Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_4.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_4.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_4.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_4.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_4.htm on line 2
Окшошкондор
"Демократия - это выборы, голосование, принятие решений народом, т.е. большинством, то понятно, что это большинство может быть не право. Большинство вообще всегда не право, т.к. любые новаторские идеи не могут сразу овладеть большинством."
Андрей САХАРОВ
Мындан 15 жыл мурда бекен, Жаныбек Жанызак "Асаба" гезитине банан жөнүндө мыкты макала жазган. Логикасы - социализм заманында банан деген калориялуу жемиш бар экенин укчубуз, даамын татпаппыз… Экспорттолуп келген мындай укмуштуу жемиштин даамын да таттык, даамы коондон аз-аз эле айырмаланбаса, андай шилекей тамчылатчу деле оокат эмес экен. Витамини жөнүндө сөз кылалбайбыз, заты - былжырак жемиш болуп чыкты, тек азыр банандын метафора мааниси жөнүндө сөз кылуу ыңгайы келип турат: бизге экспорттолгон бананың менен демократияң экөө бирдей былжырак экен. Ооба, демократия даамын таткандан бери эмнени гана былжырабадык. Өзгөчө саясый элита баш болуп. Ээнооздук бизде сөз жана ой эркиндиги катары кабылданып, демократия элементи саналып келди. Менин түшүнүгүмдө - демократия баалуулугун жете түшүнө бербеген коомдо банан менен коондун даамы бири-бирине жакын болгондой эле батыштан экспорттолуп келген демократия (demos - эл, kratos - бийлик, демек, элдик бийлик же элдик башкаруу) менен биздеги ээнооздук экөөнүн бири-биринен айырмасы жок болуп калды. Жүздөгөн жылдардан берки адамзат тарыхында демократия түшүнүгү менен жашагандар жалаң мээ чөйчөгү толук даанышмандар болгону менен пайдасын орто жолдо кем акылдар менен шылуундар көргөн. Демократияны гуманисттер идеалдуу коом куруш үчүн системалашкан философиялык түшүнүктөрдүн негизинде тыкыр ойлонуп кас-кас тургузуп, тайтайласа, убайымын керек болсо диктаторлор да көрөрүн тарых тастыктаган. А биздей ашкере саясатташкан коомдо демократияны жеберине жете түшүнгөнсүгөндөрдүн гана шилекейи чачырап, демократия убайымын кимдер көрүп атат? Ошол былжырактар. Ириде бизде демократия баалуулугун сөз кылуудан мурда, анын жерпайын түптөр абийрдүү азчылык чөйрө барбы?! Жок. Идеалдуу коом болуш үчүн ошол коомдун зиялы (интеллектуал) эркечтери калыптанмайын, караламан калктын түшүнүгүндөгү демократия - жалын оттон опурталдуу, топон суудан өткөн коркунучтуу күч. Аны 2005-жылкы мамлекеттик төнкөрүштө аянттагы караламан калк кимди бийликке алып келгенинен көрдүк. Дагы беш жылдан кийин кандуу окуя менен зулум бийлик эгесине айланган К.Бакиевди такка отургузгандар такка келди. Кандын башын кан, кардын башын кар жутарын элдик философия даа кайталап отурат. Бечара эл убактылуу бийликке келгендердин кайрале бийлик, байлык талашкандарын телефондогу сүйлөшүүлөрүнөн уккан соң, дагы бир жолу журтбашы болчулардан шүйкүмү кайтып отуруп калды. Убактылуу бийликке келгендер алдыда да өздөрүнүн баштарын кайрале өздөрү жутат. Жутуп да атат. Мына, абийрдүү азчылык чөйрөдөгүлөр эмес, караламан калк бийликке алып келгендер кандай жосунга барары! Көргүлүктү көрсөтчү мындай окшошконго мушташкан демократтардын алдыдагы жосундарын али да көрелекпиз. Топтошкон көчө "демократтары" губернатор, аким, айыл өкмөттөрүн бийликти басып алуу жолу менен дайындаган терс көрүнүштү элдик бийлик, элдик башкаруу деп түшүнүп алдык. А жалпы элдик мүдөөнү уюшкан топтор колго алганын борбордук бийлик тизгиндей албай отурат. Мына, биздин түшүнүгүбүздөгү демократия! Даа кайталайм, караламан калктын түшүнүгүндөгү демократия жалын оттон опурталдуу, топон суудан өткөн ушундай коркунучтуу болот. Тарыхта демократия кирпичин А.Бекназаров, А.Атамбаев, Э.Каптагаев, Т.Тургуналиевге окшогон эмоциялуу саясатчылар кынаган болсо, эпада демократия дубалын тургузуу эчкачан мынчалык кыйынга турмак эмес. Демократия дүйнөдө эбак тайтайлап кетмек. Бизде тайтайлап келаткан демократиянын тизесин чаккандар тескерисинче, "демократтар" экенин түшүнөр кез келди. Алар өкүм-зордук менен бийлик эгесине айланып алгандан кийин, "бийликти биз убактылуу башкарабыз, шайлоодон кийин башкалардын колуна өткөрүп беребиз" дегени - сокурду орго жетелегенден айырмасы жок. Бийликти башка колго өткөрүп берүү үчүн борбордук бийликтин курчоосундагы "вазирлер" Э.Каптагаев, Т.Тургуналиев, А.Бекназаров, А.Атамбаев сыяктуу мурунку бийликтегилерге ашкере сетиркеп, күпүлдөгөндөр эмес, рационалдуу ой жүгүрткөн Ишенбай Абдуразаков, Орозбек Молдалиев, Эсенбай Нурушев сыяктуу илим-билимдүүлөр болушу керек эле. Учурда Р.Отунбаеваны көбүрөөк тегеректеп жүргөндөрдөн Э.Каптагаев, Т.Тургуналиев, А.Бекназаров, А.Атамбаевди атаган себебим: булар азыртан эле көздөй адамдарына бийликтин устакандуу мүчөлөрүн бөлүп бергенге үлгүргөнү жөнүндө коомчулук арасында көбүрөөк айтылып жүрөт.
Бир коомдо жашап атып өзгө, жатка (А.Акаев, К.Бакиев кадрлары деген критерийде) бөлгөн өнөкөттү баштаган ушулар кантип демократиялуу коом курарына көзүң жетет, кыргыз? Эгерде мурунку бийликтегилердин кадрларынан сетиркешсе, өздөрүнүн даяр командасы кана! Өздөрү командасыз бийликке келген үчүн мурунку бийликтин тажрыйбалуу да, тажрыйбасыз да аксымдарына күнүбүз түшүп отурат! Демократиялык принцип, тажрыйбаны үйрөнүү үчүн мамлекеттик мурунку кызмат бутактарындагыларды курмандыкка чала берген менен эчтеңке өзгөрбөйт. Мамлекеттик системаны өзгөртүш үчүн убактылуу бийликке келгендер топташтай чачырабай, башынан бирдиктүү максатты карманмак. Аркимиси арбашка кызыкчылыкты көздөп келген саясый тайпа (БЭК) болгон үчүн өлкө тагдыры кайреле бычак мизинде турат. Булар бийликке жетиш үчүн шайтан менен да санаалаш болуп, мунасага келүүгө даяр үчүн ичара араздашуулары токтободу. Окшошкондордун мындан аркы саясый кадамдары, оюндары арка мойнубузду дале болсо астыга салары турган иш. Себеби, өздөн чыккан жат жаман болуп: К.Бакиевди 2005-жылы бийликке алып келгендер УӨ мүчөлөрү (Ө.Текебаев, Б.Шерден башкасы) болгонун унутпайлы. Ошол эле А.Атамбаевди А.Бекназаров өткөн жылкы прези­денттикке сүрөп, кыргыз көчүн оңоп кетер улуттук лидер санап келип, азыркы кырды бычак мамилеси эмнени айттырат? Кайсы бир идея үчүн эмес, бийлик кумары үчүн гана баштары биригип келгенин. Болбосо бул экөө жыл айланбай мынчалык келишкис душманга айланбайт эле. Арийне бул экөөнүн К.Бакиев менен да камыр-жумур мамилеси эмне менен аяктаганы - баарыга белгилүү. Мурдуларынан алысты көрбөгөн экөө саясый эмес, жеке пендечилик тиреш үчүн Кыргызстанда дагы бир революция жасап ийүүгө даяр экенин Бекназаров балп эттиргенине атпай-журт күбө. Андыктан, убактылуу бийликтегилердин жаралган жасаты деле А.Акаев, К.Бакиевге окшош дегенден башка арга жок.
Олжобай ШАКИР





Экстердин үй талаш чатагы
Апрель окуясынан кийин ЖоКе депутаттары мандаттан кол жуушса эми мамлекет эсебинен курулган элита үлгүсүндөгү үйлөрүнөн ажыраганга ичтери сыйрылып отурат. Албетте, ал үйлөр аркимдин депутаттык мөөнөтү аяктаганга чейин 2008-жылы өздөрү токуган мыйзам чегинде берилүүгө тийиш экенин баары билет. Бирок, мурдакы чакырылыштагы депутаттарды туурап, кайра өткөрүп берүүгө келгенде "бекер" оокатты колдон чыгарбай менчиктеп калуу аракети болгон сыяктанат… Мисалга, мурункулардан тогуз депутат кызматтык үйлөрүн мамлекетке кайра бергиси келбей, айрымдары менчиктештирип алууга үлгүргөн. Алар: Арслан Малиев (3 комн.кв.), Болот Худайбергенов (4 комн.кв.), Самаган Маматов (5 комн.кв.). Шумдугуң курган мындай шылуундардын элге анчалык эмнеси өтүп кеткенин билбейт экенбиз, билгенибиз - ЖоКенин чарба иштерин тескөөчү атайы бөлүм (!) ишти соттон сотко өткөрүп да үйлөрдү мамлекетке кайтара алган эмес. Соттор эчнерсе чечалбай, кийин бул ишке кол шилтеген бойдон калтырышкан. Тек, бул боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары гана коомчулукка жарыялап чырылдап кала берген. А коомчулук эмне кылалмак!?
Кийинки "акжолчулар" үчүн да комфортабелдүү элиталык үй тургузулуп, ага жеткени жетип, жетпей калган 27си компенсация алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Жеткенде да бир эле коколой баштуу депутатка "борбор шаарда жашаар турагым жок" дегени үчүн мамлекет казынасынан бир жылга
216 000 сом ижара акыга бөлүнгөнүнө көзүң чекчейет дейт "24kg" МА. Б.а., айына эле орто эсеп менен бир депутаттын (балыкпы, балык эмеспи) жатагына мамлекет казынасы 18 000 сом чыгашага учурайт экен. Ал эми кызматтык машинесине сарпталган күнүмдүк бензини менен каратаандай жардамчыларына кеткен чыгымдарчы… Эң кокую, мамказына эсебинен 18 миң сом ижара акы алган 27 депутаттын баары эле каратаман эмес, арасында бизнесимендери да, бандиттери да бар. Айталы, бизнеси бар "акжолчу" Зиядин Жамалдинов дегени кызматтык квартирасын студенттерге берип, айына 15 000 сомдон батир акысын алып турчу экен. Эми, Зиядин мырза да ырыскысынан кол жууду, убалы кимге?
А бирок, антейин десең карапайым мугалим, врач, милийса, пенсионерлердин убалычы. Элеттеги катардагы мектеп мугалиминин айлык акысы бүгүнкү күндө 1500-2000 сомдун тегереги. А бир депутаттын маянасынан сырткары эле мамлекет чөнтөгүнөн батирге төлөнгөн 18 миң сом бир мугалимдин канча айлык ырыскысы?! Канча күндүк кубанычы!? Парламент залында ооз ачпай келген З.Жамалдиновго окшогон депутаттардын нерви көп коройбу же мугалимдикиби? Аны айтпасак да түшүнүктүү. Тарбиячы деген тарбиячы, а депутатка эмне - кнопка басты, иш күнү аяктады… Айлыгы өз маалында.
2010-жылдын март айында оркестр коштоосунда шампан атып, жаңы конуштуу үйлөргө ээ болгон балык парламент депутаттары апрель окуясы "суудан" серпип салгандан кийин (бир ай өтпөй) кирген үйлөрүнөн кайра көчкөнчө шашкан. Бирок, айрымдары ушуга чейин чыккылары жок. Чыкпайбыз деп догурунган депутаттардын арасында 14-майда "Ак Жол" партиясынан чыгууга арызын берген Турдукан Жумабекова бар экен. Оюнда - "Акжолдон" чыксам эле үйдүн ачкычы колумда калат десе керек. ЖКнын чарба ишин тейлеген бөлүмдөгүлөрдүн айтымында: догурунгандардын эң ажааны да, албууту да Турдукан айым болуп, үйдү бошот дегендерге босогону аттатпай атыптыр. Андан калышпаган дагы бир Айнура Иманалиева деген долу кесиптеши керек болсо соттошом дегенге чейин барса, жана бир акжолчу Жылдыз Рахимдинова дегендин деле бир парламент залынан ооз ачканын көрбөдүк эле, үй талашка келгенде тили чыгып, буудай кууруп атыптыр. О.э., Гүлнара Дербишова үйдү бошотпойм деген таризде тайраңдап жүргөн кезең. Булардан сырткары Лениндин арбагына "куран окуган" Бүмайрам Мамасеитова, Гүлжамал Султаналиева деген коммунист айымдар менен бирге парламенттин даамын аз убак гана татканга үлгүргөн КСДПчы Карамат Орозова бекер үйдөн чыккылары келбей отурат.
Бакиевдерди өлкөдөн кууп чыккан убактылуулар эми жогоруда аттары аталган "прихватчы" айымдарды качан кубалап чыгар экен?







кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
19-август, 2010-ж.:
1-бет
Кызарган көздөр
2-бет
Жалал-Абад
К.Батыровдун университети жабылды

3-бет
Экс-губернатор Бакиевдин жакыны болгону үчүн атылдыбы?
4-бет
Окшошкондор
5-бет
Кубан АБДЫМЕН, саясат талдоочу:
Полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылчылыгы жок болчу

6-бет
Эмгек мигранттары
көңүл сыртында калууда

7-бет
Айылчы САРЫБАЕВ, экономист:
"...бул өкмөт эч качан
кризистен чыгара албайт"

8-бет
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын төрагасы,
Азимжан Ибраимов:
"Намыскөйлүк менен "кыргыз тили" деп, ишке кирише баштаганбыз"

9-бет
Иш этикети
10-бет
Өзгөчө кырдаалдагы
өгөй көрүнүштөр

11-бет
Багдадда 59 адам курман болду
12-бет
Майып балдар эмне үчүн көп төрөлүүдө?
13-бет
Миң адамга бергис бир адам
14-бет
Ала-Тоодо...
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Клара ИСАКОВА, алып баруучу:
"Майрамбек Осмонов үчүн фамилиямды "өзгөрткөм"




Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_4.htm on line 36

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_4.htm on line 36

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_4.htm on line 36


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_4.htm on line 36

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_4.htm on line 36

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_4.htm on line 36


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_4.htm on line 36

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_4.htm on line 36

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ar/10/0819_4.htm on line 36