Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Клара ИСАКОВА, алып баруучу:
"Майрамбек Осмонов үчүн фамилиямды "өзгөрткөм"
Клара Исаковнын аргендей авазына далайлар суктанып, булбулдун үнүнө теңеп келишет. Ал КТРдин Отличниги, Кыргыз радиосунун жооптуу эфирдик кызматкери жана алып баруучусу. Мээримдүү эне, сүйүктүү жар Клара эже бизде конокто.


- Клара эже, радио чөйрөсүнө кантип аралашып калдыңыз эле?
- Бир күнү кыргыз радиосунун камералык хоруна конкурска катышып, ошол эле убакта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын да хоруна конкурска катышып, экөөнө тең өтүп кеттим. Жашаган жериме жакын деп опера жана балет театрынын хорун тандадым. Ал жерде иштеп жүрүп жолдошумду жолуктурдум. Көп өтпөй баш коштук. Үй-бүлө күткөн соң театрдан чыгып кеттим. Андан кийин калкты жумушка орноштуруу бюросунда иштеп калдым. Кызыгы, ал жумушум да үйүмө жакын болчу. Ойлоп көрсөм, үй-бүлөмө ыңгайлаштырып эле иштеп жүрүпмүн. 1991-жылдары кыскартуу, б.а., ар ким өз кесиби менен иштеши керек болуп, ошондо гана Кыргыз радиосунун музыкалык факультетине келип, музыкалык редакцияда иштеп калдым. Көп өтпөй, Кыргыз радиосунун дирекциялык бөлүмүнө өтүп кеттим. Ошондон бери ушул бөлүмдө иштеп келем.
- Алгачкы эфириңиз эсиңиздеби? Радиодон үнүңүздү укканда кандай сезимдер болот?
- Дирекцияда иштеген эфирдик жооптуу кызматкерлерге эфиге чыгуу талабы коюлду. Мен да алгачкылардан болуп, аба ырайыны окуп эфирге чыккам. Мына ошондон тартып, Кыргыз радиосунда башка уктурууларды алып барып калдым. Радиодон үнүмдү укканда, "Иий, бул жерден минтип сүйлөп койдум, туура эмес дем алдым, басымды башка жакка койдум", деп азыркыга чейин өзүмдү жемелей берем.
- Сизди дикторсуз десек "жок, андай эмесмин" деп каласыз. Себеби эмнеде?
- Музфакты бүтүргөндүктөн хордо ырдаганда кыйналбайм. Анткени ал боюнча билимим бар, менин кесибим деп айта алам. Ал эми дикторлук боюнча эч кандай билим алган эмесмин. Беш жылдап дикторлук өнөрдү окугандар бар эле да. Тамара Алсейитова, Тамара Жаманбаева сыяктуулар. Дем алууну жөнгө салуу, туура, так сүйлөө, дикция, артикуляция мына ушулардын баарынан кыйналгам. Бирок, сырттан кошумча дикторлук боюнча күчтүү адистерден көп сабак алдым жана алып келем. Ошондуктан азыркыга чейин өзүмдү толук кандуу диктормун деп айта албайм. Эгер мени диктор деп эсептегендер болсо, угармандардын сынына койдум.
- Сын демекчи, сынга реакцияңыз кандай?
- Албетте, сынды угам. Көбүнчө кызым сынап турат. "Сиздин ордуңузга дем алгым келип кетти, окуганда кыйналып жатасыз" деп жемелеп коймой адаты бар. Бир жолу Майрамбек Осмонов: "Кыргыз радиосунда жакшы алып баруучу пайда болду. Бирок, "Исакава" деп фамилясын туура эмес орусча окуйт дебеспи. Ошондон уялып, Исакова деп айтып үйрөнгөм. Кийин Майрамбекке жолугуп, "Сен үчүн фамилиямды өзгөрттүм" десем аябай күлгөн.
- Үнүңүзү угуп жүрүп, жүзүңүздү көргөнгө ашыккан угарман­дарыңыз болду беле?
- Андайлар жокко эсе. Бирок, "үнүңүз назик, мага жагат" деп жакшы сөздөрүн айткандар бар.
- Үй-бүлө кичинекей мамлекет эмеспи. Сиздин чакан мам­лекетиңиз тууралуу билгибиз келип турат.
- Жолдошумдун кесиби врач. Чыгармачылыгымды жакшы түшүнөт жана ар дайым колдоп келет. Бир уул, бир кызым бар. Экөө тең студент. Кыз берип, келин ала элекмин.
- А кандай кожойкесиз?
- Тамакты мыкты жасап, үйдө тың кожойкемин. Ден соолугума өзгөчө маани берем. Буюрса, неберелүү болсом оорудум-сыркадым дебей баарын өзүм багам.


Маектешкен Самара САГЫНБАЕВА




кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
19-август, 2010-ж.:
1-бет
Кызарган көздөр
2-бет
Жалал-Абад
К.Батыровдун университети жабылды

3-бет
Экс-губернатор Бакиевдин жакыны болгону үчүн атылдыбы?
4-бет
Окшошкондор
5-бет
Кубан АБДЫМЕН, саясат талдоочу:
Полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылчылыгы жок болчу

6-бет
Эмгек мигранттары
көңүл сыртында калууда

7-бет
Айылчы САРЫБАЕВ, экономист:
"...бул өкмөт эч качан
кризистен чыгара албайт"

8-бет
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын төрагасы,
Азимжан Ибраимов:
"Намыскөйлүк менен "кыргыз тили" деп, ишке кирише баштаганбыз"

9-бет
Иш этикети
10-бет
Өзгөчө кырдаалдагы
өгөй көрүнүштөр

11-бет
Багдадда 59 адам курман болду
12-бет
Майып балдар эмне үчүн көп төрөлүүдө?
13-бет
Миң адамга бергис бир адам
14-бет
Ала-Тоодо...
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Клара ИСАКОВА, алып баруучу:
"Майрамбек Осмонов үчүн фамилиямды "өзгөрткөм"











??.??