Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

Марс Сариев, саясий серепчи:
Партияларда аскерлешкен канаттар пайда болду
- Марс мырза, мына, экс-чиновниктердин бири Чудинов кармалды. Өзү келип колго түшүптүр деп айтып атышат. Мурун да бир топтору өздөрү суракка келишти эле. Эмне үчүн антип жатышат, бир билгендери бар го?
- Ооба, мурун деле Нурлан Темирбаев, Турсун Турдумамбетов ж.б. өздөрү келип, колго түшүп беришкен. Анын себеби, азыркы бийликтин билгиликтүү саясатынан улам. Бул бийликтин күчү, потенциалы бар экенин далилдейт.
- Бирок булардын иштеринин дале сотко өтпөй, кечеңдеп атышы эмне себептен?
- Чудиновго окшогон Акаевдин, Бакиевдин учурундагы премьерлер, чиновниктер орусча айтканда, "козел отпущения" (жок жерден садага чабылган киши), өз алдынча деле фигуралар эмес болчу. Ошонүчүн өздөрү келип колго түшүп отурат. Азыр кырдаалды курчутуп ийбей, экс-чиновниктер радикалдык оппозицияга кошулуп, ал оппозиция күчтөнүп кетпесин деп, буларга жумшагыраак мамиле кылып атышат.
- Аларды анда "кылмыштуу иштерге үй-бүлөнүн кысымы астында барган экен", деп туруп жумшак чара көрүп, балким, актап жибергенге чейин барышпайбы?
- Менин оюмча, булар азыркы бийликке канчалык информацияларды бере алат, ошого жараша болот. Бакиев көп фигураларды убагында аябай катуу кармаган. Ошонүчүн аларда башка тандоо деле жок болчу. Сен айткан вариант деле болушу мүмкүн. Кыргызстанда элитанын консенсусу болушу керек. Азыр бул ак, тиги кара деп кескин бөлгөн туура эмес.
- Шайлоо 10-октябрга белгиленди. Сиз жазга белгилесек, деп чыктыңыз эле.
- Менин көз карашым мурункудай эле. Бирок, бийликти деле түшүнсө болот. Жанагы миллиарддаган жардамдар легитимдүү парламент болбосо келбейт. Бирок, азыркы абалдан бийлик кантип чыгат, таң калып атам. Себеби байкап атасыңар, "Ата Журт", "Бүтүн Кыргызстан" партияларынын түштүктө рейтинги көтөрүлүп, түндүк-түштүк болуп кыргыз улуту жарылып атпайбы. Аябай коркунучтуу тенденция болууда. Орто жолдон өзбек, орус диаспоралары да түндүктүк кыргыздарды колдойбуз, себеби алар улутчул эмес деп, алар да каалайбы-каалабайбы, атайын жасап атабы, иши кылып Кыргызстанды бөлүп атат. Ал эми түндүктөн "Ата Мекен", "Акшумкар", же КСДП көп колдоого ээ болууда. Бирок, так билем, алар Оштон же Жалал-Абаддан аз добуш алышат.
- Анда шайлоо өткөндөн кийин, балким, өтө электе эле ушинтип элди экиге бөлүп отуруп, жарандык кагылышуу чыгарып ийишпейби?
- Мен эмнеден чочулап жатам: бизде мыйзам иштебей калды. Мына, саясатчылардын баарынын авторитети жок. Партияларда болсо аскерлешкен канаттар пайда болду. Эмне үчүн? Анткени мыйзам жолу менен эч нерсе чечилбейт. Анан сотко бермек беле, эгер Конституциялык сот жок болсо... Демократиялык институттардын аброю түшүп кеткенден киийн булар күчкө салышат. Барктабасовго окшоп, барып эле басабыз деп, ооган вариантын колдоншат. Азыр да Мырзакматов, Ташиевдердин билдирүүлөрү сепаратизм (бөлүнүп чыгууга, обочолонууга болгон ар кандай умтулуш) жыттанып турат.
- Сиз айткандай, аскердик канаттары, кара күчү бар партиялар бири-бири менен соодалашып туруп эле мандаттарды бөлүштүрүп алышпайбы? Натыйжада, иш билгилер сырта калып, өлкө таз кейпин кайра кийип калбайбы?
- Туура айтасың, логика боюнча ошондой болушу мүмкүн. Карап көргүлө, жергиликтүү бийликтегилердин көбүнчөсү "Ата Мекен", КСДП өкүлдөрү. Демек, бийликте турган партиялар бир альянска биригип, бийликти Россиядагы "Единая Россиядай" алалы деп атышат. Логика боюнча, ошол үч партия бир блок түзүшү мүмкүн. Себеби, "Ата Мекендин" рейтинги түштүктө аябай түшүп атат. Эл арасында "Сен кыргыз болсоң, анда Ата Мекенге кол бербейсиң" деген сөздөр тарап жатат.
- Буга эмне, же ким себеп болуптур?
- Текебаев өзбек лидери Батыров менен мамилеси бар экен деген сөздөр себеп. Аны Текебаев аргументтер менен төгүнгө чыгарышы керек эле. Саясатчылар кырдаалды түшүнбөй жатышат. Масштабдуу ойлонушпай, майдачылык саясат жүргүзүшүүдө.
- Бизде 150гө жакын партиянын отуз чактысы гана аракеттеги партиялар. Сиздин оюңузча ошолордун алдыңкылары кайсылар?
- Эми, айтыш кыйын. Ачык айтсам, 1-2 ай мурун 50%дык барьерди "Ата Мекен", андан азыраагын КСДП, "Акшумкар" алат деп ойлочумун. Азыр андай ойдон кайттым. 50%га бири да жетпейт. Анткени саясатчылар жергиликтүүлүк психологиясына берилип, бөлүнүп, түшүнбөй атышат. Буларды актер кылып эле сыртынан ойноп аткан сырткы күчтөр бар Америка, европалыктар, Россия сыяктуу. Булар, байкуштар, Бакиев баштаган партиялар актерлор.
- А учурда эки аймакта тең бирдей абройго ээ болгон партия барбы?
- Бар. Туура эмес саясатка малынбаган партиялар бар. Ал "Замандаш". Анын лидери Өмүракунов өзү түндүк жактан, партиясынын негизги мүчөлөрү мигранттар. А мигранттардын көпчүлүгү түштүктөн. Ресурсу аябай чоң, бирок, сасык саясатка алар кийлигишпейт. Антсе, аброю кетери бышык. Менин маалыматым боюнча, буларга биригели, альянс түзөлү деп Жекшенкуловдон, анан Текебаевден сунуш келген. Андан башка өсүп бараткан партиялар деле бар. Бабановдун "Республикасы" кызыктуу партия. Анан жанагы Россия мүмкүн колдоп атат, "Содружество" деген партия. Суваналиев, Токон Мамытов, Байгуттиевдердики. Саясатта булгана элек партиялар бар.
- Азыр чоң, мурдатан белгилүү партиялар бири-бирин компромат, кара пиар менен кажып, элге жаман көрсөткөндөн кийин өнүгүп келаткан, "тынч" партиялар парламентке келип калбайбы?
- Туп-туура. Мындай да, 90-жылы Шеримкулов, Аманбаев, Масалиевдер баары бири-бири менен алышып атып, күчү келбей, акыры Акаев ажо болуп калган. Ит жыгылыш болуп. Каменев, Зиновьев, Троцкийлер деле алышып атып, анан Сталин СССР башына келген. Мындай жагдайлар толтура.
Маектешкен
Мухаммед-Али Токтакунов




Ары-бери...
Акжолчу депутаттар азыр кайда?
"Алга Кыргызстан" "Акжолго" агылгандай, бакиевчилер учуда ар кайсы партиянын эшигин каккылап, кайрадан жылуу креслосуна кайтып келүү амалын көрүп жүрүшөт. "Ак Жол" партиясынан шайланып, 7-апрелден кийин мандатынан аргасыз айрылган депутаттар "Ак Жолун" таштай качышты. Бирок мыйзам чегинде партиянын тизмесинен чыгарылганын эч ким деле билбейт... Азыр кайда деп турнабай салдык:

Н.Атамбаев

Апрелден кийин "Ата Мекен" партиясынын эшигин сагалаган акжолчулар көп эле болгон. Бирок Ө.Текебаевден оң жооп ала албаган кийин, эч ким даап бара алышпады окшойт. Ирина Карамушкинаны " оозуң эмес, башка жагыңы да жаап ал" деген Кубанычбек Исабеков "Ата Мекендин" каалгасын каккылап жүрдү эле, алышпаган окшойт, партиянын тизмесинен жолуктура албадык. Дагы бир капчыгы калың, Ош шаарындагы "Каныкей" ресторанынын кожоюну, башка бизнестери быкпырдай кайнаган акжолчу Атамбаев Нурпазыл атамекенчилердин артынан калбай шуулдаганы менен, анысынан майнап чыкпаптыр.


А.Сулайманов

"Республика" партиясына да бир тобу оогон. Түштүктө "алтын челюсть" деген ылакап ысым менен белгилүү Алтынбек Сулайманов ушул жакта. Анын кримдүйнөдөгүлөр менен ымаласы жакшы экенин эшиткенбиз. Дагы бир үлкөн, депутаттыктан МЧСке келип, КТРдагы "Кош жылдыздан" жылдызы жанган Бакыт Төрөбаев азыр Бабанов мырзанын таянаарларынын бири. Гүлнара Дербишева да ушул партияда.


И.Жунусов

Ибрагим Жунусов саясатка "Ак Жол" партиясына депутат болуу менен аралашкан. Артист-парламентарий оппозицияны сындаганда Толубай биякта калчу. Акырында министрлик кызматка барып, маданиятты көтөрөрдө, ка-ап, күтүүсүз ээрден шыпырылып калды. Көз ирмем да министрлик тактынын рахатын сезген жок. Азыр кайда бармак эле, барар, батар жери "Ата Мекен" эмес, албетте "Ата Журт" да. Азыр "Ата Журттун" ардактууларынан. Бирок ары-бери чайпалган оомалуу-төкмөлүү замандын каармандары ары бери чайпалмасы деле бат.


Ч.Абдуллаева

Акыйкат издеген А.Жекшенкуловдун "Акыйкат" партиясынын курамына Чолпон Абдуллаева кошулду. Чолпон айымдын төөбурчакты "крышалап", "Робин" фирмасы менен биргеликте таластыктарды тарынтып кеткени бар. Бизнести чакканы менен асти "Акыйкатка" аброй алып келээрин айтыш кыйын.



М.Кунакунов

"ЛПП" партиясынын лидери Максат Кунакунов "Ак Жолдун" амири менен ЖКдагы "послушный" депутаттардын катарын толуктаган. Бакиев куулгандан кийин дымып калды эле, каз катар баш көтөргөн партиялар агымынан улам кайра "ЛПП" партиясынын сьездин өткөрүп, шайлоого бул да камылга көрүп жүргөнсүйт.


А.Мадумаров

Тили буудай кууруган Адахан Кимсанбаевич "Ак Жолдун" көчүн баштап, балык депутаттарга акыл үйрөтүп, камчысы ары-бери түзүк эле үйрүгөн. Парламентти башкарып, көп суммадагы каражатты ЖКга бөлдүрө албай, жарма таарыныч эмес, жаңгак таарынычтан улам акжолчулардан аргасыз айрылган. Азыр "Бүтүн Кыргызстан" деген партиянын анабашында турат.


Күн санап ар кимиси конолго издеген тооктой болуп, партиялардын катарынан орун издеп жүрүшөт. Шайлоо жакындагандан кийин булардын ким кайда экени ачык болоор. Калган акжолчулардын кайда экендигин дагы тактап жатабыз.


Дайырбек Орунбеков






кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
12-август, 2010-ж.:
1-бет
Парламенттик шайлоо 10-октябрда өтөт
2-бет
Текебаевдин командасында Ширшовдун "куйругу" жүрөт!
3-бет
Дискотека
4-бет
МЕН БАРМЫН, МЕН ЖОКМУН…
5-бет
Марс Сариев, саясий серепчи:
Партияларда аскерлешкен канаттар пайда болду

6-бет
Оштогу окуу жайларда абитуриенттер азайды
7-бет
Жумакадыр Акенеев, эксперт:
Тышкы карыздан бир жылда кутулса болот

8-бет
Партиялар старт алышты
9-бет
Майыптар тынчтык үчүн жүрүшкө чыгышты
10-бет
Алиясбек Алымкулов, Жаштар министри:
Жаштарга көңүл бөлүнбөй калган

11-бет
Өрт орустарды курутуп жатат
12-бет
Атактуу Ош базары эмне үчүн жабылууда?
13-бет
Жиндинин махабаты
14-бет
Дүйнөлүк спорт жаңылыктарынын чордонуна саякат
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Жамал Сейдакматова, актриса
Жамал Сейдакматовага
"бир тонна" китепти ким берди?






Яндекс.Метрика