Кыргыз Республикасынын президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын төрагасы,
Азимжан Ибраимов:
"Намыскөйлүк менен "кыргыз тили" деп, ишке кирише баштаганбыз"
Кыргыз тили мамлекеттик тил болгонуна карабай иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлүп, бул жагдай жогору жактагылардын көз жаздымында калууда. Өз тилибиздин мындай өгөй абалына Кыргыз Республикасынын президентине караштуу улуттук тил комиссиясы кандай чара көрүп жатты экен деген ойдо бул комиссиянын төрагасы Азимжан Ибраимовго кайрылдык.


- Азимжан Жаманакович, эмне үчүн иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлбөйт?
- Иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү иштерине, мыйзам кабыл алынган күндөн баштап эле көңүл бөлүнүп келет. Мыйзам кабыл алынганына быйыл туура жыйырма бир жылдын жүзү болду. Ошондон бери республиканы мамлекеттик тилге өткөрүү, анын ичинен иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү, мамлекеттик органдардын иштерин, мисалы, сот процессин кыргыз тилине өткөрүү маселелери коюлуп келет. Өзгөчө басым жасап кетүүчү нерсе, 2000-жылга чейинки, жана андан кийинки мамлекеттик кызматты эске алсак, же республикадагы мамлекеттик тилдин абалын эске алсак, бул эки башка абал болот. 1990-жылдары, өзүбүзгө белгилүү болгондой патриоттуулук бар болчу. Ушундай бир намыскөйлүк менен "кыргыз тили", "кыргыз дили", "кыргыз маданияты" деп, ишке кирише баштаганбыз. Бирок, ал идеялар ошол куру кыйкырыктын үстүндө калып калып, иш жүзүндө эч нерсе жасалган эмес. Ошол кезде бир аз гана окуу китептери бар болчу. Мисалы; Ахматовдун "Иш кагаздарын жүргүзүү" деген китеби чыккан. Ал эми, 2000-жылдан беркисин алсак, ушул комиссиянын түзүлгөнүнө он эки жылдын жүзү болуп баратат. Ушул жылдар аралыгында көптөгөн окуу китептерин конкурстук сынактын негизинде иштеп, басып чыктык. Албетте, алар элге бекер таратылат. Ошол эле учурда, биз "Иш кагаздарын" мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн усулдугун иштеп чыгып, аларды жылына жок дегенде беш миңден ашуун басмадан чыгарып, жер-жерлерге бекер таратуудабыз.
- Айтыңызчы, дагы кандай иш аракеттер жүргүзүлүүдө?
- Мындан тышкары мамлекеттик мекеме уюмдарда, облустарда, министирликтерде тил боюнча атайын семинарларды өткөрдүк. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, тагыраак айтканда, Айыл Өкмөттөрдү, министирликтерди, Бишкек Мэриясын иш кагаздарын кантип жүргүзүү жаатында көп окуттук .Кыргыз тилин билүүнү каалагандар "Кыргыз тилин үйрөнүү" курстарынан өтүштү. Кыргыз тилин билгендери иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн эрежелерин үйрөнүштү. Анткени, биз кыргыздар "тилибизден чаң чыкканы менен" кат жазганда көп каталар кетет. Кадимки эле журналистер басма сөз бетинде "орфографиялык" каталарды кетирет. Ушинтип бизде баш аламандык болуп атат. Өткөн жылы менин жетекчилигим астында жалаң журналистерге семинар өткөрдүк. Анда терминдерди, чет тилден кирген сөздөрдү пайдалануу, котормо ишин жүргүзүү боюнча маселелер каралган. Азыркы учурда ар гезитти иликтөө үстүндөбүз. Алардын мамлекеттик тилге мамилеси кандай, грамматикалык жактан, стилистикалык жактан кандай каталарды кетирет. Мына ушулардын баарын иликтеп, ар бир редакция менен иш алып баралы деген ойдобуз. Ушундай иштерди Мамлекеттик органдар менен да жүргүзөбүз. Анткени, мамлекеттик кызматкер сүйлөй гана билбестен, жаза да билиши керек.
- Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан көчөдөгү көрнөк-жарнактарга көзөмөл жүр­гүзүлөбү?
- Албетте, көчөдөгү жарнамаларга көзөмөл жүргүзөбүз. Кыргыз тилине которулбаганын, же туура эмес, сабатсыз жазылгандарын, кыргыздын менталитетине, маданиятына туура келбегендерин алып салабыз. Анткени, борбор калаабыздын жүзү биздин менталитетибизге шайкеш келиши керек. Бирок, шаардын ичиндеги жарнамалар козу карындай болгон нерсе экен. Бүгүн алсаң, эртең кайра пайда болот. Эгерде, мындан ары дагы ушундай көрүнүш кайталана бере турган болсо, биз жарнама ээлерин укук коргоо органдарына беребиз. Азырынча, администрациялык чаралар менен гана чектелүүдөбүз. Ошондуктан, "Мамлекеттик Тил Мыйзамы" "Тилдер жөнүндөгү" мыйзамга эмес, "Мамлекеттик Тил Мыйзамына" айланышы керек. Мына ошондо гана биз мамлекет жактан корголуп, колдоого алынып, ишенимдүү, шар иштерди жүргүзсөк болот. Буюрса, биздин алдыбызда чоң максаттар бар.
- Мезгил-мезгили менен өт­көрүлгөн "Тил кербени" жүрүшүнүн максаты эмне?
- Республика боюнча "Тил кербенин" 2007-жылы өткөргөнбүз, андан кийин облус-облустарды кыдырып жүрөбүз. Максатыбыз жер-жерлерде иш кагаздарынын мамлекеттик тилге өтүүсүнө түздөн түз, иш жүзүндө көмөк берүү. Облус, райондор бул багытта биздин камкордугубузга муктаж. "Кантип котормону киргизебиз, кантип жарнамаларды кыргызчалайбыз, кантип башка улуттарды кыргызчага үйрөтөбүз?" деген маселенин үстүндө көп кайрылышат. Бул нерсеге дайыма кеп кеңешибизди берип, жардамыбызды түздөн түз көрсөтүп, мына бүгүн болсо да, кайсыл жерге чакырышпасын семинар өткөргөнгө даярбыз. Өткөндө Бишкек шаарында муниципиалдык кызматкерлер үчүн, мамлекеттик кызматкерлер үчүн атайын семинар өткөргөнбүз. Эми Чүй облусунда, Ысык -Көл облусунда андан соң түштүк жергесине өткөрөлү деп турабыз. Максатыбыз мамлекеттик тилге өтүүнү ылдамдатуу. Бул милдет бир гана Мамлекеттик Тил комиссиясынын милдети эмес, жумурай журттун, улуттун милдети.
- Жүрүш аз болсо да, максатына жеттиби?
- Жетти деп ойлойм. Себеби, биз ошол "Тил кербенин" кыдыргандан кийин, алты облус расмий түрдө иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүгө чечим кабыл алышкан. Кептин баары борбор калаабызда туруп атат. Борбордук бийлик органдары (ачыгын айтыш керек) жергиликтүү калктан, жергиликтүү бийликтен орусча талап кылган жерлер бар. Биз ошолорго чара көрөлү деп жатабыз. Борбордо туруп алып маалыматты орусча талап кылууну токтотуш керек. Аларды улутту, мамлекеттик тилди сыйлаганга үндөйлү!...
- Маегиңизге рахмат, эне тили үчүн жасаган сапарыңыздар байсалдуу болсун!






Кызыл тилдин кысылышы эмнеде? Мүмкүн мамлекеттик мамилеге муктаждыр?
Ахматова Таңсыгай Амановна,
КМУнун ага окутуучусу:
- Бүгүнкү күндө окутуучулардын жана студенттердин тилге болгон мамилеси өтө начар. Алсак; 1-курстагы студенттин жаңы келгендеги кеби менен, алты айдан кийинки кебинде айырма асман жердей. Убакыт өткөн сайын алардын кеби жардыланып, жаргондорду, варвардык сөздөрдү, башка тилден кирген сөздөрдү колдоно башташат. Тил илиминде аларды "мите" сөздөр деп коебуз .Мисалы;"уже", "даже" деген сыяктуу. Себеби, окууда, коомдук жайларда талап жок. Өз тилибизди өзүбүз жерийбизби? Кыргыздын сөзү кандай гана уккулуктуу, маанилүү. Өзүмдүн практикамдан эле алсам; беш жылдын ичинде он корей, бир канадалык, бир кытай, бир пакистандык атуулдарга кыргызча үйрөттүм. Алар үч айда эркин сүйлөгөнгө жетишти. Анткени, аларда турмуштук зарылдык бар. Басса-турса кыргызча сүйлөө талап кылынат. Кошуналары, кесиптештери кыргыз улутунда.
Сөздүн кыскасы, "мамлекеттик тил" мамлекеттик мамилеге муктаж.

Касымбекова Элмира Токтакуновна,
Мамлекеттик тил боюнча адис;
- Өзүбүздөн эле, бизди эч ким кыйнабайт. Эмне деген залкарлар "кыргыз" деп күйдү. Мисалы; Төлөгөн Касымбеков жетимиш төрт жашында "Кыргын" романын жазып бүттү. Демек, бүткүл өмүрүн кыргызга арнап жатпайбы? Биз кош тилдүүбүз. Бирок, дилибиз кыргыз. Мамлекеттик тил комиссиясында "Кыргыз тилинин жазуу эрежелери" жарык көрдү. Мында жазуу эрежелерине толуктоолор киргизилди. Ал китепче жалпы окурмандарга, анын ичинен билим берүү, мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө, басма иштеринде жана башка кыргыз тилинде жазуу иштерин жүргүзүү талап кылынган жерлерде колдонуу үчүн сунуш кылынды. Ал эми, азыр таратуу, элге жайылтуу аракети жүргүзүлүүдө. Бул аракеттер жыл сайын ишке ашат.

Күренкеев Бактияр Исанович,
тилчи, жаш адис;
- Бул мамлекеттик деңгээлдеги маселелердин бири. Негизи өлкөдө бир нече стратегиялуу багыттагы саясаттар жүргүзүлөт. Мисалга алсак, социалдык-экономикалык саясат, жаштар саясаты, агрардык саясат. Ушулардын ичинен эң маанилүүсү тил саясаты. Себеби, тил саясаты улуттук идеалогия менен тыгыз байланышта. Ооба, бүгүнкү күндө "Кыргыз Республикасында тил саясаты канчалык деңгээлде жүргүзүлүүдө?" деген суроо жаралбай койбойт.1991-жылы эңсеген эгемендигибизди алгандан соң, базар экономикасы баардык саясатты өз элегине алды. Ошолордун ичинен жүргүзүлбөй калганы, ушул "тил саясаты" болуп турду. Бүгүнкү күндө Мамлекет тилге канчалык көңүл бурбасын, расмий тилдин мамлекеттеги орду дагы деле болсо күчүндө калууда. Бир эле мисал, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын түзүлгөнү менен, көчөдөгү көрнөк-жарнактарыбыздын абалы ошол бойдон калууда. Көрнөк-жарнактарыбыздын абалы ушул болсо, иш-кагаздарынын абалы кантти экен деген ой келет.