Бакыт куну
Бул бакыттын куну мынчалык кымбат болоорун анда эне сүтү таңдайынан кете элек секелек кыз аңдабаптыр. Анын коңур үнү, алибеттүү келбети, кабыргасын кычыраткан күчтүү, карылуу кучагы, дилин жалындатып, жүрөгүн делбиреткен таттуу сөздөрү мынчалык баалуу кунга түшөөрүн анда ойлобоптур.
Күздүн жылуу жамгыры себелеген ээн көчөдө элеңдеп жалгыз келаткан жаш кыздын артынан бир караан калбай акмалап келатты. Кыз жайлап калса, ал да жайлап басат, кыз катууласа, тиги да кадамын тездетет. Кичине бурулуш боло калганда кыз шарт бурулуп, жол жээгинде катар тизилген таштанды салынчу темир ящиктердин артына отура калды. Тиги караан өчөшкөнсүп ящиктердин жанына келди да, тамеки жандырды. Ал кыздын жакын жерде жашынып турганын сезгендей жылбай тура берди, тура берди. Бироокумда, кыздын буту талып чымырап кеткенин туйгандай коңур үн менен;
- Чоң кыз бутуң талып кеткен жокпу?-деди акырын Үнү эркелеткендей жумшак чыкты. Кыз ансайын көгөрүп унчукпай койду, негедир коркуунун ордуна куйругу менен ойногон бала мышыктын кылыгындай "кантээр экен" деген шок ой келди. Тиги киши ошол эле жумшак үн менен жай сөзүн улантты;
- Мен кичинекейимде бир жолу базарда атамдын артынан баратып бекинип калдым. Оюмда "атам азыр абдан коркуп, ары-бери чуркап мени издейт. Качан атам ыйлаганда чыгам" деп коюп отурам. Атам мени издемек түгүл, эки жагын карап да койбой, мага көрүнүп турган чайканага кирди да, бир чайнек чай алып, анан, куду мен жашынган туштагы сөрүгө келип шашпай чай ичип кирди. Улам өзүмдү "азыр издейт, болгону менин жоголгонума ишенбей жатат" деп сооротуп коём. Бүкүрөйүп отура берип белим ооруп, буттарым талып чыкты. Атам чайын көптө ичип бүттү да, анан, "жашынып бүттүңбү? Жүр эми, кетели балам. Экөөбүз жашынмак ойноп отура берсек, тиричиликти ким кылат? Мал бададан кайтса апаң жүдөп калбасын" деди да тура жөнөдү. Атам эмес, ызаман менин тамагыма жашым кептелип, жоголгум келип, бирок, чын эле жоголуп кетүүдөн коркуп, уттурган кумарчыдай артынан шылкыя ээрчип жөнөдүм. Азыр да ошол окуяны айтып күлүп калабыз. Жүр эми, жашынып отура берсең тирилигибизди ким кылат? Апаң издеп калбасын - деди куду эски таанышына балалыгын айтып берип жаткансып кыялдуу. Кыз аргасыз жашынып отурган жеринен чыга келди.
- Сизди эч ким издебейби? - деди чымыраган буттарын укалай берип.
- Атың ким? -деди бейтааныш өзүнө берилген суроону укпагансып.
- Адеми.
- Сендей адеми кыздар көчөдө мынчалык кеч жүрбөш керек. Атайын артыңан кайтарып келдим. Сен болсо жашынасың - деди жумшак жылмайып. Экөө бир топко чейин унчугушпай келе берди. Качан үйүнүн жарыгы көрүнгөндө Адеми үйүн бүгүн көргөнсүп;
- Мына жеттим - деп жиберди.
- Мынчалык кеч калбай жүр Адеми - деди тиги киши муңайым.
- Рахмат -деди кыз араң жарымынан келген бейтаанышты чалкалай карап. Ошондо гана Адеми, чачын бир аз буурул аралаган кишинин кандайдыр муңайым санаа уялаган ойлуу көздөрү сулуу экенин байкады. Бейтааныш мээрим менен баш ийкей, "барагой" дегенсип кызды арык ийиндеринен таптап койду да, жай бурулуп басып кетти. Ал күнү ийининде калган колдун табы кийин жүрөгүнө өтөөрүн кыз туйган жок. Ошол бойдон бейтааныш көпкө көрүнбөдү. "Эми жолукпайбыз го" деп ойлогон сайын, Адеминин дилин ысык сууга күйгүзүп кеткендей тызылдаткан сезим аралап, көкүрөгүндөгү аңгыраган боштуктан ыйлагысы келип буулугат. Мына кыш да келди. Аппак бубак жамынган дарактар ойлуу, айлана санаа тарткандай тунжурап, аалам супсак. Адеми бүгүн өзүнөн-өзү дили чайпала, көкүрөгү белгисиз санаадан буулугуп, күнү бою жалгыз жүрдү. Сабакта да лекцияга маани да бербей, терезенин түбүндө мелтиреп отура берди. Кыздын жан-дүйнөсүндө эмне бороон болуп жатканы менен эч кимдин иши жок, ар ким өз түйшүгү менен. Сабактан кеч кайтты. Аялдамада эрбейип жалгыз турган кыздын жанынан бир машина өтө берип токтоду да, арты менен кайра келди.
- Адеми - деди тааныш үн. "Ошол" деди Адеми эриндери калтырай шыбырап, бирок, буттары жылбай, үнү чыкпай калды, - Адеми сенсиңби? Эмне дагы кеч калып жүрөсүң - деди зарыктырган бейтааныш машинадан шаша түшүп.
- Мен жөн эле, сизди күтүп - бул сөз кантип оозунан чыгып кеткенин кыз өзү байкабай калды. Сыягы, жүрөгү кыйкырып жиберди окшойт.
- Мени? - деди бейтааныш таң кала. Анын муңайым санаа түнөгөн көздөрү бир ирмемге жарк этип, анан кайра көлөкөлөндү.
- Жүрөгой, жеткирип коёюн. Кеч калбай жүр дебедим беле. Үшүдүңбү? Курсагың да ачкандыр? - Адеми үнсүз баш ийкеди. Бейтааныш ууртунан жагымдуу жылмайып койду да, анан, - Азыр үйгө барсаң апаң ысык тамагын даярдап күтүп отурган чыгаар - деди эркелете карап. Адеминин оюна бир ой келип кетти.
- Апам үйдө жок. Үйдө эч ким жок.
- Кайда кетишти?
- Тойго. Азыр барсам үй суук, тамак жок. Мейли, ачкарын эле уктай берем - деди жеңил улутунуп.
- Кантип ачкарын уктай бересиң? Коё тур, азыр жакын жерде жакшы тамак жасаган жылуу жай бар, ошерден сенин курсагыңды тойгозобуз да, анан үйүңө жеткирип коём.
Адеми кубанганынан кыйкырып жибере жаздап, өзүн араң карманды. Алар кирген жер чын эле жылуу, ыңгайлуу жай экен. Бөлмөнүн ичи күңүрт жарык, ар бир столдо бир үзүм жалынды төбөсүнө коюп алган көйрөң шамдар жалкоолоно үлбүрөйт.
- Эмне жейсиң, тартынбай буйруй бер.
- Сизчи?
- Мен да тартынбай буйруй берем - деди адатынча жагымдуу күлүмсүрөп. Экөөнүн көзү саамга чагылыша түшүп, анан тайып кетти. Кызык, чоп-чоң эле киши көзүн ала качып, карбаластап кетти. Адеми ууртун бүлк эттире күлүп койду.
- Эмне болду? - деп сураарын сурап алып, кайра өзү, - эч нерсе эмес - деп койду бейтааныш таанышы. Араң отурган Адеми кыткылыктап күлүп жиберди. Тиги киши бир азга ыңгайсыздана туруп калды да, анан өзү да каткырып жиберди. Боору эзилип күлүп жаткан экөөнүн жанына келген официант эмне кылаарын билбей туруп калды да, менюну коюп, жылмайып басып кетти. Ушул күлкү ортодогу тоскоолдукту алып салгандай экөө тең жеңилдей түштү.
- Атыңыз ким? - деди Адеми дагы эле күлкүсүн тыя албай.
- Карачы, атымды да айта элекминби? Артур - деди күлкү аралаш. Экөө ардемени айтып көңүлдөнө тамактанышты. Ушу ажайып кечтин бүтпөшүн каалады Адеми. Артур бир кезде саатын карап алып чочуп кетти.
- Адеми, сен кеч калдың.
- Кайдан?
- Кайдан дейт, үйдөн да.
- Үйдөн да кеч калабы?
- Сени күтүп жатышат го.
- Ким? - Артур Адемиге таң кала карап алып, анан күлүп жиберди.
- Баса, күтчүлөр тойдо да.
- Мен сизди алдап койдум. Эч ким тойго кеткен жок. - деди кыз жер карап. Артур саамга унчукпай отуруп калды да, анан шашпай акчасын төлөп;
- Кеттик -деди суз. Адеми кубанчы күбүлө артынан үнсүз ээрчиди.
- Минтпей жүр. Сага али көчөлөп басканга, эркектер менен кафелегенге эрте. Ал мезгил да келет, шашпа. Анын да азабын тартасың - деди баягыда жеткирген жерине жеткенде акырын. Адеми ушул сөз менен баштан ары тартып жибергендей дендароо болуп отуруп калды. Кыз тамагын бууган ызадан айтаарга сөз таппай буулугуп, эшикти шарт ачып чыгып кетүүгө кудурети жетпей шалдырап, араң козголо ийини менен эшикти түрттү. Артур түшө калып эшикти ачып, кызды түшүрүп койду. Түшүп жатып каңылжаарын өрдөгөн жагымдуу жыттан Адеминин дили ансайын буулугуп, алдында турган эң кымбат адамын күч менен түртө салып чуркап кетти. Жүрөгүн куйкалап бараткан ыза-күйүтүн ушинтип чыгарды.
- Адеми - деди Артур, үнү бирөө муунтуп жаткансып киркирей. Кыз өрт жармашкандай чуркап короого кирди да, кире бериштеги муздак темирге чекесин жөлөп буркурап ыйлап кирди. Калчылдаган кыздын ийиндеринен кимдир бирөө жумшак кучактады.
- Ыйлабачы, кечирип кой, мен сени капа кылайын деген эмесмин - деди Артур үнү каргылдана.
- Менин көчөлөп баскым, эркектер менен кафелегим келген эмес, мен сизди күткөм. Эмнеге экенин өзүм да билбей, бирок, күтпөй да коё албай күткөм. Сиз болсо...
Адеми куду апасынан күнөөсүз токмок жеген баладай өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлады. Артур унчукпай кучактап, кыздын титиреген ийиндеринен жумшак сылагылады.
- Ыйлай берет бекен эми. Адеми ыйлабачы, мен ыйлаганга чыдай албайм, жүрөгүм жарылып кетет. Кана мени карачы. Кел эми сооронобуз, - ал чөнтөгүнөн жүз аарчы алып чыкты да, Адеминин көз жашын аарчыды, - минтип көзүбүздү аарчыйбыз...
Артур сөзүнүн акырына чыга алган жок. Кыздын мөлтүрөгөн тамчы жаш илинген кирпиктерине жашынган баёо сүйүү эркин мокотуп, бөрсөйгөн бүлдүркөн эриндер акылын адаштырып баратты. Кантип сүт жыттанган эриндерден өпкөнүн өзү аңдабай, ал эми аңдаган кезде чыга алгыс керемет торго түшкөнүн жүрөгү ооруп да, толуп да туйду. Ошол түн экөө үчүн кут түшкөн түн эле.
Экөөнүн мамилеси тез эле Артурдун ажаан аялына дайын болуп, Артур үй-жайын, кассадагы баардык акчасын балдарына өткөрүп, бир сыйра кийими, машинасы менен үйүнөн чыгып кетти. Буга чейин Адемиси жок үчүн гана, бул аялга балдарды деп түтүп жүргөнүн түшүндү. Адеминин бал эриндеринин даамын татпай, жийде жыттуу чачынан жыттабай, балыктай туйлаган тумсак денесин кучактабай өткөн өмүрүн кантип жашаганын азыр элестете албайт эле Артур. Бирок, бул бакыт узакка созулган жок
Ошол каргашалуу күнү Адеми сабакта көңүлү айланып отура албай эрте эле келе берген. Үйгө кирип келе жатып;
- Айт, шерменде кызыңа. Эл караган бетимди жер каратпай, мен айткан адамга турмушка чыксын. Эгер айтканыма көнбөсө, тиги карт бөрүнү мууздап туруп түрмөгө кете берем. Мени билесиң, айтканымды эки кылган эмесмин - деген атасынын ызырынган үнүн укту. Бул сөздүн ызгаарынан кыз жүрөгү үшүп, заманасы куурулуп кетти. Атасы айтканынан кайтпаган каардуу адам. Ошондон жума өтпөй Адемини күйөөгө узатышты. Мелтиреп кумсарган колукту бир да жолу өздөрүнө арналган дасторкондон даам сызып, жүзүнө жылмаюу сүрткөн жок. "Мейли азыр менин тоюмду тойлогула, анан өлүгүмө кошок кошосуңар. Менде да сиздин каныңыз бар ата, айтканымды кылам" деп ойлоду Адеми. Той өткөн түндүн таңында асынганы жип алып сыртка чыккан Адемини уйкусу сак кайын ата байкап калып, ошондон баштап андан көз албай кайтарып калышты. Сабакка да кошо барышат, кошо келишет. Адеми дагы бир учурду күтүп жүрдү. Ага Артурсуз жашоону кереги жок болчу. Анын азыр кандай абалда экенин ойлосо жанын коёрго жай таппай кетет. "Мурда го балдарың бар эле, азыр талаада калдың го шордуум. Кечир мени, мага сенин тирүүлүгүң керек. Сендей адамдарды менчилеп башын жоготуп сүйгөндөр дагы жолугат. Сендейлер сөзсүз бактылуу болот, ишенип жаша жарыгым. Мен болсо бүттүм. Сен ыйлаба макулбу, биз тиги дүйнө бар экени чын болсо бирге болобуз" деп ичинен миң маал сыр бөлүшөт, миң жолу коштошот. Ошондой тозок күндөрдүн биринде Адеми эс-учун жоготуп жыгылды. Ызы-чуу болгон кайын эне, кайын атасы "тез жардам" чакырып, келинин доктурга жеткиришти. Эсиене келген Адемини жумшак жылмайган доктур чачынан сылады.
- Куттуктайм кызым, буйруса, эне болосуң. Бирок, тамак жегин. Минтип жүрсөң төрөгөндө кыйналасың, төрөгөнгө күч керек садага.
- Кантип? - деди Адеми уккан кулагына ишенбей.
- Ушинтип эле. Сегиз жума болуп калыптыр, мындайча айтканда эки айлык.
Мына жоготкон бактысынын куну. Бул кун мынчалык кымбатка түшпөсө эмне. Атаганат, жат адамдын муздак кучагынын азабына ушул кун үчүн бүт өмүр макул болуп өтөбү? "Мейли, баарына макулмун, бул сенин тукумуң, сенин каның Артур. Биз эми ажырабайбыз, биз биргебиз".
Адеми көзүн жума жаздыкка чалкалады.