Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Астро төлгө
Кой
Келечеги кең жумуш ордуңузду сактап калууга мүмкүнчүлүгүңүз али алдыда. Болгону кесиптештериңиз сизден тактыкты талап кылат. Өзүңүздүн ички туюмуңуз бул жолу да жардам берет. Андыктан, терең ойлонуп иш баштооңуз кажет.

Букачар
Аптада үй иштерине көңүл буруңуз. Жалгыздык жана бекерчилик менен коштошуучу күн алдыда. Кандайдыр бир күтүлбөгөн конок сиздин пландарыңзды өзгүртүшү мүмкүн. Бойдоктор ой санаа менен күн кечирет.

Эгиздер
Сүйүктүүңүздүн сагынычы таарынычка айланат, эс алууну жыйыштырып көңүл буруңуз. болбосо ортодогу мамиле оорлошот. Сүйүүңүздү сактайм десеңиз, качанкы бактыңыздан биротоло, кол үзүңүз. Калп сырын айтымыш болуп сатып кетиши мүмкүн.

Бөйөн
Сиз ак көңүл адамсыз, айланадагылар ушул мүнөзүнүздү баалашы мүмкүн. Ден соолугуңузга кам көрүп, эртеңки күнүңүздү кыялданыңыз. Курулай убада берүүдөн алыс болуңуз. Сизге ашыкча түйшүк алып келүүдөн башка пайда деле алып келбейт.

Арстан
Ишиңиздин көптүгүнөн жетишпей кабагыңыз бүркөлөт.Бирөөлөргө ишенип, пландарыңызды өзгөртпөңүз. Бул жылдыздын алдында төрөлгөндөр ушул жума сасык тумоо менен жабыркашы мүмкүн.

Бийкеч
Капчыгыңыз толуп, эмгегиңиздин акыбети кайтат. Кесиптешиңиздин өйдө ылдый сөздөрүн кулагыңыздын сыртынан кетириңиз. Эс алууну пландап өзүңүзгө кам көрүңүз. Баркыңызды билбеген адам үчүн көз жашыңызды коротуунун кереги жок.

Тараза
Бул жумада өзгөрүүлөр, алга жылуулар байкалбаганы менен, турмушуңуз кыйла жеңилдейт. Жакындарыңыздын кайгысы сизди бушайман кылышы мүмкүн. Бирок, ал күнүмдүк нерсе. Колуңуздан келсе, жылуу сөз, жакшы мамилеңизди аябаңыз.

Чаян
Эски тааныштарыңыз жолугуп, сизге шаң тартуулайт. Ден соолугуңуздан кабатыр болуп ичкиликтен баш тартууңуз мүмкүн. Ал жагымсыз деле көрүнүш эмес. Кимдир бирөөго бул кылыгыңыз жакпай калышы мүмкүн.

Жаачы
Сүйүү жаатында жолдуу адамдар үчүн ыңгайлуу учурлар келди. Жашооңуздагы болуп көрбөгөндөй өзгөрүш жакындарыңызды таң калтырат. Өтө эле мактанчаак болуп кетпеңиз. Сапарга чыкпай эле койгонуңуз туура. Анткени, көп адамдар сизден бир нерсе үмүт кылат.

Текечер
Акча маселесин чечүүчү күн келди. Терең ойлонуп пайдалуу жакка жумшаңыз. Жакындарыңыз жардамыңызга муктаж экенин да унутпаңыз. Жакшы буюм алаардан мурун эртеңки күнүңүздү ойлоңуз. Карызга батып кетүү алдындасыз.

Суупери
Кайда барбаңыз финансы жагынан кыйналасыз. Досуңуз сизге моралдык гана жардам көрсөтө алат. Жумушсуздук бул сиз үчүн көнүмүш нерсе эмес.Андыктан, өзүңүздү күнөөлү сезип кабатырланбаңыз.

Балыктар
Жылдызыңыз жанып, пайдалуу иш бүтүрүүгө ыңгайлуу күн..Сезимиңизди билдирип, жеңилдеп алчу күн келип жетти. Капчыгыңыз бошой түшкөнүнө кейибеңиз, анткени, сизди жакшы жаңылык күтөт. Ашказан оорусунан жабыркашыңыз кейитет.




Анекдоттор

Калпагым кана?
Аюу менен коён кошуна жашаптыр. Күн сайын аюу коёнду
- Калпагым кана? - деп, кулагын толгой берчү экен. Ызаланган коён жолборско арызданып, аюнун залимдигин айтат. Жолборс аюуга
- Эй аюу, жөн эле кордой бербей бир шылтоо айтып, анан жазаласаң боло, мисалы чай алып кел, шекери жок болсо, "эмнеге шекери жок деп кулагын толго" дептир. Эртеси аю коенго,
- Эй коён чай алып кел-десе, анда коён;
- Аюу байке, шекери мененби же жөн элеби? - дейт. Амалы түгөнгөн аюу кайрадан "калпагым кана, калпагым" деп коёт имиш.

"Уктап жатасың ээ?"
Түндүн бир оокумунда профессордун телефону шыңгырайт. Алса студенти.
- Сен жыргап уктап жатасың ээ?- десе, шашып кеткен профессор,
- Ооба, үргүлөп кетиптирмин - деп коёт дейт.

Арабаев биринчи этажда иштейт
Окуу жайдын экинчи кабатында тарых сабагынан сынак жүрүп жатат. Дарсканада мугалим жана эки студент.
Берилген суроого жооп алалбаган мугалим жинденип.
- Жок дегенде Арабаев ким экенин билесиңби, деги ал азыр кайда?-дейт. Студенттин башы шылкыя жанындагы досун уурдана карап жардам сураганын билдирет. Досу "жердин астында, өлгөн" дегендей ишараат кылып жерди буту менен тепкилейт. Аны чала түшүнгөн студент камырабай туруп;
- Биринчи этажда иштейт,-дептир

Ал да мендей шалаакы
Акмат өзбек аялы бар досунукуна конокко келсе, үйүнүн ичи үч көтөрүлүп, бут коёрго жер жок дейт.
- Аяш абдан шалаакы окшойт ээ? -десе, тиги кыргызчага түшүнбөгөн аялы,
- Шалаакы деген эмне? -деп сурайт. Анда сөз таппай калган Акмат,
- Чыйрак экен дегеним - деп коёт. Анда тиги келин кубанып,
- Наманганда эжем бар, о ям мендей шалаакы, Самарканда сийним бар, о ям мендей шалаакы - деп коёт имиш.

Мидин менен Шүкүрбек мас болуп..,
Мидин Алыбаев менен Шүкүрбек Бейшеналиев экөө абдан мас болуп, кеч калышат. Качан кичине соолукканда жатаар жай издеп, айылдын четинен ээн үй таап киришет. Үйдүн ичинде дубалга илинген дүйнөлүк картадан башка эч нерсе жок экен. Ошону жерге төшөп уктап калышат. Түн бир оокумда Мидин, "Мен үшүп жатам" деп Шүкүрбекти ойготот. Анда Шүкүрбек, "бери жат, сен түндүк муз океан жакка жатып алыпсың" деп коёт имиш.








кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
12-август, 2010-ж.:
1-бет
Парламенттик шайлоо 10-октябрда өтөт
2-бет
Текебаевдин командасында Ширшовдун "куйругу" жүрөт!
3-бет
Дискотека
4-бет
МЕН БАРМЫН, МЕН ЖОКМУН…
5-бет
Марс Сариев, саясий серепчи:
Партияларда аскерлешкен канаттар пайда болду

6-бет
Оштогу окуу жайларда абитуриенттер азайды
7-бет
Жумакадыр Акенеев, эксперт:
Тышкы карыздан бир жылда кутулса болот

8-бет
Партиялар старт алышты
9-бет
Майыптар тынчтык үчүн жүрүшкө чыгышты
10-бет
Алиясбек Алымкулов, Жаштар министри:
Жаштарга көңүл бөлүнбөй калган

11-бет
Өрт орустарды курутуп жатат
12-бет
Атактуу Ош базары эмне үчүн жабылууда?
13-бет
Жиндинин махабаты
14-бет
Дүйнөлүк спорт жаңылыктарынын чордонуна саякат
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Жамал Сейдакматова, актриса
Жамал Сейдакматовага
"бир тонна" китепти ким берди?






Яндекс.Метрика