"Өзүн бийик деңгээлдемин деп ишеним жаратып алгандын бийиктик жөнүндө кенедей түшүнүгү жок."
Уильям ГЭЗЛИТТ

Дискотека
Аскерге жаңы барганбыз. 2-3 офицер бир поезд толо мадыра баштардан бизди бөлүп өзүнчө алып жөнөдү. Анысы автомат атууну үйрөткөн алты айлык курска окутуу экен. Бир күнү командирибиз "ким дискотекага баргысы келсе, бир кадам алга" дегенинен тизилгендердин баары алга кадам шилтедик. "Баарың барганга болбойт" деп жарымыбызды бөлүп, дуңку сезим барбай калчулардын ичи тызылдаган бойдон калды. Шанаңдап биз жөнөдүк. Бирок клубга эмес, ашканага келдик. Ал жер "посуда мойка" экен. Аянты клубдун сценасындай кенендигин көрүп, музыканы күтүп калдык. Солдаттар кечки тамакка кирип, алды чыга баштаганда "музыка" башталды. Бизге дискотека болот деген чоң аянттуу бөлмөнүн 5-6 ачык терезесинен сунулган калай табак, кружка, кашыктарды "жуугула" деген команда берилди. Аскердик полкто 7-8 миң солдат болгондуктан жалаң темир идиш-аяктын көптүгүн элестете бергиле. Алардын тарса-турс үнүчү. Анан калса жалаң чочконун майлуу этинен жасалган тамак калдыгын солдаттар канчалык түбүнө чейин жалап-жуктабасын барыбир кашык-табактар ысык сууга жуулганда паркеттелген жылтырак полго май тамбай коёбу. Май тамган полдун сыйгалагынан тайып жыгылсаң - башың жарылат. Тайраңдаган бийчилерди көрүп ал ошондо. Музыкабыз - калай табактардын үнү. Тайтаң-туйтаң этип, жылгаяк муздун үстүндө жүргөнсүгөн баарыбыз "дискотекадан" бир сыйрадан жыгылып-кооп чыкканыбызды эскерип отурганым - өлкөбүздө акыркы беш жылда болуп өткөн саясый окуялар дал ошол "дискотеканы" элестетет. Марш тепкенден жадап, алга кадам шилтеп чыккан солдат бечара дискотекага баргысы келгендей бизде өзүн лидер санап алдыга кадам шилтегендин баары бийликке жеткиси бар. Бийликке жетип "Андижан полкасын" тайраңдап бийлеген Курманбек Бакиев тагдырын көрдүк: арка мойну астында калды. Эми да башкалары бийликке жетсе, тайраңдап бийлегиси бар…
Тарыхты карасаң, жашоо жыргалчылыгынан өзүн чектеген чанда бир адам гана журтбашы болуптур. Айталы, Ататүрк жана Мохандас (Махатма) Ганди. Мисалга Кемал Ататүрк бийликке келери менен биринчи кезекте үйбүлөсү менен ажырашып, жакын-жууктан таптакыр кол үзгөн. Ал эми М.Ганди саясаттан жана өзүнүн чыгармачылыгынан бошой калган учурда ардайым станокко жүгүрүп, катардагы тикмечилер менен бирге өндүрүшкө өзү аралашкан. Атак-даңкы эл арасында канчалык дүңгүрөп турса да эң жупуну, эң кедей жашагандардын арасында ал да болгон. Өзү тактайы жок жапырайган үйдө жашаса да Британия менен Индиянын аттуу-баштуу саясатчы, чыгармачыл инсанаттары босогосунан байма-бай каттап турган. Бой-турпатынын салмагы 45 кг болгону менен ошол сакадай бою алп дүйнөнү алып жыгылчудай сүр берип, аска тоодой тирек көрүнгөнүнө акылы айран Альберт Эйнштейн: "Мындай адам арабызда болгон-болбогонуна кийинки муундагылар ишенерине ишенбейм" деген экен. А биздин журтбашылар Гандидей тактайы жок жапырайган үйдө жашарын же Ататүрктөй үйбүлө, жакындарынан бийликке жетери менен кол үзөрүн элестете аласызбы? Элестетиш кыйын. Алардын түнөгү мамлекеттик атайы резиденция. Жыргалчылыгы - чексиз... Ошондуктан бийликке умтулушат. Бийлик дегендин өзү жеткен азап жана жоопкерчилик экени аларды ойлондурбайт дагы. Мисалга бизде бийлик башына жетүүгө эки көзү төрт: Кубанычбек Апас, Нурлан Мотуев, Урмат Барктабасов, Жеңишбек Назаралиев, Алмаз Атамбаев, Токтайым Үмөталиева, Акбаралы Айтикеев ж.б…ж.б… деги койчу, журтбашы болчу дымагы менен ээликкендерди Акүйгө да, ооруканага да батыра албайсың. Буларга эл башкартканды кой, топ башкартуунун өзү кандай опурталдуу. Эгерде журтбашы болом дегендер Хосе Ортега-и-Гассеттин "Масса башаламандыгын" окуган болсо, караламан калкты башкаруу түйшүгү кандай оор болорун түшүнүшмөк. Мындайларга бүтүндөй бир журт эмес, бир короо мал кайтартканың кооптуу. Анткени адам баласынын гана эмес, арбир айбан табият берген психологиялык мүнөзгө ээ. Журтту кой, алдыңдагы бир короо малды каалаган жагыңа үйүрө албаган деле кандай оор?..
Дүйнө ойчулдары Сократ менен Конфуций мээси жогунан журт башкаруу жоопкерчилигинен качкан эмес. Журт эмес, адам өзүн-өзү башкаруусу эң оор экенин аңдаган үчүн бийликке умтулмак түгүл, бийлик курчоосунан обочо качышкан. Ошондуктан Конфуцийден бир шакирти бийлик табияты жөнүндө сураса: "Эл - бул талаадагы чөп, а падыша - шамал: шамал кайда ыргаса, чөп ошол жакка жапырылат" дейт. Чын-чынында бизде мамлекеттик башкаруу жөнүндө түшүнүгү жок бийлик курчоосунда жүргөндүн баары тааныш-билиш, жердешчилик аркасында мансапка жеткен тандалма шылуундар. Баары патриот, бирок мекендин эмес, кара курсактын. Чындап келсе мекенине патриоттор көңдөй көкүрөгүн дүңкүлдөтүп ургулабай, тескерисинче, көмүскөдө жатып эле улут, мамлекет алдындагы милдетин аркалай берет. Алар дайыма четте калып, куру чечендер мансапка жутунган үчүн кадрлар "пулуң болсо кулуңмун" деген критерийдин негизинде тандалган өнөкөт уланууда. Пайдалуу жерде алар идея же принцип үчүн эмес, тактикалык кадамдар үчүн теринин астынан чыга калат. Баары ыңгайлуу кырдаалдын "анализчилери". Өзгөчө так ушул тапта бир партиядан экинчисине секеңдеп өтө качкан кимдер экенин көрүп атабыз. Аттарын атап отурбасак да алардын кимиси болбосун өзүн А.Акаев, К.Бакиев, Р.Отунбаевадан ашып түшөр президент санайт. Мына, буга айкын бир мисал өткөн жумада У.Барктабасовдун премьер-министрдин ордун мага бергиле дегени. Барктабасов буга чейин саясый ишмердүүлүгү же мамлекет башкаруу тармагынын аппаратында иштеген тажрыйбасына таянганын коомчулук билеби?! Коомчулук анын кайсы көзкараштагы шылуун экенине буга чейинки бир эмес, эки жолку жосунунан билип отурат. Бийликке жетүү анүчүн жөн гана дискотека болбосо, анда эмнеге мансапка жулкунат? Мына эми тайраңдагандын азабын тартар кезге туш болду.
Арийне биз дүйнөнүн таланттуу жазуучусу Марк Твен: "Бүтүндөй тарыхты карасаң, кыйратып эчнерсе кылбагандар менен түркөйлөрдүн ити чөп жейт. А билими, дарамети күчтүүлөр дайыма өз ыктыяры менен түркөйлөр жана колунан кокон келбегендерге жол бошотуп берет" демекчи, бийлик башына акылы эмес, дымагы ашынгандар гана умтуларын унутпайлы… Бийлик алар үчүн - "дискотека".
Олжобай ШАКИР