Акматбек Келдибеков:
"Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп келген жана кала берет"
Парламенттик жарыш алдында ар бир партия шайлоочуларды өзүнүн программасы, платформасы, көз караштары жана багыты менен тааныштыра байштайт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Коомчулукты мындан тышкары тигил же бул партия жеңишке жетишсе, Кыргызстандын тышкы саясаты кайсы багытка бурулары да кызыктырууда. "Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Акмактбек Келдибеков менен дал ушул маселенин тегерегинде баарлаштык.

- Эгерде мен Россия менен Кыргызстан биздин башкы досубуз бойдон калаарын айта турган болсом, эч ким деле каршы чыкпайт болуш керек,- деп баштады өз сөзүн Акматбек Келдибекович, - Казакстан менен кандай мамиледе экендигибиз, бул мамлекеттин түштүктөгү кайгылуу окуялар учурундагы көрсөткөн чоң жардамын бардыгыбыз жакшы билебиз. Россия менен мамилебиз өзүнчө чоң тема. Россия менен бир туугандай мамиледе экендигибизди баса белгилегим келет. Бул жөн гана жел сөз эмес, кылымдардан бери далилденип келе жаткан факт. Биздин достук канча кылымды карытты, тагдыр чечерлик көп окуяларды бирге баштан өткөзүп келдик. Башкасын айтпаганда да, совет учурунда орус адабияты, киносу, театрынын таасиринде тарбияланып, ал аркылуу дүйнөлүк маданиятты тааныбадык беле. Жада калса советтик державанын кулашы да биздин Россия менен мамилебизди буза алган жок. Болгону, мурда административдик-командалык мамиледе болсок, азыр келишимдик-ыктыярдуу кызматташууга багыт алдык.
- Демек, Россия менен достук мамилени чыңдоо жана кызматташууну мындан ары өнүктүрүү "Ата-Журт" партиясынын негизги багыты болот турбайбы?
- Дал ошондой. Биздин оюбузча, Россия менен көп тармактуу кызматташууну кеңейтүү жана бекемдөө Кыргызстандын приоритеттүү жана негизги максаты болушу керек. Бул жерде, эң негизгиси, кыргыз менен орус элдеринин мамилеси бир нече кылымдардан бери өркүндөп келе жаткандыгы эске алынууга тийиш. Бир аз ошол учурларга кайрылып көрөлү. Миңдеген жылдар мурда кыргыз уруулары тарабынан түзүлгөн күчтүү мамлекет - Кыргыз каганаты урагандан кийин, биздин ата-бабалар өзүнөн күчтүү атаандаштары менен тең эмес таймашта көз карандысыздыгын сактап калуу камын көрө баштаган. Алар Чыңгызхан менен Аксак Темир, кытай жана жунгар хандарынын жоокерлери менен согушууга мажбур болушкан. Ал эми 19-кылымда кыргыз жери тарыхтагы эң бир каардуу талап-тоноочулукка дуушар болгон. Уруулар ортосундагы ынтымактын жоктугу бирдиктүү мамлекетти бекемдөөгө терс таасирин берип турган. Ошондо кыргыз элинин башчылары - улутту сактап калуу жагын терең ойлоно баштаган. Дал ошондой кыйын кырдаалда Россия кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоо милдетин өзүнө алган.
- Тарыхый документтер деле кыргыз-орус мамилеси 2,5 кылым мурда башталганын тастыктап турат...
- Эң туура. Эки элдин ортосундагы дипломатиялык байланыш 18-кылымдын экинчи жарымынан баштап түзүлө баштаган. Кыргыздардын Россиядагы өкүлчүлүгү 1785-жылы түзүлгөндүгү белгилүү. Ал эми 19-кылымдын экинчи жарымында кыргыз-орус мамилелеринин жаңы барагы ачылган. Бул тууралуу окумуштуулар тарабынан миңдеген китептер жазылган, коомчулукту кызыктырган документтер сакталуу турат. Менин бул тарыхка кайрылуума эки элдин, мамлекеттин байланышын белиглеп коюу зарылдыгы себеп болду. Мен муну менен бул байланыш эч качан үзүлбөс керектигин айткым келди.
- Акматбек Келдибекович, азыркы кеп - жеке сиздин эле көз карашпы же "Ата-Журттун" башка мүчөлөрү деле ушул көз карашты карманабы?
- Партия - бир көз караштагы адамдардын командасы болуп эсептелет, биздин партия да дал ушул принципте түзүлгөн. Россия менен Кыргызстан көп мезгилден бери экономика, соода жана маданият тармагында мамилелеш болуп келе жатат. Бул байланыш эч үзүлгөн эмес, тескерисинче, чыңдалып келе жатат. Бул жагынан бир да мамлекет Россия менен тең келе албайт. Келечегибиз да ушул улуу мамлекет менен бирдикте. Муну "Ата-Журттун" бардык лидерлери колдойт.
- Келечек тууралуу кеп салганда конкреттүү биргелешкен долбоорлор тууралуу айтып жатасызбы?
- Бизде биргелешкен көптөгөн долбоорлор бар экендиги юелгилүү. Бул абдан чоң маселе болгондуктан, өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Эң негизгиси, биздин мамлекеттердин ортосунда аймактык же саясий бир да келишпестик жок. А бул көптөгөн маселелерди чечүүдө он таасир берери белгилүү.
- Акматбек Келдибекович, айтсаңыз, эмне үчүн сиз Россия менен Кыргызстандын мамилесине өзгөчө маани берип жатасыз? Республикада мындан башка да курч маселелер көп эмеспи...
- Мындай деп айтаар элем: күнүмдүк маселелер, анан да келечекке таасир эте турган иш-аракеттер болот. Саясатчы күнүмдүк маселелер менен кошо, глобалдык масштабдагы проблемаларды да чече билүүсү керек. Атүгүл, саясатчы болгондон кийин келчечекте жасай турган кадамы элге пайда же зыян алып келерин ар дайым саресепке салып туруусу керек. Бул жерде жеке амбицияларга жана популисттик кадамдарга жол жок. Өзүңүз деле ойлоп көрүңүз, кыргыз элинин бир жарым жылдан берки тарыхы тастыктап тургандай, биздин өлкөнүн мамлекеттүүлүгү Кыргызстан менен Россиянын байланышы башталган учурга туш келет экен. Эки өлкөнүн ортосунда кызматташуунун потенциялы да чоң. Дал ошондуктан биз бир туугандык мамилелердин сакталышы жана кеңейтилишин колдоп чыгуудабыз. Бул маселе "Ата-Журт" партиясынын программасында да айтылган.
Биз бир топ батыш өлкөлөрүнүн Россиянын Борбордук Азиядагы таасирин азайтууга болгон аракетин да жакшы билебиз. Бардык мамлекеттер менен достук мамиленин сакталышына биз каршы эмеспиз, болгону, алардын ашкере активдүүлүгү ойлондурат. Мен Кыргызстанда батышка ыктап, алардын региондогу бардык иш-аракеттерин колдогон саясатчылар бар экенин билем. Мындай позиция биздин мамлекетке терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Себеп дегенде, Россия үчүн биз бир тууганбыз. Ошол эле учурда АКШ үчүн биз сырье жана арзан жумушчу күчүн бере ала турган гана мамлекетпиз. Ошону эске алып, биз, "Ата-Журт" партиясы Кыргызстандын тышкы саясатындагы приоритети катары Россия менен терең мамиле болушу керектигин айтуудабыз. Россия менен тыгыз байланыш биздин мамлекеттин мындан аркы гүлдөп-өсүшүнө жол ача алат.
Маектешкен Клара ЖАРКЫНБАЕВА