Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Экс-губернатор Бакиевдин жакыны болгону үчүн атылдыбы?
Нарын облусунун мурдагы губернатору Тынчтыкбек Чекиевди 14-августка караган түнү атып кетишти.

Окуя экс-чиновниктин Сокулук районун Жал айылындагы үйүндө болгон. Ал ошол түнү бир жактан кеч келип, ашканасында аялы, уулу болуп чай ичип отурганда маскачан беш адам кирип келип, тапанчадан ок чыгарышкан. Натыйжада, денесинин төрт жерине ок тийип, Тынчтыкбек Чекиев ооруканага жетпей, кансырап каза болгон. Ал эми анын аялынын да бутуна ок жаңылып, ооруканада.
Бул иш боюнча ИИМ уюмдашкан топтун каракчылык версиясы боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын баштады. Маркумдун жубайынын айтымында, кылмышкерлер алгач "Акча кайда?" деген гана суроону беришкен. Андан соң башка суроо-сопкутсуз эле ок чыгарышкан. Т.Чекиев коргонуп, чайнек менен бирөөсүн уруп жибергенге үлгүргөн.
Тынчтыкбек Чекиев облусттук деңгээл­деги мамлекеттик кызматкер катары таанымал болчу. Ал Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондорунун акими кызматтарын аркалап келип, 2009-жылы Нарын облусунун губернаторлугуна бекиген. Апрель окуяларын тутандырган Нарындагы электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшүнө каршы митингдер Чекиевдин кызматтан алынышына себеп болгон. Андан кийин эч бир мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес. Убактылуу өкмөттүн мурунку бийликте иштеген чиновниктерге издөө салган, кылмыш ишин козгогон тизмесинде да жок болчу. Бирок, бакиевчилердин толгон токой кылыктарын, болгондо да жең ичинен сүйлөшүлгөн Аксай-Арпа жайлоолору, Нарындагы алтын кендери, Торугарт бажы бекети сыяктууларды жеринен билген бирден бир чиновник болгонун белгилешүүдө. Демек, облусттук деңгээлдеги Бакиевдерге жакын фигура болгон, ажалы да ошонун айынан деген расмий эмес версия бар. Курманбек Бакиев Тогуз-Торонун акими кезинде анын орун басары болуп да иштептир. Качкын президент менен Белорусияга кошо барган экинчи аялын да дал Тынчтык мырза таап бергендиги тууралуу кептер эл ичинде айтылып жүрөт. Бакиевдин токолу ошо кезде "Мисс Казарман" сулуулар сынагын жеңген, сурайылдай сулуу кыз экен.
Кантсе да, Кыргызстанга аты белгилүү дагы бир саясатчынын өмүрү кыйылды. Эми так, адилет иликтөө болсо маркумдун өлүмүнүн чоо-жайы билинээр.





Министр мырза, балдардын ырыскысын кызганбаңыз!

Билим берүү жана илим министри Канат Сыдыков 1-4-класстын окуучуларына мектеп тарабынан берилүүчү тамакка кеткен акчаны мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө, же жаңы окуу китептерин басууга жумшаса болмок деп балп эттирди. Министр мырза, мектептен берилип жаткан тамак-аштын санитардык талапка жооп береринен шектенген ата-энелер бар экенин бетке кармап, ушундай оюн айтат. Белгилей кетсек, балдардын тамагына мамбюджеттен жылына 450 млн сом каралган, ал ар бир окуучуга 7 сомдон тиет. Бул мурунку ажо К.Бакиевдин изги иши деп адилеттик үчүн айта кеткенибиз оң болоор. Ошонун арты менен бир топ окуучулардын сабакка болгон каалоосу да кайсы бир деңгээлде жогорулаган жана ал кээ бир колунда жок үй-бүлөлөр үчүн жакшы эле жөлөк болгон. Эми өлкөбүздүн баш мугалими балдардын ошол тырнактай ырыскысын кызганып атат. Андай эле реформа жасагысы келет экен, неге чиновниктердин айлыгынан кыскартып туруп, ошонун эсебинен мугалимдердикин көтөрөлү дебейт?! Бүгүнкү күндө бюджеттин 40%ы чиновниктерди багууга жумшалат экен. Ошолордон алып туруп, 2000-4000 айлык менен кезерип отурган мугалимдерге берсе неге болбойт?! Куп болот. Министр мырза, андан көрө мындай демилгени өзүңүздүн айлыкты кыскартуу менен баштасаңыз элге жакмак.


Таштанбековго кимдер бут тосууда?

Союз маалында Ооганстанга барып келген ардагерлер да саясаттан алыс эмес жана алардын үчкө бөлүнгөнүнө да көп болгон. Ошолордун бири Ооган согушунун ардагерлеринин партиясы. Аны Акбөкөн Таштанбеков жетектейт жана өзү жалгыз каржылайт. Анкени, бизнестери Максим чоң жерин тартып алгандан кийин деле кудайга шүгүр эле. Бул адам мурда да ЖКнын Эл өкүлдөр палатасына депутат болгон. Эми да депутат болуу ниети менен партиясын алга сүрөөдө. Бирок, Акбөкөн мырза негедир башкалар сыяктуу эле Убактылуу өкмөттөгүлөргө нааразы. Анткени, анын "С легким паром" деген аталыштагы мончосунун суусун токтотуп, анысы аз келгенсип канализациясынын люгуна эки машине кум төктүргөндөр, ошол жогору жактагылар экен. Буга себеп Таштанбековдо бийликтегилер туурасында "бомба" материалдар бар имиш. Муну билген атка минерлер ушундай жол менен аны "кысып" жатышыптыр.
Ал эми кум төгүү "операциясы" тууралуу шаардык суу каналдан сураганыбызда, ишкана жетекчиси Мурадин Сейдалиев кум төктүрүү бул бийликтин буйругу эместигин белгилеп, алардын мончого өз алдынча суу чыгара турган бургулоочу коюп алышкандыгын жана шаарда буга жол берилбестигин айтат. Таза суулары болсо келишимди аткарбаганы үчүн мурда эле токтотулганын айткан Мурадил мырза, бул иштер боюнча азыр соттошуулар уланып жатканын кошумчалады. Ал эми канализациясына төгүлгөн кумду тазалаган Таштанбеков, эмне болсо да шайлоого барчу жолдон кайтпайт көрүнөт.

Б.Асановго партия эмес, папке керек

Жалал-Абад облусунун и.о.губернатору Бектур Асанов өзү жетектеп келген "Эгемен Кыргызстан" партиясынан кетээри тууралуу арызын берди. Анткени, президент Роза Отунбаева облуска болгон иш сапарында аткаминерлеринен же кызматын, же партиясын тандоону талап кылган. Партиядан баш тарткан и.о. губернатор облус аймагындагы үч ГЭСке "саякат" жасап, электр станцияларынын абалы жана коопсуздук иштери менен таанышкан. Ал жердеги адистер Союз маалынан бери иштеп келген станциянын жабдыктарын жаңылоо зарылчылыгын айтып калышкан. Кышында свет өчүрүлбөсүн Бектур мырза да кайталап, топтолгон көйгөйлөрдүн тез арада чечилээрин ишендирген.


Бекназаров Акаевдин түбөлүк оппонентиби?

Дүйшөмбү күнү Улуттук биринчи каналдын түз эфиринде маек курган вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров өткөн окуяларга карата өз аргументтерин саймедиреди. Анда баягы эле кылмыш иши козголду, сурак жүрүүдө, иликтенип атат сыяктуу сооротмо кептер айтылды. Азимбек мырзанын айтымында, элге ок аткандардын кимиси кай жерде туруп, кайсыл ок менен атканынан бери иликтенет экен. Ылайым эле ошондой болсун, бирок, аткан адамдар азыр толук кармалдыбы? Мындан сырткары, Бекназаров Кыргызстанда демократиянын бар экендигин биздин анча-мынча кыргызга караганда бөтөн улуттун айрымдарынын жакшы жашап жаткандыгы айгинелеп тураарын белгиледи. Ал эми УКМК камагындагы саясатчылардын бошотулушу тууралуу суроого, буга чейин кайталаган жообун берди. Анда алардын баягы эле үй камагына чыгарылганын, буга алардын ден-соолугунун начарлаганы башкы себеп болгондугу айтылды. Үсөн Сыдыков го мейли, карылыгы жетип, жүрөгү ооруп жатыптыр. А башкаларычы? Бизде өзгөчө 3-4 айдан бери УКМКга өзү үчүн акчасын күрөөгө койгондор оорулуу болуп чыгып кете берген көнүмүш адатка айланып калгандай. Эми араң кармалган Акмат Бакиевдин кан түкүрүп отурганын аялы "Азаттыкка" айтып чыкты. Балким, анын да ден-соолугуна кам көрүп, үй камагына чыгарганга жардам берээрсиз, Азимбек мырза?! Ал эми өткөндө жеке клиникада дарыланып жаткан Үсөн Сыдыковго тамак-аш көтөрүп кирип кеткен бойдон эки саттай чыкпаган сизди көргөн элдер бири бирине айтып, кеп кылып жүрүшөт. Мындан сырткары, кечээ жакында кол тийбестигинен ажыраган экс-президент Аскар Акаев негедир Азимбек Бекназаровду өзүнүн түбөлүктүү оппоненти атаган. Анткени, Акаевдин айтымында, анын изине түшүү - азыркы вице-премьердин асылгыч идеясы болуптур. Ошол себептүү Аксы окуясын эскерген экс-президент, Бекназаров Орусия тарыхында белгилүү поп Гапондун ролун ойноп, элди атайын уюштуруп, укук коргоо органдары менен тирештирип, жергиликтүү органдардын ийкемдүүлүгүнүн жетишсиздигинен элге ок атылып, андан алты адам каза болгонун айтат. Андан ары Акаев кийин комиссия түзүлүп, күнөөлүүлөр жазага тартылганын жана алардын арасында Бекназаровдун да аты аталганын белгилейт. Ошондуктан, кийин Бакиев аны Башпрокурорлуктан бошотконун эске салган Аскар мырза, Бекназаров андан дайыма өч алып турганын, ошондуктан, ал бүгүн вице-премьердин аракетине ушундай баа берип жаткандыгын кошумчалаган.







кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
19-август, 2010-ж.:
1-бет
Кызарган көздөр
2-бет
Жалал-Абад
К.Батыровдун университети жабылды

3-бет
Экс-губернатор Бакиевдин жакыны болгону үчүн атылдыбы?
4-бет
Окшошкондор
5-бет
Кубан АБДЫМЕН, саясат талдоочу:
Полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылчылыгы жок болчу

6-бет
Эмгек мигранттары
көңүл сыртында калууда

7-бет
Айылчы САРЫБАЕВ, экономист:
"...бул өкмөт эч качан
кризистен чыгара албайт"

8-бет
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын төрагасы,
Азимжан Ибраимов:
"Намыскөйлүк менен "кыргыз тили" деп, ишке кирише баштаганбыз"

9-бет
Иш этикети
10-бет
Өзгөчө кырдаалдагы
өгөй көрүнүштөр

11-бет
Багдадда 59 адам курман болду
12-бет
Майып балдар эмне үчүн көп төрөлүүдө?
13-бет
Миң адамга бергис бир адам
14-бет
Ала-Тоодо...
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Клара ИСАКОВА, алып баруучу:
"Майрамбек Осмонов үчүн фамилиямды "өзгөрткөм"











??.??