Айылчы САРЫБАЕВ, экономист:
"...бул өкмөт эч качан
кризистен чыгара албайт"
Кыргызстандагы экономикалык кризистин белгилери жана себептери жөнүндө экономикалык илимдердин доктору, талдоочу Айылчы Сарыбаев "Азаттыкка" ой-пикир бөлүштү.


- Кыргызстандагы акыркы үч айдагы окуялар Кыргызстандын экономикасынын кризистик абалга алып келгендиги айтылууда. Кыргызстанда кризистин алгачкы белгилери кайсылар деп атайт элеңиз?
- Апрель окуяларынан кийин Бакиевдин ордуна келген адамдар өзүлөрү экономиканы алдыга жылдырып кеталбай калышты. Өзүлөрү Бакиевдерди коррупционер, кризиске алып келди деп күнөөлөп, Бакиевдер куулуп кеткенден кийин өздөрү ишти алдыга жылдырып кеталбай калышты. Кадрдык кризис болуп калды. Кадрдык кризис экономикалык кризиске алып келет. Анын кесепетинен азыркы нормалдуу иштеп аткан салык, финансы, банк системалары мүчүлүштүккө учурап калды. Эгерде ишти Бакиевдерге караганда жакшырак алып кетсе анда эч кандай кризис болушу мүмкүн эмес болчу.
- Демек азыркы өкмөт кризистен чыгуунун планын иштеп чыкты, бул план ишке ашат деп ишенсек болобу?
- Бул план өздөрү кыла турган эле иши. Каржы министрлигинин, бажы, салык инспекцияларынын, казыналыктын кыла турган күнүмдүк иши. Ошол ишти эле булар антикризистик программа деп алышты. Андай болбойт. Ар ким өз ордунда жумушту так мурункудан да эффективдүү алып кетсе, анда эч кандай кризис болушу мүмкүн эмес. Антикризистик программа дегидей бизде кризистин өтө татаал дүйнөлүк классикалык маанидеги түрлөрү болгон жок да. Бул кадимкидей эле ишке жарабаган адамдардын ишти жүргүзө албаганынан келип чыккан кризис.
- Сиз кризистен чыгуунун бирден бир жолу катары эмнени көрсөтө алат элеңиз?
- Ошол адамдар өзүнүн функциясын аткарып кетсинчи, ар бир министрликтин өзүнүн алдына койгон милдетин так жүргүзүп кетсе, эч кандай кризис болбойт бизде.
- Алдын ала маалыматтарга караганда, быйылкы жылкы бюджеттин таңкыстыгы 22 млрд. сомдон ашкандыгы айтылып жатат. Ушундан улам суроо - күз, кышта бюджет элди багалабы?
- Мен кайра дагы кайталайын, бюджеттин тартыштыгы жаңы келген өкмөт, ал койгон адамдар, мурунку коррупционерлерди жоготсо, коррупция жоголсо анда көлөкөдөгү экономика деген жоголот эле да, бюджетке көп акча түшөт эле. Азыркыдай тартыштык болбойт эле. Демек, булар кризисти өздөрү алып келишти, анан кайдагы бир көзгө көрүнбөгөн, билинбеген себептерди айтып атышат. Демек азыркы кебетеси менен бул өкмөт эч качан бул таңкыстыктан чыгара албайт.


Маектешкен Айзада Касымалиева,
"Азаттык" үналгысы

Эсиңиздерге сала кетсек, А.Сарыбаев "Аргументkg" гезитинин өткөн №2-санында бюджеттеги таңкыстыктарды жоюш үчүн мындай сунуш киргизген болчу: "Азыр депутаттар жок, өкмөттүк аппарат жок. Ошолорго жумшала турган чыгымдарды кескин кыскартыш керек. Үч-төрт эсеге. Жанагы мамлекеттик имараттардын ремонтун эмдиги жылга чейин токтотуш керек. Ошонун негизинде эч кандай тартыштыгы жок эле кайра профицит менен чыгуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Анткени, бюджеттин 40%ы башкаруу аппаратын багууга кетет. Ошонун теңин кыскартса 10 миллиарддан кем болбойт. 15-20 миллиардга чейин экономдосо болот. Ошол акча менен дефицитти жапса болот"





Кыргызстан коңшусунан мунай кендерин кайтарып ала алабы?


Кыргызстандын өкмөтү Баткен облусунун аймагындагы "Өзбекнефтигаз" пайдаланып келе жаткан "Чоң Кара Калча" жана "Түндүк Сох" мунай кендерин кайтарып алуу боюнча иш-чараларды баштады. Бул боюнча буйрукка президент Роза Отунбаева кол коюп, тиешелүү министрликтерге тапшырма берди.


Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагындагы "Чоң Кара Калча" жана "Түндүк Сох" мунай кендерин Кыргызстанга кайтарып алуу боюнча 1996-жылдан бери буга чейин үч жолу өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр болуп, бирок анын баардыгы жыйынтыксыз аяктаган. Бул жолу маселе жогорку деңгээлде коюлуп, президент Роза Отунбаева мунай кендери жайгашкан аймактарды өткөрүп алуунун шарттарын жана чараларын иштеп чыгуу талабын койду.
Мамлекеттик мүлк министри Шералы Абдылдаев маселе жакынкы убакка белгиленип жаткан өкмөттөр аралык комиссиянын жыйналышынын күн тартибине коюла тургандыгына токтолду:
- Мунай кендерин биздин мамлекеттин эсебине алуу боюнча токтом чыгып жатат. Бул маселени тезирээк чечүү боюнча мамлекет башчысы тарабынан буйрук берилген. Ошол буйруктун негизинде, биз азыр тиешелүү материалдарды чогултуп, иликтедик. Буга чейинки эки мамлекеттин өкмөттөрү тарабынан кол коюлган макулдашууларды карап, тиешелүү документтерди даярдап жатабыз. Быйылкы жылы Бишкекте өтө турган өкмөттөр аралык комиссиянын жыйналышына мына ошол маселени алып чыгабыз. Ошол жерден дагы бир жолу такташкандан кийин мунай кендерин кайтарып алабыз деп ойлойм.
"Чоң Кара Калча" жана "Түндүк Сох" мунай кендери 1955-жылы ачылып, ошол кездеги расмий Москванын көрсөтмөсү менен Өзбекстандын нефти газ тармагы иштете баштаган. Анда жүз элүүгө жакын мунай бургулоочу скважиналар орнотулуп, учурда анын жетимиш бештен ашууну толук өндүрүштүк кубаттуулукта иштеп жаткандыгы айтылды. Токсонунчу жылдардын ортосунда бул жерден күнүнө кырк тоннадан ашуун мунай жана алты миң куб метрге жакын жаратылыш газы өндүрүлүп турган. Бирок учурда мындагы мунайдын запасы тууралуу так маалымат жок.

"Кыргызнефтигаз" акционердик коомунун төрагасынын орун басары Тимур Мураталиев кыргыз өкмөтү мунай кендерин кайтарып алууда бул жолу катуу турушу керек деп эсептейт:
- Чек арадагы бекеттен өткөрбөй тосуп коюп эле, "болду биздин аймакка кирбейсиңер" деп койсо алардын иштери токтойт. Ошондон кийин гана, алардан түшкөн сунуштарды кабыл алып, андан кийин өк­мөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшсө бир жыйынтык болмок. Андагы жер алдындагы газ сактоочу жайдын бизге зарылчылыгы жок. Аны Кыргызстанга кайтарып алып туруп, кайра Өзбекстанга ижарага берсе туура болот. Ал эми аталган аймактагы мунай кендерин кайтарып алып, иштетишибиз керек. Алардын ушул турушунда деле биздин мамлекет үчүн экономикалык пайдасы чоң.
Совет доорунда бардык мунай тармагы түздөн түз Москвадагы борбордук бийликке баш ийген. Союз таркагандан кийин Кыргызстандын аймагындагы аталган мунай кендери жана эки жүз гектарга жакын аймакты ээлеген газ сактоочу жай Өзбекстандын ээлигинде кала берген. Мамлекеттик мүлк министрлигинин маалыматтына караганда, өткөн он жыл ичинде эле мындагы мунай жана газ өндүрүүдөн "Өзбекнефтигаз" ишканасы 450 миллион АКШ доллары өлчөмүндө пайда көргөн.

Министр Шералы Абдылдаевдин айтымында, расмий Ташкен буга чейинки сүйлөшүүлөрдө мунай кендерин кайтарып берүү үчүн бир катар орчундуу талаптарды коюп келген:
- Өзбекстан бул багытта ар кандай маселелерди көтөрүп жатат. Анын ичинде Ысык-Көлдөгү "Рахат" сыяктуу учурунда Өзбекстан курган эс алуу жайларына болгон менчик укугун таануу маселесин да айтып чыгышкан. Бирок биздин өкмөт учурунда буга каршы болгон. Өзбекстан мунай кендерибизди кайтарып берүү боюнча биз сунуштаган келишимди кабыл албай келишкен. Алар "чек ара боюнча талаш-тартыштар бар. Ошол маселелер чечилгенден кийин гана "Чоң Кара Калча" жана "Түндүк Сох" мунай кендерин кайтарып беребиз" деп жатышат.
Бир катар талдоочулар бул маселенин расмий деңгээлде көтөрүлүшүн жаңы бийликтин жакшы аракети катары баалашса, айрымдары бул жагдай кыйчалыш учурдагы кыргыз-өзбек мамилелерине терс таасирин тийгизбейби деп чочулашат.

Кыргыз-өзбек чек араларын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов аталган мунай кендерин кайтарып алуу аракети ал аймактардагы чек ара сызыгын тактоодон көз каранды деп эсептейт:
- Ошол аймактагы чек ара сызыгынын өтүшү тактала элек. Ошондуктан андагы жер тилкелеринин кимге таандыктыгы да ошого байланыштуу чечиле элек да. Жанагы көп жылдардан берки сүйлөшүүлөрдүн ордунан жылбай жаткандыгы, андагы чек ара сызыгын тактоо өтө татаал болуп жаткандыктан улам болуп келген. Бул маселеде чек ара сызыгын тактап алмайынча, иштин чечилиши оор болот.
Баткен облусундагы мунай кендерин иштетип келгендиги үчүн "Өзбекнефтигаз" ишканасы буга чейин Кыргызстанга эч нерсе төлөгөн эмес. Анткени 1992-жылдан бери чоюлуп келе жаткан бул маселеде мунай кендери жайгашкан аймактын укуктук макамы Өзбекстандын өкмөтү тарабынан бир жактуу негизде таанылбай келген.

Кубанычбек ЖОЛДОШЕВ