Бир көзүң бир көзүңө жоо
Бакиевдердин аксымдары баш көтөрүүдө. Буга чейин "Республика", "Атажурт", "Ар-намыс", "Бүтүн Кыргызстан" сыяктуу күчтөр өлкөдө кырдаалды татаалдаштырып, өздөрүнө электорат алыш үчүн экстремисттик, радикалдык кадамдарга барышы мүмкүн деген Ө.Текебаевдин божомолуна кулак сыртын салганыбыз болбойт. О.э. булар менен санаалаш партиялардын бири "Эл арманы" болушу ачыкталды. Чындыгында өлкөгө опурталдуулукту жаратчу бирден бир чоң күч азырынча ушулар. Мындай күчтөр Кыргызстандын жаңы бийлигин олку-солку абалга алып келүү менен бийликке жетүү аракетин астыртан көрүп атканы байкалууда. Буга Мирослав Ниязовдун "бизде президенттик бийликти колдогон бир топ партиялар бар" деп, аларды атап да жиберди. Анын айтымында, "Атажурт", "Бүтүн Кыргызстан", "Эл арманы" жакын арада биригүүлөрү толук мүмкүн. Себеби, бул партиялардын максаттары бир экендигин жашырган жок. Кооптуу жагы - Орусия таянычы менен Кыргызстанды кайра президенттик башкаруу жолуна салуу. Биз билген маалыматтар боюнча: учурда Кремль бийлиги "Атажурт" партиясына көмөк көргөзүп аткан кез. Атүгүл, Орусиядан келген саясый технологдор аталган партиянын штабында шугулдана баштаганы тар чөйрөдө каңшаарга айланды. О.э. М.Ниязов Орусияга ат тезегин кургатпай барып-келип аткан кези. А эмне максатта - аны бир билсе Путин менен Ниязов өзү гана билет... Албетте, убактылуу мөөнөткө шайланган кыргыз бийлигине Орусиянын көзү түз дегенибиз менен саясат деген саясат. Өзүн империя санаган бул өлкө кандай болбосун баарын схема түрүндө пландап, өз каалаганын ишке ашырууга келгенде бардык тарапка мамилеси бирдей экендигин көрсөтөт да, тараза ташы кайсы жагына оосо, ошол тарапка ыктап, саясатын ийкемдүү улантып кете берет. Болгондо да чапчаңдык менен. Андыктан, оңчулдар менен да, солчулдар менен да тил табышуу үчүн Кыргызстанга илээшкени илээшкен. Тек, 7-апрелден кийин бийликке келген оппозициябыз парламенттик башкарууну көздөп, биротоло кылчактабаган чечимге келүүсү Москва үчүн күтүүсүз болду. Себеби, авторитардык режимге ык койгон бул "империя" КМШ курамындагы өлкөлөр башка моделди тандоосуна тоскоолдук кылганга гана кызыктар. Бирок, ошого карабай бизге "түбөлүк достугубузду" каңкуулагандан да жаактары талыбайт. Кыргызстан өз арбайын көрүүгө камынып, Кремлге көз карандысыз болуусун эгерим каалабайт. Мунүчүн алар эмнени каалайт? Парламенттик башкарууну көздөгөн азыркылар менен жогоруда аталган партиялар ортосундагы кыл чайнашты. Алар Кыргызстанды погончон президент башкаруусуна көбүрөк кызыктар. Мисалы, М.Ниязов, Ө.Субаналиев, Ф.Кулов дейли. Булар Путин менен Медведевдин тилинен чыкпай турган фигуралар болушу ыктымал. Орусия үчүн Кыргызстандын азыркы кырдаалын башкаруу да аскер адамына ылайык келип тургансыйт. Айталы, башыбызга даа бир кооптуу кырдаал келчү болсо - от тутанып кетүү коркунучун чоң шылтоого айландырышат. Канткен менен апрель жана Ош, Жалалабатта болуп өткөн калабадан кийин эл колуна канчалаган курал-жарак өтүп кетти. Ага кошул-ташыл эл арасында чагымчылдык уюштуруу үчүн бакиевдер тараткан куралдардын изи табылалек. Ал эмес түштүктөгү окуялар курчуган маалда күч органындагыларга гана эмес, карапайым эл колуна миңдеген куралдар таратылып кеткенин А.Бекназаровдун айтканы бар. Бул эле дейин десең, Ү.Сыдыков менен Жалалабат губернатору болуп турган Б.Асановдун телефондогу сүйлөшкөнүндө Бектур мырза "колумда 500 автоматчым бар" дегенин атпай-журт толук эшиткен. Ал айтпаган күндө да куралчан жансакчы коштогон эл башкарчу эрендерибиз канча. Керт башын коргоого баарында курал. Ириде эл башкарчу дымактуулар жанына акылкошчу ээрчитет экен, а биздикилерчи? Элден коркот, ошонүчүн жансакчысыз жүрүшпөйт. Андыктан, бир көзүбүз бир көзүбүзгө жоо болуп турганы ушундан! Эпадам бирдеңке болуп кетсе, талаа командири болчулар ошолор.
Кокус, алдыдагы парламенттик шайлоо кылынан кыйшайса - жогоруда аталган партиялар альянсы Орусия кызыкчылыгын толук канааттандырганга мүмкүнчүлүк алат. Лидерлери Орусиянын кийлигишүүсүнө билегин түрүнүп киришет. Ал эми, орусиялык саясый технарлар июнь айынын башындагы Ош, Жалалабаттагы курч окуялардын тушунда аскердик штабдарды жетектеген Ө.Субаналиев менен М.Ниязовдун миссиясын көкөлөтө мактап, согуштун тутанып кетүүсүн ушулар токтоткон, кайрадан тынчтыкты орнотуу да ушулардын колунан келет деген апологияны эл мээсине куюшу ыктымал. Ошо менен азыркыларды бийликтен четтетүүгө толугу менен аракет кылууну күчөтүшү мүмкүн. А мындай саясый чайкоочулукта өздөрүн журт башы көрсөтүүгө Субаналиев да, Ниязов да жөндөмдүүлүк кылат. Андан аркысы - техникалык иш. Канткен менен бийликти басып алуу Кыргызстанда эки жолу практикага айланып калбадыбы!
Саясый майданда көптү көрүп калган Ө.Текебаевдин: "Республика", "Атажурт", "Ар-намыс", "Бүтүн Кыргызстан" сыяктуу күчтөр өлкөдө кырдаалды татаалдаштырып, өздөрүнө электорат алыш үчүн экстремисттик, радикалдык кадамдарга барышы мүмкүн" дегени да ушундан чыкса керек...
Лидерлерин караңыз!
Олжобай ШАКИР