Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_5.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_5.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_5.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_5.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_5.htm on line 2
Кубан АБДЫМЕН, саясат талдоочу:
Полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылчылыгы жок болчу
- Жакында эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюму түштүк окуяларына иликтеген докладын жарыялады. Бул боюнча сиздин пикир кандай?
- Түштүктөгү окуялардан улам Кыргызстанда түзүлгөн жалпы кырдаалды түшүндүрөбүз деген чет элдик ММКлар, укук коргоочулар жана бир топ эл аралык уюмдар жабылып келе башташкан. Алардын Кыргызстанды терс маанайда көрсөткөн маалыматтар көбүрөөк чыгып кетти. Алар Ош, Жалал-Абаддагы окуялардын артында деструктивдүү күчтөрдүн иштери көбүрөөк көрүнгөндөгүсүн бетке кармашты. Ал эми окуянын аки-чүкүсүн териштирген адам, журналисттик иликтөөлөр болгон жок. Андыктан, Хьюман Райтс Уотч жана ушул сыяктуу уюмдардын расмий маалыматына кошумча эки тараптуу боло турган деңгээлде жазылган кошумча маалыматтарды бериш керек. Бирок, дагы бир топ жасала турган иштер бар. Тез эле бир жактуу маалыматты колдонуп туруп, бир тараптуу күнөөлөгөн маалыматтарды чыгарып коюш оңой. Ошондуктан менимче, мунун жүйөлүү жерлерине ишенип, бирок, жалпысынан алганда алардын маалыматы толук эмес экенин айтыш керек.
- ЕККУнун полисмендерине каршы митинг күчөп баратат. Бирок, каршылык кылгандардын арасында жеке кызыкчылыгын көздөгөн күчтөр да бар экендиги айтылууда.
- Аларды жалаң патриоттор деп айтыш абдан кыйын. Албетте, кээ бирлери эгер полиция күчтөрү кирсе Югославия, Косовонун мисалындагыдай кырдаал түзүлүп калып, Кыргызстан өзүнүн бир бөлүгүнөн ажырап калуу коркунучу күчөйт деген позицияда турушат. Бирок, мамлекет башчысы мунун корко турган эч нерсеси жоктугун, алар курал-жараксыз, эч кандай укугу деле жок, болгону кеңеш берип, милиционерлерге жардам анан окутуу процессин гана жүргүзүшөрүн айтып атат. Дүйнөлүк практикага таянып, мындай күчтөр кийин күчөп, саны жагынан да көбөйүп кеткен мисалдар бар экенине ишенгендердин буга көп ынанбай жаткандагысы да түшүнүктүү. Ошол эле учурда полиция күчтөрүнүн өлкөгө келиши алар үчүн жагымсыз экенине ишенген деструктивдүү күчтөр да чыгып атат. Мисалы, кээ бир аткаминерлер эгер көз карандысыз тергөө башталса, аларды ЕККУнун полисмендери жүргүзө баштайт дегенден кийин аябай чочулашууда. Буга чейинки иштериндеги кемчиликтери, же кайсы бир жерде катуу кеткендиктери билинип калат деп кооптонуп, полисмендердин келишине каршы чыгышууда. Эгер алар күчтөнүп кетсе, колунан келген мүмкүнчүлүктөрүнүн баарын колдонуп, коомчулукту дүрбөтүп, протест кылгандарга баш көз бололу деген аракетин жасап жатышат.
- А учурда полисмендердин түштүккө киришинин зарылчылыгы канчалык?
- Менимче, учурда аларды киргизиштин зарылдыгы жок болчу. Бирок, кырдаал өтө курчуп, чиеленип баратканы байкалууда. Укук коргоочулар да, жергиликтүү кыргыз тараптагы атуулдарыбыз да милициянын ушул убакка чейин кээ бир аймактарды толук көзөмөлгө албай, сырттан карап тургандагысына күбө болуп атышат. Ошол эле мезгилде полиция күчтөрү абалды оңдоп, окуяларды обьективдүү талдап, аягына чейин изилдеп, кимдин кандай күнөөсү бар экенин далилдеген мисалдарды таап чыгарына ишениш кыйын.
- Кыргызстан Ооганстандын кейпин кийип калуу коркунучуна кептелди, Палестина окуясы болуп кетиши ыктымал деген жоромолдорду айтышууда. Буга негиз барбы?
- Мындай коркунуч бар экенин баары мойнуна алып жатышат. Андыктан, жалпы коомчулук жана саясий партиялар легитимдүү жолго түшүп алса, коом бир нукка келип, стабилдүүлүк орношуп, өнүгө тургандай мүмкүнчүлүк болмок. Бирок, деструктивдүү, реваншисттик күчтөрдүн тынчтанбай жатканына байланыштуу мындай кооптонуулар орун алууда. Эгер биз алардын провокацияларына моюн сунуп калсак, анда албетте коркунуч күчөп, Кыргызстан чоң туңгуюкка бара тургандай болуп калат. Бирок, менимче парламенттик шайлоого даярданып аткан бардык саясий күчтөр Кыргызстандын көз карандысыздыгын толугу менен сактап кала тургандай, чоң максат, чоң милдет турганын жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан катуу кетпестерине ишенем.
- Парламенттик шайлоо тынч өтпөйт деп эмитен эле болжолдоп атышат. Шайлоого аттанган кээ бир партияларды ар кайсы күчтүү мамлекеттер колдойт экен деген пикирлер чыгууда. Эгер андай болсо, сырткы күчтөрдүн кызыкчылыктарынын кагылышуусунан улам өлкөбүздө жаңы башаламандыктардын толкуну жүрүп кетпейби?
- Мындай кооптонуулар коомчулукта айтылып жүрөт. 57 партия БШКнын каттоосунан өтүп, эми алардын талабына ылайык, ал партиялардын жарымынан азыраагы шайлоого катышат деген божомолдор бар. Бирок, парламентке беш-алты партия келиши мүмкүн. Шайлоонун жыйынтыгына он-он беш чактысы нааразы болуп, бир топ будуң чаң кылып, ошого таянып алып, өзүнүн максаттарын көздөгөн аракеттерге барышы ыктымал. Бирок, бүгүнкү күндө жыйырмадан ашуун партия шайлоодо да, андан кийин да эч кандай мыйзам бузууларга барбайбыз деп, өз алдынча келишимге келишти, алардын катары дагы өсүп жатат. Бирок, учурдагы реалдуу абалды байкасак, албетте эки топко бөлүнгөн партиялар байкалып калды. Түштүк шайлоочуларынын колдоосуна көбүрөөк ээ болгон жана түндүк шайлоочулардын колдоосуна көбүрөөк ээ болгон партиялар болуп бөлүнүп атышат. Демек, бул жагынан алганда ар бир саясий күч алынын келишинче, биринчиден өздөрүнө шайлоочулардын көбүрөөгүн тартканга аракет кылышат. Ошол эле учурда тактикалык маселе катары өзүнүн атаандаштарын шайлоочулары көбүрөөк болгон жерде өткөрбөй кое тургандай кадамга да барышат. Бизде азыр парламентке өтүш үчүн 5 пайыздык босого турса, региондордон өтүш үчүн 0,5 пайыздык босого бар. Ошолорду байкаштырып көргөндө түштүктөн да, түндүктөн да чыккандар өз аймактарында атаандаштарына бут тосконго чейин барышат. Ошол себептен нааразылыктардын чыгышына дале мүмкүнчүлүктөр бар.
- Бул босого нааразычылыктын булагы боло турган болсо, аны эмнеге алып таштаган жокпуз?
- 0,5 пайыздык босого 2007-жылы киргизилген. Ошол бойдон калды. Босогону алып салса регионализмге жол бериле турган коркунуч бар. Анткени, 0,5 пайызды бардык аймактарда койбосок, анда мисалы, Таластын партиясы Таластан, Баткендики Баткенден 5 пайызды жөн эле алып коймок да башка аймактан добуш албаса да парламентке келип отуруп алмак. Ошондо накта Кыргызстандын бөлүнүп жарылуусуна алып келмекпиз. Жети облустун өкүлдөрү борбордук бийликке баш ийбей турган коркунучка кептелмек. Демек, 0,5 пайыздын мааниси абдан чоң. Аны атайын эле бут тосуу катары карап атканыбыз менен, Кыргызстандын бүтүндүгүнө таасир кыла турган ыкма.
- Мурда тышкы саясатыбыз базар соодасынын деңгээлине түшүп кетти деген кептер көп айтылчу. Азыр бийликте дипломат Роза Отунбаева отурат. Жагдай өзгөрдүбү?
- Роза Отунбаева дипломат катары тажрыйбасы көп, таасири да күчтүү мамлекеттик ишмер. Бирок дипломатия жаатында азыркы өкмөттүн курамына жаш, тажрыйбасыз кызматкерлердин келгени Отунбаевага чоң аброй алып келди дегенге болбойт. Экинчи жагынан аларга ишеним, мүмкүнчүлүк берилгенин Кыргызстандын саясатында жаңы өзгөрүүлөрдүн пайда болушунун белгиси катары кабыл алуу керек. Азыркы тышкы иштер министри Руслан Казакпаев жаш болсо да бир топ мамлекеттерде дипломат катары иштеп, тажрыйба топтогон. Учурда Кыргызстан мамлекет катары толук кандуу иш алып барганга мүмкүнчүлүгү болбой аткандыгына жараша, аброю мурдагыдай эмес экендиги талашсыз. Бирок, мунун баары убактылуу. ТИМ, башка министрликтердей эле, ишке толук кандуу киришүүгө убактысы жетелектигин билип, аны күтүп турган маанайда десек болот. Эгер парламенттик шайлоодон кийин кайсы партия көбүрөөк орундарды алып, мамлекеттин тышкы саясатында өз алдынча иш жүргүзө турган өкмөт түзүп, анын курамына өздөрүнүн программасынын алкагындагы тышкы саясат жүргүзчү адамды алып келсе, анда ошого жараша баа берсек болот. Учурда бир эле ТИМ эмес, бардык министрликтер иштери убактылуу экенине моюн сунуп, күтүү абалында жүрүшөт.
- "Вашингтон пост" гезити АКШ Ошко аскер базасын курат экен деп жазды эле, эки тарап тең муну расмий төгүндөштү. Батыштагы абройлуу басылма тегин жерден "чаң" чыгарбаса керек. Ммунун артында эмне турушу мүмкүн?
- Мунун артында албетте АКШнын Кыргызстанга болгон кызыгуусу күчөп бараткандагысы турат. Алар биздеги кырдаалга терең көз салып, Кыргызстандагы саясий абал курчуп кетсе, жалпы Борбор Азиядагы абалга чоң таасирин тийгизерине ишенип турушат. Ал эми аскер базасы орношобу, же орношпойбу, аны азырынча ушу кездеги өкмөт, мамлекет башчысы да так айтканга мезгил жете элек. Себеби, Кыргызстан аскер багытындагы иштерге эмес, ички-тышкы саясатка да толук кандуу кирише тургандай абалга жетише элек. Ал шайлоо өтүп, жаңы саясий кырдаал пайда болгондон кийин, чоң сүйлөшүүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Бирок, ал аскер базасынын Кыргызстанга жайгашар-жайгашпасына бир эле АКШнын каалоосу менен Кыргызстандын макулдугу жетиштүү эмес. Кыргызстанга тиешелүү болгон, жалпы эле Борбор Азияга көз салып, өз кызыкчылыгын сактап аткан башка мамлекеттердин да таасири күчтүү. Мисалы, Кытай, Россия, кошуналарыбыз Өзбекстан менен Казакстан да көзөмөл салып турушат. Эгер алар терс реакция жасачу болсо, АКШ бул багытта алар менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдугун алмайынча, Кыргызстандын макулдугу менен эле база курат деген туура эмес. Ал эми базанын курулушуна алгач эле Россия каршы чыкты. Кытай да буга сүйүнгөн жок. Андыктан Кыргызстандын азыркы абалында АКШнын Ооганстанда кылып аткан иштери да чоң таасир кылып аткандагысы байкалып, бул жердеги азыркы транзиттик база менен тияктагы аскердик база чогулуп кала тургандай мүмкүнчүлүк аз деп ойлойм. Эгерде аскер базасынын бир гана Кыргызстандын, Борбор Азиянын коопсуздугун камсыз кылабыз деген максаттары болсо анда бир маселе. Ал эми аскер базасын колдонуп туруп, өзүнүн үстөмдүгүн жүргүзөбүз, Россиянын, Кытайдын бул жактагы иш-аракеттерине тоскоолдук кылабыз десе, анда бул ниети ишке ашпайт.

Маектешкен Мухаммед-Али ТОКТАКУНОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
19-август, 2010-ж.:
1-бет
Кызарган көздөр
2-бет
Жалал-Абад
К.Батыровдун университети жабылды

3-бет
Экс-губернатор Бакиевдин жакыны болгону үчүн атылдыбы?
4-бет
Окшошкондор
5-бет
Кубан АБДЫМЕН, саясат талдоочу:
Полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылчылыгы жок болчу

6-бет
Эмгек мигранттары
көңүл сыртында калууда

7-бет
Айылчы САРЫБАЕВ, экономист:
"...бул өкмөт эч качан
кризистен чыгара албайт"

8-бет
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын төрагасы,
Азимжан Ибраимов:
"Намыскөйлүк менен "кыргыз тили" деп, ишке кирише баштаганбыз"

9-бет
Иш этикети
10-бет
Өзгөчө кырдаалдагы
өгөй көрүнүштөр

11-бет
Багдадда 59 адам курман болду
12-бет
Майып балдар эмне үчүн көп төрөлүүдө?
13-бет
Миң адамга бергис бир адам
14-бет
Ала-Тоодо...
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Клара ИСАКОВА, алып баруучу:
"Майрамбек Осмонов үчүн фамилиямды "өзгөрткөм"




Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_5.htm on line 37

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_5.htm on line 37

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_5.htm on line 37


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_5.htm on line 37

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_5.htm on line 37

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_5.htm on line 37


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_5.htm on line 37

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_5.htm on line 37

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_5.htm on line 37