Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Өзгөчө кырдаалдагы
өгөй көрүнүштөр
Ош коогалаңы башталгандан бир нече күндөн кийин араңдан киргизилген комендаттык саат 10-августта алынып салынды. Бул өзгөчө кырдаал канчалык деңгээлде өз милдетин аткарып, элдин тынчтыгын сактап, өлкө коопсуздугу үчүн күрөшкөнүн карапайым эл да сезет, коменданттык сааттын күңгөй-тескейи жөнүндө оюн да айта алат. Бирок баарына мезгил тараза болоор. Биз да көзүбүз менен көргөн, туура болбосо да пенделик жүрөк менен айласыз көнгөн учур жөнүндө кеп кылабыз. Замандаш, коменданттык саат бүткөндөн кийин мунун эмне кереги бар дээрсиз. Биздин максат мындай көрүнүш кийин кайталанбаса экен. Бизди коргоочулар, өзгөчө кырдаалда тикеси менен тик турган аскер адамдарынын аттуулдук намысы таза болсо экен деген ойдо баяндап жатабыз.
Эмгек өргүүсүн көгүлтүр көлдүн жээгинде өткөрүү үчүн Ысык-Көлгө сапар тарттык. 1000 чакырым алыс жолдо бир дагы мамлекеттик авто инспекция кызматкерлери тоскон жок. Мурдагыдай себепсиз токтото бербегенине ичибиз жылып, бул тармакта бир топ жылыш бар экендигине ынандык. Эс алуу бүтүп үйгө кайтууга кам урдук. Бишкектен кечирээк чыккандыктан жолдо караңгы кирди. Коменданттык саат экендигин билип, кайсыл жерде тоссо ошол жерде токтойлу, аскер адамдарынын жаны коопсуз деген максатта жол улап келе бердик.
Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунда эч кандай коменданттык саатты байкаган жокпуз, жолдон бир дагы атайын постторду көрбөдүк. Эч ким токтоткон жок. Жол улап келе бердик. Өзгөн шаарына кире бериштеги атайын постто токтодук. Ушул жерде өзгөчө кырдаалдын убактысы бүткөнчө жатып калууну чечтик. Бирок андай болгон жок. Тосмодо токтоп турган биз сыяктуу бир нече машиналардын айрымдары постто тургандар менен сүйлөшүп өтүп кетип жаткандыгына күбө болдук. Пендебиз да, биз дагы тез эле үйгө жетүүнү каалап, айдоочу алар менен сүйлөштү. Көрсө, машинадагы ар бир адам 100 сомдон берип өтүп кетсе болот экен. Коменданттык саатты кылдаттык менен күзөткөн, кооптуу адамдардын кирип кетүүсүнө жол койбойт деген ал кызматкерлердин бири да басып келип машинанын ичин карап койгон жок. Сен бандитсиңби, экстремистсиңби, жанкечтисиңби аларга баары бир окшойт.
300 сом берели десек көнгөн жок. Айласыз калууга макул болуп отурсак "мекен коргоочулардын" бирөөсү басып келди да "баягы айтканыңызды берип өтө бериңиз" деди. Постту 13-14 жаштардагы бала ачты. Бул бир үй-бүлөнүн тосмосубу деп да ойлодук. Шаардан чыгып экинчи тосмого туш келдик. Алар 200 сом акча алып анан өткөрүштү. Эгерде биринчи тосмого 500 сом бергенибизде бул жерден жөн эле өтмөк экенбиз. Алар телефон чалып коюшмак экен да. Мына сага караңгыдагы бизнес. Дүйнөгө тойбогон адамдын ачкөздүгүнө мейли деп кол шилтеп коё беребиз. Бирок, айласыз кабыргаң да сыздайт экен.
Ойлоп көрсөңөр, өзгөчө кырдаал учуру болсо, эл түпөйүл санаадан али арыла элек убакта жаныңа басып келип сенин ким экендигиңе кызыкпаса, автоунааны кылдат текшербесе буларга болгон биздин ишенич дароо жок болору турган кеп. Биз го биз, өз үйүбүз өлөң төшөгүбүзгө шаштык, ал эми булар ар биринен 100 сомдон алып өткөргөн беш жан кечти (жеңил автоунаага беш адам батат) канча элдин убалына калып, канча кандуу кыргынды уюштурарын ойлонушту бекен.
Жок дегенде биз ишенген, бизди коргогон аскер кызматкерлери, адилеттик издеген, тынчтык орноткон атуулдар арам акчанын кулу болбой, өз кызматтарын так аткарышпайбы. Буларды ким көзөмөлдөдү. Өзүбүздүн мекен коргоочулардын кылык жоругун байкабай калган айкөл кыргыз эли чет өлкөдөн келген тили буруу полициянын бүтүндөй Ош шаарын бүлүндүрүп кетер чамасын деле баамдабай калат болушубуз керек. Кудай анын бетин ары кылсын. Бул күч структураларын жетектеген азаматтарга болгон биздин кулак кагышыбыз. Өзгөчө кырдаалдагы өгөй көрүнүштөрдү баамдагандарга ынанып коюңуздар.




Пардаскан АТАБАЕВА, "Энелер" коомунун мүчөсү:
"Баңги заттар дал ошол мечиттерден табылып атпайбы"
Ысык-Көлдө быйыл Ош, Жалал-Абаддан келген эс алуучулар негедир көп экени байкалат. Журналист катары Ош шаарынын Жапалак айылынан келген "Энелер" коомдук фондунун мүчөсү Атабаева Пардасканды сөзгө тарткан элек. Пардаскан апа июндагы түштүктө болгон коогалаңды мындайча баяндады:

- Тынч жаткан элди дүрбөтүп, түнкү саат 12лерде азан айтылгандан балээ башталды. Артынан салют атылары менен эле ызы-чуу түшүп жатып калдык. Көрсө, өзбек туугандарыбыз буга чейин курал-жарагын камдап, согушка даярданып жүрүшкөн экен, бейгам жаткан куралсыз кыргыздын көбү кырылып кетти. Өлтүргөндөрү аз келгенсип, врачтар менен милийсалардын көздөрүн оюп, кулактарын кесип алышкандарычы… Керек болсо, айрымдарынын баштарын кесип, союлга сайып алып көтөрүп жүргөндөрү болду. Бул не деген мыкаачылык!? Бронирленген "Камаздарды" күн мурунтан дайындап коюшуптур, демек, бул окуянын саатын эбактан бери күткөндөр болгон. К.Батыров дегени жалалабаддык өзбектердин баарын кыргызга каршы ачыктан ачык тукуруп жүрүп, арты ушуга келди. Атүгүл, далай жолу өзбектерге жыйын куруп: "90-жылдан кийинки дартибизди алышыбыз керек" дептир. Тополоң уюшулган маалда Оштун айыл-айылдарындагы ар бир айылдын мечитинен согушка үндөгөндөр көп чыкты.
- Коомчулукта түштүктө жайгашкан өзбек улутундагыларды Кыргызстандын башка аймактарына да отурукташтыруу демилгелери көтөрүлө калып жүрөт, буга кандай карайсыз?
- Бир жагынан ошол да жакшы болор эле. Анткени 10-15 жылдан кийин мындай окуя дагы кайталанып кетиши толук мүмкүн. Себеби жакынынан, биртууганынан айрылгандын көбү көкүрөккө кегин сактап калды. Алар кийин канга кан деп согушту дагы тутантпас үчүн тополоңдун алдын алып, өзбектерди башка дубандарга отурукташтырууну кыргыз бийлиги азыртан ойлонуштурса. Өзбектер Кыргызстанда жаман жашап аткан жок. Өзбек балабакча, мектеп, институттары жана маданий жайлары бар. А Өзбекстанда жашаган кыргыз улутундагыларда барбы ошондой шарт? Керек болсо ал жакта кыргыз улутундагы бир да айыл өкмөтүн башкарган адам жок. Бизде болсо илимде академик, профессор, саясатта депутат, министрлик орунга жеткен далай өзбек бар. Бизнеси гүлдөгөн өзбек жана башка улуттагылар канча? Дагы кудайга шүгүр, ичибиз кенен эл экенбиз, "баландай улут бизден бай жашап атат" дебестен, тынч жашап атабыз го... Анан эле өзбек туугандарыбыз "бизге автономия курууга мүмкүнчүлүк бергиле, өзбек тили мамлекеттик статуска ээ болсун" дегени кандай? Булар 90-жылы да ушунтип чыгышкан, анын арты да тополоң менен аяктады, бу жолу андан бетер.
- Бир таңгалыштуусу: Негизинен түндүккө караганда, түштүк жергебизде диндин таасирине берилгендер көбүрөөк экени дайын. Бирок, ошого карабай, ыйманга баш урган түштүктө мынчалык кан төгүшүү болуп кеткенин кандай түшүнөсүз?
- Биз да буга абыдан таңгалабыз. Себеби, согуш очогун тутанткандар намаз окулчу мечиттен салют атып, азан чакырары менен эки эл кырчылдашып жатып калды. Ал эмес, курал-жарактар менен баңги заттар дал ошол мечиттердин ичинен табылып атпайбы. Ошондуктан биз шаар ичиндеги мечиттердин жок болушун каалайбыз. Бизге мындай мечиттердин кереги жок. Сөзүмдүн аягында, "Энелер" коомунун атынан мечиттердин көбүн таптакыр жаап салуусун бийликтегилерден суранар элем.


Эгемберди АЖЫБАЙ, Ысык-Көл-Бишкек




кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
19-август, 2010-ж.:
1-бет
Кызарган көздөр
2-бет
Жалал-Абад
К.Батыровдун университети жабылды

3-бет
Экс-губернатор Бакиевдин жакыны болгону үчүн атылдыбы?
4-бет
Окшошкондор
5-бет
Кубан АБДЫМЕН, саясат талдоочу:
Полиция күчтөрүн киргизүүнүн зарылчылыгы жок болчу

6-бет
Эмгек мигранттары
көңүл сыртында калууда

7-бет
Айылчы САРЫБАЕВ, экономист:
"...бул өкмөт эч качан
кризистен чыгара албайт"

8-бет
Кыргыз Республикасынын президентине караштуу улуттук тил комиссиясынын төрагасы,
Азимжан Ибраимов:
"Намыскөйлүк менен "кыргыз тили" деп, ишке кирише баштаганбыз"

9-бет
Иш этикети
10-бет
Өзгөчө кырдаалдагы
өгөй көрүнүштөр

11-бет
Багдадда 59 адам курман болду
12-бет
Майып балдар эмне үчүн көп төрөлүүдө?
13-бет
Миң адамга бергис бир адам
14-бет
Ала-Тоодо...
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Клара ИСАКОВА, алып баруучу:
"Майрамбек Осмонов үчүн фамилиямды "өзгөрткөм"











??.??