Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Эмгек мигранттары
көңүл сыртында калууда
"Бири кетти Эренге, тентиди бири тереңге"
1991-жылы СССР тарап, анын курамындагы өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстан да өз алдынча эгемен жашоого багыт алды. Бирок, жеке өзү каз-каз басышты үйрөнө элек болчу, б.а., мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди өз алдынча чечүүгө өлкө жетекчилиги көнгөн эмес эле. Ушундай шартта ырылдаган рынок экономикасы бизди суратпай эле кучагына тартып алды. Буга албетте, мамбийлик башында тургандар сууга чөккөн эмедей алдасташты. Натыйжада өлкөнүн экономикалык саясаты нугунан чыкты, "намазы бузулду". Мурда күү-шаа иштеп, кулак-мээни жеген ири, орто ишканалар ишин токтотту, андагы жумушчулар ишсиз, талаада калышты. Эл арасында массалык жумушсуздук келип чыкты.
Кыргыз эли кандай гана шарт болбосун, көнүшүп, турмушун улап кеткенге маш. Аздан соң эсине келип, базар экономикасына сүңгүп киришти. Чаар ала сумка сүйрөй Россия, Казакстан өңдүү өлкөлөргө барып соода кылгандар пайда болду. Эмгек миграциясы ошентип 1991-жылы пайда болгон. Алгач "челнокчу", "мигрант" терминдери лексиконубузга кирсе, кийин "гастарбайтер" деген сөздөрдү өздөштүрдүк.
Ошентип, башынан багыты ийри саясаттын айынан 1991-2005-жылдар аралыгында албан-субан­дай 500 миңден ашуун жараныбызды талаалатып ийдик. Кыргызстандын калкы араң 5 миллионго жетип атканда бул албетте, эсти оодарчу сан. 2005-жылы төңкөрүш болгондо маңдай жарыла сүйүнүп, "буюрса тилегибиз эми ишке ашат, алыстагы туугандарыбыз кайтып келип, өлкөнү эми гүлдөтөбүз" деп, алакандарга түкүргөн элек. А бирок, ал тилектер аз убактан кийин эле таш капты. Жогорудагылар кайтып келмек тургай, 2009-жылга чейин дагы ошончосу сыртка агылды. Ал эми 2008-2009-жылы эле 100 миң чамалуу кыргызстандык орус жарандыгын алганын Россиянын миграция кызматынын пресс-кызматы билдирген. Эмне үчүн? Албетте, кыскарта чаап айтканда, баягы эле Кыргыз мамлекетинин жарандарына болгон камкордугунун жоктугунан.
Ошентип, өлкөбүздө азганакай гана ишке жарамдууларыбыз калды. А тургай, "жалаң паспорту жоктор, анан кемпир-чалдар эле калышты мигрант болбой" деп, учкул сөз да чыгарып жибердик.
Мигранттардын миллиарддарына жан багуудабыз
Учурда эмгек мигранттарыбыз бизди, Кыргызстанды багып жатышат десек аша чапкандык болбойт. Миграция министри Айгүл Рыскулова бакиевдик өкмөттө иштеп жүргөндө эле кыргызстандык мигранттар 2008-жылы мекенине 1,2 миллиард доллар которушканын билдирген. Ал эми 2009-жылы каржы каатчылыгына карабай 1 млрдга жакын доллар жөнөтүшкөн. Мынча сумма өлкөнүн ички дүң продукциясынын 10%ынан жогору.
Дүйнөлүк банктын "КМШ өлкөлөрүндөгү акча которуулар" аттуу отчетуна таянсак, кыргызстандык мигранттардын 38%ы айына эки жолу мекенине акча которсо, 19%ы ай сайын салышат. Алардын ар бир акча которуусу орто эсеп менен алганда 100-300 АКШ долларынын тегерегинде экен.
Узак барбайлы, быйылкы жылдын алты айында эле Баткен облусунан кеткен мигранттар мекенине 2 миллиард 32 миллион сом акча жибергени эле эмнени билдирет?
Кыргызстандан сыртка оогон мигранттар көбүнесе Казакстан менен Россияга ыкташат. Себеби, бул өлкөлөрдө калктын орто катмары, орто билим ээлери жасай алчу жумуштарды оңой табууга болот жана ал үчүн төлөнчү айлык акы биздегиден жогору. Мисалы, куруучу, ширетүүчү ж.б. Ошондой эле, Италия, Германия, Түркия сыяктуу батыштагы, Түштүк Корея сыяктуу чыгыштагы өлкөлөрдөн жумуш ордуларын табышкан.

"Жыргаган адам жылкы кайтарбайт"
Эмгек мигранты десе эле чет жакка чыгып кетип, Кыргызстанды көздөй тоскоолдуксуз эле миллиондорду күрөгөндөрдү элестетүү таптакыр туура эмес. Алар толгон токой кордуктарга кабылышат, ысыкка күйүп, суукка тоңушат. Ал эми мигранттардын жүрөгүнүн үшүн алган улутчул-такырбаштар эле өзүнчө маселе. Адам укуктары боюнча комитеттин Москва бюросунун билдиришинче, өткөн жылы эле кыргызстандыктарга ксенофобиялык маанайда 215 кол салуу болуп, андан 74 адам өлүп, 282 адам жабыркаган.
Учурда Москвада эмгектенген кыргызстандык мигрант Эрбол Жолдошевдин айтымында, Россия албетте, дале "бир боор эне", бирок, мурдагыдай мээрими жок. Азыр Ала-Тоодон алты кадам узагандан кийин мусаапыр кейпин киесиң.
"Мигранттар алгач эле барган өлкөсүндө катталуу, жумушка уруксат кагазын алуу маселелери менен сүзүшөт. Эгер 3 айга каттала турган болсоң 1,5 миң рубль, ал эми ишке орношууга уруксат кагазын алыш үчүн 16 миң, бир жылга медкнижка алыш үчүн 2-3 миң рубль акчаң кетет", - дейт Эрбол мырза.
Анын айтымында, КМШдан Россияга агылгандар көп болгондуктан, тиешелүү каттоо кызматтары да эбак коррупцияланышып кеткен. Россияда кыргызстандыктар негизинен кара жумуштарда, т.а., көчө шыпырып, кышкысын кар күрөп, кароолчу, жүк ташуучу болуп, же курулушта иштешет. Булардын орточо айлык акысы 7-15 миң рублдин тегерегинде.
"Мындай жумуштар башында оңой эле табыла калчу. Эми кароолчулук вакансия да сатылып калган", - деп үшкүрөт ал.
А түйшүгү азыраак, колду анча жоорута бербеген жумуштарга кыргызстандык жарандарды жолотушпайт экен. Ошондой эле жатак маселеси да өзгөчө бир көйгөй.
"Квартиралар кымбат, 1 бөл­мөлүүсү 20-25 миң, 2 бөлмөлүүсү 35-40 миң рублди чаап барат. Муну албетте бир адам төлөй албайт. Андыктан, 1 бөлмө үйгө 6-10 адамдын жашашы азыр көнүмүш болуп калды", - деп кошумчалады Э.Жолдошев.
Казакстанда соода-сатык менен алектенген Азат Шерматов да кудум ушул сыяктуу маселелерге баш оорутабыз дейт. Анын айтымында, Казакстанда өзгөчө милиция кызматкерлеринен көп жабыркашат.

Чет элге кетсе эле катардан чыгабы?
Ишке жарамдуу жарандарыбыздын жоон тобу сырта жүргөндүгүнө карабастан, мамлекетибиз алардын мигранттык укуктарын коргоодо алсыздык кылып келет. Чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөр укуктук жаатта агартуу-түшүндүрүү иштерин канааттандырарлык деңгээлде жүргүзүшпөйт. Ошонун айынан ар кайсы шаарларда топ-топ болуп жашагандар өз алдынча коомдук уюм - диаспораларды түзүп алышкан. Эмгек мигранттары көбүнесе ошол диаспораларга кайрылышып, маселесин чечип алышат. Жамандык-жакшылыктарында ошол диаспоралар жардамга кол сунушат.
Четжердеги ал диаспоралар башын бириктирип, бир күч болуу, укуктарын биргелешип коргоо, бөтөн жерде да башты бийик көтөрүп, ынтымактуу эл экенибизди далилдеп жүрүү максатында "Замандаш" ассоциациясына биригишкен. Бүгүнкү күндө аталган ассоциация уюшулгандагы баштапкы үмүт-тилектерди актап, эмгек мигранттары менен алардын мекени - Кыргызстан бийлигинин ортосунда да көпүрөлүк милдетти аркалоодо.
Кызык жагдай, кээде мамлекет да аталган ассоциацияга таянып, андан мамлекеттик деңгээлде жардам күтөөрү билинип калды. Ага жакында эле өткөн мигранттарды шайлоо укуктары боюнча конференцияда Борбордук шайлоо комитетинин өкүлүнүн "Замандаш" бизге мигранттардын саны баланча, анын мынчасы шайлоочу, деп тизмесин алып келип тапшырган жок", дегени мисал.
Мындан улам мамлекет дале жалкоонун образына кирип алып, өз милдетин так аткаргандан качып жатат десек болот.
27-июнда референдум өттү. Убактылуу Өкмөттүн Тышкы иштер министрлиги, БШКсы Россия менен Казакстанда миллионго чукул мекендештирибиз бар деген маалыматты кулак сыртынан кетирип, мигрант-шайлоочуларга араң 22 миңден ашуун бюллетень чыгарып, Россия менен Казакстандын ири шаарларына гана участокторду ачып, ушунча эле шайлоочу бар деп тоңмоюнданды. Муну билимими бар дегендин баары кыргыз жарандары - мигранттардын шайлоо укугунун кескин бузулушу катары баалашты. А бирок, ага УӨ кысталыш кырдаалда ушинттик деген гана ынанымсыз жообун кайтарып койду. Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейинки шайлоолордо чет өлкөлөп жүргөн жарандарыбыз үчүн жыйырмага чукул чет мамлекеттерде добуш берүү жайлары уюштурулган болчу. Эки-үч жыл ичинде ал жердеги шайлоочулар таптакыр калбай калды дегенге кантип ишенсе болот? Расмий маалыматтарга караганда, учурда илгери атасы тааныбаган Италияда эле 15 миңдей кыргызстандык бар экен. Алардын үнү менен ким эсептешет? Макул, референдум чукул өттү, шайлоочулардын санын тактаганга мүмкүнчүлүктөрү болбой калды дейли. Мына, 10-октябрга чейин итапкан убакыт бар. Ошончо мезгил ичинде чындап киришсе, чет элге чыккандардын баарын тизмектеп койсо болот. Муну да көрө жатаарбыз.
Алабарман саясат жүргүзүп, эл укугун көз көрүнөө тебелөөнүн арты жакшылыкка алып барбасын баары түшүнүп калышты. Демек, азыркы бийлик да от менен ойногонун тезинен токтотуп, чет өлкөлөп жүргөн жарандарыбызды мамлекеттин келечегин чече турган маселелерге катыштыруусу зарыл.
Мухаммед-Али
Токтакунов








кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
19-август, 2010-ж.:
1-бет
Кызарган көздөр
2-бет
Жалал-Абад
К.Батыровдун университети жабылды

3-бет
Экс-губернатор Бакиевдин жакыны болгону үчүн атылдыбы?
4-бет
Окшошкондор
5-бет
Кубан АБДЫМЕН, саясат талдоочу:
Полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылчылыгы жок болчу

6-бет
Эмгек мигранттары
көңүл сыртында калууда

7-бет
Айылчы САРЫБАЕВ, экономист:
"...бул өкмөт эч качан
кризистен чыгара албайт"

8-бет
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын төрагасы,
Азимжан Ибраимов:
"Намыскөйлүк менен "кыргыз тили" деп, ишке кирише баштаганбыз"

9-бет
Иш этикети
10-бет
Өзгөчө кырдаалдагы
өгөй көрүнүштөр

11-бет
Багдадда 59 адам курман болду
12-бет
Майып балдар эмне үчүн көп төрөлүүдө?
13-бет
Миң адамга бергис бир адам
14-бет
Ала-Тоодо...
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Клара ИСАКОВА, алып баруучу:
"Майрамбек Осмонов үчүн фамилиямды "өзгөрткөм"











??.??