Бата менен эр көгөрөт…
"Ата Журт" партиясы башка партиялар сыяктуу эле өлкөнүн жети дубанын кыдырып кайтышты. Барган жерлердин баарында эле эң көп дегенде 60 миңге чукул, азыраак дегенде 6 миңдей эл тосуп алып, улуттук каада- салттын, нарк -насилдин негизинде жолугушуулар өттү. Лидерлерге өзгөчө дем бергени, ар бир дубандан 100гө чыккан жети адам чогулуп, эл алдында баталарын бергени болду.
Мындан сырткары Ош шаарында өткөн жолугушууга 50 миңден ашуун эл топтолуп, "Ата Журттун" азаматтарын колдоп, сүрөп, кол чаап кетирбей турушту. Ал эми ушул эле күнү Жалалабатта болгон жолугушууга 30 миңдей адам келип, өзбек улутундагы жарандар Камчыбек Ташиевге түштүктөгү коогалаңда улуттар аралык мамилени чыңдоого салымын кошкондугуна ыраазычылык билдиришти. Эки улуттун өкүлдөрү бул жолугушууну өздөрүнүн жакшылыгы катары баалап, "Ата Журтчуларга" ак баталарын беришти.
Ал эми Баткен облусунда чогулган 10 миңден ашуун шайлоочу мурдагы министр Нурлан Сулаймановдун дарегине алкыш кептерин айтышты. Анткени, Баткендеги жол маселесине байланышкан бир топ көйгөйлөр ушул Нурлан мырза аркылуу чечилгени белгилүү.
Ушуга улай Талас облуснун тургундары менен жолугушуу да бир топ жылуу маанайда өтүп, ага 5 миңдей адам катышты. Алгач апрель окуясынан жана Ош коогалаңынан каза болгон балдардын арбагына куран окутулду. Бул жерде да 100гө чыккан 7 карыя лидерлерге баталарын берип, эл жакшы тилектерин айтып узатышты.
Учурда шайлоону утурлап, партия лидерлерин ар ким алына жараша баалашууда. Айрым бир оозуна ээ боло албагандар өздөрүнүн басылмалары аркылуу "Ата Журттун" лидерлерин болушунча "шыбап" келишет. Мындай жөндөн жөн каралоолорго алар теригип, маани деле берип отурушпайт. Тескерисинче кайраттанып, шайлоочулары менен байма- бай жолугушууларды өткөрүп, алардын баталарын алып келе жатышат. "Ата Журттун" лидерлери 100гө чыккан карыя айткандай, атадан артык туулган уулдар. Алар эч качан элин кыйындыкта таштап же сатып кетишпеген, азаматтар. Кыргыз элинин арасында ушундай мыкты уулдарыбыз турганда, өлкө эч качан башка өлкөгө көз каранды болбойт жана акырындык менен өз алдынча өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулаарына күмөнүбүз жок.







PDF формат