Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Оштогу окуу жайларда абитуриенттер азайды
Учурда билим алуунун борбору болгон ордолуу Ош шаарындагы окуу жайларынын абалы кандай болуп жатты экен деген ойдо Ош МУ жана ОшТУга иликтөө жүргүзгөнбүз. Биздин сурообузга эки окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчыларынан төмөндөгүдөй жооп алдык.

ОшМУ илгертен эле сапаттуу билим берүүнүн ордосу болуп келген. Бүгүнкү күндө бул касиеттүү окуу жай Ош тополоңунан жабыркап турат. учурдагы абал тууралуу Орунбек КОЛАНОВ төмөндөгүдөй жооп берди.

- Саламатсызбы Орунбек мырза. Быйылкы жылы тополоңго байланыштуу, Ош МУга абитуриенттердин саны аз келип жатат деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Июндагы окуяларга байланыштуу Ош мамлекеттик университетине кабыл алуу иш чарасында бир топ өзгөрүүлөр, кыйынчылыктар болгондугу анык. Министирликтин бекиткен графигине ылайык документтерди 26-июндан баштап кабыл алышыбыз керек болчу. Бирок, шартка байланыштуу 1-июлдан баштап кабыл алууга туура келди. Кыскасын айтканда, Ош тополоңу кабыл алууга терс таасирин тийгизди. Айрыкча, алыскы район, айыл-кыштактардан абитуриенттердин келиши өтө төмөн. Биздин баамыбызга караганда абитуриенттердин чоң агымы борборубуз Бишкекти көздөп агып жатат. Бирок, ошого карабастан тиешелүү чараларды көрүп жатабыз. Окуй турган жериң жакшы, баардык шарты ойдогудай болсо, анда эч кандай студент ал жайдан качпайт эмеспи. Ошондуктан, биз окуу имаараттарын заманбап негизде даярдап койдук. Студентер үчүн түзүлгөн мындай шарттарыбызды жер-жерлерге кеткен өзүбүздүн кызматкерлерибизден айттырып жарыялап жатабыз. Ал эми абитуриеттерди кабыл алууда жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түздүк. Андан сырткары, түштүк региону боюнча Ош мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссиясынын жети пункттун ачып койдук. Ал жерлерде документтерди кабыл алабыз жана кирүү экзамендерин өткөрөбүз. Бул биздин элибиздин башына кыйынчылык түшүп тургандагы жардамыбыз десек болот. Бирок, ошого карабастан окууга киргендердин саны аз. Азыркы күндө 1789 абитурент келишимдин негизинде келди.
- Өткөн жылдары абиуриенттердин саныны көрсөткүчү кандай болчу?
- Бул көрсөткүч жылда эки эсе, үч эсеге көп болоор эле, т.а 3700-4000 ге жакын абитуриенттерди кабыл алчуубуз. Быйыл аябай аз болуп жатат. Жарымынан азы азыр биздин университетке документтерин тапшырып окууга өтүштү. Мисалы, педогогика адистигине келишимдик негизде окуйм деп келген абитуриенттер жокко эсе. Ашып барса үчтөн, төрттөн. Кыскасы, биздин азыркы көрсөткүчтү карап көрсөк, коюлган пландын 50 пайызна да жете элекпиз.
- Тапшыруу экзамендерин кайсыл күндөргө койдуңуздар?
- Азыр ушул күндө экинчи агымды кабыл алып жатабыз. 15-16-августь күндөрү экзамен тапшыруу күндөрү болот. Билесиздерби, буга чейинки жылдарда бир агым менен гана абитуриенттерди кабыл алчубуз. Ал эми быйыл Ош тополоңуна байланыштуу, элдердин психологиялык-моралдык жактарын эске алып, экинчи агымды киргизүүнү туура таптык. Антпесек, өзүңүздөр билгендей, бизде стабилдүүлүк эми-эми калыбына келип жатпайбы
- Эми, Орунбек мырза, бүтүрүүчүлөрдүн тагдыры кандай болуп жатат?
- Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик экзамендери, дипломун коргоо жана башка жагдайлары боюнча үзгүлтүккө учурадык. Ошол 10-июнь күнү, тополоң башталган мезгилде бүтүрүү экзамендери орто чендеп калган убагы эле. Тополоңдун кесепетинен баардык пландар бузулуп, бүтүрүү экзамендеринин бир да бүтпөй калган. Диплом ала албай калган бүтүрүүчүлөрүбүзгө министирликтин макулдугу менен справка берип жатабыз, ошол справканын негизинде бүтүрүүчүлөргө ишке орношууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. 16-августан 1-сентябрга чейин мамлекеттик экзамендерин өткөрүп жиберсекпи деп жатабыз. Буйруса, шаарыбызга тынчтык орноп калды, бүтүрүүчүлөр эми тапшырылбай калган мамлекеттик экзамендерин тапшырышат.


Ак-Буураны бойлой жайгашкан ОшТУнун бүгүнкү кабыл алуу учурундагы абалы тууралуу кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Өмүрбек ТОКОЕВ биздин суроолорубузга эртеңкиге үмүт артуу менен жооп берди.

- Ош технологиялык университетинде абитуренттерди кабыл алуу кандай болуп жатат?
- Биздин университетте кабыл алуу комиссиясы өз нугунда иштеп жатат. Эч кандай графиктерибиз бузулган жок. График боюнча бизде биринчи экзамен 12-июлдан тартып башталган. Мына, бүгүнкү күнгө чейин кабыл алуу жүргүзүлүп жатат. Ош тополоңуна байланыштуу абитуренттердин келүүсү былтыркы жана мурдагы жылдарга салыштырмалуу начар. Биз баардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өзүбүздүн график боюнча иштеп, кирүү экзамендерин жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин беш кирүү экзаменин кабыл алдык. Азыр Ош ТУга 750-800 абитуриент кабыл алынды. Башында аз-аздан келип жатышты эле, ал эми акыркы төрт беш күндүн ичинде абитуриенттердин келүүсү көбөйдү.
- Абутуринттер тынчтыктын орношуна көздөрү жетпегендиктен окууга аз келип жатышабы?
- Ооба, ошондой деп айтса да болот. Кооптонуу жок эмес. Бирок, ошол кырдаалды жеңиш үчүн биз жер-жерлерге өзүбүздүн мугалимдерибизди жиберип, факультетибизге абитуренттерди тартып жатабыз. Ал жакта үгүт иштерин жүргүзүп жүрүшөт. Ошону менен бирге учурда Кара-Кулжа, Өзгөн аймагы боюнча Өзгөндо, ал эми, Алай, Чоң-Алай боюнча Гүлчөдө кабыл алуу иш чаралары жүргүзүлүүдө. Бул уюмдуу үгүт иштери Баткен, Жалал-Абадда да жүргүзүлүүдө.
- Сиздерде кайсыл факультеттерге абитуренттер көп келип жатат?
- Бизде Эл аралык мамилелер жана башкаруу факультети бар. Мына ушул адистикте өзүмдүн мүмкүнчүлүгүмдү көрсөтө алам дегендер көп келип жатат. Ошондой эле инжинердик-экономикалык багытындагы факультетибиз бар, буларга да абитериенттердин келүүсү дурус. Тапшырунун биринчи бөлүмү аяктады. План боюнча 50 пайыздан ашып калды. Негизинен, Ош ТУга абитуренттердин келүүсү башка окуу жайларга салыштырмалуу жакшы.
- Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик экзамендери кайсы күндөргө белгиленди?
- Мамлекеттик экзамендерди тапшыруу же дипломдук иштерди коргоо 5-сентябрдан баштап графиктери коюлган. Ар бир адистиктерге жараша Мамэкзамендер окуу башталгандан кийин деле өз нугунда кете берет. Ректор тарабынан бул тартип көзөмөлдөнүп турат. Анан, бүтпөй калат деген кооптонуулар болбош керек. Кадимкидей экзамендер жүрөт. Болгону тополоңго карата гана токтотулуп турган. Бул кабар бүтүрүүчүлөргө жеткен. Биз телефондор менен кабарлашып баардыгына кулактандырдык.
- Оштогу окуу жайлардын, анын ичинде Ош ТУнун келечеги кандай болот?
- Буюрса, Оштогу окуу жайларынын абалы буга чейин кандай болсо, мындан ары деле өнүксө өнүгөт, бирок, артка кетпейт. Ал эми, Ош ТУнун ал акыбалына келе турган болсок, биздин окуу жай эң жакшы окуу жайлардын катарына кошулат. Айтайын дегеним, биздин окуу жайдын тарыхый орду бар. 40 жылдан ашуун убакыт ичинде нечендеген чыгаан бүтүрүүчүлөр биздин окуу жайдын уясынан учушкан. Дагы ошол изи менен бара берет Биздин угушубузча абитуренттердин көпчүлүгү Бишкекте жүрүшөт экен. Ал өздөрүнүн тандоосу. Эмне болгон күндө да убактылуу шартка карап ата-энени кыйнап алыскы жака барып окуунун кажети жок деп эсептейим. Мындан кийин Ош шаарында кырдаал жакшы болооруна көзүм жетет.



Жакшыбек Жумабеков








кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
12-август, 2010-ж.:
1-бет
Парламенттик шайлоо 10-октябрда өтөт
2-бет
Текебаевдин командасында Ширшовдун "куйругу" жүрөт!
3-бет
Дискотека
4-бет
МЕН БАРМЫН, МЕН ЖОКМУН…
5-бет
Марс Сариев, саясий серепчи:
Партияларда аскерлешкен канаттар пайда болду

6-бет
Оштогу окуу жайларда абитуриенттер азайды
7-бет
Жумакадыр Акенеев, эксперт:
Тышкы карыздан бир жылда кутулса болот

8-бет
Партиялар старт алышты
9-бет
Майыптар тынчтык үчүн жүрүшкө чыгышты
10-бет
Алиясбек Алымкулов, Жаштар министри:
Жаштарга көңүл бөлүнбөй калган

11-бет
Өрт орустарды курутуп жатат
12-бет
Атактуу Ош базары эмне үчүн жабылууда?
13-бет
Жиндинин махабаты
14-бет
Дүйнөлүк спорт жаңылыктарынын чордонуна саякат
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Жамал Сейдакматова, актриса
Жамал Сейдакматовага
"бир тонна" китепти ким берди?






Яндекс.Метрика