март:4-март.; o
7-март.; o
11-март.; o
14-март.; o
18-март.; o
21-март.; o
25-март.; o
28-март.; o
Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_16.htm on line 2
Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_16.htm on line 2
Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_16.htm on line 2
Гезит макала издегич
Кыргыз шоу жаңылыктары Сайра өкүл баласы менен клип тарттырып жатат
Сайра Момунбаева ЭлТР коомдук телеканалынын жаңылыктарын алып барган дикторлорго кийим тигип жаткан кези. Андан сырткары болочоктогу өкүл баласы Ильяз Андаш менен "Сүйүү бийин бийлели" деген ырына Ысык-Көлдөн клип тарттырып жатат. Клиптин эки кадрын борборубуз Бишкектин дискотекалык клубдарынан тарта тургандыгын айтты. "Асема экөөбүздүн Кыргыздардын жигиттеринин жакшы сапаттарын даңазалаган темадагы ырыбыз даяр. Ал ырды түрктөрдүн "Ромео" деген ырынан котордук" дейт ырчы айым.
Токтобек күйөрмандарын сүйүнткөнү турат
Токтобек Асаналиев "Ата-энем" жана "Туулган айылым" деген эки жаңы ыр жаздырып бүттү. Сөзү Б.Мамытовдуку, обону Улукмырза Полотовдуку. Буюрса өзүнүн булбулдай болгон үнү менен жакында күйөрмандарын сүйүнткөнү турат.
Гүлзат Байзакова телефильмге тартылып жатат
"Тоолор, Чагылган, он сегиз жаш деген ырлардын ээси, Аксуубай Атабаев жөнүндө телефильм тартылып жатат. "Ал тасмада Аксуубай аганын акыркы мезгилде чыгарган "Жаанда" деген ырын ырдайм. Ал ырга жаңы эле обон жаздырып бүтүп, жакында күйөрмандарыма тартуулаганы турам" дейт ырчы айым Гүлзат Байзакова.
Гүлнарадан жаңы ырлар
Гүлнара Кахарованын чыгармачылыгында жаңылануулар бар экен. Ырчы эжекебиз бир да теманы калтырбастан ыр жаздырып бүтүп, жакынкы эки-үч күндүн аралыгында радиолорго берейин деп даярданып жүргөн учуру. "Сенсиз деле", "Ыраазымын", "Атакем", "Ыйык сезим" деген ырларын жаздырган соң, патриоттук духтагы ырларды жаздыра баштаптыр.
Кубик Казакстанга концерт койгону кетти
Кубик Калыков кызы Айпери менен Казакстандын Жамбул жана Шымкент шаарларына концерт койгону аттанды. Ал концерттен түшкөн каражатты кызына бир клип тартып берүүнү убада кылып жатат. Андан ары Айпери менен Тата Улан Россияга гастролдоп барып келишмекчи.
Дүйнө жылдыздарынын жаңылыктары
Анджелина Джоли балдары менен Москава келди
Голливуддун эң белгилүү актрисасы Анжелина Жоли төрт баласы менен 10 июль күнү Россиянын борборуна бир жумага келди. Анжелина Москвага жөн эле келген жок. "Солт" деген аталыштагы триллерге тартылуу үчүн келди. Аталган тасманын презентациясына актриса 1-июлда катышып, папараццинин өкүлдөрү актрисанын сол колунан жаңы татуну байкап калышкан. Негизи Анжелинанын ролун Том Круз аткармак эле, бирок актрисаны башкы каармандын дос кызынын ролун аткаруудан баш тарткан. Сьемкалар Нью-Йоркто, Вашингтондо жана Россиянын Волга дарыясынын жээгинде тартылды.
Ырчы айым Селин Дион эгиз бала күтүүдө
Канадалык ырчы кыз Селин Дион жакында эне болоору тууралуу айтты. 42 жаштагы ырчы айым Жана жолдошу Рене Анджелиль эгиз балдарды күтүүдө. Түгөйлөрдүн 9 жаштагы Чарльз аттуу бир баласы бар. Селиндин карьерасынын эң бийик чокусу "Falling Into You" (1996) альбому эсептелет. Аталган альбом сатылуу нускасы боюнча алдыңкы он альбомдун катарын толуктаган эле.
Керри Андервуд бойдокчулук менен коштошту
27 жаштагы Америкалык ырчы кыз Кэрри Андервуд акыры бойдокчулук менен коштошуп, 30 жаштагы Майк Фишер аттуу жигитке турмушка чыгып, аны менен турмуштун ысык-суугун бирге татууга 250 кишинин астында убадасын берди. Түгөйлөр 2008-жылы таанышып, 2009-жылы үйлөнүү тууралуу жарыялашкан эле.
Меган Фокс менен Остин жомоктогудай үйлөнүштү
24 жаштагы актриса Меган Фокс бардык жаш кыздар кыялданып жүргөндөй эле үйлөнүү той өткөрдү. Ак көйнөк, фата, кумдуу жээк, артында деңиз Меган менен Остиндин жашоосундагы эң бактылуу күндөрдүн бири болду. Үлпөт 24-июнда Гавайиде болсо дагы, актриса эч кимди чакырган эмес. Ошондуктан бизге азыр жетип жатат. Ошондой болсо дагы, эки жаштын үйлөнүү тоюндагы чырк этмелер интернет барактарына чыгып калды.
Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_16.htm on line 57
Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_16.htm on line 57
Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_16.htm on line 57 Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_16.htm on line 57
Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_16.htm on line 57
Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_16.htm on line 57