Жамал Сейдакматова, актриса
Жамал Сейдакматовага
"бир тонна" китепти ким берди?
"Тунгуч" театрынын көркөм жетекчиси, КР эмгек сиңирген артисти Жамал Сейдакматованы эч ким 72 жашта деп ойлобойт. Бул да болсо эмгекчилдигинин белгиси. Эже жакында Кытайда өткөн Эл аралык Балдар фестичвалына барып келди. Эмесе, сөз ошол сапар тууралуу болмокчу.


- Жамал эже, фестивалга кандайча катышып калдыңыздар?
- "Кетпечи, Бугу Эне" спектаклин кытайлыктар Бишкектен көрүп жактырышкан. Анан Кытайдын Үрүмчү шаарында өтүүчү "Эл аралык балдардын фестивалына" жолдомо беришти. Ошентип, катышып калдык. Ал жакта көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алкыштарга татыдык.
- Фестивалдын жүрүшү тууралуу айтып берсеңиз?
- Фестивалда балдардын жашына абдан катуу талап коюлду. 10-17 жашка чейинки кыздар-балдар катышууга мүмкүнчүлүк алышты. 14 өлкөдөн 700 катышуучу келишсе, Кыргызстандан 13 адам бардык. "Кетпечи, Бугу Эне" спектаклин, андан сырткары, концерттик композиция даярдап бардык. Концерттик композиция кыргыздын каада салтын, маданиятын чагылдырып, башкалардан өзгөчөлөнүп турду.
- Башка фестивалдардан эмнеси менен айырмаланды?
- Көптөгөн өлкөгө, бир канча эл аралык деңгээлдеги фестивалдарга баргам, бирок, бул жолкусу таптакыр башкача өттү. Катышуучуларга түзүлгөн мүмкүнчүлүктү айтпаңыз! Кытайлардын бийи биздикилерге аябай жакты окшойт, таң калып эле жатышты. Жакшы жери, он күн ичинде балдар бири-бири менен дос болушуп, кыргызстанга кайтаар күнү коштошуу кыйынга турду. Балдар кадимкидей ыйлап, бир туугандардай болуп калганын байкадык.
- Балдарга ушул сыяктуу эл аралык деңгээлдеги фестивалдарга катышууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдүбү?
- Мүмкүнчүлүктөр го бар. Бизди ойлондурганы каржы маселеси. Кытайга жөнөп жатканда мамлекеттен акча суроодон уялдык. Эл кыйналып турса, жолго деп акча алуу акылга сыйбас иш эле. Бирок, эл ичинде театр өнөрүн баалагандар жок эмес экен. Драматург, жазуучу Таалай Абдылдаев жана досу Жаныбек деген азаматтар каржы жагыбызга жардам беришти. Учурдан пайдаланып рахматымды айтып өтөйүн. Анан Кытайда жашаган кыргыз боордошторубуздун да саламы бар, баргандан келгенге чейин бирге болуп, "бир тонна" китеп берип узатышты.



Самара Сагынбаева