Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_9.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_9.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_9.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_9.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_9.htm on line 2
  Кылмышдүйнө

Карабалта крим каармандары?..
Карабалта шаарынын көмүскө кожоюну, криминалдык дүйнөдө "Бокуш" аттуу жарлыгы бар, "Вор в законе" Камчы Көлбаевдин Чүйдүн батышына койгон өкүлү делген Алмаз Бокушевге байланышкан окуя коом ичинде кызуу талкууга алынып жаткандыктан, биз эки тараптын оюн гезитибиздин бетине жарыялоону туура таптык . Тилекке каршы, Алмаз Бокушев тарап менен байланыша алган жокпуз. Ошентсе да, Кара-Балтада кандайча "беспредел" болгондугу жөнүндө ГУУР жана ИИМдин басма сөз кызматы ушул ишти тергеп жаткан тергөөчү менен жолугушуу уюштурду. Тергөөчү ГУУРдун башчысынын уруксаты менен бизге интервью берип, маек учурунда өзүнүн аты-жөнүн атагандан баш тартты.

- Кара-Балта шаарына кандайча барып калдыңыздар?
- Ушу жылдын 6 - июлунда тергөө башкармалыгына бир жеке ишкерди кылмышкерлер Бишкектин сыртына алып чыгып, денесине жаракат келтирип, болжолу миллион доллар талап кылгандыгы тууралу маалымат түшкөн. Кылмышкерлер бизнесмендин жеке буюмдарын, машинасын тартып алып, эртеси акчаны алып келишине мөөнөт коюшуптур. Эртеси эле атайын ыкчам аракет жасалды. 3 адам кылмыш кодексинин адам уурдоо, эркинен ажыратуу, каракчылык, опузалап акча талап кылуу, бирөөнүн автотранспортун зордуктап тартып алуу деген беренелер менен айыпталды. Ушундай беренелердин негизде 2 кылмышкер кармалып, СИЗОго киргизилди. Бирөөсү качып кетти. Кармалган кылмышкерлер шеригинин атын, дарегин айткан. Кийин Карабалта шаарынын оперлеринен шектүү кылмышкер эки үйдө жашынып жүрөт деген маалымат түштү.
Оперлердин пикирине караганда, ал адам Карабалтадагы туугандарынын үйүндө жашынып жүрүптүр. Ошол үйлөрүндө жүргөндүгү такталганда кошумча кабарлайбыз дешти. Айткандай эле 9-июлда түнкү саат 2-3төрдө оперлер кылмышкердин жүргөнүн такташып, бизге маалымат беришти. Ошо замат көрсөткөн даректерде тинтүү жүргүзүүгө чечим чыгарылды. Кара-Балта шаарына бардык. Ал үй Бокушев Алмаздыкы экен. Биздин оперативдүү маалыматтар боюнча изделген киши анын кайниси болуп кетет экен.
- Кайсы убакта, саат канчаларда бардыңар?
- Эртең менен бардык. Эки кабат үй экен. Ары жактан бир аял терезени ачып кимсиңер, андай-мындай деп сурады. Мен күбөлүгүмдү алып чыгып өзүмдү тааныштырдым. Каяктан келгендигибизди, токтомду көрсөтүп: "атайын чечим менен келдик эшигиңерди ачкыла, жаныбызда калыстар-күбө бар" дедик. Алар "жок"ачпайбыз деп жарым сааттай ачпай тоскоолдук кылып турушту.
- Күбөлөрдү кайдан алгансыздар? Кара-Балтадан алса болбойт беле?
- Күбөлөрдү Бишкектен алып барганбыз. Эртең менен саат 5де барганбыз да. Анан бул жактан балдарга тапшырма берип, эшиктен эле бул тергөө амалдарына кызыкдар болбогон эки адамды табышты.Баардыгынын кимдигин аныктап, чындыгында калыс адам экендигин тактагандан кийин анан күбөгө алдык.
- Сиздерди акча алып кетишкен деп айыптап атышпайбы. Сиздер алган эмеспиз деп атасыздар. Күбөлөрдү бул жактан алып кетсеңер кантип далилдейсиңер?
- Мыйзамда күбөгө кошуналарды, туугандарын гана тартыш керек деп жазылган эмес. Күбөнү тергөөчү өзү тандап алса болот. Эң негизгиси ишке тиешеси жок, калыс адам болуш керек. Анын үстүнө барганда таң ата элек болсо кимди чакырып отурмак элек.
Ошентип бардык. Жарым саатка чейин эшикти ачпай турушту. Андай учурда бизде шектенүү болот. Шектүү адамды качырганга, үйдө мыйзамсыз нерселер болсо ошолорду катканга аракет кылып атышат деп, биз дарбазасынан секирип түшүп, үйүнүн кулпусун талкалап, анан киргенбиз.
- Мындай кирүүгө мыйзам жол береби?
- Мыйзамда буга уруксат бар. Болгону башында өзүңдү тааныштырып келген максатынды айтыш керек. Тинтүү жүргүзгөндө, кандай эшик болбосун ачканга, эгер так маалымат болсо ачпаса, талкалаганга биздин укугубуз бар.
- Сиздер тинтүү жүргүзүп аткан мезгилде, аялын, балдарын өзүнчө бир комнатага камап, үйдөн да канча баалуу буюмдар, акча жоголгон турбайбы?
- Жок, бул чындыкка жатпайт. Мен тергөө амалын башынан баштап айтып келе жатпаймынбы. Биз үйүнө кирдик. Бокушев Алмаз үйүндө экен, биздин кызматкерлерге каршылык көрсөткөнгө аракет кылды. Ошол учурда биздин ички иштер органдарынын мыйзамы бар. Ошонун негизинде, аны жерге жыгып, колуна кишен салдык. Ошондо денесине жаракат алышы мүмкүн. Үйүндө келинчеги, эки баласы бар экен. Аларды өзүнчө бөлмөгө киргиздик. Тинтүүнүн тартиби боюнча үйдө канча киши болсо ошонун баарын бир бөлмөгө киргизип, телефондордун баарын бир жакка коюш керек. Анткени алар башка жакка кабар берип коюшу мүмкүн. Тинтүү жүргүзгөндө үйдөгү жашы жеткен адам менен калыстардын көзүнчө тергөөчү тинтүү жүргүзүү жөнүндөгү мыйзамда кандай жазылса, ошондой аракеттерди жасайбыз. Үйдөгү аял кишилерди бир бөлмөгө киргизип, телефондорун өзүнчө алдык. Үстүнөн бир кызматкер карап турду, бири-бири менен сүйлөшүп, тоскоолдук кылбасын деп.
Бокушев Алмазга токтомду тааныштырдык. Токтомдо анын колу бар. Анан протокол түзүп, күбөлөрдү тааныштырып, тинтүү баштадык. Ар-бир бөлмөгө кирген сайын мен, эки күбө, өзү болуп киребиз. Биринчи суроо бердик, мыйзамсыз эмне бар болсо бергиле деп. "Жок"-деди. Анан бөлмө-бөлмө издеп баштадык. Сейфти ачтырып, документтерди карап, мыйзамга каршы болсо ошол замат протоколго жаздык. Ошентип, ар бир бөлмө текшерилген. Ошол жерден тергөөгө керектүү жазуулар бар экен, аны алганбыз. Бир-эки мобильдик телефон алардын байланыштарын текшериш үчүн алынды. Бир жашыруун угуучу (прослушиющий) устройства бар экен. Ошону алдык.
Үйдөн кийин, чоң саунасы менен конок үйү бар экен. Аны карадык. Анын чердагынан граната табылды. Алмаздын, күбөлөрдүн көзүнчө протокол түзүлүп, пакеттерге салынып, печатталды. Анан ар жактан жергиликтүү жашоочуларбы, түшүнүксүз 200-300гө жакын адам чогулуп, баары жүргүзүлүп аткан тергөө амалын токтоотууну талап кылды. Менин жана мени менен келген милициялардын айткан сөздөрүбүзгө такыр түшүнүшкөн жок. Анан бир маалда биздин кызматкерлердин курчоосун бузуп киришип, гранатаны печаттап аткан учурда 40-50дөй аял менин көйнөгүмдү айрып, колумдагы пакетти жулуп кетишти. Мен өзүмдүн казгаздарымды гана кармап калганга үлгүрдүм. Ошол жерден Бокушев Алмаз, мени жөн жерден милициялар келип моминтип атат деп провакация кылып жатты.
- Анын сөзүндө да чындык бар турбайбы. Силер башка кишини издеп барып эмне аны кармап атасыңар?
- Биз башка кишини издеп бардык. Бирок, опер кызматкерлердин тактамасы боюнча анын үйүндө да мыйзамсыз буюмдар бар деген маалымат бар болчу. Ошолорду текшерип атабыз да. Ошентип, биздин "вещдокторду" жулуп кетишти. Сөздү эч ким укпай, ызы-чуу 7-апрелдегидей эле болду. Ошондо, Бокушев Алмазды ошо кишилердин арасынан алып чыгып кетүү чечимин кабыл алдык. Бул жерде бир нече мыйзам бузуулар катталды да. Атайын бийликтин өкүлү болуп келип атсак, элдер келип алып тополоң уюштуруп атса. Мен ал жерден юридикалык баа бердим "Бокушев Алмаз тергөө амалдарын бузган негизги уюштуруучу". Ошол жерден ачыктан-ачык үгүттөп атат. Элдер келип менин колумдан жулуп кетип атат. Жай эле келсе болот да, мен ал жерде канча түшүндүрдүм, мени менен келген кызматкерлер да түшүндүрдү. Жанагынча киши топтолгондо, аймактык РОВДнын кызматкерлерин чакырганбыз, алар түшүндүрдү. Эч кимди укпай, анархия башталды. Ошондо Бокушевди алып кеттик. Чогулгандар бизге кол салып, таштар менен уруп, биз араң качып кеттик.
- Бул элдер каяктан чогулду? Саат канчаларда болуп атат?
- Бул окуя 8дер чамасында болду. Биз эшикти такылдатып атканда эле булар элдерге чала баштаган экен. 2005-жылы да СНБнын тарабынан ушундай тинтүү болгондо да эл келип, кысым жасашкан. Биз тараптан төрт, беш кызматкер, келген күбөлөрдүн бири жаракат алып, мобилный телефонун жана 10 000дей акчасы бар экен, тартып кетишкен. Азыр ал кишилердин баары ооруканада жатат. Биз келээрибиз менен бул боюнча кылмыш ишин козгодук. Эки статья менен бул бийлик өкүлдөрүнө каршылык жана зордук көрсөтүү жана ишке тоскоолдук кылуу.
- Он миңге жакын сом боюнча кандай далилдер бар?
- Далилдер бар. Учурда Кыргызстанда укукка жатпаган окуялар болуп жатпайбы. Бул жакта укуктук талаа болуш керек. Ар ким өз билгендей жасай берсе Кыргызстан эч убакта өнүкпөйт. Бул жака келгенде Карабалтадан элдер топтошуп келип, Бокушевди чыгарып кетти.
- А. Бокушев криминалдык чөйрөгө тиешеси бар, же жок деген коомчулукта талаш бар. Буга сиздин оюңуз?
- Мен бул суроого жооп бере албайм. Ал жөнүндө кылмыш иликтөө башкарамалыгы бар, ошолор айтып беришсин. Мен тергөө жагынан айтып жатам. Кылмыштуу чөйрөдө ким кандай экенине атайын кызмат жооп берет.
- Балдарынын көзүнчө сабады деп атышат го?
- Андай болгон эмес. Бир гана кирип барганда Бокушев тарабынан биздин кызматкерлерге каршылык көрсөтүү аракети болгон. Ошондо биз "милиция жөнүндө" мыйзамды колдонуп, аны жыгып, колуна кишен салдык.
- Бокушевди кайдан алып кетишти бул жерденби же Карабалтаданбы?
- Бул жакка бир миңдей адам келди. Коомдук тартипке зыян келбесин деп ушундай чечим кабыл алдык. Бул иш жабык боюнча калбайт. Биз тараптан, үч-төрт машина сынган, милиция кызматкерлерине кол көтөргөн, "вещдокторду" жулуп кеткендердин баардыгы катталган.

Маектешкен Асыл СОЛТОБЕКОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Апта"
email • архив • редакция 
22-июль, 2009-ж.:
1-бет
ОБСЕнин полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизүүнүн зарылчылыгы бар беле?
2-бет
Люстрация
3-бет
Кыргызстан наркокоридор болуп калган
4-бет
Кыргыз Республикасынын Президенти, Роза Отунбаева:
"Убадабызга турбасак, шейит кеткен мекендештерибиздин арбагы кечирбейт"

5-бет
Осмонакун ИБРАИМОВ:
"Бука" эмесмин, "боксер" эмесмин, автомат атканды билбейм"

6-бет
Алмаз Кожомкулов, ЖКнын иш башкармалыгынын башчысы:
"ЖК имаратында өкмөттүн толук курамы отурмай болду"

7-бет
Камчыбек Ташиевди түштүктө улуттук баатыр катары тосуп алышты
8-бет
Акматбек Келдибеков:
"Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп келген жана кала берет"

9-бет
Кылмышдүйнө
10-бет
Академик Нарбеков:
"Өзүбүз менен өзүбүз күрөшүп атабыз

11-бет
Ответное письмо
12-бет
Көшөгөңөр көгөрсүн
13-бет
Акыркы апта ичиндеги ааламдын эң окулган жанылыктарынан
14-бет
"Биринчи өбүшкөнүмдө эч кандай сезим болгон эмес"
15-бет
Жер-дыйкандарга!..
16-бет
"Ойнош ойносо оттон ысык, ажыраса боктон сасык"



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_9.htm on line 49

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_9.htm on line 49

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_9.htm on line 49


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_9.htm on line 49

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_9.htm on line 49

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_9.htm on line 49


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_9.htm on line 49

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_9.htm on line 49

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_9.htm on line 49