Ошту борбор кылуу
учур талабыбы же...
Биз бул маселе боюнча кимдин ою кандай экенин билүү максатында айрым адамдарга собол узаттык.

Ош шаарын борбор кылууга кандай пикирдесиз?

Эмилбек Каптагаев,
Президенттин администрация башчысы;
- Ош шаары борбор калаа болууга эч кандай артыкчылыктарга ээ эмес. Негизи, борбор калаа коммуникацияларга (жол катнашы, байланыш, ж.б.) ылайыкташкан, бардык булуң бурчтан оңой каттам болгон, өнүгүүгө ыңгайлуу болгону талап кылынат. Азыркы эле экинчи борбор деген статусту толук кандуу иштете алсак, көптөгөн проблемалар чечилип калмак.



Акбар Рыскулов,
Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси (1996-жылдан тарта 2001-жылга чейин):
- Борборду которуу үчүн саясий зарылчылык болуш керек.Казакстанда борборду Астанага көчүргөндө, алардын мамлекетинин түндүгүндө, айталык ошол эле Акмоло облусунун айрым жерлеринде жергиликтүү калк 12 пайыз эле калган райондор бар болчу. Калганы башка улуттар болчу. Анан алар референдум өткөрөбүз, антебиз-минтебиз дей башташкан. Орусиянын түндүгүндөгү орус казактары да кылычын булгап андай-мындай дей башташткан. Мындайча айтканда, аларда саясий зарылчылык бар болчу. Мындан сырткары экинчи маселе - экономикалык зарылчылык болушу керек. Ош борбор болсо эле Кыргызстан оңолуп кетеби? Мындан кандай пайда көрүшүбүз мүмкүн? Мисалы, экономикалык жактан алганда казактар туура кылды, тээ илгери эле алардын темир жолдору, асфальт жолдору, аба жолдору так ошол Акмолонун түбүнөн байланышчу экен. Дал ошол жерден темир жолдору чыгышка, батышка, түштүккө, түндүккө Айтматов айткандай байма-бай каттайт экен. Казакстандын жер аянты дагы абдан чоң эмеспи. Географиялык жактан алганда, Казакстандын борбору Алматадан Астанага көчүп өлкөнүн так борборун ээледи. Бирок, бизде борборду которууга эч зарылчылык жок. Менимче Кыргызстандын кыйналып аткан жагдайы мында болуп атат: Эч нерсени ойлобогон, эчтекени эсептей албаган, эсептебеген, бирок кыйкыра билген адамдардын гана айткандары өтүп келатат. Ал эми, өзүнүн кызматын жакшы билген адистердин, экономисттердин пикирлери эсепке алынбай калып жатат. Ошол себептүү бул маселеге азырынча шашпаш керек.

Тууганбай Коңурбаев,
И. Арабаев атындагы
КМУнун 1-проректору:
- Мамлекеттин борбору мамлекетте жүрүп жаткан жалпы элдин жүгүн көтөрүп турат. Ошондуктан, борбордун кайсыл жерде болгондугу жалпы геосясий абалда мамлекеттүүлүктү сактоонун бир учуру болот деп айтууга негиз. Эгерде биз тарыхка кайрылсак, жалпы республиканын борбору деп Жалал-Абад таанылган. Бул баардыгына белгилүү. Ушул өңүттөн алып караганда бүгүн биз кайра тарыхка кайрылып жаткан учурда борборду Ошко жылдыруу керек деген үндөр угулуп жатат. Мен ушул ойду туура деп ойлойм. Анткени азыркы шартта борборду жылдыруу менен ошол чөлкөмдө жашап жаткан элдин динжалпы маданий деңгээлин көтөрүүгө болот. Экичиден, Ош жергесиндеги калктын саясий-экономикалык абалынын начардыгынан болуп жатат, жана ошол жерде жашаган өзбек улутундагылар кыргыздардын үстүнөн үстөмдүк кылды деп айтууга негиз бар. Ош чөлкөмүндө жашаган адам катары мага белгилүү Ошто жашап жаткан кыргыздар менен өзбектердин экономикалык абалын салыштыра келсек, өзбектер бир кыйла жогору турат. Жалпы соода түйүндөрүндө экономиканын рычагдарын кармап тургандары белгиүү. Эгерде биз борборду Ошко жылдырсак, анда ал жакка илим, технологиялар, инфраструктуралар барат эле да, бул багытта кыргыз улутунун көп утуштары пайда болот деген ойдомун. 90-жылы өзбек улутунун өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн "Адалат" деген уюм түзүлүп Ошту өзүнчө автоном кылабыз деп чыккан. Акыры кандуу окуяга айланып турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Демек, өзбек улуту бир нече жылдан бери Ошту өзүнчө бөлүп алып, автоном кылып же Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча өзгөчө саясаттар жүрүп жатканы жашыруун эмес. Ошон үчүн Ошту борбор кыячлуу мамлекеттеги тынчтыкты сактоонун бирден бир булагы болуп калууга тийиш.

Элдар Аттокуров,
Элдик тарбия изилдөөчү:
- Мен Ош шаарын борбор кылуу пикирин колдойм. Биздин геосаясий-этносаясий акыбалыбыздын курч маселелерин, бирдиктүү ички улуттардын интеграция маселелерин негизинен көп улуттуу Кыргызстандын 50 пайыздан ашыгын кыргыздар жашагандан кийин алардын көпчүлүк бөлүктөрү түндүк аймактарда жайгашкан. Ал эми азчылык бөлүгү түштүк аймактарыбызда жайгашкан. Эгерде Ош борбор болсо этносаясий багыттан түндүк-түштүк маселеси дагы жоюулуп, интеграция болоор эле. Бирок, бул борборду Ошко көчүрүүдө өлкөнүн экономикасына бир чоң оорчулук келет. Анткени, бул жердеги көптөгөн министрликтердин көчүшү, ал жердеги турак-жай маселелери өтө курч маселе болушу мүмкүн, бул биринчи маселе. Экинчиден, кайра эле геосаясий маселенин борбору өтө курч кырдаалды жараткан фергана өрөөнүнө - диний экстремизмдин очогуна жакын жайгашып калышы коркунучтуу кырдаалды түзөт. Анткени, борбор болгондон кийин стратегиялык жактан өзүн коргоо мүмкүнчүлүгү жетишээрлик деңгээлде болсо анда мүмкүн. Ал эми, биздин аскерий акыбалыбыз ушул акыбалда болуп тургандан кийин, ал жердеги борбордун коопсуздугу өтө коркунучта калып калышы мүмкүн. Он беш жылдын тегерегинде ушул маселе боюнча ойонуп келатам, жыйынтыгында Ошту борбор шаар кылууну туура деп таптым.

Эмиль Каниметов,
саясий серепчи:
"Түштүк-түндүк маселеси эртедир-кечтир козголот. Себеби, түштүк Кыргызстан экономикалык жактан Өзбекстанга байланып турат. Түндүк жагыбыз болсо орусташып, өндүрүш, өнөр жай ишканалары салына баштады", - деп жазат Жусуп Абдрахманов өзүнүн күндөлүгүндө. Согуш убагында көчүп келген ишканалардын эсебинен түндүктөгү областар жана шаарлар өнөр жайлуу борборлорго айланды, орусташты. Түштүгүбүздө кыргыз калкынын басымдуу көпчүлүгү жайгашып, ал жакта совет доорунда кыргыз маданияты, руху-духу кармалып турду. Кыргыздын жан дүйнөсүн козгогон Рысбайлар бекер жерден чыккан жок да. Түштүк консервативдүү, түндүк либералдашкан. Ортодо Талас, Нарын. Албетте мындай салыштыруунун да кемтиктери бар.
Бирок ушундай көз менен караганда, борбордун Ошко көчүүсү абдан дурус болоор эле. Аздыр-көптүр азыркы замандын жетишкендиктеринин жыты бар мамлекеттик аппарат, илим-билим, маданий институттары ж.б. Ошко көчө турган болсо, анда түштүккө жаңылыктын шоокумун алып бараар эле. Ал жактагы эл барган мамлекеттик жана коомдук мекемелердин ишине аралашып, мамлекетке жана маданиятка накта элдин духун берер беле.
Экинчиден, борбордун Ошко көчүүсү азыркы кооптуу абалды жөнгө салууга өбөлгө түзөт. Түштүктүн өсүп-өнүгүүсүнө мүмкүндүк берет.
Үчүнчүдөн, Ошко көчүүгө каршы болгондор көтөрүп жаткан мамлекеттик аппарат өзбектешип кетет деп коркууга негиз барбы? Дагы башка кандай себептер? Кандай болгон күндө да, бул маселе терең ойлонуп, талдап-чечүүнү талап кылган, азыркы кездин кырдалдуу маселелеринин бири экени талашсыз.


Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан Ош шаарын республиканын борбору кылуу маселеси кайрадан жандана баштады. Бириккен Элдик Кыймылы партиясынын жетекчиси Азимбек Бекназаров ушул жуманын шейшемби күнү "Кабар" маалымат агенттигинде пресс-конференция берип, анда борборду Ошко көчүрүү демилгесин көтөрүп чыкты. Муну айрымдар Бекназаровдун саясий упай топтоо аракети деп баалашты.
Ошту борбор кылуу маселеси бүгүн гана көтөрүлүп жаткан маселе эмес. Буга чейин бирден бир себеби катары өлкөбүздүн түштүк чөлкөмүнүн экономикалык, маданий, социалдык жактан өнүкпөй артта калып жатканы каралып келсе, бүгүнкү күнү Оштогу болгон кандуу окуянын чыгышы жана тынымсыз көйгөйлөрдү жаратып келген чек ара маселелери дагы себеп болду көрүнөт. Ошту борбор кылуунун эң башкы себеби мына ушунда.
Мындан сырткары, жер титирөө, сел сыяктуу табигый кырсыктар дагы түштүк аймакта көп болуп, бирок, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкекте жайгашкандыктан, өз учурунда жабыр тарткандарга жардам берүү вазыйпасы көрүлбөй келгендиктен, аталган министрлик дагы жарым-жартылай Ош шаарына көчүрүлгөн эле. Муну менен табигый кырсыктар болгон учурда өз учурунда барып жардам көрсөтүүгө аз да болсо өбөлгө түзүлгөн.
Басма сөз беттеринде Ошту борбор кылууну колдогон бир канча пикирлер айтылып келүүдө. Маданияттын очогу жанданат эле, экономикабыз гүлдөп-өсөт эле, же инфраструктураларыбыз жакшырат эле деген ойлор ортого салынып жатат. Ошту борбор шаар кылуу маселесин колдогондордун көпчүлүгү Казакстандын Астана шаарын мисалга тартышып, Ошту дагы Астанадай өнүккөн шаарга айлантууга эмнеге болбосун деген пикирлерди дагы айтышууда. Айткандай эле 1997-жылы казактардын Акмоло шаары Алматыга салыштырмалуу бир топ эле чакан экендигине карабастан, борбор болуп, кийин Астана деген аталыш берилген.
Ал эми, биз буга чейин Ош шаарын борбор кылуу оюнан мурда, аны Борбор Азиядагы Меккеге айлантуу ой-кыялын көп айтып келдик эле. Мурдагы президентибиз К. Бакиев дагы үстүбүздөгү жылдын 22-мартында Ош шаарында болгон майрамдык(Нооруз) салтанатта ушундай пикирди айтканы эсиңиздерде болсо керек. "Концепцияга ылайык Ош шаары Кыргызстандын түштүгүндө мамлекеттүүлүктүн түркүгү, Фергана өрөөнүндө ишкер, тарыхый жана маданий, экономикалык жана илимий борбор болууга тийиш. Биз бул долбоорго улуттук деген даража ыйгарып, ошого жараша каржылык жана инвестициялык ресурстарды караштырмакчыбыз. Андан тышкары биз Ошту региондун чордонуна айландырууну көздөп жатабыз. Мисалы, Сулайман Тоону Борбор Азияда зыяратчылардын Меккеси кылууга толук шартыбыз бар",-деген К. Бакиев
Ал эми, саясий соодалашууну жакшы түшүнгөн Бекназаров сыяктуулар өлкөнүн мындай талылуу маселесин көтөрүп чыккандарын толугу менен саясий упай топтоонун аракети гана деп баалоого болобу? Болушу дагы мүмкүн. Неси болсо да, көпчүлүктүн назарын "рекламасыз" эле буруп келген Бекназаров ууланып-дарыланып чыккандан аз өтпөй эле бу Ошту борборго айлантуу маселесин көтөрүп жатканын төмөндөгүчө түшүндүрдү: "Бүгүн Кыргызстанда эмне проблема бар десең, баары түштүктө болуп атат. Анысы аз келгенсип мынакей Ош өрттөлдү, Жалал-Абад өрттөлдү, таптакыр бүлүндү. Элдери үйсүз калды. Канча адамдар жабырланып жүрөт. Анан бүт сел болсо түштүктө болуп атат. Жери жоктор түштүктө. Бир сотых жер албагандар да бар Алай менен Аксыда. Баткенди айтпай эле коёюн. Ал жакка барыш өзүнчө эле бир тозок",-дейт. Ал турсун бул пикирин ой-пикир катары гана сунуштабастан, БЭК(Бириккен Элдик Кыймылы) партиясынын бирден бир талаптары экендигин баса белгилеп: "Биздин БЭК партиясынын талабы бирөөлөргө жакса-жакпаса да сөзсүз толук түрдө борборду Ош шаарына которуу болот. Президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш ошол жакта отурушу керек. Биздин партия муну талап кылмакчыбыз. Эгер биз борборду, мамлекеттик органдарды ал жакка көчүрбөсөк проблемалар чечилбейт. Анткени ал жак бүгүнкү күнү мурдагыдан да жаман абалга келип калды.Мен ал жакта болуп атам. Бүгүнкү күнү түштүк борборубуз жок болгону калды. Шаарды куруп, калыбына келтирип, элдерди жайгаштырышыбыз керек. Ал эми ушул тапта түштүктө канчалаган табигый кырсыктар болуп атат. Сел жүрүп атат, жолдорду жууп кетти, эч нерсе калбады, элдер каза таап атат. А биз баарыбыз Бишкекте отурабыз"-деди ал.