И. Арабаев атындагы КМУнун ректору,
тарых илимдеринин кандидаты, доцент Төлөбек Абдырахманов:
"Кадр саясаты стабилдүү жана ырааттуу жүргүзүлүүдө"
- Төлөбек Абылович. буйруса, босогодо жаңы окуу жылы. Сиздерде даярдык кандай?
- Даярдык негизинен жакшы эле. Биринчиден, кабыл алуу иштери жаман эмес. Бюджеттик бөлүмгө кабыл алууну 3-тур менен эле аяктап, кошумча планды дагы дээрлик аткарууга жетиштик. Акы төлөп окутуу боюнча кабыл алуу пландарын аткара алган жокпуз. Бирок, республикадагы курч коомдук-саясий жана кыйын экономикалык абалга карабай, адатта, бизге арбын келчү чет өлкөлүк студенттердин дээрлик жоктугуна карабастан, былтыркы жылга караганда студент-окуучуларды көбүрөөк алдык. Экинчиден, бардык окуу имараттар, спорттук турак-жайлар жана жатаканалар тазаланып, сырдалып дегендей, жаңы окуу жылына даяр болуп калды. Албетте, бул жерде университеттин студенттерине жана окутуучулар жамаатына чон рахмат айтуу керек. Себеби, быйылкы окуу жылындагы университеттеги аябагандай чоң финансылык тартыштыкка байланыштуу дээрлик баардык ремонт иштерин оз каражаттарынын эсебинен жасашты. Анын үстүнө ушул азыркыга чейин окутуучулардын көбү апрель-май айларынан берки айлык жана өргүү акыларын ала элек. Ушу силердин маек бетинерден пайдаланып, университеттин жаңы жетекчилигинин кайрылуусун туура түшүнүп, университеттин намысы үчүн чыдап берген адамгерчилигине, бекемдигине аларга ректораттын атынан аябагандай чоң ыраазычылык билдирип, аларды жаңы окуу жылы менен куттуктап кетет элем.
- Учурда улам жетекчи алмашкан сайын, кадрларды алмаштыруу көнүмүш адатка айланып бараткансыйт. Бул абал сиздерде кандай?
- Кадр саясаты стабилдуу жана ыраат­туу жүргүзүлүүдө. Кадр саясатыв боюнча айрым жерлерде болуп жаткан терс көрүнүштөр бизде жок деп кесе айта алам. Кадрларды ой келди эле алмаштырып, "мурунку команда, азыркы команда" деп ыгы жок чабыштыра берүү бизде жокко тете. Мурунку жетекчилик менен иштеген иш билги адистер жана жаңы келип кошулган кызматкерлер ымалалашып иштеп жатат.
- Башка окуу жайлардан айрымаланып сыймыктана турган кандай жагдайлар бар?
- Башка окуу жайлардан сыймыктанып жана айрымалана турган эки жагдайды айткым келет. Биринчиден, бизди университеттин жамааты абдан патриот, бизде өз кесибин, окуу жайын сүйгөн адамдар иштешет.. Жогоруда белгилегендей, быйылкы финансылык оор абалда бир гана университетке болгон патриоттук сезимден улам гана чыдап беришти. Болбосо, 3-4ай маяна, өргүү акыны албаганына карабай окуу иштерин үзгүлтүккө учуратпай, провокаторлорго азгырылып көрүнгөн жакка арызданбай чыдап бериштин жана окуу жайдын ремонт иштерин аткаруунун өзү эле эмне деген чоң иш. Ал эми өлкөдөгү апрель жана июнь айларындагы кризис мезгилиндеги биздин окутуучулардан тузулгон элдик кошуундардын иштеричи. Алар күнү-түнү дебей Октябрь жана Биринчи май райондорунун бир нече кварталдарынын сакчылыгында турушту. Бул үчүн аларга университет, жогоруда аталган райондук администрацияларн жана Бишкек шаар мэриясы тарабынан алкыш айтылып, мактоо баракчалары тапшырылды. Экинчиден, биздин университеттин жамааты адилетчилдиги жана демокраиячылдыгы менен айрымаланат. Мунун мисалы катары, апрель, июнь айларындагы өлкөдөгү жана университеттеги оор мезгилде биздин окуу жайдын жамааты көрсөткөн салмактуулук, айкөлдүк менен калыстыкты, ошондой эле университеттин демократиялык көз караштагы мүчөлөрүнөн түзүлгөн "Граждандык демилгелердин координациялык коомунун" иштерин айтсак болот.
- Кабыл алуу кандай жүр­гүзүлдү?
- Быйылкы коомдук-саясий жана экономикалык оор абалга байланыштуу кабыл алуу ишин абдан эле жөнөкөйлөтүү менен жеңил эле өткөрдүк. Натыйжада, окуйбуз деп документин тапшырган абитуриенттердин дээрлик баардыгын эле алгандай болдук. Мунун негизинде пара алуучулук бир топ эле кыскаргансыды. Себеби, окууга өтүүчүлөрдүн баарына, алардын ата энелерине акча тыйын бербей эле окууга өтүү мүмкүнчүлүгү бар экени белгилүү болгон.
- Сиздерде паракорлукка каршы күрөш кандай?
- Бул маселелерди чечүү али алдыда. Бир нече чараларды ойлонуштуруп жатабыз. Натыйжасы кандай болот, көрө жатаарбыз.
- Быйылкы Ош, апрель окуялары сиздерге таасирин тийгиздиби?
- Ооба тийгизди. Айрыкча, Ош тополоңу абдан терс таасирин тийгизип жатат. Адатта, түштүктөн келчү далай абитуриенттер келбей калды. Мындан сырткары, Казахстан, Өзбекистан, Туркмения, Турция сыяктуу өлкөлөрдөн келчү абитуриенттер дагы келген жок. Ал эле эмес мурдакы студенттер дагы которулуп кетишүүдө. Албетте, мунун баарын пендечилик кылып айтып жатам да. Болбосо биздин түштүктөгү туугандардын абалы бизден дагы оор эмеспи. Айтор, жалпы Кыргыз элиме, ошонун ичинде Оштук туугандарга тынчтык жана татыктуу турмуш кааламакчымын.
- Жатакана кымбаттады деген каңшар студентер арасында жүрүп жатат. Студенттер үчүн кымбаттадыбы?
- Биринчиден, жатакана акысы студенттер үчүн бир тыйынга дагы кымбаттаган жок. Экинчиден, белгилүү болгондой, жатаканада студенттерден ашкан орунда болсо биз аларды келишимдик жол менен университеттин жаш аялмет окутуучуларына жана айрым башка граждандарга берип келгенбиз. Учурда коммуналдык төлөмдөрдүн кымбаттаганына жана студенттердин контрактык акчаларынан чогулган университеттин атайын эсебиндеги каражаттарына мыйзамсыз салынган 20% салыктын айынан пайда болгон 10 млн. сомдун тегерегиндеги окуу жайдын бюджетиндеги дефициттен улам келишимдик бааларды кичине жогорулаттык. Жок дегенде келишим баа менен кирип, жашап жаткандар жашаган ордуларынын чыгымын жапсын деген ой болду. Болбосо алардын чыгымын дагы университеттин мойнуна салып коюп, бул чыгымдарды студент-контрактниктердин эсебинен жапкан туура болбой калчудай.
- Жатакана тууралуу кеп козголуп калды. Студенттин эң кызыктуу турмушу жатаканада өтөтө эмеспи. Бул тууралуу алдыда кандай максаттар, пландар бар?
- Жатакананын турмушун быйыл кескин өзгөртүп жана жакшыртсак деген ойлор бар. Бул үчүн кайрадан Студенттик шаарчанын директорунун кызматын калыбына келтирдик. Өлкөдөгү апрель жана июнь окуялары көрсөткөндөй жаш муундар, алардын ичинде студенттер менен абдан тыгыз жана ырааттуу иш алып барыш керек экен. Албетте, бул пландардын ишке ашырылышы үчүн эң оболу студенттер активдүү болуш керек. Болбосо, студенттердин колдоосу жок бир адам же университеттин администрациясы жалгыз кыйратып деле иш кыла албай калат. Ушул маектен пайдаланып биздин студенттерди жаңы окуу жылы менен куттуктоо менен бирге аларды активдүү болууга чакырып, негиздүү талаптарды коюп, өзүңөр дагы шымаланып иштеп студенттик жашооңорду мыкты окуу менен катар эле кызыктуу студенттик жашоо менен байыткыла деп кайрылып кетет элем.
Маектешкен
Айжаркын Эргешова





Токчулук болобу же жокчулукпу?
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы Кыргызстандагы июль айында жүргүзгөн иликтөөсүнүн тыянагын чыгарды. Анда өлкөнүн бир миллион 400 миңдей тургуну азык-түлүк тартыштыгын сезүүдө деп белгиленет. Ошондой эле алдыдагы айларда тое тамак ичпегендердин катарын дагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 340 миң адам толукташы мүмкүн экендиги айтылат. Өлкө бийлиги болсо быйыл азык-түлүк каатчылыгы болбой турганын, ага карата жетиштүү чаралар көрүлгөнүн белгилешүүдө.
Азык-түлүк каатчылыгы тополон болгон Ош жана Жалал-Абад областтарында курч сезилүүдө.
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын иликтөөсү Кыргызстандын бардык аймактарын камтыган. Анда улут аралык кагылыш орун алган Ош менен Жалал-Абаддагы кырдаал өзгөчө тынчсызданууну жаратып жаткандыгы белгиленет. Аталган уюм бул аймактагы азык-түлүк коопсуздугу коркунучта деп эсептейт. Андыктан БУУнун Азык-түлүк программасы кышты утурлай Кыргызстандагы иштерин кеңейтээрин билдирүүдө. Уюмдун маалыматына караганда, сентябрь айынан тарта июндагы тополоңдордон көбүрүрөөк зыян тарткан аймактарда 287 миңдей адамга азык-түлүк таратыла баштайт
БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы координатору Надежда Франк иликтөөдө азык-түлүк продуктуларынын сапаты да эске алынганын маалымдады. Анын айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн сапаттуу, калориясы күчтүү азык-түлүктү сатып алуусу кыйындайт. Бул өзгөчө июнь айындагы жаңжал чыккан Ош жана Жалал-Абад аймактарында байкалып, ал балдарга жана кош бойлуу аялдарга таасирин тийгизиши ыктымал:
- Биз бир миллион 400 миң адам жөнүндө сөз кылганда ушунча адам ачка калуу коркунучунда деген мааниде эмес. Бул жерде улут аралык жаңжал орун алган аймактардын тургундары азык-түлүк продуктуларын кантип алат, ага кирешеси жетиштүүбү. Ошондой эле анда сатылып алынган продуктулардын бир гана көлөмү эмес, сапаты жана көп түрдүүлүгү да эске алынган. Бул балдарга жана кош бойлуу аялдарга таасирин тийгизип, ушунча сандагы адам аз кандуулук, йоддун жетишсиздигине дуушар болушу ыктымалдыгы белгиленген. Каатчылык жөнүндө айтуу бир аз эрте. Биз кырдаал кайсы жагына өзгөрөт иликтөөнү дагы улантып, байкоо салып турабыз.
Надежда Франктын айтымында, учурда БУУнун Азык-түлүк программасы бул багытта жыйынтыктарды жана жакынкы айларга сунуштарды кароонун үстүндө иштеп жатат. Андан кийин программаны ишке ашыруу үчүн эл аралык коомчулукка кайрылмакчы.
Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги өткөн жылга салыштырмалуу быйыл түшүм аз жыйналганы менен азык-түлүк каатчылыгы болбойт деп ишендирүүдө. Өткөн жылы миллион тоннадан ашуун буудай өндүрүлсө, быйыл 870 миң тонна болору болжолдонууда. Калганы Казакстандан сатылып алынмакчы. Айыл-чарба министрлигинин басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиевдин айтымында, Кыргызстан калкын буудай эле эмес башка да жашылча-жемиш, эт, сүт менен менен камсыз кылуу эсептелип чыккан жана ал маселе көзөмөлдө. Ал Кыргызстанда азык-түлүк тартыштыгы болот деген маалыматтарды четке какты:
- Быйылкы жылы ар бир кишиге орточо норма менен дан жана дан азыктары 139, картошка 252, жашылча-жемиш менен 148 пайызга камсыз болот. Айрым уюмдар азык-түлүк жетишпейт, быйыл ачарчылык болот ажиотаж көтөрүп, элдин жүрөгүн тушүрүп койду. Андай болбойт, быйыл буйурса токчулук болот.
Айыл-чарба жаатында адис, академик Жамин Акималиевдин айтымында, өкмөт ушул тармакка көңүл бурмайын тамак-аш продуктуларына баалардын өсүшү азык-түлүк коопсуздугуна алып келиши ыктымал.
- 5 млн. элге былтыр 1 млн. 50 миң тонна буудай өндүруп алсак, быйыл менин эсебим боюнча 750 миң тонна эле буудай болгону турат. Адис катара айтсам, быйыл абдан аз облуп, нан боюнча тартыштык болот. Дыйкандарды карап, жардам берген адам жок. Айыл чарбасы боюнча саясат керек, өзүнчө программа зарыл. Антпесе жалгыз саясат, шайлоо менен элдин курсагын тойгозо албайбыз.
Адистер быйыл айрым аймактарда кургакчылык өкүм сүрүп, Орусия, Украинанын буудайды экспорттоону токтотконун чочулоо менен кабылдап жатышат. Бул арада өкмөт каатчылыкка каршы планын бекитип, анын негизги бөлүктөрүнүн бири азык-түлүк коопсуздугу экенин көрсөтүүдө. Муну менен өкмөт быйыл унга, деги эле күнүмдүк керектелүүчү продуктуларга баалар көп көтөрүлбөйт деп ишендирип келет.
Канымгүл Элкеева,
"Азаттык" үналгысы