жерде "образга" берилип, эргип кетмей жагы сыртынан токтоо көрүнгөн Болот мырзага анчейин жарашпай калат экен.
Ал эми партия лидери Өмүрбек Текебаевдин Жалалабаттагы айткан сөзүнө караганда, партиянын ишмердигин ок менен ушактардан башка эч ким токтото албайт экен. Бирок, окту Кудай, ушакты- эл өзү токтотуусу мүмкүн экендигин кошумчалаган Өмүкеге, "ок"- деп барган жерлерде кайдагыны эске салбасаңыз дээр элек.




Каримов кеп айтты, бирок, бек айтты
Өзбек президенти Ислам Каримов БУУда өткөн саммиттеги сөзүндө Ош окуясына токтолуп, Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь айындагы окуя жана ушул сыяктуу тынчы жок жагдайлар жакырчылык менен күрөшкө өзүнүн терс жагын тийгизип жаткандыгын белгилеген. Анын айтымында кайсы бир үчүнчү күчтөр Кыргызстанга башаламан кырдаалды түзүп эле тим болбой, буга Өзбекстанды да тартып, эки өлкөнү тирештирүүнү көздөгөнүн айткан. Кыргызстандагы апрель айындагы түзүлгөн чыңалуу жана карама- каршылык, мындан сырткары өлкөдөгү легитимдүү бийликтин абалы Кыргызстандын түштүгүндө кандуу окуяга шарт түзүп, анын жыйынтыгында жүздөгөн адамдардын каза болуп, жөнөкөй жашоочулардын жапа чеккени туурасында сүйлөгөн. Ошондой эле
Каримов болуп өткөн коогалаң Өзбекстанга да кыйынчылык жаратканын, анткени, жүз миңден ашуун качкындарды, кары- картаңдарды, аял- балдарды кабыл алып, жайгаштырып, аларды керектүү нерселер жана тамак- аш менен камсыз кылууга чоң күч жана ресурстар талап кылынганын белгилеген. Ушуга улай чек арада кооптуу делген күчтөрдү токтотуп калуу өтө кыйынга турганын да кошумчалаган.
Артынан сөзүн жумшарткан өзбек президенти Кыргызстандын учурда гуманитардык жардам алууга, коңушулардан жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан колдоого муктаж экендигин айтып, буга кошумча Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяга ким буйрутма бергенин, аны уюштуруучуларды жана кандуу иштерди аткаруучуларды сот жоопкерчилигине тартуу үчүн көз карандысыз Эл аралык иликтөө жүргүзүү зарылчылыгын билдирген.
Өз маалындагы эл аралык көз карандысыз иликтөө принципиалдуу көз караштагы эл аралык коомчулукта өзбектер менен кыргыздардын ортосундагы макулдашууга жана жарашууга жол ачаарына ишеним артканын билдирген. Мындай көз караштардан артка кетенчиктөө, өтө коркунучтуу чыңалуунун булагынан келип чыккан Кыргызстандын түштүгүндөгү кайгылуу окуяны кайталоого алып барышы мүмкүн экендигин, Каримов кошумчалайт. Өзбек президентинин айтымында ушуга байланыштуу баарыбыз биргеликте БУУдан көз карандысыз иликтөө жүргүзүүсүн күткөнүбүз жөндүү.




  Токой агенттигиндеги чытырман абал

Директорду "дирилдеткен" ким болду экен?
Белгилүү болгондой Айлана- чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигиндегилер август айында экс- директор Топчубек Тургуналиевдин кетишин талап кылышып, акыры аны кетирип, ордуна өлкө башчыбыз ушул айдын алгачкы күндөрүндө өзү академик Биймырза Токторалиев деген адамды (фамилиябыз окшош чиновникти алгач учуратышым) аталган агенттиктин директорлугуна бекиткен эле. Арадан жарым ай өтүп- өтпөй, артын батырып алган бул адам өткөн жумада негедир эки орун басарын кетирем деп чыкты. Бул боюнча Жогорку Кеңештин алдына нааразылык митинги болуп, эки "замдын" сурап алчулары да чыгышкан.
Ага чейин фамилиябыз окшош байкем ишин дурус эле баштап, ар бир адам жок дегенде бештен дарак отургузса, токой фонду өнүгүп-өсөөрүн айтып, мындай акцияларды тез-тез өткөрүүгө белсенген. Ал эле эмес, мыйзамсыз дарак кыйгандарга рейддер уюштурулаарын, бирок, аларды кармоого ошол жердеги айрым чиновниктердин аралашканы тоскоолдук жаратаарын айткан.
Эки орун басарын кетирем дегенине кошумча кылган байкем мындан ары агенттикте профессионалдар гана иштей тургандыгын белгилеген. Анткени, бул тармакта 30 жылдан бери иштегендиктен, кимдин ким экенин билип, кызматкерлеринин профессионалдуулугун баалап, көзү каныгыптыр. Ошол себептүү, анын бул талабына эки орун басары туура келбейт экен. Токторалиевдин айтымында агенттик көп жылдан бери "балит" чиновниктердин акырына айланып калгандыктан, коррупциядан тазалануу үчүн мындай адамдардан арылууну көздөгөн. Ушуга улай, Биймырза мырза "вазирлик" орунга экөөнү тең калтыра албастыгын айтып, экөөнүн бирөө макул болсо, андан төмөнүрөөк кызмат берүүгө даяр экендигин билдирген. Эгерде профессионалдуулук тууралуу кимдир бирөө күмөн санаса, комиссия түзүп, алардын деңгээлин текшерип көрүүсүн да билдирген.
Бул жерден директор мырза шайлоо бүткүчө кое турууну талап кылган "замдарына" келинине асылган кайын энедей болуп, "убакыт- күтпөйт, бир ай- жетиштүү чоң мөөнөт, а жумушта ар бир мүнөт кымбат. Жылдын аягы келе жатат, отчетторду түзүш керек, ошондуктан мыкты шататты тандоо абдан керек"-деп, тескери карап наалып отурат.
Ал эми орун басарлардын бири Абдыкалык Рустамов бул тармакта алты жылдан бери иштеп келаткандыгын, иштебесе бир жөн экендигин айтат. Бир жагынан шеф менен кезиккенде ал иштейин деген ниети бар экенин, экөөнө кое турган дооматы деле жок экенин белгилеген. Көрсө, буларды "өйдөгө" сунуш кылган адам вице- премьер- министр Александр Костюк экени угулган. "Замдардын" бири Костюкка жолукса, ал так секирип, бул "демилгеге" тиешеси жоктугун айткан. Муну уккан "замдар" кайрадан шефине кайрылганда гана, ал жогору жактан телефон чалынганынан, аргасыз көрсөтмө жазганын айткан. Бирок, ким анын артынан "көсөөлөгөнүн" жашырып, такыр айтпай койгон. Чиновниктердин пикиринде жаңы директорго "жакпай жатышканын" себеби, ал орундарды сатып, өз адамдарын коюуга кызыктар. Анткени, Токторалиев шайлоодон кийин, жаңы өкмөт түптөлсө, ал ордунан кетээрин жана чөнтөгүнөдө эч нерсе жок калаарын эң сонун түшүнүп турат. Мындан сырткары ал "замдарынын" Топчубек Тургуналиев менен жакшы мамиледе экенин да билет экен.
Кантсе да, Абдыкалык Рустамов шефи менен шайлоо бүткөнгө дейре ызы-чуу кылбайлы деген макулдашууга келишкендигин, анан өтө эле бирөөгө орун керек болсо, креслого мурду бүтпөгөнүн кошумчалайт. Ошондой эле, митингге чыккан тарапкерлеринин алдына өкмөт тараптан эч ким келбегендиктен, алар эми мындан дагы көбүрөөк эл топтоп алып чыгаарын, андагы митинг жөн гана генералдык даярдык экендигин билдирген.
Ал эми Ысык - Көлдүк жашоочулар Тургуналиевдин убагында аз да болсо дарактарды мыйзамсыз кыюулар, жаңгак уюлдарын сатуу, териси баалуу жаныбарларды атуу токтогондугун айтып жатышыптыр. Анын кетиши менен мурдагы кейиптерине түшүшөөрүн билдиришип, эки ай мурда башка бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн алардын тилине бекер жерден киргендерине өкүнүп жатышканын билдиришкен.
"Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат"- дегендей, жаңы директор Тургуналиев ишиндеги кемчилиги үчүн бошоткон адамдарды кайра ордуна койгон. Учурда агенттикте кары жана жаш кадрлар аралашып, иштеп жатышыптыр. Бирок, аталган тармакты өркүндөтүүгө алардын тил табышып иштеши кыйын. Азырынча агенттикте ишке караганда, кресло көйгөйү өзгөчө мааниге ээ болуп жаткандай. Ал эми Биймырза мырза айткандай, убакыт күтпөйт эмеспи.


У. Токторалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
23-сентябрь, 2010-ж.:
1-бет
Бата менен эр көгөрөт…
2-бет
Азаматсың, Актан!
3-бет
Баалар баягы,
Бабырбектин кыска окшойт "таягы"

4-бет
Сапар Аргынбаев:
Адилеттикти издеп таппадым

5-бет
Акин Токталиев, саясий адвокат:
6-бет
ТЭЦ, бюджетти теш!
7-бет
Жашооң кандай студент?
8-бет
"Сага ишенем, "Ата Журт"
9-бет
"Замандаш" шайлоочулары менен жолугууда
10-бет
Акин Токталиев, саясий адвокат:
"Урмат Барктабасовду
жаш баладай алдап жатышат"

11-бет
Ошко кайрадан жаз келет
12-бет
Кыргыз тили - кыргыз куту же тилди сактоо үчүн кутту тутунуу керек
13-бет
Бала чагы
14-бет
ФИФА баяндамачысы наркотик менен кармалды
15-бет
Теректердин адамдарга салыштырмалуу пайдасы көп
16-бет
Бир ырдын баяны



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_3.htm on line 54

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_3.htm on line 54

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_3.htm on line 54


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_3.htm on line 54

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_3.htm on line 54

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_3.htm on line 54


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_3.htm on line 54

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_3.htm on line 54

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0923_3.htm on line 54