Текебаевдин командасында Ширшовдун "куйругу" жүрөт!
Эски бийликтин капчыктуулары кадырлуу партиялардын курамына кирүүгө далалаттанууда деп эшиткен элек. Ак карасын иргебеген партияларга ар түркүн адамдар кирсе киргендир деп анча маани берген эмеспиз. А бирок, тазамын десе таңдайынан чаң чыккан Өмүрбек Текебаевдин командасына ошондой "булгангандардын" кирип кетиши миң ойлосок да оюбузга келбептир. "Ата Мекен" 3 күнгө созулган сьездин 11-августта жы-йынтыктап, талапкерлеринин тизмесин тактады. Алардын бири Дунларов Анвар Юнусович. Болгондо да 38-катарда жүрөт эй! Ал эми "Ата Мекенге" бир топ жылдардан бери ак кызмат кылып, кыйын кезеңдерде партия үчүн өмүрүн тобокелге салган Бакыт Калпетов сыяктуулар тизменин арт жагында калыптыр! Дунларов бир топ афералык кадамдарга барып, рейдерчилик менен "Кыргыз Автоваз" АКын тартып алгандыгы тууралуу А.Бекназаров прокуратура тармагынын куратору болуп турганда арыз түшкөн. Бакиевдер баш болуп кылмышка шектүү делген тизмеде Анвар Дунларов да жүргөн. "Асман" гезити былтыры 100 байды тизмектеп, 27-орунга (Салымбеков, Керексизовдордон алда канча алдыда) ошол Дунларовду койгону маалым. Демек, иттин өлүгү кайда катылганын аңдаган чыгаарсыз. Буга чейин абийири таза, принциптүү делген Текебаев ушинтип эле Бакиевдин, Алексей Ширшовдун куйруктары менен коюн-колтук алышып калабы? Дунларовго окшогондор парламентке келсе, кокуйду ошондо көрсөтпөйбү?! Андай болсо, Текебаев 100 000 доллар сыйлык коюлуп, издөөгө алынган Ширшовду деле кошуп албайбы?!
Ага чейин Дунларовдун жанжөкөрлөрү Валирахунов, Абилдаев, Бобушевдер мурда "Меркурий" банкын талкалашкан. Бул боюнча Свердлов райсоту 2002-жылдын 10-октябрында ар бирин шарттуу түрдө 3 жылдан эркинен ажыраткан. Сот Улуттук Банкка 118 млн. сом жана жабыр тарткандарга ондогон миллион сом суммадагы акчаларды кайтарып берүү чечимин кабыл алган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин ал суммалар кайтарылган эмес. Кийин бул топтун башында Ширшов туруп, Канттагы "МИСти" алышып, Дунларов директорлор кеңешинин төрагасы болгон. Кийинки жортуулдары "Дастан" АКсы болуп, Ширшов башында турса, Дунларов жардамчылыкты аркалаган. Дунган улутундагы Дунларовду неге ардактайсыз деген суроону узаталы деп Текебаевге телефон уруп атып чарчадык. Өчүк. "Ата Мекендин" саясый кеңешинин мүчөсү Райкан Төлөгөнов болсо, "Муну билбей калыппыз, бирок, иши сотко өтө элек экен, дунган диаспорасы сунуштады эле аны. Эгер кылмыш иши козголсо талапкерлигин алып салабыз", деп билдирди. Текебаев дунгандар арасынан терип алгандан кийин, эми кылмыш иши козголмок беле. Дунларовдун өзү менен байланыша албадык. Бирок, а киши тууралуу дагы да иликтөөбүздү жүргүзө бермекчибиз. Андай эмес, мындай десе, журналисттик этикага ылайык, гезит бетинен орун берүүгө да даярбыз.





Чудинов кармалды. Дагы ким калды?
Игорь Чудиновду Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитети колго түшүрдү. Өзү келди деп да айтышууда. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүшкө чейин Максим Бакиев жетектеген инвестиция, инновация жана өнүктүрүү агенттигинин алдындагы Өнүктүрүү фондун жетектеп турган. Кыскарта чапканда, Максимдин кызматтык өнөктөштөрүнүн бири болчу. Ага чейин премьер-министрликти аркалаганы баарыбызга маалым. Маалыматка караганда, ал 10-августта казак-кыргыз чегарасынан кармалган. Орус улутундагы Игорь Чудиновго кызмат абалынан кыянаттык кылган жана мамлекеттик кредиттерди туура эмес пайдаланган деп, кылмыш иши козголгон да издөө салынган.

Эсиңиздерге сала кетсек, изделгендерден Акмат Бакиев, Турсун Турдумамбетов, Нурлан Темирбаев сыяктуулар камакта. Ал эми Марат Бакиев, Каныбек Бакиев, Данияр Үсөнов, Алексей Елисеев, Евгений Гуревич, Мурат Суталинов, Алексей Ширшов, Курманбек Темирбаев (Н.Темирбаевдин биртууганы) кармала элек. Курманбек Бакиевди Белорусиядан, Максимди Улуу Британиядан Убактылуу бийлик кармап келе элек.




Бийлик Атамбаевдин энчисиби?
Атамбаевдин эл угалек даа бир жосунун эшиттик. Анда кеп башынан болсун… 6-апрель түнү бакиевчил бийлик оппозиция лидерлерин түнү менен үйүнөн бирден терип, УКК абагына четинен камаганы баарыга белгилүү. Алтысында күч органдары түнкү саат 2лер чамасында үйү темир тор менен курчалган Алмаз Атамбаевди колго түшүралбай айлалары кеткенде дарбазаны болгарка менен кескилеп, кол-бутун бурап сүйрөп чыгышат. Кыйкырык-чуудан кошуна-колоң, кварталдагылардын көбү бир заматта жыйылат. Колуна кишен салынып, кара түстөгү "Жипке" күч менен тыгылган Алмаз мырзаны курчагандардын колунан эчтеңке келбей дендароо туруп калышат. Топтолгондордун арасынан атбашылык Мамбетов Азамат аттуу жигит өзүнүн жеңил машинеси менен Атамбаевди салып бараткан "Жиптин" алдын тороп, эки машинанын тең маңдайы былчыйып, карап тургандарга кайрат кирип, күч органдарынын сомодой жигиттерине каршылык көрсөтүү башталат. Каршылаштар бир сааттан ашуун ит жыгылыш болуп отуруп, акыры Атамбаевди абакка жеткиришет. Эртеси мамлекеттик төңкөрүштө бийлик оппозиция тарабына ооп, абактагылар бошотулат. Башаламандык тыйылгандан кийин Алмаз мырза 6-апрелдин түнүндө "Жиптин" алдын тороп эрдик кылган баягы жигитти жардамчылары аркылуу таптырып, ыраазычылыгын билдириптир. Макул, анысы жакшы, бирок мамлекеттик бийликти өз энчисиндей пайдалангандыгы үчүн К.Бакиевди бийликтен алып түшкөндөн кийин эле убактылуу бийликке келгендердин арасынан өз билемдигин Атамбаев биринчи баштаганын айтсак, кеп мындай: өз ыраазычылыгын билдириш үчүн ошол Мамбетов Азаматты "Кыргызтемиржол" тармагынын вицелигине дайындаптыр. Ал эми жетекчилигине Темир Сариев дайындаган кадрды алып ыргытып, ордуна Аргын Малабаев деген өз кишисин дайындаганын жар салбаган маалымат каражаттары калган жок. Албетте, кимиси канчалык деңгээлде мыкты адис экендигине эчким кепилдик бералбас, тек кимге кандай ыраазычылык билдирет ал Атамбаевдин өз иши, бирок мамлекеттик кызмат орундарды каалаган кишисине бөлүп берүү КСДП эркечинин иши эмес го! Же убактылуу бийлик тизгини колуна тийген Атамбаевге кыргыз бийлиги атасынан калган энчиби? Эгерде К.Бакиевди Атамбаев өзү жалгыз бийликтен кууп кетирсе да коомчулук алдында ушул фактыга жообун берсин.


А.Ибраимовдун өзүнө ишенелиби, же Касымбековагабы?
Мурунку саныбызда "Мамтил комиссиясынын башына кандай адам келди" деген чакан материал жарыяланган. Анда ошол кызматка жаңы бекиген А.Ибраимов Соң-Көлдөгү Манаска байланышкан иш-чарага катышканы барып, кызымтал болуп алып аялдардын төшөгүнө бүкүлү жатып алганын көргөнүбүздү жазган элек. Каяша келди. Карап көрүңүз, төмөндөгү экөөнүн айтканы эки башка:

Касымбекова Элмира:
- "Манаска" байланышкан иш чарага мен, котормо бөлүмүнүн адиси Мундузбек Жапаров жана Азимжан Ибраимов болуп бардык. Сөң-Көл өтө бийикте жайгашкандыктан, көп адамдардар кан басымы көтөрүлүп кыйналды. Алардын ичинде Азимжан мырза да бар эле. А кишинин абалын көрүп Асан Жакшылыковдун кызынан эс алууга жай сурадым. Айганыш кыз-келиндерге арналып тигилген өргөөдөн орун көрсөттү. А киши ошол жерден журналистердин көзүнө көрүнүп калса керек. Ыйык жерде мас болгон эч кимди көргөн жокмун.

Азимжан Ибраимов:
- Басма сөздө мен жөнүндө сын биринчи жолу кетүүдө. Чынында оор тийди. Ооба Соң-Көлгө барганбыз. Биринчиден, мен ошо маалда төрага болуп дайындала элек болчумун. Экинчиден, кийинки күнү боло турган расмий иш чарага катышканы баргам. Үчүнчүдөн, менин балалыгым Соң-Көлдө өткөн, мүмкүн эреркеп кеткендирмин. Эл катары менин да эс алганга укугум бар. Аягында менин кадыр-баркыма доо кеткен сөздөр чагылдырылган. Мүмкүн менин интеллектуалдык деңгээлим чын эле жетпейттир. Ал журналистин жеке пикири. Менин кылган ишимди, адамдык сапатымды жанымдагы кесиптештерим жакшы билет.