А.Жекшенкулов:
Убактылуу өкмөттөгү ажырым ачыкка чыкты
- Аликбек мырза, вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров башкы прокурор Байтемир Ибраев менен Жогорку соттун төрагасы Кубаныч Момбековдун кызматтан алынышынан кийин бүгүнкү күнү ага жана анын командасына карата сокку башталгандай абал пайда болгонун билдирди. Анын командасы кимдер жана анын, мынчалык теригүүсүнө канчалык негиз бар?
- Мурда белгилүү болгондой Убактылуу өкмөттүн ичинде үч-төрт саясий топтор бар болчу. Ар биринин өзүнчө саясий көз караштары, өздөрүнүн кызыкчылыгы сыяктуу абдан чоң айырма бар болчу. Ошонун негизинен кадрлык саясат өзгөрүп жатат. Менин оюмча Роза Исаковна туура эле кылды. Анткени Баш прокурор болуп дайындалган Кубатбек Байболов тажрыйбалуу, принципиалдуу, таза киши. Ал эми Азимбек Бекназаров болсо мурда оппозицияда жүргөндө "ойногон", азыр дагы "ойноп" өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн саясатчы. Революциядан кийин кандай көп мүчүлүштүктөр болгонун өзүңөр билесиңер, ушул прокуратура, күч органдары жактан менин оюмча, азыр Убактылуу өкмөттүн ичинде саясий ажырымдар чоң экенин дагы бир жолу көрсөттү, мындан ары дагы саясий ажырымдар күчөйт. Анткени кээ бирөөлөр жеке кызыкчылыгын көздөп, ар кандай сеператисттик маанай, же болбосо түндүк-түштүккө бөлүнүп көп "ойногон" саясатчылар бар. Эми ошолор ачыкка чыгып, элге түшүнүктүү ачык саясат болот деп ойлойм. Роза Исаковна баштаган саясий топ ушул жолдон кайтпай, принципалдуу кадр саясатын жүргүзүшү керек.
- Ошондой эле А.Бекназаров кадрдык баш аламандык токто­тулбаса чечкиндүү чараларга барарын айтыптыр, муну кандай түшүнсө болот?
- Бул баягы эле коркутуп-үркүтүү. Билесиңер да Бакиевдин убагында ушундай ыкмага салган. Азыр дагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн коркутуп-үркүтүп, өзүнүн кызыкчылыгын жогору коюп отурат. Бул кишинин саясий стили ушундай экен. Менимче, азыр А.Бекназаровду эл колдобойт. Анткени ал ким экенин эл түшүнүп калды. Экинчиден, түштүккө таянгансып жатат. Бирок мен кечээ түштүккө барып келдим, аны эл колдобойт. Ал ошондой коркутуп-үркүтүү менен кала берет.
- Кадрлык алмашуудан соң Убактылуу өкмөттүн ортосунда бөлүнүп-жарылуу болуп Азимбек Бекназаров менен президент Роза Отунбаеванын мамилеси суубайбы деген суроо туулат.
- Албетте, булардын арасы сууду. Менин билишимче, Ош окуясынан кийин ушул А.Бекназаров баштаган топ өзүнчө эле бөлүнүп, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн ар кандай саясий жүрүштөрдү жасаган. Азыр болсо ачыкка кетти. Менимче Роза Исаковна принципалдуу түрдө өзүнүн позициясынан тайбай, убактылуу өкмөттөгү таза күчтөр позициясынан тайбай түз турса эл колдоп кетет.
- Аликбек мырза, кадрдык алмашууларды алдыдагы шайлоо менен байланыштырган дагы пикирлер айтылууда. Бул маселенин шайлоого тикелей тиешеси барбы?
- Албетте тиешеси бар, бирок анчейин эмес. Апрель, май, июнда эле Убактылуу өкмөттүн арасындагы тирешүүлөрдү массалык маалымат каражаттары берип жатпадыбы. Эми ачыкка чыкты. Мындан ары дагы ажырым, карама-каршылык көбөйөт.
Ошол үчүн саясий топтор бүгүн жеке кызыкчылыгын ойлобой жалпы кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлошу зарыл. Бүгүн туруктуулукту сактаганга конструктивдүү күчтөрдү колдош керек.
- Маегиңизге рахмат.


Аманбек Жапаров, "Азаттык"