Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Ала-Тоодо...

Жаштар олимпиадасы.
Бизде 1 алтын, 1 коло
Сингапурдагы 1-жаштар олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн эки балбаныбыз жеңишке жетишти. 15-августта уландар арасында Азия чемпиону Урмат Аматов финалда украиналык Александр Литвиновду утуп, олимпиада чемпиону аталды.
Ал эми жалалабаттык Шадыбек Сулайманов кубалык Бангуэль Родригес менен үчүнчү орун үчүн күч сынашып, коло байгени багындырды.
Президент Роза Отунбаева аларды телефондон куттуктады. Күрөш федерациясынын президенти Б.Абилдаев кыргыз балбандарынын 1 алтын, 1 коло байге утканын эл аралык адистер жогору баалашканын билдирди. Эки балбаныбызды Сингапурдун ажосу Селлапан Раманатан да куттуктады.
Колого ээ болгон Ш.Сулаймановдун устаты Өмүралы Жакыпов кубанычы койнуна батпай, "Азаттыкка" мындай дейт:
- Түштүк жергесиндеги кайгылуу окуялардан кийин Шадыбек экөөбүздүн машыгууларыбыз, Сингапурга даярдыктарыбыз кыйынга турду. Спорт залдар жабылып, талкаланган эле. Ошондуктан бир айда Бишкекке 2-3 жолу келип, машыгуу өткөрүп турдук. Сингапурда шакиртим Шадыбек жеңген коло медаль биз үчүн алтынга тете. Абдан көп кыйынчылыктарды баштан кечирдик. Ошол мээнетибиз акталды. Алдыда дагы далай зор максаттар, бийиктиктер турат.
Ал эми суучулдарыбыз Дмитрий Александров менен Екатерина Лысенко мелдештерге 20-августтан баштап катышмакчы. Калган төрт спортчу 21-августта мөөрөй талашка чыгышат. Алар: боксчу Исломжан Далибаев, балбан Ильяз Бактыбеков, дзюдочу Болотбек Токтогонов жана кайыкчы Руслан Молтаев.
Учурда медалдардын саны боюнча Кытай, Россия, Азербайжан алдыда баратышат.
Олимпиадага 200 чамалуу өлкөнүн 14-18 жаштардагы 3 миң 600 спортчулары спорттун 29 олимпиадалык түрлөрү боюнча күч сынашууда.
Олимпиада оюндары 26-августта жыйынтыкталат.




  Ааламда...

Касильяс "Челсиге" кетиши мүмкүн
Ушул жылдын жай айында "Реалдын" көзгө басаар оюнчусу, кыйла жашка чыгып калган дарбазачы Икер Касильяс "Челси" футбол клубуна барып калышы мүмкүн. Бул тууралуу каталондук Sport гезити жазып чыкты. Маалыматка караганда, мадриддиктер Касильяска тең келе турган Испаниянын "Альмерии" футбол клубунда ойногон Диегу Алвесаны көзгө алып коюшкан. Ушул сезондун аягында Диегу "Реалга" келет. Эсиңиздерге сала кетсек, быйыл ЮАРда өткөн дүйнө биринчилигинде Касильяс испандыктардын дарбазасын бекем коргоп, командасынын чемпион болуусуна баарынан көп салым кошкон.


Мария Шарапова жеңилди
Россиялык теннисчи айым, Мария Шарапова бул жолу Цинциннатиде (АКШ), башкы трофей үчүн болгон мелдеште жеңишти алдырып жиберди. Ошентип башбайге үчүн коюлган 2 миллион доллардан кол жууду. Жекшембиде өткөн оюнда, өзүнүн ооматы келбегендиктенби, же даярдыгы жоктугунанбы, айтор, бельгиялык теннис чебери Ким Клейстерсден жеңилүү ызасын тартты. Эсеп, 6:2, 6:7, 2:6 болуп, оюн ошону менен токтоду. Оюн эки жарым саатка созулган. Шарапова өзүнө ишенип, ортодогу эсеп сандарынан озуп баратып эле алсыздыгын, анан өзүнө ишенбөөчүлүгүн көргөзүү менен утулуп калгандыгын ырастады. Тыныгуудан кийин Клейстерстин дымагы күчөп, ошол дымагы менен тай-брейкке чейин жетип, жеңишти өзүнө оодарды.


Сууда сүзүү боюнча Евробиринчилик аяктады
Россиянын курама командасы сууда сүзүү боюнча Европа чемпионатында алдына ат салдырган жок. Мелдеш Венргрия башкалаасы Будапештте болуп өттү. Россиялык спортчулар 27 медаль топтоого жетишишкен. Алардын 13ү алтын. Континенталдык биринчилердин катарында топ баштоочусу болуп келе жаткан Россия суучулдары дымактуу экенин дагы бир жолу көргөзүштү. Ошентип, 4х200 метрге эркин сүзүү боюнча Данила Изотов, Александр Сухоруков, Сергей Перунин жана Никита Лобинцевдер байгелүү орундарга арзышкан.


ФИФАнын сынчылары Россияга келишти
16-августта Эл Аралык футбол федерациясынын (ФИФА) баа берүү ассоциациясы Россияга келет. Алар 2018- же 2022-жылы боло турган дүйнөлүк чемпионатка даярдык көрүп жаткан Россиянын бир нече шаарларын кыдырып чыкмакчы. ФИФАнын инспекторлору биринчи жүрүшүн Санкт-Петербург шаарынан баштап, андан соң Москвага баам салышат. Эскерте кетсек, дүйнөлүк чемпионат кайсыл жерде боло тургандыгы жөнүндө ФИФАнын эң акыркы жыйынтыгы, ушул жылдын 2-декабрында Цюрихтеги штаб-квартирасында жарыяланат. Ошол күнү ФИФА аткомунун чечими менен Дүйнөлүк чемпионат өткөрөм дегендерди тааныштыруу башталат. Федерациянын маалымат кызматынын билдиришинче, 2018- жана 2022-жылдардагы дүйнөлүк чемпионатты өткөрөлү деп 13 өлкө арыз беришкен. Алар: Австралия, Бельгия, Голландия, Англия, Индонезия, Япония, Мексика, Россия, Испания Португалия, АКШ, Түштүк Корея жана Катар.


Тарыхтагы эң бай спортчу аныкталды
Окумуштуулар эң бай спортчуну аныкташты. Ал Римдик Гай Апулей Диокл экен. Бул жөнүндө журналист, Чикаго университетинин профессору Питер Страк айтып чыкты. Анын изилдөөлөрүнө таянсак, Диокл өзүнүн спорттук карерасында 15 миллиард АКШ долларына жакын акчага барабар байлык тапкандыгы белгилүү болгон. Диокл спорт дүйнөсүнө 18 жашынан аралаша баштаган, ири суммадагы акча каражатына иштегенди үйрөнгөн. Карерасын 42 жашында жыйынтыктаган. Ал ошо кездеги спорттун белгилүү түрү "Ат араба жарышында" өзүн эң мыкты деңгээлде көргөзө алган. Мелдештерден уткан мөөрөйлөрү, белектери ж.б. болуп, 36 миллион сестерцияга жеткен. Гай Апулей Диокл байлыгы боюнча дүйнөдөгү эң бай гольфчу Тайгера Вудсадан он эсе ашып түшүптүр. Жаңы замандын спортчусу араң гана 1 млрд доллар топтоого жетишкен.


Майкл Оуэн карыдым дейт
Мурдагы "Ливерпульдун", азыркы "Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу англиялык Майкл Оуэн өзүнүн карып баратканын журналистерге эскертти. Мурдагыдай ойной албай калганын азыр футболчу жон териси менен сезип отурганын баса белгиледи. Бирок, "бөрү карыса бир койлук алы бар" дегендей түр көрсөтүп, алдынкы 4-5 жылдын ичинде жакшы оюн көрсөтөм деп кайра шымаланууда. "Азыр жашым 30да. "Манчестер Юнайтеддин" ар бир оюнунда ойноо мен үчүн абдан оор болуп турат. Өзүңүздөр билгендей көп жолу жаракат алгам. Жаш чагымдагыдай "супер" оюн көргөзө албайм. Мен баштагы Оуэн эмесмин. Бирок, кандайдыр бир деңгээлде оюн стилимди өзгөртүп, аз болсо да алдыңкы 4-5 жыл аралыгында атымды сактап турууга бел байлап жатам", -дейт футболчу.


Жакшылык ЖУМАБЕКОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
19-август, 2010-ж.:
1-бет
Кызарган көздөр
2-бет
Жалал-Абад
К.Батыровдун университети жабылды

3-бет
Экс-губернатор Бакиевдин жакыны болгону үчүн атылдыбы?
4-бет
Окшошкондор
5-бет
Кубан АБДЫМЕН, саясат талдоочу:
Полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылчылыгы жок болчу

6-бет
Эмгек мигранттары
көңүл сыртында калууда

7-бет
Айылчы САРЫБАЕВ, экономист:
"...бул өкмөт эч качан
кризистен чыгара албайт"

8-бет
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын төрагасы,
Азимжан Ибраимов:
"Намыскөйлүк менен "кыргыз тили" деп, ишке кирише баштаганбыз"

9-бет
Иш этикети
10-бет
Өзгөчө кырдаалдагы
өгөй көрүнүштөр

11-бет
Багдадда 59 адам курман болду
12-бет
Майып балдар эмне үчүн көп төрөлүүдө?
13-бет
Миң адамга бергис бир адам
14-бет
Ала-Тоодо...
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Клара ИСАКОВА, алып баруучу:
"Майрамбек Осмонов үчүн фамилиямды "өзгөрткөм"











??.??