Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0916_5.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0916_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0916_5.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0916_5.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0916_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0916_5.htm on line 2
Улуттук телерадиокорпорациясынын директору
Кубат Оторбаев:
"УТРК менчиктештирилбейт, башкаруу элдин колуна өттү"
Редакциябызга Кыргыз Республикасынын чыгармачылык интеллигенциясынын өкүлдөрү УТРКны улуттук канал боюнча калтырууну президент Роза Отунбаевадан өтүнгөн кат менен кайрылышты. Биз бул маселенин өңүтүндө аталган корпорациянын учурдагы директору Кубат Оторбаевге кайрылдык.


- Кубат мырза, негизи эле УТРК боло электе эле КТР кезинде деле "Коомдук телеканалга айлансын, анткени малыматтар элдин калың катмарына бурмаланып берилип жатат" деп, коомдук телеканал болуусун колдоп келгенбиз. Бирок, бүгүнкү күнү ушундай коомдук телеканалдын болушуна каршы пикирлердин чыгып жатканына сиз кандай карайсыз?
- Биринчиден, бул табигый зарылчылыктан көтөрүлгөн маселе болду. Анткени, өзүңүздөр жакшы билесиздер, саясий жагынан алганда акыркы 19-20 жылда ушул Кыргызстандын биринчи каналы бийликте ким турса эле ошонун айткан-дегенин аткарып келген канал болгон да. Мисалы, Аскар Акаевдин он беш жылдык, кийинки президент Курманбек Бакиевдин беш жылдык башкаруусунун тушунда Улуттук канал ошол бийликте тургандардын саясий куралына айланган. Оппозицияны жаманатты кылууга багытталган иш жүргүзүлүп келген. Эми мындан ары ушундай кемчиликтер кетпесин деп, убактылуу өкмөткө 7-апрелден кийин келген адамдар биринчи чечимдеринин маанилүүсү катары 30-апрелде Улуттук телерадиокорпорациясынын негизинде Кыргыз Республикасынын коомдук телерадио берүүсүн түзүү жөнүндөгү декретти кабыл алган. Бул декретке ылайык жобо иштелип чыккан. Сиздердин редакцияга кайрылган бир топ илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнүн кайрылуусун мага көрсөтүп жатасыз, бул каттагы алардын биринчи эле тынчыздануусу мындай деп айтылыптыр: "Мамлекет өзүнүн идеологиясын жүргүзө турган каражатынан айрылып жатат" деп. Эч кандай андай эмес. Жободо жазылган эң негизги милдеттеринин бири: Кыргыз Республикасынын территориалдык бүтүндүгүн сактоо, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгындагы ар тараптуулугун чагылдырган берүүлөрдү даярдоо жана эфирге берүү, ошондой эле улуттун алдыңкы маданий, адабий, руханий дөөлөттөрүнүн негизине таянган көрсөтүүлөрдү ар тараптуу кылып көбүрөөк берүү.
- Ал эми, Улуттук Телерадио Корпорациясы бөлүнүп , майдаланып, акыры менчиктештирилип кетет деп чочулагандарынын канчалык деңгээлде негизи бар?
- Декретке ылайык кабыл алынган жобонун 4-беренесинде жазылып турат, эч кандай мен­чиктештирилүүгө жол берилбейт деп. Окуп коеюн, "Коомдук телерадио берүү корпорациясы жана анын курамына кирген уюмдар, ишканалар менен бөлүмдөр менчиктештирилүүгө жатпайт". Чарбалык иштин субьекти катары Корпорациянын өзгөчөлүгү ушул жобого ылайык белгиленет. Ошондой эле, бул коомдук канал Коомдук телерадиокорпорациясы катары коомдук статусу болгону менен ал мамлекеттик телерадио уюуму катары кала берет. Мындайча айтканда, биз мамлекеттик ишкана катары сакталабыз, менчиктештирилбейт, каржы булагы ошол бюджеттен алынат, бирок, башкаруу бул коомдун өзүнө, элдин өзүнө берилип жатат. Мына ушул эле тынчы кетип жаткан адамдар коомдук-көзөмөл байкоочу кеңеш аркылуу өздөрүнүн калоо-тилектерин, пландарын, ой-сунуштарын айтса, көз жаздымда калбай, сөзсүз аткарылат. Экинчиден, Кыргызстанда жашаган калктын көпчүлүк бөлүгү кыргыз эли болгондуктан, ошол кыргыз элинин кызыкчылыгындагы көрсөтүүлөр, радио уктуруулар биздин сеткабыздын негизин түзөт.
- Демек, буюрса, элдин талабын аткарган бардык тармакты камтыган обьективдүү телеберүүлөргө күбө болобуз деген элдин тилеги орундалат турбайбы? Ушул азыр сиз айтып өткөн милдеттер жана укуктар мурдагы УТРК менен азыркы коомдук каналдын айырмачылыгын түзүп бере алабы?
- Мына, Жободогу алдыга коюлган милдеттер тууралуу карап көрсөк: "Республиканын бардык аймагынына ишенимдүү, обьективдүү маалыматтарды жайылтуу, жүзөгө ашыруу коомчулук талап кылган, коомчулук болгондо анын ичинде илимий-чыгармачыл интеллигенция өздөрү талап кылган бардык багыттарды эске алуу менен активдүү программаларды камсыз кылуу. Мамлекеттик телерадио берүүнүн материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө жана өстүрүүгө багыталган зарыл иш-чараларды жүргүзүү". Бул деген эмне? Бул деген Улуттук каналдын техникасын жакшыртуу. Берүүлөрдү элге жеткирүү, сигналдарды таратуу маселелери. Экинчи жагынан чет өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү. Дагы жазылып атат "Улуттук телерадио берүүнү Ата Мекендик жана дүйнөлүк маданияттын мыкты салттарына ылайык жүзөгө ашыруу. Коопсуздукту анын ичинен маалыматтык коопсуздукту жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого көмөк болуучу маалымат саясатын жүзөгө ашыруу. Өлкөнүн мамлекеттик биримдигин, жарандык тынчтыкты сактоого жана чыңдоого көмөк көргөзүү. Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык телекөрсөтүү жана радиоберүүнүн мейкиндигин калыптандырууга жана анын дүйнөлүк маалымат түзүмдөрүнө киришине активдүү салым кошуу. Демократиялык мамлекет катары Кыргызстандын жагымдуу аброюн калыптандыруу жана колдооого багытталган маркетингдик маалыматтык жана жарнама саясатын жүргүзүүгө, ошондой эле мына экономикалык, публицистикалык , маданий маалыматтык, көркөм -окутуучулук, оюн-зооктук телерадио программаларды, ошондой эле балдар менен өспүрүмдөр үчүн телерадио программаларды жогорку профессионалдык, көркөмдүк жана техникалык деңгээлде жаратуу. Журналистиканын бийик, стандарттарын, толеранттык стандарттарын калыптандыруу жана ар бир адамдын укугун сыйлоо". Кыскасын айтканда, бул катта көргөзүлгөн тынчызданып жаткан суроолордун баардыгы ушул жободо камтылган. Биз бул мыйзамды сактоого милдеттүүбүз. Көзөмөл кеңеши дагы мына ошону сактап, мыйзамдын алкагында ишти көзөмөлдөй турган негизги орган болуп эсептелет.
- Сиз айткан маселелерди кандай жол менен иш жүзүнө ашырганы жатасыздар?
- Ишке ашырыш үчүн эми бул жерде өзүңүздөр билесиздер, декретке ылайык бир топ иштерди жасаш керек. Биринчи кезекте, коомдук эксперт тандалды. Кырк беш кишинин ичинен добуш берүү жолу менен, үч ирээт электен өтүп отуруп, он беш киши тандалды. Арасында кадырлуу адамдар арбын. Мисалы, буга чейин дагы Улуттук каналга көзөмөл кеңеши деп эки-үч жолу курамдык кеңеш түзүлгөн. Бирок, бул жолку түзүлгөн курам иштиктүү, абройлуу деп айтсам болот. Мисалга айтсам, мына кыргыз теле берүүбүздө Жыргалбек Касаболотов деген жигитибиз, кыргыз деп күйгөн Жедигер Саалаев, ушул жерде генералдык директор болуп иштеп кеткен Кадыр Өмүркулов агабыз, Шамарал Майчиев, Канат Керезбеков деген мыкты юристтер, Болот Алимбаев деген мыкты кинорежиссерубуз бар. Андан тышкары, Элвира Сариева, Бегайым Үсөнөва, Нургул Абдыкермова, Нургул Шаршембиева сыяктуу чыныгы медиа тармагын мыкты түшүнгөн адамдарыбыз иштеп жатышат.
- Жогоруда кайрылууда айтылып жатат, коомдук канал кыла турган болсок, анда мамлекет өзүнүн идеологиясын жүргүзө турган каражатынан ажырайт деп. Биздин мамлектте идеология жок деп канча жылдан бери зар какшап келатабыз. Дегеле сиздин пикириңизде, биздин өлкөдө мамлекеттик идеология болгон беле?
- Менин оюмча, жетимиш жылдык советтик башкаруу учурунда идеология бар болчу. Бирок, акыркы 20 жыл бою Кыргызстан өзүнүн идеологиясын издеп келатат. Бул табигый көрүнүш деп ойлойм. Муну коом өзү аныкташ керек. Коом аныкташ үчүн коомдун колунда жакшынакай телеканал болушу керек. Мына азыр буга шарт түзүлүп отурат. Экинчиден, акчасын бергендер бизге сырттан таңууланган идеологияны киргизиши мүмкүн деп чочулагандар бар. Бирок, буга эч кандай тынчсызданууга негиз жок деп эсептейм. Мисалы, сырттан каржыланган институттардын бири катары, "Азаттык" радиосун алалы. "Азаттык" радиосу кыргыз элине эч убакта зыян келтирген жок. Тескерисинче, кыргыз элине кызмат кылып жаткан мыкты радионун бири. Кыргыз эч убакта "Азаттыкты" Американын радиосу деп эсептебейт. Муну биз жүргүзүлгөн сурамжылоолордон дагы жакшы билебиз. Улуттук биринчи канал дагы коомдук телерадиокорпорациясы деген макамды алуу менен "Азаттыкка" окшогон телерадио болуу вазийпасына ээ болууга мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. Мындайча айтканда, ошол укукту эл өз колуна алды." Азаттыкка" акчаны берээрин берет, бирок, "Бирөөнү макта, бирөөнү жаманда, же бир улутка жан тарт" деген нерсени эч убакта айтышпайт. Мисалы, редакциялык саясат деген болот. Бизде да бул редакциялык саясат буюрса иштелип жатат, бул эң негизги мыйзам болуу менен, биз кандай нукта иштешибиз керектиги, анда калыс, так, даана көрсөтүлөт. Албетте ал редакциялык саясат Кыргыз Республикасындагы мыйзамдардын алкагында, Конституцияны сактоо менен ишке ашырылат.
- Дагы бир тынчсыздандырган маселе, кайсыл гана кызмат орунунда болбойлу, акыркы убактарда туруктуу иштей албай калдык. Сиз ушунчалык чоң тажрыйба менен профессионал журналист катары келип ушул кызмат орунуна отурдуңуз. Пландарыңыз дагы абдан алдыга арышы кенен экен. Бирок, сизде кандайдыр бир чочулоо барбы, эртеси күнү ушул жумуш орунуңуздан адай-мындай болуп калса кандай пландарыңыз бар?
- Сиздин тынчсызданууңузду түшүнүп жатам. Анткени, жакында башкы директорлукка конкурс жарыяланды. Ага мен өзүмдүн талапкерлигимди көрсөтөйүн деп жатам. Менден башка дагы татыктуу адамдар талапкерлигин коюшу керек. Алтернативалык негизде шайлоо жүргүзүлөт. Шайланамбы, шайланбаймбы азыр айта албайм, бардыгы Кудайдын жана ошол он беш кишинин колунда. Экинчиден, сиз айткан маселе ушул көзөмөл байкоочу кеңеш менен Улуттук каналдын жамааты жолугушкан учурда дагы айтылды. "Директорлер тез-тез алмашып биз өтө чайналып-кыйналып бүттүк" деп. Мунун бир жагынан чындыгы бар. Жаңы иш башталып келатканда эле кадр алмашып, жетекчилер алмашып, пландар өзгөрүлүп, системалуу биринин артынан бири уланган иштер аксап калууда. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү дагы ушул жагын эске алышты окшойт, "Директор беш жылга шайланат" деп декретке дагы туура белгилешкен. Дүйнөлүк практикада өзү ушундай. Беш жылдын ичинде бир нерсе жасаса болот. Менин оюмча, бул эң туура кабыл алынган чечим. Мен кызмат орунумда каламбы же калбаймбы маселе анда эмес, менин дагы программам бар. Эң негизгиси туруктуулук керек, ошондо иш алдыга жылат. Менин иштегениме беш ай болду, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жолукканбызда алардын айтканы дагы ушул маселе, "Силерде качан туруктуу системалуу кадрлар болот? Туруктуу иш жүрөт? Анткени улам эле, бир жаңы долбоорлорду баштап, кызматташууну жаңы колго ала баштаганда эле улам эле кайра алмашуулар болуп жатат" дешет. Учурда көпчүлүгү шайлоону күтүп жатышат. Биздин жамаат болсо Директорлердин бекишин күтүп жатат.
- Качан бекийт?
- Сентябрдын акырына чейин документер кабыл алынат. 10-октябрдан кийин шайлоо болот деп мага байкоочу кеңештин мүчөлөрү айтышты. Негизги иш жагдай ушундай.
- Чоң рахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз!
Азима АКУНОВА






Кыргызстандын калкына
Кыргыз Республикасынын
Президенти Р. И. Отунбаевага

Кадырман калайык!
Урматтуу Роза Исаковна!

Үстүбүдөгү жылдын 7-апрелинен бери өлкөбүздө бир топ өзгөрүүлөр болуп өттү. Мунун ичинде Кыргыз Республикасынын келечегине, мамлекеттүүлүктү бекемдөө маселесине карата өтө чоң зыян-кесепетин тийгизе турган УТРКны коомдук телерадиого айландыруу идеясы сырткы күчтөрдүн таасири менен иш жүзүнө аша баштады.
Эмне үчүн биз бул маселе боюнча тынчыбыз кетип, Сиздерге кайрылууга мажбур болуп жатабыз?
1.Эгерде УТРК коомдук телеканалга айланса, анда мамлекет өзүнүн негизги идеологиясын жүргүзө турган каражатынан айрылат.
2.УТРК көптөгөн мамлекеттик эмес телерадио каналдарга айланат да, комерциялык багыттагы кайсы бир партиялардын, топтордун, диний миссионерлердин, мамлекетти бузуп-жарууга умтулган чет өлкөлүктөрдүн пландарына ылайыкташкан гранттарына, ар кандай материалдык жардамдарына жамынган, ар кандай саясатты ишке ашырууга умтулган күчтөрдүн бири-бирин "талкалоого", элге жаманатты кылууга умтулган адамдардын, ар кайсы күчтөрдүн кызматын кылып, үгүт-насаатын жүргүзө турган коркунучтуу жана улутка орду толгус зыян-кесепетин тийгизе турган негизги "куралга" айланат.
Кыргыз өлкөсүнүн коомдук түзүлүшүндө УТРКнын өзгөчө орду бар. Элдин жашоо турмуш күзгүсү, трибунасы катары кызмат өтөп, улуу журттун акыл-эсинен жаралган руханий дөөлөттөр ушул жерде топтолгон.
Жакынкы эле жылдарда суу басып кетти деген шылтоо менен ТВнын видеотекасы бүлгүнгө учурап, баалуу архивдин бир бөлүгү жок болгону маалым.
Ал эми К. Орозов, Ы. Туманов, Ш. Шерикулов, Н. Борошев сындуу залкарлардын күүлөрү, Саякбай баштаган бир канча манасчылардын айтуусундагы Манас дастаны, көптөгөн элдик ырлар, интервьюлар, спектаклдер сакталган радионун алтын казынасы түрдүү себептер менен жок кылынбайт деп ким кепилдик бере алат?
Анын үстүнө эл аралык акыл үй­рөт­күчтөрдүн көрсөтмөсү менен колхоз-совхоздор, завод-фабрикалар талкаланды. Эми баары бүтүп УТРК калыптырбы?
Эгер коомдук телерадио керек болсо ЭЛТР турбайбы, ошону өнүк­түрө беришсе болбойбу?! Анан калса акыркы жылдары канчалаган "5-канал", "НТС", "Пирамида", "Манас жаңырыгы" сыяктуу менчик каналдар пайда болбодубу. Улуттук деген статус менчиктештирүүгө жатпаган мекемелерге берилүүчү юридикалык күчү бар сөз менен алмаштырылышы керек.
Жаңы түзүлгөн байкоочулар кеңе­шинин курамы УТРКнын эмгек жамааты менен жолугушкан учурда аталган мекемени коомдук каналга айлантууга көпчүлүк каршы экендигин билдиришкен.

Урматтуу Роза Исаковна!
Мамлекеттүүлүктү сактап турган негизги түркүктүн бири УТРКны улуттук канал боюнча калтырып, анын ишмердүүлүгүн жемиштүү, элге жакын, калыс жүргүзүүнүн башка жолдорун карап көрүүңүздү өтүнүп,

Кыргыз Республикасынын чыгармачылык интеллигенциясынын өкүлдөрү:
1.Кадыралиев Жоомарт-Кыргыз Эл сүрөтчүсү:
2.Бекташов Эсенжан-КР Архитекторлор союзу:
3.Болот Мамат- "Кыргыз Адабияты" гезити:
4.Бөрүбашев Бекбосун-саясат таануучу:
5.Сариев Абдымамбет-КРУЖС секретары:
6.Алымбаев Абдырахман-КРУЖС төрагасы:
7.Дүйшөналиев Уланбек-фермерлер союзунун мүчөсү:
8.Айтикеев Кеңешбек- "БАТА" илимий мекемеси:
9.Бакчиев Талантаалы-Манасчы:
10. Исаков Абасбек-Алтай-Манас-Талас коомдук бирикмеси:
11. Байсалов Алымбек- "Улуу Кыргыз Ордонун" төрагасы:
12. Калыбеков Нурлан-"Нур борбор" бирикмеси:
13. Кудаяров Абдыжалил-КРУЖС мүчөсү:
14. Бузурманкулов Айбек- "Ак Шумкар КУТ" ЖКБ:
15. Сыдыкова Кален-КРУЖС секретары:
16. Сакыева Нуржан-КРУЖС мүчөсү:
17. Рысбеков Муратбек-Архитектор:
18. Асаналиев Мукан-акын, композитор, КРУЖС мүчөсү:
19. Токтогазиев Жумабек-жазуучу:
20. Назаров Кубанычбек-Архитектор:
21. Тезекбаев Кубанычбек- "Тай тебиш" мектеби:
22. Нургазиев Тилек- "Ыйык жердин тилеги" фонду:







кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
2-сентябрь, 2010-ж.:
1-бет
Батыров Ош окуясынын
чыгышына бийликти
КҮНӨӨЛӨЙТ
2-бет
Орусия бейөкмөт уюмдарды текшере баштады
3-бет
Мараттын тепкени "лексус", жашаганы "особняк"
4-бет
Ошту борбор кылуу
учур талабыбы же...

5-бет
Улуттук телерадиокорпорациясынын директору
Кубат Оторбаев:
"УТРК менчиктештирилбейт, башкаруу элдин колуна өттү"

6-бет
А.Жекшенкулов:
Убактылуу өкмөттөгү ажырым ачыкка чыкты

7-бет
"Жакшылыкка" жакшылык кылчу жан барбы?
8-бет
Биз өз күчүбүз менен бутубузга турдук, эми башкаларга жардам беребиз!
9-бет
Ысыккөлдүктөр шайлоодо
"Ата-Журттун" жеңишин каалайт

10-бет
"Мен билбесем, сен билбесең, ким билет"
11-бет
Бакыт куну
12-бет
Боз үй керемети
13-бет
Азамат Алтай - Ала-Тоонун Батыштагы бүркүтү
14-бет
Ю.Семин:
"Бизге вице-президенттин кереги жок"

15-бет
Таңдагы
ташпишке салган ойлор

16-бет
Актер көз боёмочу болобу?



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0916_5.htm on line 89

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0916_5.htm on line 89

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0916_5.htm on line 89


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0916_5.htm on line 89

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0916_5.htm on line 89

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0916_5.htm on line 89


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0916_5.htm on line 89

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0916_5.htm on line 89

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0916_5.htm on line 89