Таңдагы
ташпишке салган ойлор
Улуу ойлор бир мезгилде дыбырап өткөн өткүндүн тамчылары сыяктуу. Аны дилге сиңирип калуу кыйын. Анткени, өткүндүн ар бир тамчысы жерге түшөөрү менен анын изи да калбай сиңип кетет эмеспи.


Жол боюндагы дарак жайкы аптапта суу жетпей турганына карабай, өңү- түсүн жогопой, адамдарга көлөкө берет. Ал эми биздин айрым чиновниктерибиз креслого отургандан тартып, өзгөрүп, "жеп-ичип" турса да, элге "көлөкөсү" тийбейт.


Биздин өмүрүбүз деле дарактын жалбырактары сыяктуу. Анткени, бир мезгилде жашылданып,күз жакындаган сайын саргайып, жерге улам күбүлүп, тирүүлүктүн шамалы кайда учурса, ошол жерге түшөбүз. Жашыл кезинде жалбыракты адамдар суктанышып карашса, а жерге түшкөн соң бут алдыда тепсендиде калат.


Байкасам, чымчыктар катуу шамалда деле олку-солку болуп турган бутактарда кулабай, тең салмактуулугун сактап турат. А, биз адамдар тирүүлүктүн олку-солку маалында качан тең салмактуулукту сактаганды үйрөнөбүз?


Айрым чоң кызматта жүргөндөр кызматтан кетсе деле эптеп партия же фирма ачып, кабинетте олтургулары келет. Анткени, алар "баланча- түкүнчөевич" деп бүжүрөп кирип чыккандардан ырахат алышат. Эгерде, андай жашоо бүттү дегиче, кан басымдары көтөрүлүп, реанимацияга түшүшөт.


21-кылымда жашап атканыбыз менен, шаар четинде 21- жылдагыдай жашоо кечирип жатканыбызды чоңдор билсе да билмексен, көрсө да көрмөксөн.


Таң жаңыдан супа салып келатканда куштар негедир ызы- чуу түшүп сайрашат да, кайра бат эле дымып калышат. Мына ушулар сыяктуу биз деле бир мезгилде бир окуяга ызы- чуу түшөбүз да, көп өтпөй аны унутуп дымып калабыз.


"Жебеген жердин астында", демек, жегичтик жер астына кеткенге дейре улана берет. Өзгөчө бизде…


Токойдун ортосунда турган адамга түнкүсүн жайнаган жылдыздардын баарысы толук көрүнбөйт. Анын сыңарындай өлкө башчыбыздын айланасында карасанатай, жегич адамдар турганда, жылдыздай жанган чындык, адилеттик эч качан ага даана көрүнбөйт.






Куйкумдуу кыска саптар

Акча - колдун кири бирок, ансыз баары эки манжанын ортосунан бармагын көрсөтөт.
Диплом - жогорку билимдүүлүгүңдү далилдейт. Көп учурда сандыктагы документтердин санын толуктайт.
Жумуш орду - айдан айга каражат алып туруучу жана өзүнө ишендирип, карызга батыруучу ишенимдүү булак.
Балмуздак - адамдын суусунун кандырган менен, кардын тойгузбаган тамак.
Доллар - башка өлкөнүн акчасы болгонуна карабай, көп өлкөлөрдө кадыры жогору. Аны арзаныраак сатып, кайра кымбатыраак сатып алууга болот.
Үгүт маалы- чоңдор менен бизнесмендер тапканын чөмүчтөп чача турган бир айлык убак.
Поезд - бир баскан жерин миң баскан, Кыргызстандан жалаң шордууларды Орусияга ташый турган вагондордун курамы.
Ойнош - жакшылык күндөрдүн алдында бир болуп, жамандыкта жаныңда боло албаган адам.
Интернет - кызыкты да, шумдукту да үйрөтө турган экран.
Газета - калпты деле, чынды деле койгулаштырып, кээде эки жакты чабыштырган тамгасы көп кагаз.
Бут кийим - бирде чок, бирде бок басып, ээси кайда басса ошол жакка бара турган бечара.
Кол - адамга жакшылык да, жамандык да жасаган, кармабаган нерсеси калбаган мүчө.
Гүл - адамдын туулган күнүндө үстөлүнүн, өлгөндө мүрзөсүнүн үстүнө коюлуучу кызыл- тазыл бариктүү жалгыз сабак.
Базар - коюнуна сатуучусун да, кардарын да, уурусун да, туурусун да, тилемчисин кошуп батырчу, акчалар бир чөнтөктөн экинчисине алмашкан жер.
Автобус - ичине акчасы чектелүүлөрдү батырган, аялдама сайын токтогон "боорукер" техника

Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт

Келин болуп келгениме он күн болбой жатып, кайын энем асыла баштады. "Камырды суюк жууруп коюпсуң, идиштерди чала жуупсуң…" кыскасы, тойгузду. Мына эмесе деп, камырга ундан салып ийлеп бердим эле, анысы дандырга жабылгандан кийин ичи бышпай, жарымысы чоктун үстүнө түшүп калды. "Энең нан жапканды үйрөткөн жок беле" дейт чебелектеп. "Үйрөткөндө сага жаман көрүнүп отурат белем"- дедим ичимден күбүрөнүп.
Бир кайын сиңдим бар "туягы оңой менен жибибеген". Тамак ичкен идишин жуумак түгүл ордунан ары жылдырып койгонго жарабайт. Жадагалса кийимдери чечкен жеринде калат. Анан көчөгө чыкса эле жасанып, көзү- башын боёп, тим эле сыр бербей кетет. Ушуну ким алса да шору. Анан да күнү- түнү телефон чалган келесоо балдарга боорум ооруйт. Аларга да жасакерленип, акылдуусунуп сүйлөгөндө, күйбөгөн жаным күл болуп кетет. Бир жагынан ушудан тезирээк кутулсам деп кудайдан тилейм. Бирок, кайын энеси акыл-эстүү аял болсо жакшы дечи. Эгерде өзүнүн апасындай болуп кала турган болсо, анда бир жумада эле алып келип таштап кетет го, деп корком.
Кайним бар арактан колу бошобогон. Бирок, мүнөзү кичи пейил, элпек. Арак ичип алган күнү баарыбыз ал уктагыча үйгө кирбей жашынып жүрөбүз. Анткени, ичсе эле балта- бычакты көтөрүп, "жейм- жутам", "пид…р, за...л" деп чыгат. Же орусча сөгүнгөндү да жөндөп сөгүнө албайт "пи…с". Эртеси айтсаң башын жерге салып, тишин ырсайткандан башка эч нерсе сүйлөбөйт. Кайын энем таягы менен салгыласа, түндө өзү таяк жегенине карабай келинчеги ортого түшүп калат, Кантсе да агасы ушундай болуп калбаганына кудайга шүгүрчүлүк кылам. Тфү-тфү…
Ортончу абысыным эшигинин алдындагы чакан дүкөнчөсүн иштетет. Соодасы жакшы эле бирок, товары жок. "Подреалга" товар алып келгендердин биринин шапкесин бирине кийигизип, акырында алар да тажап келбей калышты. Чөнтөк телефонго "единица" салып жүргөн. Анын акчасын да иштетип ийип, алар да аткез беришкен. Өзү болсо аракты жакшы көргөндүктөн, ытаап ичип турат. Тамекини кайын агабыздан жашырып, ал жокто ачык эле түтөтүп калат.
Анан да алдыңда мактап сүйлөп туруп артыңдан ылайды болушунча шыбап, туугандарына сени жаман көрсөтүү үчүн ууру кылып коет. Ушундан алыстаар күнүм бар болду бекен. Үйүлгөн идиштерин жууп, артында чечип таштаган кийимин жыйнай берип тажадым. Россияга кетпесең кетпей кал деп, күйөөм чалган сайын кулагынын кужурун алам. Же ал эле эрте келсе кана.