Атактуу Ош базары эмне үчүн жабылууда?
Куру убадалары менен көңүл көтөргөн бийлик адамдары, "эми мынча болуп калды, биротоло борбордук базарды кыргыздар тарапка жылдырып берели" демиш болуп, кырдаалды кызуусунда карманышты. Ошентип борбордук базарды шаардын күн батыш тарабына көчүрө салышты. Кан базарда көптөн бери иштеп, бала-чака багып жүргөндөрдүн тагдыры эмне болду? Базарды көчүрүп жатканда ушулар тууралуу ойлонуп көрүштү бекен? Кандай болгон күндө да ошол базарда эмгектенген соодагерлердин көз карашын эске алып койбосо болбойт. Бул туурасында Ош базарындагы сатуучулардын бир нечеси менен маектешкенбиз, анда сөз кезеги ошолордон болсун.


Эх.., базарым, базарым

Махабат Акимбаева
- Бул базарда биздин иштейин деген үмүт-тилегибиз бар. Бирок, бүгүн бул базар кейиштүү акыбалга кептелип турат. Буга биз бир гана жакты күнөөлөйбүз, ал-бийлик. Эч кандай элдин келечегин ойлобой жатат. Болгону, ушул базарды жабабыз, эртеңкиси жок, иштетпейбиз деген гана сөздөр. Чынын айтсак бул базарды канча жылдап түптөгөндөрдүн катарындабыз. Мына мен 15 жыл базарда соода кылдым...
- Атактуу Жибек-Жолундагы улуу базарда дебейсизби?..
- Ооба, бул илгерки Кокон хандыгынан бери келе жаткан улуу жана улук базар. Муну эч ким иштетпей коюуга акысы жок. Мына, Кербен сарайынын тарыхын бузуп жатышат. Тарыхтан коркушпайбы эч кур дегенде. Ушул жерде канча соода түйүндөрү ачылган, канча адамдар бул жерде бала-чака багат. Ал эле эмес мамлекетке олчойгон салыктарды төгүп, казынага киреше алып кирген биз элек. Мага эле кызмат кылбастан, канчалаган конокторго кызмат кылган базар эле. Эми мынтип иштебей жабылып турат.
- Бул базарды ким иштетпей койду, ачыгын айта аласызбы?
- Бул эми коогалаңга шылтоо болуп калды. Эптеп жаап, элди тыйымыш этип жеке ишкерлер өзүнчө базар ачып алышкан. Шаарда көрүнүктүү ишкерлер бар, атын айтпасак деле баары билет. Ошолор ушул кырдаалдан пайдаланып, элди сүр-сүр кылып, өздөрүнүн базарына чакырып жатышат.
- Мисалы, кайсыл жерге?
- "Күн батыш" (Западный) кичи районуна жаңы базар ачылып, азыр иштеп жатат. Биринчи тополоң башталып, биз эки тарапка упурап бөлүнүп кеткенде "бекер киресиңер, мына силерге жайды куруп койдук, келгиле, иштегиле" деди дагы, элдин баары барганда базар өзүнчө бизнеске айланып кетти. Бүгүнкү күндө элдин баары кыйналып, товарлары тонолуп, жылаңач базарда калганда 10 миң сом же 5миң доллар берип киргиле деп жатат. Биз анча акчаны берип ал жерге барганга, же соодо кылганга акыбалыбыз жок. Азыр өзүбүздүн соодабызды таппай турган маалыбыз. Уучубузда калган азыноолак соодабыз менен жан багып жаткан убагыбыз.
- Жогорку тараптан сурандыңыздарбы?
- Суранбаган жерибиз калган жок. Мэрияга канча жолу бардык. Телевидениеге чыктык, бирок суранганыбыз пайдасыз болуп турат. Карапайым элдин үнү бийлике жетпеди. Президентибиз Р. Отунбаевага да кайрылуу жасадык, бирок укпады. Мына ушундай.
- Тополоңдон тышкары бул базарды иштетпей коюуга дагы эмне түрткү болууда?
- Эми мындай. Санитардык-гигиеналык талапка жооп бербейт, дарыянын боюнда деп жатышат. Бул жөн гана шылтоо. Санитардык абалды өкүмөт талап кылса болот да. Ал эми санэпидемстанция иштебейт. Алар келет, кимден акча чыга турган жерди карайт дагы, чөнтөктөрүн кампайтып туруп эле кетип калышат. Мисалы эт павилонуна барышат 5 миң сом берет, кафе-ресторандардын жанына барат 5 миң сом берет, алат да болду тазалыка жооп берет деп көздөн кайым болушат. Ошону карай тургандар жок болуп жатпайбы.
- Өкүмөткө эмне айткыңыз келет?
- Эми таналып-тонолуп, кыйналып турганда биздей соодагерлерге өзүбүздүн базарыбызды иштетип берсе. Базарыбызды кайра оңоп-түзөп, жаркыратып ишке киргизүүнүн оордуна кайра бизди чыгып кеткиле, бул базарды жок кылабыз,- дешип өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып жатышат. Базарыбызды иштетип беришсин.





Төрөбек Мырзакулов
15 жылдан бери аталган базарда соода кылчуумун. Анан кечээги тополоңдө товарларыбыз тонолуп кетти. Кайсыл жака кайрылууну билбей калдык. Келечек базарына барсак, отурган ооруну абдан кымбат. Күрөө баасы айына 200 доллар экен. Чындыгында базар үчүн эле иштеп каласың да ал жерде. А бул жерде иштегенде айына ошончо акча табат элек. Андан сырткары өзүбүздүн орундугубузда орточо эсеп менен күнүнө 100 сомдон чыгым кылсак, келечек базарында 500-600 сомдон чыгым кетет. Бул биз үчүн абдан оорчулукту жаратат. Ачыгын айтканда биздей карапайымдарга андай жер жарашпайт. Анан шаарыбыздын Батыш базарына оорундук бекер болот дегенинен барып жазылдык. Бирок эки күндөн кийин базардын үстүнө, асфальтына деп 10миң сом, контенер сатып алганга 25миң сомдон сурады. Аны ким алат, биздин мүмкүнчүлүк жок. Кийин "Ош таатанга" бардык, ал жак да ошондой. Жашоо кыйын болуп калды.
- Жүрөктү өйүткөн, айта турган сөзүңүз барбы?
- Кечээ калган товарыбызды милицияга тапшырдык. Кантенерлерди кантип бузуп кеткен, канча зыянга кептелгенибизди көрүп-билип, сүрөткө тартып кетишти. Ошентип товарларыбызды тапшырып берсек, кайра ушунча суммадагы соодабыз жоголду деген алардан справка алат имишпиз. Макул болуп барсак, ал жерде атайын изилдөө тобу отуруп алып справкага 200 сомдон бересиңер деп мукуратпадыбы. Анан кайсыл жагына жардам беришет бизге. Мына ушул сыяктуу ары күлкү келтире турган, ары кейите турган жагдайлары жүрөк ооруп жатпайбы. Азыркы өкүмөткө ишенбей деле калдык.


Эрнис Төрөев
- Азыр мына борбордук базар тополоңго байланыштуу тонолуп бүттү. Эч нерсе калбады. Мэрия баш болуп бул жагы "Ош Таатан", тиги жагы Күн батыш базарына элдерди үгүттөп жүрүшөт. Азыркы турушта борбордук базарды бей-бечераларга ачып бербей жатат. Элдердин акыбалын көрүп жатасыздар. Баардыгы көчөдө калды. Мамлекеттен суранат элек...бирок, мамлекеттке деле ишенбей калдык. Туурусун айталык, элди эч ким ойлобой калды. Баарыбыздын контенерлерибиз өрттөнүп бүткөн. Өзүбүз менен өзүбүз. Чоңдөр өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн гана иштеп калды. Эртеге иштен кетишээрин жакшы билишет, ошон үчүн колдо турганда эртерээк базар ачып алуу далалатында жүрүшөт.
- Чоң базарды ушунча кыска убакыттын ичинде жаап койгонго кандай дараметтери жетти. Буга кандай көз караштасыз?
- Борбордук базар менен автовокзал жылат деп мындан мурун дагы сөз болуп жүргөн. Биздин угушубуз боюнча Ак-Тилек кичи району менен Күн батыш (Западный) шаарчасынын ортосуна. Ак-Буураны булгап жатат, санитардык абалга жооп бербейт деп жүрүшкөн. Эми кечээги тополоң буга жакшы шылтоо болуп калды. Жаңжал бүткөндөн тартып чоң базарды иштетип койгондо, Кара-Суу базарындай болуп иштеп калмак. Кечээ жакында угушубуз боюнча шаардык депутаттар чоң базарды жаптык деп токтом чыгарган имиш. Анын жабылганы туурасында вице-мэр да айтып кетти. Базарыбызга кандай мамиле жасашат билбейбиз.
- Эми буга кандай чара колдоносуздар?
- Биз топтолуп мэрия жака митинге чыгабыз же жолдорду тособуз деп жатабыз.
- Бул сиздердин талабыңыздар болуп калат да ээ?
- Ооба, бул биздин талап.
- Деги тамак аштан кантип жатасыздар?
- Мисалы, бул жерде саартан кечке кезээрип чатыраган ысыктын күнүндө отурабыз. Тамактана турган жайыбыз жок. Ал го эсен турсак болуп калаар, болгону бизге базарыбызды кайра калыбына келтирип берсе болду эле. Мына эми сабырыбыз түгөндү. Талап коюп жакында митинге чыгабыз.
- Талабыңыздарды аткарбай койсо эмне кыласыздар?
- Аткарбай койсо анда бийлике "совсем" ишеништин кереги жок.