Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

Өрт орустарды курутуп жатат
Учурда Москвада аба-ырайы буга чейин болуп көрбөгөндөй ысып, Россиянын токойлору албуут өрттүн кучагында калды.
Россиянын Воронеж шаарына жакын жерден чыккан өрт 500дөн ашуун токойду күлгө айлантып, дагы да өрт өчүргүчтөргө багына элек. Муну өчүрүүгө ӨКМдин кызматкерлери баш болгон 150 миң киши тартылды. Тилсиз жоонун кесепетинен набыт болгондордун саны арбып жатат, араларында өрт өчүргүчтөр да бар. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, өрт Россияга бери дегенде 15 млрд рубль чыгым алып келди. Учурда борбор калаа Москва да кара түтүнгө тумчугуп турат. Москванын айланасы саздак келгендиктен, чымдар ысып, өрттөнүп, андан ачуу, уулуу жыт чыгып шаарды каптоодо. Борбордо 11 миллиондун тегерегиндеги калк жашайт. Ал жактагы кыргызстандыктар менен байланышканыбызда, алар "Бет маңдайдагы үйлөр түтүндөн улам көрүнбөй калды. Түтүн үйлөрдүн ичине кирип, чартарап ыш жыттанып, баары саргарып, куурап жатат, а тургай метронун ичи да түтүн. Андыктан эшик-терезени жаап, тумчуланып отурабыз. Күн өтө ысык. Мунун айынан автокырсыктар көп катталууда. Аэропорттор да бир кыйла убакыт иштебей калышты. Айлабыз абдан кетти", деп билдиришти.
Өзөктүк куралдар сакталып турган Снежинск аттуу шаарга жакын токойдон да өрт чыкты эле, аны көптөп өчүрүп калышты. Россия президенти Д.Медведев өрттөн жабыр таркандарга өз чөнтөгүнөн 12 миң доллар көмөкпул бермей болду. О.э., өрттүн айынан отпускесин кыскарткысы келбеген токойчу чиновниктерин жумуштан ала баштады. Ага Мослесхоздун жетекчиси Сергей Гордейченко мисал. "Күттүк, күттүк, келбеди. Тимеле эч нерсе болбогонсуп жүрөт. Эгер келбесе, мен ойлойм, отпускеден таптакыр келбей калгыдай кылыш керек", - деди президент. Гордейченконун милдетине Москванын жана Подмосковьенин аймагында болуучу өрттүн алдын-алуу кирет экен. Ал июлдун аягында эмгек өргүүсүнө чыгыптыр. Медведев болсо өрттүн айынан 4-августта отпускесин кыскартып, жумушуна кайткан.

Нагасаки кайгылуу күндү эскерүүдө
Нагасакиге 1945-жылдын 9-августунда, жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат 11ден 2 мүнөт өткөндө АКШ тарабынан атом бомбасы ташталган. Анын кесепетинен шаардагы 80 миңдей адамдын өмүрү кыйылган. Андан үч күн мурун атом бомбасы дагы бир япониялык шаар Хиросимага ташталган болчу. Бул жерде 140 миңдин тегерегиндеги адам набыт болгон. Ошентип эки кыйраткыч бомба ташталгандан бир жумага жетпеген убакыттан кийин Япония багынып, натыйжада 2-дүйнөлүк согуш аяктаган. Учурда аталган шаарларда ал күндөрдү эскерип жатышат. Хиросимада болгон эскерүү иш-чараларына АКШ алгачкы ирет расмий делегация жөнөттү.


Фидель Кастро кайрадан трибунада

Куба лидери 4 жылдан бери биринчи жолу парламентке чыгып сүйлөдү. Ага 2006-жылы операция жасалып, натыйжада, өлкө тизгини иниси Рауль Кастрого өткөн. 2008-жылы болсо мамлекеттик бийликтен расмий түрдө бошонгон, бирок, кубалык Коммунисттер партиясынын лидерлигин өткөрүп берген эмес. Ошондон бери мамлекеттик кызматтарда иштеген жок, бирок, мамлекеттик расмий иш-чараларга байма-бай катышып, теледен тез-тез чыгып турган. Быйыл 7-августта, депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүндө ал АКШ менен Израиль Иранга ядролук курал колдонушу мүмкүн экендигин айтты. Ал мындай кадамдын жыйынтыгын Барак Обама баалап билип, Иранга кол салбасынан үмүт кыларын, анткени Обама христиан менен мусулмандын баласы экенин белгиледи. Фидель Кастро учурда 83 жашта.


Таарынчаактардын орду каякта?

Америкалык JetBlue Airways авиакомпаниясынын стюарды учактагы жүргүнчүгө таарынганынын кесепетинен жазага тартылуу алдында турат. Окуя мындайча болгон. Кадимки рейстердин биринде учактын ичинде бараткан стюард Стивен Слейтердин башына жүктекчедеги чемодан түшүп кетет. Стюард чемодан ээсинен кечирим суроосун талап кылат. Тиги да өзүнүкүн бербей көшөрүп, кечирим сурабайт. Идиш-аягын тарсылдатып, кабагы чытылган стюард учак конгондон кийин арабачасынан бир банке пивону алат да, авария болгондо чыга каччу эшиктен чыгып, үйлөмө траптын жардамы менен жерге түшөт. Анан үйүнө барып, жанагы пивосун ичип отурган жеринен полицейлер басышыптыр. Эми авариялык эшикти бейубак, бейжай колдонгон кызматкерге кандай жаза берели деп полиция башын оорутууда.


Сел курмандыктары 1600 адамга жетти

Өткөн аптада Пакистанда суу ташкыны болуп жатканын кабарлаган элек. Ал бери дегенде 1600 адамды шейит кетирип, 14 миллион адамга жабыр алып келди. Айрыкча, өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва, Пунжаб жана Синд провинциялары толук суу алдында калганы кабарланууда. Бириккен Улуттар Уюму суу ташкынынан арылуу үчүн жок эле дегенде жүз милииондогон доллар керектигин, ал эми кыйраган калктуу пункттарды кайра калбына келтирүү үчүн миллиардаган каражат зарыллдыгын билдирди.


Венесуэла АКШнын
жаңы элчисин кабыл албайт

Венесуэланын президенти Уго Чавес башынан эле АКШ менен кайым айтышып келет. Ал жакында эле Барак Обаманын Венесуэладагы элчилик кызматка көрсөткөн адамына агреман бербей тургандыгын айтты. Мындай позициясын элчиликке көрсөтүлгөн талапкердин дипломатиялык эрежелерди бузганына байланыштуу деп түшүндүрдү. Ларри Палмер болсо, сенат аны элчиликке талапкерликке бекитип жатканда, "Венесуэла армиясынын моралдык духу төмөн, кесиптик даярдыгы начар, о.э., Чавестин өкмөтүнүн колумбиялык козголоңчулар менен байланышы бар", маанисинде сүйлөгөн болчу. Анын сөздөрүн алгач Венесуэла ТИМи айыптап чыккан. Эми Чавеске кудай берип, АКШны "ашатканга" дагы шылтоо табылды.


Януковичтин экс-өнөктөшү
идиш-аяк уурдаптыр

Украина президенти Виктор Януковичтин мурунку өнөктөшүн украиналык квартира ээси идиш-аяк уурдады деп айыптап, милицияга арыз жазды. Үй ээси Роман Ромазановдун айтымында, Инна Богославская 2007-жылы, депутат кезинде анын үйүндө ижарада турган. "Үйүмдөгү эки телевизор, электростанция-генератор, 'Мадонна' француз сервизи, 'Бергоф' кострюлдары жок", дейт ал. Кожоюндун айтымында, квартирант-депутат аны "квартирадан чык" дегени үчүн ушинтип өч алышы мүмкүн. Учурда Богословская Украинадан сыртта жүргөндүктөн айыптоого комментарий берген эмес. Ал парламентке Януковичтин Региондор партиясынын катарында келген. 2010-жылы андан чыгып, өз алдынча президенттик шайлоого аттанып, бир пайызга жетпеген добуш алган болчу.


Индонезияда паром чөгүп кетти

Индонезияда бортунда 50 жүргүнчүсү бар паром чөгүп кетти. (Паром - адамдарды, жүктү суудан аркы жээке өткөрө турган чоң жалпак калаксыз кайык). Андан 10 жүргүнчү набыт болуп, 16сы куткарылып калды. Калгандары кандай тагдырга кабылганы белгисиз. Аларды белгисиз жоголду деп, издеп жатышат. Индонезия дүйнөдөгү ири архипелагдардын бири, 17 миңден ашуун аралы бар. 235 миллионго чукул калк жашайт. Аларда паром башкы транспорттук каражат, биз маршрутка колдонгондой эле колдонушат. Андыктан мындай кырсыктар көп болот дешет жергиликтүүлөр. Паромдор көп учурда нормадан ашык жүк жүктөлгөндүктөн, ошону менен катар эле коопсуздук эрежелери дээрлик сактабагандыктан улам чөгөт экен.


Жусуп Жолдошев








кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
12-август, 2010-ж.:
1-бет
Парламенттик шайлоо 10-октябрда өтөт
2-бет
Текебаевдин командасында Ширшовдун "куйругу" жүрөт!
3-бет
Дискотека
4-бет
МЕН БАРМЫН, МЕН ЖОКМУН…
5-бет
Марс Сариев, саясий серепчи:
Партияларда аскерлешкен канаттар пайда болду

6-бет
Оштогу окуу жайларда абитуриенттер азайды
7-бет
Жумакадыр Акенеев, эксперт:
Тышкы карыздан бир жылда кутулса болот

8-бет
Партиялар старт алышты
9-бет
Майыптар тынчтык үчүн жүрүшкө чыгышты
10-бет
Алиясбек Алымкулов, Жаштар министри:
Жаштарга көңүл бөлүнбөй калган

11-бет
Өрт орустарды курутуп жатат
12-бет
Атактуу Ош базары эмне үчүн жабылууда?
13-бет
Жиндинин махабаты
14-бет
Дүйнөлүк спорт жаңылыктарынын чордонуна саякат
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Жамал Сейдакматова, актриса
Жамал Сейдакматовага
"бир тонна" китепти ким берди?






Яндекс.Метрика