Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_10.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_10.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_10.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_10.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_10.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_10.htm on line 2
  Чырдөбө

"Эл сөзү" гезитинин жетекчиси Сагынбек Момбеков:
"Буга Байболовдун түздөн-түз тиешеси бар"
- Сагынбек байке эмне себептен бир жума гезитиңизди кармашты?
- Гезиттин ошол күнкү санына Байболов, Текебаев тууралуу такталган маалыматтарды бергенбиз. Анда Байболовдун өзү качкын деген статус менен өкмөттө иштеп жүргөндүгү, аялы Америкада залогдо жаткандыгы тууралуу жазылган. Андай болбосо эмне үчүн аялы али күнгө чейин Ата-Мекенде төртүнчү орунда турса да, Кыргызстанга келбейт? Бойболов " Ак иштегем, акчам жок" деп алакан жаят. Акчасы болбосо кантип бул партияга кирсин. Анткени, Ата-Мекен акчасы аз адамды алдыңкы орунга койбойт. Андан башка дагы Турсунбай Акундун Ош окуясы тууралуу так маалыматтар менен далилденген материалы кеткен. Мындан сырткары, Медетбеков тууралуу да жазылган. Балким, Медетбековго Россиянын көзү түз болуп калабы деп да коркушкан чыгаар. Ушунун баары чогулуп келип биздин гезитти бир жума кармоого себеп болду окшойт.
- Сизден башка да бирөөлөр жабыр тарттыбы?
- Ошол күнү кызматкерлерди да уруп сабап кетишкен. Башына целофан баштык кийгизип уруп, көгөрүп калбасын деп желим бөтөлкөгө суу куюп сабашкан. Ошонун ичинде элдик кеңештин мүчөсү Жыргалбекти, дагы бир топ балдар жабыр тарткан. Бул балдар Каркыра сатылып кеткенде элдин таламын талашкан балдардын бири.
- Гезитиңиздин баарын кайтарышыбы?
- Машинамдын номерин, төрт таңгак кем гезитти кайтарып беришти. Орзонун күнүндө акаарат келтирбейин деп кол кайтарган жокмун..
- Укук коргоо органдары тараптан кимдир бирөөдөн жардам сурабадыңызбы?
- Биринчи Май райондук милициясынын башчысына, прократурага арыз жаздым.
- Алар кандай чара көрдү?
- Болгону гезитти кайтарып беришти, бирок, эскирген гезитти ким алмак эле. Салык боюнча папкаларды дагы деле бербей жүрүшөт.
- Булар муну эмне максатта кылып жатат деп ойлойсуз?
- Мунун баарын азыр милиция тактап жатат. Кандай болгон күндө да буга Байболовдун түздөн-түз тиешеси бар. Анткени, он бешке жакын омондун балдары эч кандай санкциясы, уруксаты жок мени менен кошо офиске кирип кетишти. Алар Барктабасовдун куралдары бар деп издеп келишкен имиш. Барктабасов куралын менин офисиме катып коймок беле? Алар офисте болгон беш жүз гезитти алып кетишти. Төрт миңди биздин кызматкерлер аркылуу тартып алышты.
- Кантип сиздин кызматкерлер аркылуу?..
- Ошол эле 20-август күнү редакциянын кызматкерлери түнкү саат төрт чамасында мас абалдарында чатак чыгарып, туугандарын чакырып күч колдонуп машинамдын номерин жулуп, гезиттин ошол күнкү чыгарылган төрт миң тиражын, сатыктан кайтарылган гезиттерди алып кеткен. Бул "спектакль" да Байболовдордун тукуруусу менен болгон болуу керек. Азыр "ошол санга чыккан материалдар да мыйзам бузуу менен жазылган" деп коркутуп жатышат. Азыр мен каражат тарабынан кысылып гезитим чыкпай, андан сырткары, депрессияга кабылдым. Булар жок дегенде менин кеткен чыгымымды төлөп беришсе адилеттик, басма сөздү сыйлоо болмок.


Кыргыз Республикасынын
Өткөөл мезгилдеги президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

КАЙРЫЛУУ
2010-жылдын 5-августунда Урмат Барыктабасов уюштурган тынч митингдерге КР ИИМ Министри Байболов К.К. милиция күчтөрүн мыйзамда каралбаган жолдор менен каршы койгондугунун натыйжасында бир адам өлүп, 20 киши оор жаракат алды. Митингди уюштуруучулар куугунтукталып, соттолуп, кордолуп жатышат.
20-августта "Эл сөзү" гезитинин редакциясына эч кандай уруксат-документ көргөзбөй, ИИМ спецназы кирип келип, гезит ээси Момбеков Сагынбекке ыза көрсөтүп, ошол жерде иштеген Элдик кеңеш кыймылынын төрт мүчөсүн сабап, редакцияга тиешелүү материалдарын, даяр газеталарды алып кетишти. Кармалган төрт адам сабалып, кордолуп, бир суткадан кийин гана камактан чыгышты. Биз бул кылмыш иши боюнча Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылганбыз. Бирок милиция күчтөрүнүн "Эл сөзү" гезитинин редакциясына киргендиги жөнүндө ушул күнгө чейин түшүндүрүү жообу жок.
Ошол эле 20-август күнү редакциянын кызматкерлери түнкү саат 4 чамасында мас абалдарында чатак чыгарып, туугандарын чакырып, күч колдонуп, С.Момбековдун машинасынын номерин жулуп, гезиттин ошол күнкү чыгарылган 4000 тиражын алып кетишкен. Бул кылмыш иш боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылганбыз. Бирок ушул күнгө чейин иш каралбай, жыйынтык чыкпай жатат.
Ушундан улам, бул иштерди өзү жөнүндө сын макаласын жарыялаган "Эл сөзү" гезитине карата Министр Байболовдун түздөн-түз кысымы деп түшүнөбүз.
Өлкөдө кырдаал жооптуу болуп турганда биз ызы-чуу кылбайлы деп ушул күнгө чейин күттүк.
Кыргыз Республикасынын Президенти, Конституциянын жана Кыргызстандык жарандардын укуктарынын кепили катары сизди баалап, сизге төмөнкүдөй талаптарды коём:
1. Орозо күндөрү бүткөнчө КР ИИМ министри К.Байболов ээлеп турган кызматынан бошотулсун.
2. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн КР ИИМ министри К.Байболовдун үстүнөн кылмыш иши козголоуп, сот жообуна тартылсын.
Бул талап 14-сентябрга чейин аткарылбаса, К.Байболовду жана Убактылуу Өкмөттү отставкага кетируу талабы менен нааразычылык акциялары уюштурулаарын эскертем.
"Эл сөзү" гезитинин редактору,
Элдик кеңеш кыймылынын координатору Ашырбек Болотов




  Бейшебай УСУБАЛИЕВ, жазуучу-окумуштуу:

"Азыркылар өлүмдү кайдан билишет!.."
- Бейшебай байке, сиз менен баягы эле экөөбүздүн ортобуздагы көнүмүш адат болуп калган адабияттын тегерегинде сөз кылганы келдим.
- Келсең-кел, силер, гезитчилер, саясат, анан артисттер жөнүндө жаза берип, а биз, окурмандар, силердин коендой окшош макала, баяндарыңардан чарчадык. Кызык, жылдардын бир жылдарында азыркы жамырап чыккан кыргыз гезиттерин окугандар эмне деп ойлошот? Алар Кыргызстанда саясатчылар менен артисттер гана жашаган эк-ен, булардан бөлөк тирүү жан жашабаптыр дешет ко… Анда адабият, аны жараткан жүрөк жөнүндөгү суроолоруңду жаадыра бер, "кандуу кармашка" мен даярмын.
- Жакында жарык көргөн "Түн" аттуу повесттер жыйнагыңызды окуп чыктым. Буюрса, акыркы 10-15 жылдан берки жарыкка чыккан китептердин арасынан "Түнүңүз" колго аларлык жыйнак болуптур. А өзүңүздүн баамыңыз кандай? Адатта, китеп жарыкка чыккандан кийин автор тарабынан өзүнчө көңүл кайт болгон сезимдер да кошо келет эмеспи. Ошондой сезимдер болдубу?
- Ырахмат, Олжоке, жылуу пикириңе. Мындай бүтүмгө кел­гениңе караганда, кийинки жарык көргөн чыгармалардын далайын окуган көрүнөсүң. Болбосо, биз, кайран кыргыздар, бири-бирибиздикин окубай туруп, сыртыбыздан тон бычып, күпүлдөй бермейибиз бар. Мен прозаиктердин ичинен Султан (Раев) менен Маматтын (Сабыров) жыйнактарын окуп чыктым. Султандыкы драмаларынан башкалары, мурда басма сөздөрдө жарык көргөн чыгармалар экен, а мен драмаларды окубайм. Маматты жазуучу катары биринчи көрүшүм, мурда аны таланттуу журналист катары билчүмүн. Менимче, экөөндө тең жазуучуга эң зарыл касиеттер - жаралуу жана аялуу жүрөк, мүнөз түзө билүү, тилдик туюм бар. Султан башынан эле адабиятка өз үнү, өз көзү менен келген талант. Драматургия таасириби - билбейм, айтор, кийинчерек анда шарттуулук күч алгандай туюлду. Мисалы, "Соцреализм" аңгемесин ушул шарттуулуктун кесепетинен толук түшүнө албадым. Ал эми жазуучу Маматка журналист Мамат өзүнүн терс таасирин тийгизгендей туюм калтырды. Сыягы, жазуучулук ой жорум менен журналисттик ой жорум өз ара байланышта болсо да, эки башка кубулуштар окшойт. Анан да Мамат кеп мүнөзүн реалдуу берем деп отуруп, диалектиге ашкере берилип кетет экен. Мен аны бул жагынан Мурза (Гапаров) байкеден үлгү алууга чакырар элем.
"Түнгө" келсек, аны айрымдар окуп чыгыптыр. Көзүмө жамандамак беле, негизинен, жылуу пикирлерин айтышууда…
Акын-жазуучу дегениң күнөөкөргө окшош: колуң менен кылганды мойнуң менен тартышың керек. Жыйнагың жарык көргөндөн кийин, ким эмне деп жиберет деп аркимди жалтаң карап, култуюп отурасың. Өзүмдүн баамымды сурап атпайсыңбы, өзүмө жаккан үчүн чыгармаларымды жарыялоого батындым да. Бир чыгармаңды кээде окуганда көңүлүңө жагат, анан башка бир учурда окусаң эле жакпай калат, көңүлүң кайт болот. Эмне үчүн мындай, билбейм. Мен чыгармаларым жарык көргөнгө чейин аларда кандайдыр бир мандем бар экенин сезем, бирок ал мандем эмне экенин билбей атпаймынбы, аны билүүгө да, оңдоого да кудурет-күчүм жетпейт экен…
- Негизинен чыгармала­рыңыздын дээрлик көпчүлүгү качандыр бир кездеги атаңыз экөөңүздөрдүн ортодогу мамиледен чыккандай туюлат. Балалык кездеги сезимдер адам эс тутумунда эмнеси менен сакталып каларын сиздин чыгармаларды окуп атканда көп ойлоном. Чындыгында, сиздин эс тутумуңуз ушунчалык тунукпу же апыртмаларыңыз көппү?
- Экинчи сурооңдон баштайын. Өзүң жакшы билесиң, көркөм чыгарма - чындыкты кайра жаратуу. А кайра жаратуу дегендик - бул, тергебей айтканда, апыртуу. Бирок бул аркылуу мен чыгармаларымда чындыктын негизи жок дегим келбейт. Чыгармаларымда атам экөөбүздүн ортобуздагы мамилеге кайрылбай өталбайм, мен муну атайы деле жасабайм, буга кандайдыр ички муктаждык, мага баш ийбеген сырдуу күч мажбур кылат окшойт, анткени бул темага кирип кеткенимди көбүнчө кийинчерээк билип калам. Сыягы, мен балалыгымдан айрылып жашай албайм го, балалыгымды боорума бекем кыскан бойдон бул дүйнөдөн өтөт окшойм. Менин балалыгым - бул менин атам, экөөнү ажыратып жиберүүгө болбойт.
Аталар жөнүндө узун сабак сөз кылсак болор эле, ага кийин өзүнчө кайрыларбыз, азырынча кичине чечмелеп өтөйүн. Атам менен бирге өстүм, бирге жатып, бирге туруп дегендей… Апамдын апам экенин кийин мектепти бүткөндөн кийин билдим. Атамды дайыма бучкактап ээрчип жүрөр элем, жадагалса өлүккө барса да. Апам ыйлактап кала берчү. Атам унчукчу эмес, келатасыңбы дегендей сырдуу карачу. Атамды, негедир, албарсты көп басчу. Мен уктабай, соксоюп жанында отура берчүмүн. Албарсты баса баштаганда, аталап жулкулдатып ойготчумун. Атам өлүп калса эле мага бул жашоо токтоп калчудай сезилчү. Атам жакшы жашады, сексен экисинде көз жумду. Бир-эки ай түшүмдөн кеткен жок. Кичине дымый түшкөн, кийинчерээк кайра түшүмө кирчү болду. Экөөбүз түшүмдө бир да сүйлөшпөйбүз. Ал негедир мага нааразыдай, мени дайыма муңайым тиктеп турган болот. Чочуп ойгоном да, "кап, эмне эле мени минтип тиктей бересиң?" деп сурап калбаганыма өкүнөм. Мени аяйбы, же чын эле мага нааразыбы - билбейм. Көкүрөктө уюп калган даа бир эки нерсени айта кетким келип атат.
(Уландысы кийинки санда)
Олжобай Шакир












кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
2-сентябрь, 2010-ж.:
1-бет
БШКга 29 партия документтерин тапшырды
2-бет
Башаламан парламенттик башкаруу
3-бет
Клара Ажыбекова, "Кыргызстан Коммунисттик партиясынын" 1-катчысы:
"Булар Акаев, Бакиевден да ыплас саясат жүргүзүп атат"

4-бет
Эгемендик жылдардагы басып өткөн жолубуз
5-бет
Орто окуу жайларындагы олуттуу көйгөйлөр
6-бет
Бир көзүң бир көзүңө жоо
7-бет
Украина евро союзду көздөп
8-бет
Дөөлөт Сыдыков, манасчы:
"Элибиз күтпөгөндөй жакшылыкка жетет"

9-бет
Жарамазан айтып келдим эшигиңе...
10-бет
"Эл сөзү" гезитинин жетекчиси Сагынбек Момбеков:
"Буга Байболовдун түздөн-түз тиешеси бар"

11-бет
Акынды арзыткан селкилер
12-бет
Кардиолог Дамира Мукаева:
"Жүрөк оорусу жашарып келатат"

13-бет
Нострадамус
14-бет
Кёрлинг оюну тууралуу кыскача маалымат
15-бет
Аялдардын айткандарынан улам…
16-бет
Сахнадан, теледен көрүп суктансак



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_10.htm on line 75

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_10.htm on line 75

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_10.htm on line 75


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_10.htm on line 75

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_10.htm on line 75

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_10.htm on line 75


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_10.htm on line 75

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_10.htm on line 75

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0902_10.htm on line 75