Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Астро төлгө
Кой (21.03-20.04)
Сүйүүдөгү келишпестик, жумушуңузга тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. Акчаңызды ашыкча коротпоңуз, буюмдарды зарылчылыгына карап гана сатып алган оң. Шаршемби күнү күтүлбөгөн жолугушуу сизди, бушайманга салышы мүмкүн. Ишемби, жекшемби күндөрү конок күтүп күйпөлөктөйсүз.

Букачар (21.04-21.05)
Иштин баары эч бут тосуусуз, оңой эле жасалат дегенге бул жолу ишенбеңиз. Ким менен кандай мамиле куруу керекетигин тактап алууга ыңгайлуу апта. Ал эми Шейшемби күнү жакын адамыңыздан белек алып кубанасыз. Апта аягы чарчоо менен коштолот. Демек, эс алууга убакыт келгенин эстеңиз.

Эгиздер (22.05-21.06)
Бул жумада үй-бүлөгө көбүрөөк маани берип, алардын көз алдында болуңуз. Жума күнкү натыйжасыз иштерге чарпылбай, акыл калчап иш кылганыңыз оң. Бул апта сиз үчүн бактылуу кокустуктарга бай. Балким лотереядан утушка да ээ болуп калышыңыз ыктымал.

Чаян (22.06-22.07)
Жаңы идеялар өзүнөн өзү жаралып, жакшы долбоорлордун үстүндө иш алып барууга түрткү болот. Ушул тапта жакындардын, достордун пикирин угуп коюу аздык кылбайт. Ишемби күнү жолго чыгып, алыс жактарда эс алышыңыз мүмкүн.

Арстан (23.07-23.08)
Эски мамилелерди жандандырууга ыңгайлуу апта. Ал эми жаңы тааныштар менен олуттуу маселени талкуулабай эле койгонуңуз оң. Жаңы сүйлөшүүлөр, жаңы идеялар жаралып дүйнөгө болгон көз карашыңыз өзгөрөт. Бейшемби күнү дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп коюу ашыктык кылбайт.

Бийкеч (24.08-23.09)
Бийкечтердин сүйүүдө мамиле түзүүсү үчүн ушул аптанын ыңгайлуу экенин жылдыздар эскертет. Калыс пикириңизден эле талаш-тартыштуу маселелерден утуп чыгасыз. Ар бир мамилеге маани берип, кылдат болуңуз.

Тараза (24.09-23.10)
Интеллектуладык жактан өсүп жетилгендигиңизди кесиптештериңизге далилдей билиңиз. Ал үчүн көбүрөөк окуп, азыраак сүйлөгөнгө үйрөнүңүз. Апта аягын эс алууга жумшап, достордун курчоосунда өткөрсөңүз бир топ убакытка жашаргандай болосуз.

Бөйөн (24.10-22.11)
Келишпестиктерге кабылбайын десеңиз башкалардын да оюн сыйлаганды унутпаңыз. Конфликттердин аягы жолугушуу менен аяктап, сизге сын айткан адамдар чыга келет. Кызматтык абалдан кыянат пайдалануунун арты жаман болоору эсиңизде болсун.

Жаачы (23.11-21.12)
Үй-бүлөдөгү мамилеге доо кетип калбасын десеңиз, башкалардын айтканына ишене бербеңиз. Ал эми маселелерди чечүүдө, чечим чыгарууда үй бүлөлүк топ жардамга келет. Жума күнү жолго чыксаңыз, жекшембиде үй жумуштары менен алек болосуз. 12-декабрь

Текечер (22.12-20.01)
Бул апта сиз үчүн романтикага бай. Ал эми сүйүктүү болбой калуудан коркпоңуз. Анткени сиздердин чыр-чатак убактылуу гана. Көңүл ачууну, эс алууна самап, бул аптада жарытылуу деле иш бүтүрө албайсыз.

Суупери (21.01-19.02)
Атаандаштык өнүгүп, изденүүлөр пайда болот. Өзүңүздүн артка кайтпас, көк жал мүнөзүңүздү көрсөтөсүз. Ал эми үй-бүлөдө маанилүү ролду ойноп, жакындардын алкышына татыйсыз. Акчага сарамжал болуңуз, алдыда кризистүү апталар келатат.

Балыктар (20.02-20.03)
Жеке жашооңузду ийгиликтер коштоп, акча маселесине байланышкан көйгөйлөр бул жумада чечилиши мүмкүн. Андыктан каражат барында ден соолукка кам көрүп алган туура. Мамиле жаатында болсо бирөөгө аткара алгыс иш үчүн сөз берүүдөн алыс болуңуз.









кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
19-август, 2010-ж.:
1-бет
Кызарган көздөр
2-бет
Жалал-Абад
К.Батыровдун университети жабылды

3-бет
Экс-губернатор Бакиевдин жакыны болгону үчүн атылдыбы?
4-бет
Окшошкондор
5-бет
Кубан АБДЫМЕН, саясат талдоочу:
Полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылчылыгы жок болчу

6-бет
Эмгек мигранттары
көңүл сыртында калууда

7-бет
Айылчы САРЫБАЕВ, экономист:
"...бул өкмөт эч качан
кризистен чыгара албайт"

8-бет
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын төрагасы,
Азимжан Ибраимов:
"Намыскөйлүк менен "кыргыз тили" деп, ишке кирише баштаганбыз"

9-бет
Иш этикети
10-бет
Өзгөчө кырдаалдагы
өгөй көрүнүштөр

11-бет
Багдадда 59 адам курман болду
12-бет
Майып балдар эмне үчүн көп төрөлүүдө?
13-бет
Миң адамга бергис бир адам
14-бет
Ала-Тоодо...
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Клара ИСАКОВА, алып баруучу:
"Майрамбек Осмонов үчүн фамилиямды "өзгөрткөм"











??.??