Мараттын тепкени "лексус", жашаганы "особняк"
Кесиби боюнча юрист Марат Аманкулов өзү 40 жашта болгону менен башынан көптү өткөрүптүр. Жеке ишкерлик менен ишин баштаган бу жигит, кыргызча түшүнгөн менен, сүйлөй албайт экен. Шаардык депутат эле болгонуна карабай душмандары көппү, айтор аны коштогон эки жан сакчысы да бар. Үгүттөөчүлөрдүн айтымы боюнча СДПКдагы акчасы жок "кедей" талапкерлердин арасында Марат Аскерович 42- орунда да турат. Мындан эки жыл мурда №3- шайлоо округунан шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер болуп келсе, эми насип буйруп парламенттик шайлоонун алдында да келип отурганын сыймыктануу менен белгилейт. Ал элдин арасындагы айтылган өтүнүчтөрдөн улам, "Арча Бешиктеги" "Он арча" деген көчөдөгү 52 үйдүн трансформаторун эмдиги жылы койдуруп берүүгө убада кылды. Ал эми жашоочулардын айтымында аларга каралган трансформатиорду кошоматчылар эсеп палатасында иштеген бирөөнүн энесинин үй жагына коюп берип коюшкан.
Марат мырза трансформатордун баасы 1 млн. 200 миң сом тураарын, эгерде 100 миң сомдун тегерегинде болгондо, өзү эле коюп берип коймоктугу айтып, элди чыдап турууга чакырган. Аманкуловдун айтымында өзү "лексус" "тээп", кымбат чоң үйдө жашайт. Буга уялбастыгын айткан Марат мырза мунун баарын маңдай тери менен тапканын мактанат. Ушуга улай элди да өзү сыяктуу жакыр жашоодон уяла турган деңгээлде жашаса дейт. Эми ылайым эле ошондой болсо кана. Мындан сырткары Аскерович эгерде депутат болуп калып, кийин бирөө- жарым "сен эмне аткардың, убадаң кана" дей турган болсо, өзүнүн мандатын колунан иш келчү бирөөгө берээрин айтат.

Бөрк ал десе, баш алгандар
Өткөн жумада СДПКнын үгүт добулбасын уруп, партиянын тизмесиндеги талапкерлердин экөө "Арча Бешик" жаңы конушундагы эл менен жолугушууга барган. Анын бири ун тууралуу кандай маалымат сурасаң да, түн жарымында уйкусунан ойгонуп айтып бере ала турган ишкер "Акун" ЖАКнын генералдык директору Чыныбай Турсунбеков менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Марат Аманкуловдор болчу. Угушубузга караганда бул жыйынга анча-мынча келген элден сырткары аялдарды эки маршрутка менен алып келишкен. Ал эми СДПКга караштуу адамдар тургандардын санын көбөйтүп, улам чүйлөгөндөрдү кол чаап коштоп турушкан. Жыйындын орто ченинде өздөрүнөнбү, айтор бир аял сөз алып, "Ата Журтту" шыбап, мурунку "Ак Жолчулар", жалаң жеп-ичкен Бакиевден калган чиновниктер экенин, Келдибеков, Ташиевдер өлкөнү соруп келетканын айткан. Андан ары "Республикага" асылып, Бабановдун мурда Садыбакасовадан "Кыргызстан" банкын, машина базарды жана Хондун нефтебазасын тартып алганын, мурда Айдар менен дос болсо, кийин Максимдин "жакшылыктарын" көргөнүн божурап, мындай адамдардын өлкө тагдырын чече алаарына күмөн санаган.
Андан кийин "Ак шумкардын" төрагасынын 2 миллионду жегени тууралуу телефондон элдин баары укканын айтты. Акырында "Ар намысты" да жөн калтырбай, кезегинде фронт деп жүргөндө эл ага ишенип, артынан ээрчигенин, аягында Куловдун элди каматып баса бергенин кошумчалаган. Кыскасы, аялдын айтымында СДПКда гана татыктуу адамдар бар экен.
Негизинен үгүт маалында атаандаштарга карата мындай сөздөрдүн айтылбашы керектиги тууралуу партиядагылар да, аладын камчысын чапкан адамдар да билиши зарыл болчу. Муну же билбегендерге жыйын алдында эскертип коюшса болмок.

Ниети жок болгон менен каалоосу бар да
Чындыгында Чыныбай мырзанын саясатка келейин деген ниети деле жок болгон. Бирок, Атамбаевдин "өзүңдүн курсагыңды жакшы эле бактың, эми элдин да курсагын ойлойлу", деп айтканынан улам аралашууга "аргасыз" болуптур. Кыргыздар "моюнунан байланган ит ууга жарабайт" дечү эле. Бирок, Чыныбай мырза партиядагы тизме боюнча 3- орунда экенине күбө болгонубуздан кийин өзүндө деле каалоо болгон сыяктуу деген ойго келбей койбойт экенсиң.
Турсунбековдун айтымында учурда ал бир завод курууда. Ал эми кийинки жылы эки завод кураарын айтат. Ушуга улай Чыныбай мырза да кийин -соңгу "колуңдан эмне келди"-деп кокологондор чыга тургандар болсо, мандатын таштап кете бергенден кайра тартпайт. Депутат болуп барганга чейин мындай "жалаң төштүккө" баргандар парламенттик крелонун "жумшактыгын" билип калгандан кийин, айтмак тургай митинг, пикеттерге чыгышса да, башкача сүйлөп калышчу эле. Эми андай кезди да көрө жатаарбыз.
Кечээгиде болсо СДПКнын үгүтчүлөрү чогулган жерде, жыйналыштары бүткөн соң Акунович жигиттикке барып, аялдарга атайын конвертке салынган 500 доллар чай пулду таштап кетипир. Кантсе да Чыныбай мырза акча менен көп иш алдыга жылаарын айттырбай билген бизнесмен эмеспи. Белгилей кетсек, Турсунбеков

Кордун түбү, корбу…
УТРКдагы өзүнүн кайрылуусунда "Ата Журттун" тең төрагасы Камчыбек Ташиев таза шайлоо өткөрүлүшүн башкалардан да, мамлекет башчыдан да өтүндү. Эгерде жазып тайып, элдин добуштары бурмалана турган болсо, аны коргоп калуу үчүн күрөшө тургандыктарын да ачык билдирүү менен, Ташиев бир нерсе болсо пикет-митинг болоорунан кабар бергенсиди. Анын айтымында үгүт иштери башталган 4 күн ичинде эле административдик ресурс бийликте турган партияларды колдогондугу байкалган. Анткени, "Ата Журт" уруксат алып, акчасы төлөнгөн көрнөк орундарына СДПКнын жарнактары илинип калган. Балким муну "Атамбаев билбейттир"- деп, арканды алыстан таштаган Камчы мырза сыпайы гана бошотуп коюуларын өтүндү. Мындан сырткары "Ата Мекендин" ана башын Жалал Абадда губернатор, акимдер коштоп жүргөнүн кошумчалаган ал Отунбаевадан мындай "жоруктарды" токтотуусун суранды. Сөзүнүн аяк ченинде Камчы мырза кордой берсе, кордун түбү кор болоорун алдын ала эскертти. Демек, "Ата Журт" лидеринин бул сөзүнүн артында эмне жатат?
Бирок, Жалалабат губернатору бул жыйынга катышканы менен, "Ата Мекенди", анын жетекчилигин ачык колдобогондугун, губернатор катары жөн гана коомчулукка коопсуздукту камсыз кылуу ниетинде барганын айтып актанган.
Бектур Асановдун айтымында айрым партиялардын лидерлери эл алдында саясий упай топтоо максатында, өздөрүнүн алсыздыгы жана радикалдуу жүрүм-турумдары менен бир жактуу айыптоолорго, каралоого барууда.

Көп жерде иштеген адамдын көзү ачыкпы?
2002- жылы басма сөздөрдүн баамы боюнча өлкөдөгү 100 бай адамдардын катарына кирген Иманкадыр Рысалиев кезегинде эмгек жана социалдык коргоо министрлигинен тартып, бир топ майлуу орундарды ээлеп келген. Акырында апрель окуясына чейин профсоюздар Федерациясын жетектеп турган.
Бирок, Акаев кеткенден кийин Иманкадыр мырза бизде чыныгы элдик революция болгонун, эл жазгы кирген суудай Акаевдин үй-бүлөлүк бийлигин жууп кетиргенин айткан. Өзү кезинде мактап-жактап жүргөн адамын ушинтип айтса, кызыктай эле болот экен.
Бакиев бийлиги башкалар сыяктуу эле Иманкадыр мырзага да кызыктуу, ары ишентичтүү туюлган. Ошондуктан, "жаңы" бийликтин өлкөдөн качпастыгын, керек болсо, аягына чейин коргонуп тураарын айтып, акырында муну элестетүү коркунучтуу экенин ошол 2005-жылдын күз айында эле айтыптыр. Бул жерден байкаган адам Иманкадыр мырзанын "көзү ачыктык" жай жок беле деши мүмкүн. Бир жагынан ал аймактык кландар ортосунда бийлик үчүн токтоосуз уланган күрөш бири-бирибизди автоматтын көзөнөгүнөн шыкаалап калганга алып бараарын кошумчалаган. Анан калса, эгерде бийлик таза болсо, коррупцияны жеңе алаарыбызды, ата мекендик бизнести колдоп, инвесторлорду тарта алаарыбызды, бирок, муну жасай албасак, бизди коркунучтуу келечек күтүп тургандыгын билдирген. Бул жерден сөз турмуштун начарлай турганында эмес, сөз трагедия жөнүндө болуп жаткандыгын "далысы менен" сезгендей айткан Иманкадыр мырзанын "көрөгөчтүгүнө" таң калбай коё албадык . Бирок, Бакиев менен Кулов бири -бирине абдан керектигин, булардын саясий акылмандыгы, алардын чын ниеттен жасаган аракети өлкөнү гүлдөтөөрүн айтып "жаңылып" калган.
Эми шайлоо болот дегени, Рысалиев "Ата Журт" партиясына кирип, билек түрүнүп турган чагы. Шейшемби күнү партиялашы Ташиевдин артынан эфирге чыгып, азыркы бийликтин иштебей жаткандыгына кейиген Иманкадыр мырза инвесторлордун өлкөдөн кетип жаткандыгына да кападар. Экинчи жагынан анын пикиринде Ош окуясы бийликтин алсыздыгынан улам болгон. Анткени, ошол мезгилде бийлик бир эле жерде, бир күндүн ичинде чиновниктерди 2-3 жолудан алмаштыруу менен алек болуп калган.
Рысалиевдин айтымында, мындай шартта өлкөгө бир дагы инвестор келбейт. Ошондуктан, өзү экономикалык тармактын коен жатагына чейин билгшендиктен, парламентке келип, инвесторлорго шарт түзөөрүнө ишенет. Мына ушул нерселердин баарын Иманкадыр мырза бийликтен алыстаганда гана түшүнгөнүнө эмне дээриңди да илбейт экенсиң. Эми Имаке, өзүңүз айткандай парламентке баргандан баштап, көөдөнгө тынчтык бербей келген идеяларыңыздын ишке ашышы эч болбосо дагы, кеч болсун демекчибиз.

У. Келдибай кызы