Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Багдадда 59 адам курман болду

17-августта Багдаддагы терактан 59 адам набыт болуп, жүзгө чукулу жаракат алышты. Террорист өзүн борбордук аянтта чогулган аскерлердин жанына барып жардырып жиберген. Ошентип, шаардык моргго көптөгөн өлүктөр жеткирилгенин Франс Пресс агентствосу айтып чыкты. Агенттиктин биринчи маалымдамасында, 40 чакты киши курман болуп, 100гө жакыны жарадар болгону кабарланган. Бирок, кийин жоготуулардын саны өсүп кеткен. Өлгөндөрдүн ичинен көпчүлүгү аскер кызматкерлери болгон. Жардыруу бир мезгилде Саддам Хусейндин коргоо министирлиги жайгашкан имараттын жанында болгон. Ал эми азыркы күндө ал имаратта Ирак армиясын даярдоо боюнча иш жүргүзүлөт. Жаракат алгандар борбордук клиникага жеткирилген. Алардын ичинен көпчүлүгүнүн абалы өтө оор.


НАТО генералы эми студенттерди окутат

НАТО согуштук блогунун Афганистандагы аскер күчүнүн экс-колбашчысы, генерал Стэнли Маккристал июнь айында АКШ президенти Барак Обаманын буйругу менен иштен четтетилген эле. Бирок, кайрадан эле кадырлуу кызмат ордуна келди. "Кадырлуу дегенибиз, эми генерал Йельс университетине мугалим болуп иштемекчи" деп CNN телекомпаниясына аталган университеттин катчысы Дори Бэйкер маалымдады. Анын айтканына таянсак, генерал Жексон институтуна улук окутуучу катары барат. Эми, 2010-жылдын күз айларынан тартып генерал өз жумушун баштайт деп билдирди. Маккристалдын Rolling Stone журналына берген интервьюсунда, ал АКШнын вице-президенти Джо Байденди, Улуттук коопсуздук комитетинин кеңешчиси Джеймс Джонсаны ж.б. Ак Үйдүн кызматкерлерин иштен четтетилишине күнөөлүү деп сындап өттү. Тактап өтсөк, 23-июнда Обама Маккристалды иштен алып, ордуна АКШнын Борбодук башкаруусунда эмгектенген генерал, бизге тааныш Дэвид Петреусту дайындаган болчу.


Ислам кыймылынын лидери
Тахир Юлдашев каза болду

Борбор Азияда издөөдө жүргөн, Өзбекстан Ислам кыймылынын лидери Тахир Юлдашевдин курман болгону жөнүндө ӨИКнын маалымат кызматы билдирди. Буга чейин Ислам кыймылы тууралуу бир нече сүрөттөр интернет беттерине жайгаштырылган болчу. Анда негизинен сакалчан кишинин сүрөттөрү кезиккен. Ал Тахир Юлдашев деп таанып чыгышты. Сүрөттөн Ислам кыймылынын лидерине таандык башка эч кандай белгилерди көрө алышкан эмес. Буга чейин да Т.Юлдашевдин бир нече жолу өлгөндүгү тууралуу кеп тараган. Мисалы, былтыр да ушул сыяктуу каңшаар кеп дүр дей түшкөн. Анда, пакистандыктардын айтуусунда, АКШ Түштүк Вазиристанга аба аркылуу сокку урганда набыт болгон деп айтышкан.


АКШ теле миллионерлери

АКШнын эң баалуу радио жана теле алып баруучулары жылына 1 миллиард доллар таап турушат экен. Бул тууралуу Forbes журналы билдирет. Айлык маянасы эң кымбат алып баруучулардын катарына - миллиардерлер Опра Уинфри жана Дональд Трамптар кирет. Алардын бир алган гонорары миллион долларга жетет. Мисалы, ABC телеканалындагы "Опра Уинфринин Шоусу" деген Американын белгилүү көрсөтүүсүн кеминде140 өлкөнүн 70 миллиондой жашоочусу көрөт. Ошону эске алып, Уинфринин жылдык кирешеси 2,3 миллиард доллар деп белгилешкен. Ал эми өткөн жылы кара түстөгү шоу-вумендин жылдык кирешеси 315 миллион долларга жеткенин ушул эле журнал кабарлаган. Трамп менен Уинфриден кийинки көчтү "сүйлөө голчусу" лакап аты менен таанымал, "Американын таланты" (орустардын "Минуты славы" берүүсүнүн түп нускасы) берүүсүнүн алып баруучусу Саймон Коуэлл улап келатат. Анын жылдык кирешеси 80 миллион долларды чапчып барат.


"АвтоВАЗ" конкурстун
жыйынтыгын чыгарды

"Lada: элдик машина, элдик ат менен", деген ураанга жамынып, жаңы чыгарыла турган машинага ат коюу конкурсу аяктады. Ар бир каалоочу жаңы маркадагы машинага өзү каалаган ысымын айтышты. Эми "АвтоВАЗдын" жаңы маркасы, жаңы ат менен 2011-жылы чыгарыла баштайт. Конкурстун акырында, калыстардын жана АвтоВАЗдын президенти Игорь Комаровдун чечими менен Lada 2190 - Lada Granta деген ысымга токтолушту. Анын жеңүүчүсү болуп Красноярский крайынын жашоочусу Павел Захаров таанылды. Ага Москва эл аралык автосалонунда Lada Kalina авто унаасынын ачкычын тапшырышмай болушту. Белгилей кетсек, бул унаа Тольятти автозаводунан чыккан 26 миллионунчу машина болуп саналат. Андан сырткары дагы жеңүүчү деп дагы 9 кишини белгилешти. Бирок, алардын айткан аттары "АвтоВАЗ" компаниясынан мындан ары чыга турган автоунааларга коюлат деп, резервге сакташты.


Шайлоодо Чавестин шансы аз эмес

Венесуэладагы Бирдиктүү Социалдык партиясынын лидери, өлкө Президенти Уго Чавес 26-сентябрда боло турган парламенттик шайлоодо биринчиликти колдон чыгарбайт деп айтышууда. Datanalisis компаниясынын иликтөөсү ушундай жыйынтыкты көрсөткөн. Эгер Чавестин "Бирдиктүү социалдык партиясы" шайлоодон жеңип чыкса, конгресcтен 124 орун алат. Ал эми эксперттер оппозициялык маанайдагы "Бирдиктүү демократиялык фронт " партиясын 2-орунга чыгат деп божомолдошууда. Андай болсо, оппозиция конгресстен 43 гана орун алуу менен чектелет. Алдыдагы шайлоодо жеңе турган болсо Чавес өлкөнү 2019-жылга чейин өнүктүрүү долбоору боюнча иштейм деп убада берип жатат. Анда жакырчылык менен күрөшүү, коррупцияны түп тамырынан жок кылуу идеясы камтылган. Мындан башка билим берүү жаатына көңүл бурулаарын айткан. Окуучуларды Карл Маркс жана Че Геваранын эмгектери менен тарбиялоосун да кыстарып өткөн.


Саакашвили кайда житти?

Грузиялык журналисттер өткөн аптада Президенти Михаил Саакашвилинин дайнын таппай, кайсалап калышкан. Бул жөнүндө "Резонанс", "Все новости" гезиттери жана "Палитра" радиосу кабарлаган. Божомолдорго караганда, Саакашвили АКШга зуу коюптур. "Ушул жылдын апрель айында да 3 жума жок болуп кетип, анан АКШдан келген. Ошондо, Саакашвили Польша президенти Лех Качиньский жана анын жубайынын жерге берүү азасына жетишип келген. Грузин президенти Ватиканда, Румынияда да көп күндөп жүрүп алган мезгилдери болгон. Андан кийин Кариб бассейинине иш сапары менен барганда да бир нече күн элинен изин жашырып жүргөн" деп ИА REGNUM маалымат кызматы билдирди. Саакашвили 5-августта Калумбия президентинин инаугурациясына катышканы кеткен. Андан кийин Кариб көлүнүн Аруба жарым аралына баргандыгы жөнүндө кеп таркаган. Чет элдик бир катар ММКлардын жазгандарына таянсак, Саакашвили кыз жандуу адам. Демек, публикадан бекинип, дүйнөнүн кайсы бурчунда кыргыздар айтмакчы, "күндүзү кымыз, түнү кыз" болуп дуулдап жүрдү экен. Кызыгы, ушундай жагдайларда өлкөсүн ким башкарат?


"Ислам жихадынын"
ардактуу адамы набыт болду

Израилдик аскерлер шаршемби күнү Газа тилкесинин чек арасынан, буга чейинки мерт болгон эки аскердин өлүмүнө шектүү деп, палестиналык террористти атып тынчытышты. Бул туурасында Израил күч органдарынын пресс-кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, ал жердеги чек араны кайтарып жүргөн жоокерлер, топтолгон палестин адамдарынын жер-жерлерге жарылуучу заттарды коюп баратканда, аларга карай ок чыгарышкан. Натыйжада бир террорист набыт болуп, Израилдин бир чек ара жоокери жеңил жаракат алган. Атайын кызматтагылар мерт болгон террорист "Ислам жихадынын" ардактуу адамы болгонун белгилешүүдө.


Брюсселде гүл майданы ачылды

Брюссель Гран Пляс борбордук аянтында 13-август күнү старт алган "Гүл чамбарлар ааламы" 15инде аяктады. Бул аянттагы кереметтүү гүлдөрдү тамаша кылганы шаардын жана башка өлкөнүн миңдеген жарандары келишти. Суктанаарлык жасалгаланган гүлдөрдүн ааламы ар бир келген көрүүчүнүн эсинен көпкө чейин чыкпай тураары маалым. Анткени алар ушунчалык сулуу жана назик. Ошентип, Бельгиянын тирүү бегония флориста гүлдөрү Брюсселди бир-эки жылга суктанаарлык деңгээлде кооздоп тураары анык. Тактай кетсек, бир квадрат метр аянтта 300 бегония гүлү жайгашкан. Бардык гүлдөрдүн саны 750 миңге жетип барат. Бул жылкы гүлдөр чамбары Бельгиянын Евробиримдикке башчылык кылышына арналды. Гүлдөр чамбарынын ортосунда Испания, Бельгия, Венгриянын желектери гүлдөр менен тартылып көрсөтүлгөн.


Анжелина Джоли
Мэрилин Монро болом дейби?

Жентльмендер ошол кездеги сары чач айым Мерилин Монрону эч эстеринен чыгара албай келишет. Ал эми ошол бүткүл мезгилдин сулуу, сары чач айымын чагылдырган кино, мына-мына тартылуу алдында турат. Анын образын актриса Анжелина Жоли чагылдырмак болду. Тартылуу жараяны жакынкы күндөрү Голливудда башталмакчы. Учурда 35 жаштагы Жоли бүткүл туруш-турпатын Мерилин Монронукуна окшоштуруу менен алектенип күн өткөрүүдө. Тасманын сценарийи Америка элинин сүйүктүү жазуучусу Мэрилин Эндрю О,Хагондун китебинен алынып тартылат. Мында айтылгандай, Монро акыркы эки жылдык жашоосун Маф аттуу итинин көзү аркылуу гана көрүп калган. Белгилей кетсек, ролго Скарлетт Йоханссон менен Кристина Хендрикстер да ат салышыптыр. Баса, белгилүү актер Жорж Клуни да тасмада образ жаратмакчы.

Жакшылык ЖУМАБЕКОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
19-август, 2010-ж.:
1-бет
Кызарган көздөр
2-бет
Жалал-Абад
К.Батыровдун университети жабылды

3-бет
Экс-губернатор Бакиевдин жакыны болгону үчүн атылдыбы?
4-бет
Окшошкондор
5-бет
Кубан АБДЫМЕН, саясат талдоочу:
Полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылчылыгы жок болчу

6-бет
Эмгек мигранттары
көңүл сыртында калууда

7-бет
Айылчы САРЫБАЕВ, экономист:
"...бул өкмөт эч качан
кризистен чыгара албайт"

8-бет
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын төрагасы,
Азимжан Ибраимов:
"Намыскөйлүк менен "кыргыз тили" деп, ишке кирише баштаганбыз"

9-бет
Иш этикети
10-бет
Өзгөчө кырдаалдагы
өгөй көрүнүштөр

11-бет
Багдадда 59 адам курман болду
12-бет
Майып балдар эмне үчүн көп төрөлүүдө?
13-бет
Миң адамга бергис бир адам
14-бет
Ала-Тоодо...
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Клара ИСАКОВА, алып баруучу:
"Майрамбек Осмонов үчүн фамилиямды "өзгөрткөм"











??.??