Иш этикети
Кандайдыр бир жакшы долбоордун ачылышындагы инвесторлорго сүйлөгөн сөзүңүз, өзүңүздү алып жүрүшүңүз алардын эсинде калат. Эң негизгиси, жөнөкөй, жүрүм-турумуңуз (этикет) ойдогудай болушу керек. Мисалы, биринчи эле таанышканда, атыңызды кантип айтышыңыз керек, сүйлөгөндө да тонду туура тандай билишиңиз зарыл. Адамдар менен тез тил табышып кетсеңиз го жакшы. А, таба албай калсаңыз эмне кыласыз? Бул саныбызда, иштеги этикет боюнча кыскача тааныштырабыз.


Дүйнөнүн окумуштуусу Дейл Карнеги "Адамдын финансы жактан жеткен ийгилигинин 15 пайызы профессионалдык билиминен, калган 85 пайызы адамдар менен тил табышуусунан болот" - деп, бекеринен айтпаса керек. Бизнести баштоодо адамдар менен тил табышып, алардын ишенимине тез кирүү эң биринчи орунда турат. Эгер керсейип жүрсөң ишиң да керсейет.

Иш этикети
1. Бийликти урматтоо. Ар бир иште сый-урмат болуш керек. Ошондуктан, иштеги мыйзамга баш ийүү керек.
2. Так жана чын сүйлөө. Тактык жана чынчылдык - иш алып баруудагы негизги фундамент.
3. Өздүк менчикти да сыйлоо керек.
4. Адамдарды сүйө жана урматтай билүү керек. Бизнесте өнөктөштөр бири-бирин урматтап турса, бизнес өнүгөт. Канчалык уруш көп болсо, кут качат.
5. Алдыга максат коюу зарыл. Максат коймоюн ийгиликтерди багынтуу кыйынга туруп калат.

Корпоративдик кечелердин
эмне кереги бар?
Кандай гана ишкер болбосун өзүнүн колунда иштеген адамдардын иштен сырткаркы мүнөзүн да билиши керек. Ошондой эле, катардагы кызматкерлер да жетекчисинин жумуштан сырткаркы мүнөзү менен таанышышы керек.


Ишкердин сырт келбети
Кийимдеги тыкандык - ишти кандай ищтээрин, өзүнүн жана башка адамдын убакытын үнөмдөөрүнөн кабар берип турат. А тыкан эмес болсо, унутчаактыкты далилдей алат. Бизнес адамдарынын аял болобу эркек болобу негизги кийими иш костюму. Ошондуктан, сүйлөшүүлөргө, же бизнес жолугушууларга джинсы, спорттук бут кийим кийип барган адаттан сырткаркы көрүнүш болуп эсептелет.


Жолугушуунун эрежеси

Бизнес-этикетинде "биринчи-секунд протоколу" деген бар. Анда, саламдашуу, өзүн тааныштыруу, башка бирөөнүн колун кысуу ж.б. Жаңыдан жолугушканда, жашы улуураагы же статусу боюнча улусу биринчи кол береби? Эркек киши аялга колун сунуш керекпи? Иш боюнча жолугушууларда - жогоруда айтылган суроолордун баары болот. Саламдашканда да, коштошкондо да эки тарап тең колун сунат. Иш-этикети жынысты бөлбөйт. Башкача айтканда, бизнесте аял да эркек да бизнес-өнөктөр катары каралат.
Ал эми жаңыдан таанышканда тескерисинче, кичүүрөөгү улууга биринчи салам берет. Сүйлөшүүлөрдө болсо, баш сөздү кожоюн биринчи баштайт. Бул жакта, аялдар эркектерди биринчи тааныштырат. Эркекти аудиторияга тааныштырып жатканда, ал туруш керек. Ал эми аялдарды тааныштырганда, аялдар статусу жогоруларга гана турушу керек.
Башкарма менен кантип учурашуу керек? Же болбосо өзүңдүн кол алдыңда иштегендерге салам бериш керекпи? - Албетте, жетекчи өзүнүн кызматкерлери менен учурашыш керек. Жөн эле баш ийкеп, жылмайып койсо да болот. Эгерде жетекчи сизге колун сунса, сөзсүз түрдө ордуңуздан туруп, сиз да кол беришиңиз керек.
- Өзүңүздүн иш ордуңузга ар кандай нерселерди коюп алсаңыз болобу? Мисалы, жакшы көргөн адамыңыздын сүрөтүн, сувенирлерди ж.б. Бул жакшы нерсе, бирок эс ала турган жерге гана койгон оң. Анткени ишке, эс алайын деп эч Ким келбесе керек. Ошондуктан, иш столунда керексиз нерсенин аз болгону жакшы.


Аялдардын да иш образына көңүл бурсак:
Аялдардын ишке кийе турган күнүмдүк кийими - көйнөк же иш костюму болуш керек.
Ишкер айымдын кийими сүй­лөшүп жаткан адамдын көңүлүн бурбашы керек. Ошондуктан, кыска юбка, узун тиликтери бар көйнөк, ачык түстөгү көйнөктөр болбойт. Ал эми кызыл түстөгү көйнөктү майрамдык салтанаттарда, элдин арасынан таанылыш үчүн гана кийгенге болот.
Жай мезгилинде ачык, кышкысын жабык түстөгү көйнөктөр да болот;
Эгерде ишкер айым көйнөк же болбосо юбка кийген болсо, ичинен сөзсүз түрдө колготки кийиши шарт.
Ишкер айымдар кийимди гана тандабастан, атырды да туура тандай билиш керек. Мэри Энн Сабаттын "Бизнес этикет" китебинде "Эгерде жумуш бүткөндө да атырыңыздын жыты аңкып турса, иштеги кесиптештериңиздин баарынын жүрөгү айланды деп ойлой бериңиз" - деп жазгандай, атырыңыз назик болсо жакшы.

Ошентип, иш маеги ийгиликтүү башталган соң, сүйлөө этикети башталат. Бул жерде маектештердин сөзүн аягына чейин анын сөзүн бөлбөй уга билүү керек.

Иш костюмунун кээ бир эрежелеринен:
Иш убактысында өзгөчөлөнбөңүз. Иш костюмунун өңү айрыкча кыш жана жаз мезгилинде өтө ачык түстө болбошу керек. Эң көп тараган өңдөр - кара-көк жана кара.
Костюмдун ичинен кйиген көй­нөктүн жеңи сөзсүз түрдө узун болууусу зарыл. Анткени, костюмдун ичинен көйнөктүн жеңи 1,5-2 см чыгып турса, элегенттуу көрүнөт.
Костюмду эч качан спорттук бут кийим менен кийбеш керек.
Кийимиңизди дайыма таза күтүңүз. Буга байпак, бут кийим да кирет.
Официалдуу абалда костюм топчулануу болуш керек. Кечки тамактанууга барганда гана топчусун чечип койсо болот.
Моданын артынан куугандан көрө, олуттуу кийинген жакшы.
Чөнтөктө дайыма эки жүзаарчы болуш керек. Биринчиси шымдын, экинчиси таза боюнча костюмдун чөнтөгүндө болушу керек.

Элес Турар