Майыптар тынчтык үчүн жүрүшкө чыгышты
Борбор калаабызда 10-август күнү "Майыптар" фондунун төрагасы Шүкүрбек Шабдановичтин демилгеси менен, кыргызстандагы "Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар" жөө жүрүш жасады. Жүрүштүн негизги максаты кыргыз элинин тынчтыгын, бейпилдигин талап кылуу. Жүрүшкө отуз алты адам катышып, Мамлекеттик авто инспекциясынын коштоосу менен Манас жана Чүй көчөлөрү аркылуу Ак үйдүн алдына "шейит кеткендерге" куран окушту. Андан соң, Жибек Жолу көчөсүндөгү Бакиевдин үйүнө жайгашкан майыптар коомуна сапар алышты. Белгилеп кетүүчү жагдай, аталган жүрүшкө кыргыз, орус, өзүбек, татар улутундагы мүнкүнчүлүгү чектелген жарандар катышкан. Кыргызстанда ушул күндө сегиз миң майып күн кечирүүдө.


Шүкүрбек Шабданович "Майыптар фондунун" төрагасы:

- Биздин максатыбыз Рамазан айында тынчтык болсун деген эле тилек менен тынчтык жүрүшүн жасоо. Биздин эл Барыктабасовдорго окшогон адамдар уюштурган тополоңдордон тажады, майыптарды элибиздин келечеги тынчсыздандырат. Бул жерде жер-жерлерден келген кыркка жакын эл чогулду. Биздин акция дагы улантылат. Рамазан айы аяктагандан кийин түштүк жергесине барууну пландап жатабыз. Бул максаттын ишке ашаар ашпасы азырынча белгисиз. Биз майыптардын деле колунан бирдеме келээрин далилдегибиз келди.
(Жүрүш башталаарына саналуу убакыт калганда мага Нурлан аттуу жигит кайрылды).

Нурлан:
- Сиз журналистсизби? Мени сүрөткө тартып коюңузчу. Эки тууну эки жагыма кармап алайын - деди ал.
- Канча жаштасыз?
- Жыйырмадамын, он тогуз жашымда майып болгом. Азыр үй-бүлөм бар. Күн өтө берет турбайбы. Келинчегимдин аты Бермет. Үйлөнүү тоюмду коляскада отуруп өткөрбөдүмбү. Досторум "сага ким тийет" деп оюн-чындап айтып калышчу. Сыртыман билдирбеген менен бу сөз мага катуу эле тийчү. Бир эле учурда үч кыз менен сүйлөшчүмүн, үчөө тең турмушка чыгууга макул болду. Ичинен менин ысык-суугума чыдай ала турган акылдуусун тандадым. Келинчегимдин мага чыдап, оорумду колдон, жеңилимди жерден алып жүргөнүнө рахмат. Билесизби, Бермет менен урушканда, менин майып экенимди унутуп калат. Кайра эстей коюп кечирим сурайт. Кез-кезде гана мүмкүнчүлүгүм чектелип калганына нааразы болбосом, турмушума ыраазымын. Эгер мен президент болсом, Кыргызстанды майыптарга тапшырып, өзүм дароо отставкага чыгып кетмекмин.
- Эмне үчүн?
- Анткени, майыптар эч качан Кыргызстанды таштабайт, тилин чанбайт, жерин сатпайт. Азыркы убакта Кыргызстандын келечеги туман. 7-апрелде аянтка барып, биротоло набыт болоюн десем, келинчегим жибербей койбодубу. Майыптар өз өлкөсү үчүн жанын аябайт.


Алия Орозобекова