Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_3.htm on line 2
Клара Ажыбекова, "Кыргызстан Коммунисттик партиясынын" 1-катчысы:
"Булар Акаев, Бакиевден да ыплас саясат жүргүзүп атат"
Парламенттик шайлоого ат салышууга аттанган Кыргызстан Коммунисттик партиясы шайлоого катышуу укугунан ажыраптыр. Кандайдыр бир күчтөрдүн кийлигишүү себебинен улам катыша албагандыгын эшиттик. Чын-төгүнүн билүү максатында партиянын 1-катчысы Клара Ажыбековага кайрылып муну уктук.


- Партияңыздар шайлоого катышуу укугунан эмнеге ажырады?
- Чынында катышууга катуу белсенип кириштик. Сьездди 14-августта өткөрүп, талапкерлердин тизмесин эң алгачкылардан болуп дайындаганбыз. Тийиштүү документтерди, мыйзамга ылайык ар улуттун өкүлү, талапкерлердин арасындагы жаштар, аялдардын саны нормалдуу болгон. Сьездди өткөрөрдүн алдында эле бизге тоскоолдук, коркутуулар боло баштады.
- Кимдер тарабынан?
- Байкаганым, активдүү коммунисттерибиз тизмени көпкө беришпеди.
- Кайсы күчтөр тоскоол болду?
- Башка партиялар тарабынан.
- Ачык айта аласызбы?
- Фелкс Куловдун партиясы. Бул партия биздин партиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүп, баскан турганыбыздан бери изилдеп келет. Жалгыз эле мен эмес, бала-чакам, тууган туушкандарымдан бери аңдыйт. Үй-бүлөмө бир канча жолу коркутууларды кылды. Бул жолу да анын тиешеси бардай. Анткени, технологиясы окшош. Партиянын тизмесине кирип, шайлоого талапкерлигин көргөзгөн, шайлоодо каржылай тургандар каражат бербей калышты. Көрсө аларды да коркутуп атыптыр. Негизги "спонсорубуз" партиянын 2-катчысын 26-августа Чүй облустук каржы полициясы негизсиз кармап кетти. Шайлоого катышуу үчүн бере турган залогду бере албай калдык. 29-августта кечирим сурап, аны чыгарышты. Акыркы убак боюнча 30-августта берели десек "РСК" банкы иштебей, жумуш күнү эмес экен. Ошентип, бийликтин куулугу менен шайлоого катыша албай калдык. Алар бизди залог бербегенге аргасыз кылып, бере тургандарды камап салды.
- Куловдун күнөөсү бар дедиңиз. Эмне себептен сиздерин партияга атандашуу жүргүзөт?
- Атандашуу деле эмес, аны кызганыч деп атаса болот. Ал камалып жатканда чыгарып алууга абдан аракет кылганбыз. Ошондо Шайлиева кайра-кайра бизди РОВДга салып берип, камата салчу. Азыр алар кайра биригип алыптыр. Булар таза адамдар эмес. Кайра жардам берген кишиге, жамандык жасашат экен.
- Буга жеке эле Куловдун тиешеси барбы?
- Бийликтин да салымы бар. Роза Отунбаеванын жанындагыларга кайрылдым. Эч кандай көңүл бурган жок. Атайын уюшулуп жасалгандай. Мурдагы Акаев, Бакиевдин бийлигинен да жаман, ыплас саясат жүргүзүп атышат.
Дайырбек Орунбеков




Сын айтсам мен да жарашаар, "сыволуч" деп карашаар
"Ар намыстын" атасы Феликс Кулов болсо, бардык атаандаштарын шайлоо алдында кан төгүлүүдөн алыстоо үчүн "баш кошууну" сунуштоодо. Бирок, башкалардын буга "майли же жок" дегени белгисиз. Кантсе да, партиялар көбөйгөнү ичкендери ирим болуп аткандардын катарындагы Феликс мырза, шайлоо убагында кагылышуулардын болоор болбосу партиялардын таасиринде болоорун билдирди. Ушул сыяктуу жагдайларды эске алган ал, партиялардын барысы шайлоо бюллетендин артына өзүнүн мөөрүн койсо, тынчыраак болоорун жана мындай ыкмада бюллетендерди таштатып жиберүү болбостугун айтат. Ал эми маркировка болсо айланма киргизүүдөн сактаганга өбөлгө болоорун кошумчалаган Кулов, бийликке партиялардын мандат үчүн абийирин жоготуп, согуш баштоо үчүн баратышпаганына көңүл буруусун өтүнөт.
Мындан сырткары, Феликс мырза референдум болуп өткөнүнө карабай, 3 партия эмдигиче жогору жакка аралашып жүрүшкөнүн, анын себеби, бештен белгилүү экендигин кошумчалайт. Экс-премьердин сөзү боюнча, Азимбек Бекназаров "БЭКтен" кеткени менен, анын башында уулу турат. Убактылуу өкмөттүн ишине ичи чыкпаган Кулов, алардын шайлоону камсыз кылуу үчүн аракет көрбөй жатканына сөөмөй кезейт. Ошол эле убакта, башка күчтөрдүн кырдаалды ырбатуу үчүн таасирин тийгизүүсү мүмкүн экендигин, аларга алсыз, көз каранды, жарты билимдүү топ керектигин кошумчалайт.
Ал эми "БЭКтегилер" Куловдун сөзүн төгүнгө чыгарбаса да, Бекназаров ээрге отурганда эле ордун тапшырганын, баласы партияда болгон менен, атасынын тактысына отурбаганын айтышат.

Билгенден айтам, бийлик сен ук
Мындан үч жыл мурда өзү ошол министрликке келгенге чейин, оозунан жаңылып "бу министрди ордунан алып эле эмес, түрмөгө отургузуш керек"- деп, депутат кезинде айткан Камчыбек Ташиев, тагдырдын буйругу менен ошол ӨКМге кийинчерээк өзү барды. Бирок, иштеп жүрүп, өкмөттүк жыйындан чыгып, ордунан кеткен соң, өзүнүн артынан да "чукумай" мамиле кайталанганы да белгилүү.
Кантсе да, саясаттын айдыңында жүрүп, анын чайын ичип калган адам "жөн жатпайт"- деп калышат. Анын сыңарындай азыр "Ата- Журттун" алдыңкы сабында жүргөн Камчы аке борбордогу тескери үгүттөөлөргө тыюу салуу зарылчылыгын айтууда. Анткени, анын сөзүнө караганда бийлик Бишкекте тополоңдуу окуянын жаралып кетиши тууралуу айткан менен, эч кандай чара көрбөй жатат. Мындай мамилени өкүнүчтүү кабыл алган Камчы аке, бийликтин чара көрүүсүн, ал ошон үчүн бийлик экендигин айтат. Ушуга улай ал ким тескери үгүттөөлөрдү жүргүзүп атса, аны жок кылуудан башка жол жок экендигин кошумчалады. Кантсе да "күлгөндүн билгени бар" дегендей, жаны кейип "чара көрүү керек" деп, улам кайталап аткан Камчы аке да билбеген "майда" нерсе жок эле. Мындан сырткары, Ташиевдин айтымында Кыргызстандын илээндилигинен өлкө аймагына өзбектер менен тажиктерди кайра көчүрүшүүдө. Учурда түштүк аймактарында кыргыздардын ордуна башка улуттарды отурукташтыруу жүрүп жаткандыктан, жашоочуларынын көпчүлүгү борборго же жакынкы өлкөлөргө көчүшүүдө. Бул Камчы мырзанын ою боюнча, акырындап кыргыздардын түндүк- түштүккө бөлүнүүсүнө алып барбай койбойт.

Кадырбеков да "кам санабайт"
Нарындын кулуну, Буга чейинки үч жолку парламент депутаты, өзү дайындап, өзү айыптып, каматкан бийликтин тушунда Архитектура жана курулуш боюнча агенттиктин ээринде отурган Ишенбай Кадырбеков, шайлоо шыбыты угулгандан тартып жөн отурган жок. Ал кезинде кулап калган СССРдин арбагын сыйлап, так ушундай төрт тамгалуу партия ачып, парламенттик шайлоого аттанып отурат. Шайлоолордон бир топ "опуту" бар Ишенбай мырза учурда элдин партиялар шайлоого эмес эле Сталинград согушуна даярданып аткандай ойдо болуп жаткандыгын айтып чыкты. Ал эле эмес, айрым саясий уюмдар конкреттүү программаларынын ордуна күчүн көрсөтүп жаткандыктан, элде кооптонуу менен ишенбөөчүлүк жаралып жатканын белгилейт. Кадырбековдун тайыз пикиринде, партиялар бири-бирине күчүн көрсөтө берсе, эл шайлоого такыр келбей, жыйынтыгында массалык көз боемочулук болуп, кезектеги элдик жарылуу болот имиш.
Мындан сырткары, ал бийлик башындагылар менен "болуп келгенди болтурбоо" тууралуу саясий келишимге кол коюуну сунуштайт.
Анын сөзүнө караганда, административдик ресурс 1 миллионго жакын бюллетенди жөн койбошу мүмкүн. Анткени, анын ою боюнча учурда жалпы шайлоочулардын 40%ы, же, 1 миллионго чукул ички жана сырткы мигранттар шайлоого катыша алышпайт. А алдыдагы шайлоодо жарандар катталган жеринен гана добуш бергендиктен, анын көпчүлүгү бара беришпегендигин айткан Кадырбеков, алардын добуштары административдик ресурс тарабынан каалагандай колдонулаарынан "кам санабайт" .

Уулкан Төрөбай кызы




кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
2-сентябрь, 2010-ж.:
1-бет
БШКга 29 партия документтерин тапшырды
2-бет
Башаламан парламенттик башкаруу
3-бет
Клара Ажыбекова, "Кыргызстан Коммунисттик партиясынын" 1-катчысы:
"Булар Акаев, Бакиевден да ыплас саясат жүргүзүп атат"

4-бет
Эгемендик жылдардагы басып өткөн жолубуз
5-бет
Орто окуу жайларындагы олуттуу көйгөйлөр
6-бет
Бир көзүң бир көзүңө жоо
7-бет
Украина евро союзду көздөп
8-бет
Дөөлөт Сыдыков, манасчы:
"Элибиз күтпөгөндөй жакшылыкка жетет"

9-бет
Жарамазан айтып келдим эшигиңе...
10-бет
"Эл сөзү" гезитинин жетекчиси Сагынбек Момбеков:
"Буга Байболовдун түздөн-түз тиешеси бар"

11-бет
Акынды арзыткан селкилер
12-бет
Кардиолог Дамира Мукаева:
"Жүрөк оорусу жашарып келатат"

13-бет
Нострадамус
14-бет
Кёрлинг оюну тууралуу кыскача маалымат
15-бет
Аялдардын айткандарынан улам…
16-бет
Сахнадан, теледен көрүп суктансак



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_3.htm on line 52

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_3.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_3.htm on line 52


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_3.htm on line 52

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_3.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_3.htm on line 52


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_3.htm on line 52

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_3.htm on line 52

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_3.htm on line 52