Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Жалал-Абад
К.Батыровдун университети жабылды
Билим берүү министрлиги Жалал-Абаддагы "Эл достугу" университетинин ишмердигин токтотуп, лицензиясын кайтарып алды. Университет азыр "улут аралык жаңжалга катыштыгы бар" деп издөөгө алынган экс-депутат Кадыржан Батыровдун атасынын атынан коюлган. Университитетте жалпысынан 1,5 миң чамалуу студент билим алчу. Министрликтен билдиришкенине караганда, университеттин билим берүү ишмердиги лицензиялык нормативдик талаптарга жооп бербей келген. Бирок, аталган ЖОЖдо окуган бир катар студенттер окуу жайдын жоюлушуна нааразычылык билдиришүүдө. Ал эми, андагы 150 студент борбор калаадагы Медициналык академияга жана Кыргыз-Орус славян университетине которулат. Эсиңиздерде болсо, Жалал-Абаддагы тополоң учурунда аталган университет да өрттөлгөн болчу.

Сузактан курал табылды
Бул тууралуу Жалал-Абад облИИБинин басма сөз катчысы Таалайбек Сусунбаевдин маалыматына таянып, президенттин басма сөз кызматы Азаттыкка кабарлаган. Маалыматка ылайык, Ош-Бишкек автожолундагы Топурак-Белден түшө бериштеги "Санпа" пахта заводунун айланасынан огу жок магазини менен Макаров үлгүсүндөгү пистолет табылган. Курал көк түстөгү пакетке оролгону кабарланууда. Аталаган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин "Санпа" ишканасынын тегерегинде 11-15-июнь күндөрү эки адам дайынсыз жоголуп, 16 адам каза болгону айтылган.


Ош
Орто мектептерде мугалимдер жетишпейт
Жаңы окуу жылында Ош шаарындагы орто мектептерде 300гө жакын мугалим жетишпегендигин шаардык билим берүү башкармалыгы билдирди. Бул жагдай билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизип, бир нече сабактар окутулбай да калышы мүмкүн. Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн, педагогикалык жогорку окуу жайлардын 4-5-курсунун студенттерин мектепке тартуу каралууда. Бул маселе Оштогу окуу жайлардын флагманы болгон Ош мамлекеттик университетинин жыйынында каралып, жогорку курстун студенттерине орто мектептерде иштөө үчүн эркин катышууга уруксат бериле тургандыгы да маалым болду. Мындан сырткары, студент жигиттер орто мектептерге күзөткө туруп, мугалимдерге жардам берерин да билдиришти.

Мектептеги сабактар эмне үчүн кыскарды?
Жаңы окуу жылын баштоо алдында мугалимдердин маанайын чөктүргөн дагы бир жаңылык болду. Билим берүү министрлиги тарабынан 2010-2011-окуу жылы үчүн сунушталган базистик окуу пландары мугалимдерди түйшөлтпөй койгон жок. Мында "Адеп сабагы" түп тамыры менен жоюлуп, кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарынын сааттары азайтылган. Ушундай оор кырдаалда балдарга тарбия берүүчү негизги булак болгон адеп сабагынын жоюлушу, мамлекеттин титулдук тили болгон кыргыз тили сабагынын азайтылышын мугалимдер эмнеге жорушун билбей турган чагы. Ош шаарындагы кыргыз тили жана адеп мугалимдери атайын кайрылуу даярдап, пресс-конференция өткөргөнү камынып жатышат.

6040 жумушчу оруну түзүлдү
Ош шаардык миграция жана калкты жумуш менен камсыздоо башкармалыгына коогалаңдан кийин 8655 жаран кайрылган. Алардын 4094ү жумуш издөөчү катарында каттоого алынган. 4561 жаран жумушка орношуу тууралуу түрдүү кеңештерди алышкан. Учурда, 6040 жумушчу орундары түзүлүп, алардын 577си чет элдик инвесторлор тарабынан, 593ү кичи жана орто бизнестүү ишканалардын эсебинен, 707си республикалык бюджеттен, ал эми, экономиканын формалдуу эмес секторунан 4162 жумушчу орундары түзүлдү.


Нарын
"Кыргыз шырдагы" фестивалы өтөт
15-16-сентябрда өтө турган бул фестиваль тууралуу Нарын облустук акимчиликтин жыйындар кеңсесинде өткөрүлгөн уюштуруу чогулушунда айтылды. Облустук акимчиликтин, Нарын шаардык мэриянын, Тышкы иштер министрлигинин, Германиянын техникалык колдоо коомунун, Борбор Азия Университетинин, жергиликтүү ишкерлердин көмөгү аркылуу жүзөгө ашырылуучу бул биринчи фестивалда элдик кол өнөрчүлүктүн көркөм дөөлөттөрүнүн түрлөрү даңазаланмакчы. Фестиваль аталган күндөрү Нарын шаардык спорт стадионундо болмокчу.


Чүй
Төңкөрүштөн жабыркаган ишкерлерге жардам берилүүдө
Апрелдеги төңкөрүштүн айынан борбор калаадагы бир катар ишкерлер жабыр тартканы белгилүү. Аларды атайын комиссия иликтеп чыгып, 355 бизнесмен жалпысынан 600 миллион сомго чукул жабыр тартышканын билдирген. Алардын 75и орто жана ири ишкерлер болсо, 56 ишкана товар ташуучу, калганы ижарага жай алып иштеткен ишкерлер болгон. Эми өкмөт тарабынан аларга тийиштүү компенсациялар төлөнө баштагандыгын Экономикалык тескөө министрлиги эскертет. Компенсацияны "РСК-Банк" банкынан алууга болот.




Оор кылмышка шектүү делген адам кармалды
Бул тууралуу ИИМдин пресс-кызматы кабарлады. 11-августта 07:30дар чамасында Кант шаарынын көчөлөрүнүн биринде азиат улутундагы, 40-45 жаштардагы эркек кишинин кыйнап өлтүрүлгөн сөөгү табылган. ИИМдин башкы кылмыш иликтөө башкармалыгынын, Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын жана Ысык-Ата ИИБсынын оперативдүү-иликтөө иштеринен соң, мурда төрт жолу соттолгон, Д.С. аттуу жыйырма тогуз жаштагы Кант шаарынын жашоочусу кармалган. Каргашалуу окуяны ал мас абалында жасагандыгы аныкталды. Ал маркумдун денесине бир нече жолу сындырылган бөтөлкө менен ургулап, мыкаачылык менен өлтүргөн.


Талас
Таластыктарда нан тартыштыгы болбойт
Бул жылы Таласта 16 миң 189 гектар аянтка буудай себилип, түшүмдүүлүк гектарына 26,7 центнерди түзүүдө. Талас губернаторунун пресс-катчысы Бакай Садыровдун айтымында, болжолдуу эсеп менен жалпы облус боюнча 43 миң, 300 тонна буудай жыйналышы күтүлүүдө. Аталган өлчөм 229 миң калкы бар Талас облусун ун менен камсыздоого жетмекчи.


Ысык-Көл
Каракол ИВСи капиталдык ремонтко муктаж
Каракол шаарындагы Убактылуу кармалуучу жайдын абалы мышык ыйлай турган абалда. Акыркы жыйырма жыл ичинде бул жайга бир да жолу капиталдык ремонт жүргүзүлө элек. УКЖ (ИВС) курулганына толук бир кылым болду. Тактап айтканда, 1910-жылы курулган. Бул тууралуу ушул жайдын башчысы Эрнис Намазбеков билдирди. Ал ушул жылы шаардык кеңешке жардам сурап кайрылган. Ал эми, шаардык кеңештин төрагасы Аскар Иманбаев шаардык кеңеш эч кандай жардам көрсөтө албасын өз кезегинде айтып өттү. Төрага "УКЖ бизден ремонт иштерине 426 миң сом сурады. Азыр аларга ОБСЕ жардам берүүгө макул болду. Анткени, жардам берүүгө биздин чамабыз жок". Иманбаев мындан сырткары мыйзам боюнча жергиликтүү бюджет мындай ишканаларга каражат бөлбөй тургандыгын белгиледи. Бирок, 2008-жылы Иманбаевдин сөзү менен УКЖнын абалын жакшыртууга бюджеттен 100 миң сом бөлүнгөн болчу.


Баткен
Согушчандардын кирүү коркунучу бар
"Баткенде Тажиктер менен чектеш талаш жаратып келген чек арасынын участкасын бекемдебесе, согушчандар кирип келиши ыктымал". Мындай пикирин Баткен облусунун губернатору Султанбай Айжигитов АКИпресс маалымат агенттигине билдирген. Анын айтымы боюнча, кыргыз-тажик чек арасында бүтүндөй стабилдүү көрүнүш, бирок, кооптуу бөлүктөр Лейлек жана Баткен райондору. Бул талаш участкалар чек ара кызматкерлери, облустук жана райондук акимчиликтин тийиштүү бөлүмдөрү тараптан үзгүлтүксүз көзөмөлдө турат. Кыргыз-тажиктердин ортосундагы ар дайым боло жүрчү жер талашуу маселесин жолго салуу үчүн, чек аранын орчундуу жерлерине советтик чек ара боюнча убактылуу тикен зымдарын тартып, эки тараптан тең нейтралдык чийиндерди калтыруу керектигин белгиледи С. Айжигитов. Бул улуттук коопсуздукту камсыздоого аз да болсо көмөк болмокчу. Тез арада чара көрүлбөсө, коркунуч туудурган участкаларга согушчандардын баш багуусу мүмкүн. Мындай окуя болбой койгон эмес. Бир канча айлар мурда Тажикстандын территориясынан Кыргызстанга согушчандар өтүп кетишкен.







кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
19-август, 2010-ж.:
1-бет
Кызарган көздөр
2-бет
Жалал-Абад
К.Батыровдун университети жабылды

3-бет
Экс-губернатор Бакиевдин жакыны болгону үчүн атылдыбы?
4-бет
Окшошкондор
5-бет
Кубан АБДЫМЕН, саясат талдоочу:
Полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылчылыгы жок болчу

6-бет
Эмгек мигранттары
көңүл сыртында калууда

7-бет
Айылчы САРЫБАЕВ, экономист:
"...бул өкмөт эч качан
кризистен чыгара албайт"

8-бет
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын төрагасы,
Азимжан Ибраимов:
"Намыскөйлүк менен "кыргыз тили" деп, ишке кирише баштаганбыз"

9-бет
Иш этикети
10-бет
Өзгөчө кырдаалдагы
өгөй көрүнүштөр

11-бет
Багдадда 59 адам курман болду
12-бет
Майып балдар эмне үчүн көп төрөлүүдө?
13-бет
Миң адамга бергис бир адам
14-бет
Ала-Тоодо...
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Клара ИСАКОВА, алып баруучу:
"Майрамбек Осмонов үчүн фамилиямды "өзгөрткөм"











??.??