Астро төлгө
Кой
Бул жумада сүйүүдө жолдуу болосуз. Каалооңуз болсо, билим алуу жаатында да жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ал эми жумушта жоопкерчиликсиздигиңиздин айынан жетекчиңизден тил угушуңуз мүмкүн! Жуманын аягы эл катары эс алууга жаратылыш коюнуна сапар аласыз!

Букачар
Үй бүлөнүн, жумуштун жоопкерчилиги бул аптада сиздин моюнуңузда! Көп эле кыйналдым деп кейий бербеңиз, сюрприздер күтүп жатат. Жашырып жүргөн укмуштуудай талантыңыздын бар экени жакындарыңызды кубантат.

Эгиздер
Баарына жетишип калыңыз, апта башында түшкөн сунуштан баш тартуудан мурда жакшылап ойлонуп көрүңүз. Кимдир бирөө сизге ор казып жүрсө, ал адамдын ким экенин ушул жумада билесиз. Бирок, кызуу кандуулукка алдырбай, токтоолук менен жеңиңиз!

Бөйөн
Карьерадагы ийгиликтер, финансылык абалыңызды жакшыртат. Эски достор менен жолугушуп, аптанын башталышы романтикалуу кечтерди тартуулайт. Базарга барсаңыз абайлаңыз, чөнтөкчүлөргө майрам тартуулап койбоңуз!

Арстан
Чындап эле менин эмгегимби, деп өзүңүзгө-өзүңүз суроо салууңуз мүмкүн. Ал сиздин талбаган иш аракетиңиз. Көктөн күткөнүңүз жерден табылып, ойлогон оюңуздун өтөөсүнө чыгасыз. Жуманын аягында сүйүктүүңүздү таарынтып албоо үчүн абайлап мамиле жасаңыз!

Бийкеч
Карьера тууралуу көп ойлонуп баштайсыз. Эгерде чет өлкөгө сунуштар түшсө, бул жумада жообун бербей турганыңыз оң. Сизге ойлонууга убакыт талап кылынат. Бул арада кимдир бирөөнүн сөзүнө кирип кетпей, жөн гана угуп коюңуз.

Тараза
Коомдук жайларда, коллективде ашыкча өзүмчүлдүгүңүздү көрсөтө бербеңиз, бирөө болбосо бирөө сындап коюшу мүмкүн. Жуманын аягы сиз күткөн адам менен байланышып, көңүлүңүз көтөрүлөт. Балким кымбат баалуу белектин да ээси болуп каласыз!

Чаян
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири менен пикир келишпей, ыңгайсыз абалга кептелесиз. Ошондуктан жакындардын пикирин угуудан качпаңыз. Ал эми досторуңуз бардык жактан сизди колдоого даяр экенин айтышып, жакшы маанай тартуулашат.

Жаачы
Келечекке койгон максаттарды дагы бир ирет карап чыгууңуз керек. Жуманын башталышында үй жумуштары менен алек болуп, чарчаганыңызды байкайсыз. "Урушта туруш жок" демекчи, дароо эс алууга жөнөңүз! Ал эми акча маселеси аптанын башында чечилип калуусу мүмкүн.

Текечер
Ийгиликтүү сүйлөшүүлөр жана келишимдер күтүп жатат. Жумушуңуз менен байланышкан таанышуу күтүлбөгөн кубанычтарды тартуулайт. Достор менен болгон жолугушууну бул аптада кое турганыңыз оң. Анткени убактыңыз текке кетет.

Суупери
Апта башында жакындардан келген жардамдар кубантат. Сүйүктүүңүз менен болгон келишпестиктен улам көңүлүңүз чөгөт. Бирок, кадамды биринчи таштап, сүйүктүңүздүн таарынычын жазууга аракет кылыңыз. Апта аягы чарчаганыңызды байкап, эс алууга жөнөйсүз!

Балык
Ички туюмду тыңшап, анан иш кылыңыз! Жаратылыштын өзгөрүлүп турушу сизге бир аз ыңгайсыздыкты жаратат. Бирок, ага карабастан талбай эмгектениңиз. Жашооңуз өз жолуна салынып, апта аягы жакын адамыңыз менен жолугушууңуз күтүлүүдө.





Анекдоттор
Бакиев менен Акаев аш демдейли деп, Акаев эки кило өзгөн күрүч алып келсе, күрүчтү көргөн Бакиев;
Үч кило ала бер, жакында Отунбаева да келет-деп коёт дейт.

Коён дарактын түбүндө тамеки тартып отурса уй жанына өтүп баратып;
- Кичинекей эле туруп тамеки чегип жатканын-десе, коён;
- А сен ушундай чоң туруп лифчигиң жок жүрөсүң - деп коёт дейт.

Белорусиянын алыскы бир кыштагы. Кичинекей айылдык жиндикана.
- Курманбек Салиевич... ммм... сиз эмнеден улам өзүнүздү Ааламдын президенти деп чечтиңиз?
- Ооба, мага ушинтип Лукашенко айтпадыбы.
Кошуна бөлмөдөн үн угулат;
- Мен ага эч нерсе дап айткан эмесмин.

Мастыгынан аран соолуккан ичкич турса башы ооруп жатат. Баш жазганы чөнтөгүн аңтарса эч нерсе жок. Калтыраган үн менен сурайт дейт;
- Жигиттер, мен кечээ айлык алгандай болдум эле?
- Ооба, баарын ичип салбадыкпы
- Кудайга шүгүр, мен да жоготуп жиберген экем деп коркуп кетиптирмин.

Чачтарачка бала ээрчиткен эркек кирет.
- Чоң кыз, баланын чачын кыскартасың, менин сакалымды аласың.
Мастер тигинин сакалын алып бүтөөрү менен эркек айтат;
- Мен гезит алып келгенче, бул баланын чачын кыскартып туруңуз - дейт да чыгып кетет. Арадан бир топ убакыт өтөт, тиги эркек келбейт. Мастер баладан;
- Атаң кайда жоголду? - деп сураса,
- Бул байке менин атам эмес. Ал мага көчөдөн жолукту да, "бекер чач кыскарткың келеби" деп сурады, мен макул болдум - дейт камырабай.

Батька айтат дейт, "Кааласа бизде калсын, саясатка аралашсың, жок, каалабаса, мейли жашай берсин баарыбызга орун да, жумуш да жетет". Арадан жыл өтөт. Батька айтат дейт, "Бакиев кетсин!"