Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Алиясбек Алымкулов, Жаштар министри:
Жаштарга көңүл бөлүнбөй калган
Жаштар Министрлигинин түзүлүшү коомчулукта кайчы пикирлерди жаратып жаткан учуру. Баарыбыз үчүн кызыгы, Министрликтин кандай иш алып барып жатканында. Биз да кызыгып министр мырза менен маектештик.

7- апрелде бир эмес эки жолу окко кабылган Алиясбек мырзаны, жаштар аман алып калган. Анткени , врачтар операция кылбайбыз дегенде, уюшкан жаштар оорукананы өрттөп жиберебиз деп коркутушкан. Алиясбек мырзанын министр болоорун ошондо эле билишкен го...

- "Жаштар министрлигинин кереги жок" деп, айткандарга министр катары эмне деп жооп берет элеңиз?
- Жаштар Министрлигине келгенге чейин, ушундай министрлик керекпи же кереги жокпу деп ойлонуп жүрчүмүн, кийин өзүм аралашып калгандан кийин жаштарга зээним кейиди. Анткени, 20 жылдан бери жаштар көңүл буруусуз калган. Жаштар арасында чечилбеген көйгөйлүү маселелер абдан көп. Биздин министрлик жаштар менен Өкмөттүн ортосундагы көпүрө. Биздин максат, жаштардын оюн бийликтегилерге туура жеткирүү.Эртенки тарых бүгүндөн башталат, ошон үчүн кеч болуп кала электе, жаштарга министрлик аркылуу туура багыт берүү керек..Жаштарга багыт берүүчү, алардын кызыкчылыгын көздөөчү бирдин-бир уюм Жаштар министрилиги болуп жатпайбы. Андыктан, жаштар министрлиги жөн жерден эле түзүлүп калган жок.
- Министрлик түзүлгөндөн бери кайсыл аймактарды кыдырганга жетиштиңиздер?Сиздер кыдырган аймактардагы жаштардын орчундуу маселелери эмне экен?
- Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көлгө барып келдик. Алдыда калган аймактарга барып жаштар менен жолугушууну пландап жатабыз. Жаштар арасындагы эң негизги маселе жумушсуздук экен. Кайсыл жерге барбайлы, ушул темада сөз козгоп, андан сырткары, кадр даярдоодо сапатуу окутуунун жетишпей жатканын айтышты. Идеологиянын жоктугун да атайын маселе катары баса белгилеп өтүштү. Жаштардын арасында ушунчалык зээндүү, таланттуулары бар экендиги мени аябай кубандырды.
- Көйгөйлүү маселесин угуп коюу башкы максат эмес да. Жаштардын оюн, мүдөөсүн аткарабыз дегенден кийин, жумушсуздук маселесинин да чечилишине кандайдыр бир деңгээлде жардам бере аласыздарбы?
- Албетте, жаштар менен жолугушуу учурунда аларга, "долбоорлорду жазганды үйрөнгүлө жана жазып баштагыла" деп айтып жатабыз. Жаштар өздөрү долбоор жазып баштаса, биз чет элдик донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жазган долбоорлору боюнча аларды иш менен камсыз кылганга аракет кылабыз. Экинчиден, Энергетика мминистрлиги менен сүйлөшүп 8 миң жумуш орун сурадык эле, буйруса, 2011-жылга 4 миң орунду бөлүп бере турган болушту. Мындан сырткары, жетим-жесир, кедей-кембагалдардын үй бүлөсүндөгү балдарга көп көңүл бура баштадык. Бул маселени жогору жактагыларга айтсаң анчалык деле жактыра беришпейт. Бирок, биз коркуп олтурбай айтып чыгышыбыз керек. Анткени, ат-энеси кедей, же ата-энесиз калганы үчүн балдар күнөөлүү эмес.
- Алдыдагы пландарыңыздар кандай? Кээ бир министрликтердин катасын кайталап калабыз деп коркпойсуздарбы?
- Министрлик өзүнүн түптүү фундаментин куюп алгандан кийин, келечекке стратегияны жаштар менен биргеликте карайбыз. Андан кийин жаштардын борборго агылуусун, ички миграцияны токтотуу үчүн, жаштарды жер-жерлерде жумуш менен камсыз кылабыз. Донорлор менен сүйлөшүүлөрдү баштаганбыз. Башка Министрликтен эмнебиз менен айырмаланабыз, алар кабинеттеринен чечим кабыл алып, кол коюлгандан ылдый жакка түшүрсө, бизде тескерисинче, жер жерлерге барып, баарын башынан баштаганды максат кылып пландадык. Мисалга алсак, Баткендеги жаштардын толуп жаткан маселесин Баткендиктер гана билет, Таластык, Нарындык жаштар билбейт. Ошондуктан, ар бир жердин көйгөлүү маселесин жеринде карап чыккан оң натыйжа бергидей. Мына ушундай иш аракетттер колго алына берсе биздин министрлик жөн түзүлбөгөнүн далилдейт деп ишенем. Анткени, жаштардын жүрөгү таза, коррупция деген нерседен түшүнүгү жок. Демек, ак иштеп кете алабыз.




Түзүлгөнүнө үч ай болгон министрлик эмнелерди жасай алды?

"Дароо эле баарынын каалоосун аткара албасак да, акырындап жаштардын ой пикирлери менен таанышууну баштадык. Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ыссык-Көл аймактарындагы жаштар менен жолугушуп, ойлорун угуп келдик. Мындан сырткары "Келечек жаштары" кайрымдуулук фонду менен бирдикте Ысык-Көлгө эс алууга жакшы окуган 400 баланы жибердик. Коогалаңдуу Ош окуясында Гуманитардык жардамдарды жибердик" дейт Жаштар Министрилигинин кызматкерлери.


Жаштар министрлиги эмне үчүн конкурс жарыялайт?

Жаштар министрлиги коррупциясыз, таза жана чыныгы талапка жооп берген кадрларды даярдоону көздөп жатышат. Ал үчүн билимдүү жаштарга конкурс жарыялоону пландашкан. Азыр мамлекеттик кадр даярдоо агенттиги менен биргелешип иш алып барып жаткан учурлары. Катышуучулардын резюмелерин карап чыгып, күчтүүлөрүнө Жаштар Министрлиги үчүн кызмат кылууга шарт түзүп беришет. Мындан сырткары, Министрликтин эмблемасынынын идеясын, жасалгаланышын да конкурс менен кабыл алышат.


Жаштар Министрлигинин түзүлүшүнө кандай карайсыз?
Гульниза Бейшенбаева, "Ата Мекен" социалисттик партиясынын Саясий Кеңешинин мүчөсү:
- Жигердүү жаштардын башын бириктирип, мамлекеттин деңгээлинде жаштар саясатын ишке ашыруу максатында жаштар министрлиги түзүлдү. Жаштар министрлиги башка өлкөлөрдө түзүлгөн эместигин, бул Кыргызстанда болгон жаңычылык экендигин айтып каршы болгондор да бар. Буга чейин жаштар саясаты менен бир багытта атайын иш алып барылган эмес, улам бир министрликтен экинчи министриликке кошуп келишкен. Министрликтин түзүлүшү менен жаштар көйгөйлөрү мамлекеттин деңгээлинде көтөрүлүп, буга чейин көңүл бурулбай келген маселелер чечилип, мамлекет тарабынан жаштарга болгон кам кордук болот деп эсептейм. Келечеги бар иш, Жаштар Министрлигинин түзүлүшүн колдойм.

Жаштар Министрлигинин кереги барбы же жокпу?
Нуркыз Исакова, Журналист:
- Акыркы он беш жылдын ичинде жаштарга таптакыр көңүл бурулбай келген. Кыйынчылыкка учурап, жашсынтып койгон учурларды да жаап-жашырууга болбойт. Ошондуктан, жаштар үчүн иштеп бере турган Министрликтин болуусу талапка ылайык. Мына эми ошол Министрлик да ишке киришип олтурат. Пайдубалы жакшы түптөлсө, жаштар көптөп дубалын тургузууга жардамдашышыбыз керек. Кыргызстан үчүн Жаштар Министрлигинин кереги бар. Бул министрлик алдыңкы жылдары жакшы иштерди алып барат деген үмүттөбүз.



Жаштар Министрлиги "жаштарды алаксытуу" максатында түзүлдү деген пикирге кошуласызбы?
Тынчтыкбек Кожобеков, "Миң кыял fm" радиосунун креатив-менеджери:
- Жаштар министрлиги эмне максатта уюштурулду, аны биз билбейбиз. Бирок, ар бир нерсенин пайдалуу жана пайдасыз жактары бар. Пайдалуу кылып ишти алып кетсе жакшы. Көбүнчө жаштардын оюн угууга багыт алышы керек. Жаштар Министрлиги мындан ары кандай тартипте иштейт, чын эле мамлекетке тирек боло турган министрлик болобу, аны убакыт көрсөтөт. Бирок, учурда жаштар министрлигин саясий өңүттө көбүрөөк карап жатабыз го. Спорт, чыгармачылык жаатына маани берсек жакшы болчудай.


Жаштар Министрлиги тууралуу маалыматыңыз барбы?
Алмир Алманбетов, 2-чи курстун студенти:
- Жаштар Министрлиги түзүлдү деп уккам, бирок, эмне иш алып барып жатышат, ал туралуу эч кандай маалыматым жок. Министрлик тууралуу маалыматтар жаштарга жетип турушу керек. "Министрлик түздүк"деп эле столун кучактап олтургандары туура эмес.

Самара Сагынбаева






кыргыз тилиндеги гезит "Аргумент kg"
email • архив • редакция 
12-август, 2010-ж.:
1-бет
Парламенттик шайлоо 10-октябрда өтөт
2-бет
Текебаевдин командасында Ширшовдун "куйругу" жүрөт!
3-бет
Дискотека
4-бет
МЕН БАРМЫН, МЕН ЖОКМУН…
5-бет
Марс Сариев, саясий серепчи:
Партияларда аскерлешкен канаттар пайда болду

6-бет
Оштогу окуу жайларда абитуриенттер азайды
7-бет
Жумакадыр Акенеев, эксперт:
Тышкы карыздан бир жылда кутулса болот

8-бет
Партиялар старт алышты
9-бет
Майыптар тынчтык үчүн жүрүшкө чыгышты
10-бет
Алиясбек Алымкулов, Жаштар министри:
Жаштарга көңүл бөлүнбөй калган

11-бет
Өрт орустарды курутуп жатат
12-бет
Атактуу Ош базары эмне үчүн жабылууда?
13-бет
Жиндинин махабаты
14-бет
Дүйнөлүк спорт жаңылыктарынын чордонуна саякат
15-бет
Астро төлгө
16-бет
Жамал Сейдакматова, актриса
Жамал Сейдакматовага
"бир тонна" китепти ким берди?






Яндекс.Метрика