Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Майып балдар эмне үчүн көп төрөлүүдө?
Учурда төрөлгөн балдардын көбү эле тубаса майып же болбосо ырайы суук болуп төрөлүп жатат. Мунун себеби эмнеде? Кандай чара көрүш керек? Ушул сыяктуу суроолор эч кимди кайдыгер калтырбайт. Гезиттин бул санында, келечекте эне болом дегендерге, канткенде ден соолугу чың бала төрөлөөрү туукралуу кыскача маалымат бермекчибиз.


Балдардын тубаса оорулары
Мындай оорунун түрлөрүнө кулагы жок болуп төрөлүү, кабыргалардын жетишпестиги, кыздарда жыныс кыны жок төрөлүү, ичегилердин түйүлгөн түрүндө болушу, көтөн чучугу туюк төрөлүү, көкүрөк сөөгүнүн чыгып же кирип кетиши, кол-буттун манжаларынын биригип калуусу, ашыкча манжалуулук же тескерисинче кол-буттун манжаларынын биринин же бир нечесинин жетилбей калуусу, жатыны жок төрөлүү, ички органдардын шишиги менен төрөлүү кирет. Мындан тышкары, бир буту кыска, май тамандык жана башкаларды кошууга болот.

Эмне себептен майып болот?
Эне боюнда болгон алгачкы 3 ай ичинде коюлган талаптарды аткарбагандыгы башкы себеп десек болот. Анткени, алгачкы 3 айдын ичине жатында түйүлдүктүн мүчөлөрү калыптанат. Ушул мезгилде болочок эне спирт ичимдигин ичип жана тамеки тартса, үйбүлөлүк чыр-чатактан катуу кайгырууларга туш келсе, сапатсыз тамак-аштарды колдонсо, дарыгердин уруксатысыз дары-дармекти ичсе ичиндеги түйүлдүккө доо кетип, бала майып болуп төрөлүшү мүмкүн. Мындан тышкары, ысык күндөрү күн нуру алдында узакка иштесе күн нурлары денесине өтүп, натыйжада, бала майып төрөлөт.
Экологиянын бузулуусу да таасирин тийгизет. Мисалы, көл аймагында экологиянын бузулуусу көкүрөк сөөгү ичке кирип же сыртка чыгып төрөлгөн балдардын төрөлүшүнө алып келүүдө. Кийинки кездерде май куюуучу жайларда иштегендерден тышкары көчө бойлорунда, үйлөрүндө аялдардын бензин, солярка сатуусу тубаса майып балдардын төрөлүшүнө түздөн-түз таасир берип жатат.
Абада радиациялык нурлардын жогорулоосу да тубаса онкологиялык оорулар менен төрөлүүгө алып келет.
Оорулуу балдарга кандай кам көрүлөт?
- Төрөт үйлөрүндө наристе төрөлөөрү менен денсоолугунун абалы текшерүүдөн өтөт. Эгер организминдеги кемчилик билинсе, дароо адистештирилген ооруканаларга которулат.
Диагнозду тактоо үчүн наристе рентгенден же компьютердик томографиядан өткөрүлүүсү ыктымал.
- Дарылап айыктыруу комплекстүү түрдө жүргүзүлөт. Операциядан тышкары ийне саюу, дары-дармек жана физиотерапия менен дарылап айыктыруу колдонулат.
Операциялардын кээси бала төрөлгөндө эле жасала турган болсо, кээси кийинки жылдарда деле жасала берет.

Бала төрөлөөрү менен жасалуучу операциялар
Ымыркай көтөн чучугу туюк же ички органдары сыртка чыгып төрөлсө, ал төрөлгөндөн кийин 2 сааттан соң операция жасалат.
Ичегилери түйүлүп төрөлгөндөргө да операция жасалып, түйүлгөн жерди кесип, ичегилер улантылып тигилет.
Көтөн чучугу туюк түрдө туулгандарга операция жасалып, арткы каналы ачылып коюлат.

Бала бир аз чоңойгондо жасала турган операциялар
Жатын кыны жок туулган кыздарга операция жасоодо хирургдар кыздын өзүнүн жоон ичегисинен кесип алып, ошондон жатын моюнчасын жасашат.
Тубаса кыйшык колдуулукта наристе кол сөөгүнүн кемчилиги менен төрөлөт. Мисалы, бир сөөктүн өспөй калгандыгынын негизинде колу кыйшык болуп калат. Эгер наристе ушундай абалда туулса, колу гипс таңуу менен акырындап оңдолуп барып, анан ортопедиялык аппарат менен оңдолууга өтөт. Мындай дарылоо натыйжасын бербесе, пластикалык операция жасалат.
Кол-бутунун манжалары жабышып туулгандардын манжаларынын аралары ачылып коюлат.
Тубаса кулагы жок төрөлгөндөргө 5ке толгондон тартып операция сунушталат. Операция 2-3 этапта жүргүзүлөт. Жыйынтыгында, баланын кабыргасы операциялык жол менен алынып, андан хирургдар кулак жасашат. Ошентип, бала өз кабыргасынан жасалган кулактуу болот.
Көкүрөк сөөктөрүнүн кирип же сыртка чыгып төрөлүшүндө баланын 4-6 жашында көкүрөгүнө пластинка орнотулуп, ал сөөктөргө бекитилип коюлат. Сөөктөр калыбына келген кезде, тактап айтканда, 6 айдан соң пластинка алынып салынат.
Манжасы көп төрөлгөндөрдүн ашыкча манжасы кесилип салынат.
Оорулардын түрлөрүнө карап заманбап ыкмаларда операциялар жүргүзүлөт.

Ден соолугу чың бала төрөш үчүн эмне кылыш керек?
Балалуу болууну пландоодо көпчүлүк ата-энелер маани бербейт. Балалуу болууну каалаган аялзаты дарыгердин көзөмөлүндө текшерилүүдөн өтүшү керек. Энеде инфекция болсо түйүлдүк өлүшү, же бир органынан порок (кемчил) болуп төрөлүшү, ара төрөлүшү мүмкүн. Наристе жакшынакай төрөлсө да кийинчерээк итий ж.б. ооруларына кабылышы ыктымал. Демек, инфекция наристелердин коркунучтуу ооруларынын башаты. Аялзаты 35-36 жашка чейин төрөгөнү жакшы. Анткени, ушул куракта көпчүлүк кыз-келиндердин ден соолугу чың болот. Бойго бүткөн биринчи күндөн баштап аялдар өздөрүнө өзгөчө көңүл бөлүш керек. Кош бойлуу убак баланын ден соолугу үчүн өтө маанилүү мезгил болуп эсептелет. Бул маалда зат алмашуу бир кыйла күчөп, түйүлдүк ургаалдуурак өөрчүйт. Аял башка маалдагыга караганда ооруларга оңой жана бат чалдыгат. Биринчи мезгил - бойго бүткөн соң 7-14-күндөргө туура келет. Тышкы чөйрөнүн бүлүндүргүч таасири, мисалы, ысып кетүү же кислороддун жетишсиздиги өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Экинчи мезгил - кош бойлуулуктун 3-6- жумаларына туура келет. Түйүлдүк ооруга чалдыкса ар кандай тубаса оорулардын пайда болушуна алып келет. Кош бойлуу учурда УЗИден көп өтсө түйүлдүккө зыян келиши мүмкүн.
Элес Турар









кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
19-август, 2010-ж.:
1-бет
Кызарган көздөр
2-бет
Жалал-Абад
К.Батыровдун университети жабылды

3-бет
Экс-губернатор Бакиевдин жакыны болгону үчүн атылдыбы?
4-бет
Окшошкондор
5-бет
Кубан АБДЫМЕН, саясат талдоочу:
Полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылчылыгы жок болчу

6-бет
Эмгек мигранттары
көңүл сыртында калууда

7-бет
Айылчы САРЫБАЕВ, экономист:
"...бул өкмөт эч качан
кризистен чыгара албайт"

8-бет
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын төрагасы,
Азимжан Ибраимов:
"Намыскөйлүк менен "кыргыз тили" деп, ишке кирише баштаганбыз"

9-бет
Иш этикети
10-бет
Өзгөчө кырдаалдагы
өгөй көрүнүштөр

11-бет
Багдадда 59 адам курман болду
12-бет
Майып балдар эмне үчүн көп төрөлүүдө?
13-бет
Миң адамга бергис бир адам
14-бет
Ала-Тоодо...
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Клара ИСАКОВА, алып баруучу:
"Майрамбек Осмонов үчүн фамилиямды "өзгөрткөм"











??.??