март:4-март.; o
7-март.; o
11-март.; o
14-март.; o
18-март.; o
21-март.; o
25-март.; o
28-март.; o
Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_14.htm on line 2
Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_14.htm on line 2
Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_14.htm on line 2
Гезит макала издегич
Шумдук о-ой!
Терезе жууш боюнча эң бат кыймылдаган инсан
1996-жылы 20-апрелде Улуу Британиянын Сауд-Окендона шаарында жашаган Терри Бэрроуз "Холидей Инн" мейманканасынын терезесин эң тез жууп бүткөн. Бул убака келип эч ким мынчалык тез терезе жууган эмес. 3 кв терезенин эки тарабын, тактап айтканда 1,14 метр, 3 мм терезени Терри 19,4 секунддун ичинде жууган. Терри Бэрроуз жалпы терезелерге 9 литр гана суу короткон.
Дүйнөдө эң ылдам барабанчы.
Андан сырткары дүйнөдө алдына ат салдырбаган, эң тез барабанчы Улуу Британиялык Рори Блэквел эсептелет. Анын кыйындыгын ушундан билиңиз, 16,2 секунд аралыгында 400 барабанды койгулап ойной алган. Ал өзүнүн талантын 1995-жылы 29-майда Чадли аймагындагы Финлейк эс алуу жайында көргөзгөн.
Андан сырткары Рори Блэквеллге таандык дагы бир рекорд бар: ал бир барабанды таякчасы менен бир минутанын ичинде 3720 жолу койгулап ойноого жетишкен. Бул рекордун ошол эле Финлейк эс алуу жайында койгон.
Эң узун сакалчан эркек...
Ал эми эркектер арасындагы эң узун сакал Норвегиялык Ганс Лангсетке тиешелүү болгон. Ал кайтыш болгонго чейин 1927-жылы анын сакалынын узундугу 5 метр 33 сантиметрге жеткен. Азыр Ганстын сакалы Америка Кошмо Штатынын, Вашингтон шаарындагы Смитсонов иниститунда сакталуу.
Дүйнөдөгү эң жаш миллиардер.
2008-жылдын март айында "Форбз" аттуу журнал дүйнөдөгү эң бай адамдарды жарыя кылып чыкканда анын ичинен 23 жаштагы Facebook социалдык сеть ишканасынын негиздөөчүсү Марком Цукербергом аттуу жигит 785 оорунду ээлеген. Ошентип тарыхта дүйнөдөгү эң жаш миллиардерлердин катарын толуктаган.
Эң чоң көкүрөк
Чоң көкүрөк 1926-1958-жылдарда жашап өткөн АКШлык Роберт Эрл Хьюска таандык. Анын көкүрөгүнүн кенендиги 3 метр 15 сантиметрди түзгөн. Роберттин артынан изталаш келген Улуу Британиялык атуулу Уильям Кэмпбэлл болуп, көкүрөгүнүн кенендиги 2,44 метрге жеткен.
Эң көп манжалуу бала.
Ашыкча манжалуу киши 1921-жылы 16-сентябрда Лондондон кармалган. Лондондук өспүрүм баланын колунда 14 манжа, бутунда 15 манжа болгон.
Эң узун сакалчан аял
Адамзат тарыхында сакалчан аялдарды учуратуу бул үрөйдү учурган коркунучтуу деле көрүнүш эмес. Мындан көп жылдар илгери жана азыркы учурда андай аялдарды арабыздан табууга болот. Анткени менен сакал-мурут эркектерге таандык экенин жакшы билебиз. Аял кишинин мындай акыбалы бизди таңдандырбай койбойт.
Ал эми сакалы эң узун аял катары тарыхта таанымал Американын Кентуки штатында жашап өткөн Бракен төбөлдүгүнүн айымы Жени Девери болгон. Анын сакалынын узундугу 1884-жылы 36 сантиметирге жеткен.
Эң тез жаза алгандар.
1941-жылы Нью-Йоркто Маргарет Хамма аттуу айым электрондук машинка менен бир минутанын ичинде 9 мин 316 сөз жаза алган. Ошентип дүйнөдөгү эн тез жазган айым катары тарыхта калган.
Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_14.htm on line 49
Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_14.htm on line 49
Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_14.htm on line 49 Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_14.htm on line 49
Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_14.htm on line 49
Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ar/10/0715_14.htm on line 49