Азаматсың, Актан!
Казакстандын Астана шаарында эл аралык алтынчы "Евразия" кинофестивалы 21-сентябрда ачылып, анда башкы ролду француз актеру Жерар Депардье ойногон "Кеч келген сүйү" аттуу тасма көрсөтүлдү. Сценарийдин идеясы Актан Арым Кубаттыкы",-деп кабарлайт FIPRESCI эл аралык кинопресса федерациясынын калыстар тобунунун мүчөсү, киносынчы Гүльбара Төлөмүшева.
Ж.Депардье көрүүчүлөргө бул тасманы өзү сунуштап, залдагыларды "таңдантты жана суктантты".
Г. Төлөмүшованын айтымында, 23-сентябрда конкурска Актан Арым Кубаттын "Свет-аке" тасмасы да көрсөтүлөт.

Бириккен россиялык база түзүлөбү?
Бишкекте Кыргыз республикасы менен Россия федерациясынын Коргоо министрликтеринин эксперттик топторунун сүйлөшүүлөрү 23-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ушул жылдын 19-сентябрында КР менен РФнын Коргоо министрлеринин жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилген макулдашууга ылайык, Россиянын коргоо министрлигинин РФнын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынынын начальнигинин орун басары Валерий Герасимов башында турган эксперттик тобу Бишкекке келген.
Аскердик кызматташуу тууралуу сүйлөшүү перспективалары 20-сентябрда башталган.
Сүйлөшүүлөргө ылайык, Кыргызстандын аймагында жайгашкан Россиянын төрт аскерий обьектисин бириктирген бирдиктүү аскер базасын түзүү каралууда.

Аксайдагы мал кырылышы мүмкүн
Нарын облусунун губернатору Турдубек Мамбетовдун маалыматына караганда, эгерде тез арада Аксай өрөөнүндөгү малга тоют жеткирилбесе ачкадан кырылышы мүмкүн.
Анткени, кардын калыңдыгынан Аксай өрөөнүндөгү малчыларга тамак-аш вертолет менен гана жеткирилүүдө. Ушул тапта 150 малчы жарыгы, байланышы жок отурат. Беш күндөн бери мал тоютсуз калды. Автомашиналар үчүн жол жабык."Вертолеттун жардамы менен малга чөп ташылып жатты. Тилекке каршы вертолет менен чөп ташуу 1 миллион сомго турууда. Нарын-Торугарт жолу жабык. Тийиштүү техникалардын жоктугунан Кында ашуусунун жолу тазалана элек"-деди губернатор.

Жабыр тарткандарга жардам
Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргон районунда июндагы окуяларда жабыр таркан турак үйлөрдү калыбына келтирүү иштери толук бойдон жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош жана Жалал -Абад шаарларын калыбына келтирүү, өнүктүрүү боюнча дирекциянын эксперти Талантбек Исмилов билдирди. 21-сентябрга карата Жалал-Абад шаары жана Базар-Коргон айылы үчүн Эсептешүү-топтоо компаниясынын банкына 9 миллион 450 миң сом келип түшүп, 189 ссуда алуучуга 50 миң сомдон фундамент үчүн бөлүндү, алардын 120сына 50 миң сомдон кайтарымсыз акча берилди.
Ошондой эле 68 жабыр таркан үй-бүлөгө жалпы суммасы 3,4 млн сомдук узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудалар берилди.

Жаңы конуштарда аптекалар ачылат
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов шаардын 47 жаңы конушунда социалдык дарыканаларды ачуу маселесин иштеп чыгууну тийиштүү кызматтарга тапшырды. Мэрдин айтымында бул көйгөй жаңы конуштар курулгандан бери айтылып келе жатат. Бирок, бир нече жылдар катар бул маселеге шаар бийлиги оңдуу көңүл бурган эмес. Жаңы конуштардын жашоочулары менен жолугушуу учурунда мэр аптекаларды ачууга сөз берген. Долбоор боюнча, негизинен алар пенсионерлерди жана калктын аялуу катмарын тейлейт.

Кымбатчылык турмушту оорлотууда
Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, калктын 30 пайызы (бир миллион сегиз жүз миңдей киши) жакырчылыкта жашайт. Бирок, көз карандысыз уюмдар кыргызстандыктардын жарымынан көбү жакыр турмушту баштан кечирээрин айтышат. Айрыкча соңку кымбатоолор ансыз дагы тартыш турмушта жашаган үй-бүлөлөрдүн турмушун оорлоткон. Дээрлик өндүрүшү жок өлкөдө калктын калың катмары ишсиз калып, айрыкча айыл жериндеги айрым бүлөлөр пенсия, пособияны гана карап жашоого аргасыз. Өлкөдөгү соңку окуялардан кийин калктын социалдык абалы кыйла солгундай түшкөн. Эл аралык уюмдардын болжолу боюнча Кыргызстандагы социалдык туруктуулукту камсыздоо үчүн 200 миллион АКШ долларга жакын каражат талап кылынат. Ал ортодо, парламенттик шайлоого ат салышып жаткан саясий партиялар жакырчылыкты жоюуну убадалап жатышат. Кыргызстан жакыр мамлекеттердин катарында тургандыктан, ар бир эле шайлоодо саясий күчтөр калктын социалдык абалын оңдоо убадасын такай бетине кармаганын байкоого болот.

3 километрдик жол курулуп жатат
Ош шаарынын мэриясынын курулуш бөлүмү тарабынан Ак-Буура дарыясынын жээгине асфальт төшөлгөн жаңы жолду куруу иши жүрүп жатат. Бул жаңы жол эски автобекеттен Голубев көчөсүнө чейин барат. Аталган куруу ишине сынак ийгиликтүү өткөн.
Кошумчалай кетсек, узундугу 3 километр, туурасы 18 метрлик жаңы жол жыл аягына чейин курулуп бүтөт. Аталган жолдун курулушу менен А.Масалиев атындагы проспектини автомашиналардан азайтуу пландалган. Белгилей кетчү жагдай, аталган жолду курууга республикалык бюджеттен 53 миллион сом бөлүнгөн.

Кыргызстанда пенсия фонду
500 миллион сомго жетти
"Кыргызстанда пенсия фонду 500 миллион сомго жетти. Ал Социалдык фонду өнүктүрүү консепциясынын алкагында негизделген"-деди "КАБАР" маалымат агенттигиндеги басма сөз жыйынында КР Социалдык фондунун төрагасы Мухамедкалык Абулгазиев.
Анын айтымында, пенсияга чыгып учурда эмгектенип жаткан атуулдар жана социалдык багытта иштегендер бул фондго каражат которо алышпайт. Мындан тышкары, пенсияга чыгууга беш жыл калган атуулдар топтоо фондуна кошула албайт. Себеп бул убакыт аралыгында алар тийиштүү каражат топтогонго жетишпейт.
КР Президентинин Жарлыгы менен "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР мыйзамы боюнча чектелген пенсиялардын базалык бөлүгү 2010-жылдын 1-октябрынан баштап 1000 сомго жогорулады.

Автобустар көбөйөт
Жыл аягына чейин Бишкекке 100 автобус алынып келет. Бул тууралуу Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынын жумушчулары менен жолугушкан учурда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов билдирди. Жолугушууда И.Өмүркулов борбор калаанын көпчүлүк жашоочулары жүргүнчү тартуу боюнча арыз-даттанууларын айтышаарын белгиледи. Көпчүлүк нааразылыктар тейлөө маданиятынын начарлыгына байланышкан. Келечекте жеке маршруткалардын саны кыскарып, муниципалдык транспорттун саны өсмөкчү.


4 миң гектарга жакын аянттагы эгин кар алдында калды
Аба ырайынын күтүүсүз өзгөрүп, кардын калың жаашынын кесепетинен Ат-Башы районунда 2500 гектар аянттагы арпа-буудай кар алдында калды. Нарын районунда оруп-жыйноо аяктап, чабууга даяр боло элек 1471 гектар эгин талаасын кар баскан. Мындан сырткары, Ак-Талаа районунун да айрым аймактарында калың кар жаады. Облус боюнча кеминде 3900 гектар аянтты кар басты.