Парламенттик шайлоо 10-октябрда өтөт
Парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленди. Буга чейин кечээңдеп келген себеби, шайлоо кодексине ылайык өлкөнүн бүткүл аймагында же айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал киргизилген учурларда шайлоо жарыяланышына же өткөрүлүшүнө мыйзам жол бербейт. Эми ага ылайык убактылуу жашаган жеринен добуш берүүгө уруксат берүү жана шайлоо корун азайтуу боюнча өзгөртүүлөр шайлоо кодексине киргизилбей калды. Анткен менен кодекстин 2007-жылдагы редакциясындагы партиялык тизме түзүүдөгү негизги максаттар сакталып калмакчы.





PDF формат