Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_3.htm on line 2
  Орозбек МОЛДАЛИЕВ, коомдук ишмер:

Кыргызстан наркокоридор болуп калган
- ОБСЕнин полициялык тобун түштүккө киргизүү тууралуу сөз жүрүп атат. ОБСЕ полицияларын киргизүү турабы?
- Бул ОБСЕден полицияларды киргизебиз деген маселе эларалык коомчулуктун ортосунда Кыргызстан жөнүндө ар кандай ойлор болуп кетти да. Суранычтын башы башкача мааниде болгон. Кыргыздын күч коргонуу органдары туура эмес мамиле жасап атат дешип, эларалык полициялар кирсин деген сунуштар болгон.Бирок, азыркы келе турган полициялар менен ал суранычтардын ортосунда айырмасы бар.
- Кандай айырма?
- Булар өлкөдө конфликттер чыгып кетсе, алардын ортосуна түшпөйт. Булар биздин милицияга кеңешчилик жардам берет. Конфликт боюнча мониторинг жүргүзүп, тренинг өткөрөт. Конфликттерди кандай кылып жоюш керек. Конфликт болуп өттү. Конфликт бүткөндөн кийин кайрадан чыгып кетпеш үчүн кандай аракеттерди жасаш керек. Жетишилген, тынчытылган акыбалды кантип сактап калыш керек.Бул боюнча батыштын полицияларынын тажрыйбасы чоң. Биздин милицияда, Советтик түзүлүштөн өз алдынча мамлекеттерде бул боюнча тажрыйба аз, жокко эсе. Ошон үчүн булардын тажрыйбасы бизге керек. Бирок, мунун укуктук негизин караш керек. Биз, албетте ОБСЕге мүчөбүз, бирок, ОБСЕнин полициялык күчтөрү кайсы келишимдин негизинде кирет деген маселе чыгат. Кокустук болуп калса,Оштогудай эки жак тирешсе алардын коопсуздугуна ким кепилдигин алат. Канча мезгилге чейин алар болот? Бизге калбайбы жоопкерчилиги. Анан ушу суроолордун баардыгына жооп бергенден кийин анан киргизиш керек. Албетте, аларды келип, конфликтке аралашат экен. Анан бир жагына болушат экен деген божомолдорду ачыкка чыгарууга кандай негиздер кирет. Ошо боюнча бийлик түшүндүрүп айтыш керек. Пресс-конференция өткөрүү керек.
- Ош окуясында жана андан кийин, И. Каримовдун саясый кадамын саясаттагы кыраакылык деп баалагандар четтен чыгууда. Анткени, бул конфликтти уюштуруучулардын карамүртөз саясый кызыкчылыгын алдын ала байкады дешүүдө?
- Каримов бул жерде саясый тажрыйбасынын молдугун, кыраакылыгын көрсөттү. 1990-жылдары дагы Ошто окуя болгондо, Өзбекстандын президенти : "бул Кыргызстандын өзүнүн ички жумушу буга биздин тиешебиз жок, кийлигишпейбиз" деп айткандан кийин анан ушул конфликт басаңдай баштаган. Анткени, ошол жактан жардам алсак деп умтулгандар көп болгон. Саясый жардам, анан башка колдоолор болсо, күч киргизип жиберсе дегендер болгон. Ошондо да, И. Каримов жакшы позицияны кармаган. Азыр дагы ошол позицияда турду, себеби ал билет Өзбекстанды ушундай конфликтке тартканга болуп аткан аракет экенин. Бул конфликтин түпкү максаты Өзбекстанды тартуу менен регионалдык масштабдагы конфликттерди чыгарганга аракет.
- Бул нерсе Россия үчүн пайдалуубу?
- Кеп бул жерде бирөөгө пайда болгондугу жөнүндө эмес. Региондо конфликт болуп кеткенде кандай деген сценарийлер болуп кетиши мүмкүн эле. Албетте, Россиянын дагы конфликт болгонго кызыкчылыгы бар. Себеби, Россиянын аймактагы таасири азайып баратат. Регион азыр изоляциядан чыкты. Мисалы: энергия алып жүрүүчүлөр -Түркменстан, Өзбекстан, Казакстан газды Россиянын түтүктөрү менен экспортко батыштын мамлекеттерине чыгарат. Анан Россия алардан бир баа менен алып, өзү каалаган баасында батышка сатып атчу да. Ошондо, Өзбекстандын газын беш, алты эсе кымбат сатып жиберчи. Анан Кытай трубопроводу ачылганда Түркменстан Россияга көзкарандылыктан чыгып кетти. Өзү газын кымбат баада сата баштады. Регион ушундай иштер менен Россиянын таасиринен чыга баштады. Кыргызстан көпчүлүгү Россиядан нефти, бензиндерди алат, калган жагына башка көзкарандылыгыбыз деле жок. Ошон үчүн Россия Кантка база ачып, дагы түштүккө база ачалы деп атат. Башка жактан кубаты жок болуп атат регионду кармап калганга. Базаларды ачып коюп, ушу күч менен регионду кармап калыш керек болуп атат. Жанагындай конфликт болгондо, ОДКБнын аскер күчтөрү демиш болуп, жанагы Грузия, Осетиядагыдай кылып аскер күчтөрү менен кирип, анан ошолор калып калыш керек болгон. Бир сценарий ушундай болгон. Ошон үчүн бул жерде өтө татаал маселелер бар. Эми мына изилдөөлөр болгону жатат. Сурактар болуп атат, тергөө иштери жүрүп , наемниктер кармалып атат. Бул жерде бир топ сырткы күчтөрдүн максаттары бир жерден чыгып калып атат. Наркобарондор деле региондо тынчтык болбогондугун каалайт. Мисалы Афганистанда наркотик ташыгандардын жолун тосконго мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Себеби дегенде өкмөт терроризим менен күрөшүп атат. Өкмөт ошону тынчтандырып, наркотик менен күрөшкөнгө чамасы жок. Себеби, өкмөт наркотик менен күрөшүп баштаса алар өкмөттүн алсыздыгынан пайдаланып чоң күчтөрдү мобилизациялап коёт. Ошондо Афганистанга кыйынчылык келип калат. Ошон үчүн Афганистанда наркобарондор менен күрөшө албай атканынын себеби да ушул болуп турат. Бизде дагы, бул жакта стабилдүүлүк болбой калса, наркотикти ээн-эркин ташуу максаты болуп атат. Себеби дегенде, мурда нарко жолу алардын көзөмөлүндө болгон дагы өздөрү каалагандай ташып кетип турган. Кыргызстан тоскоолдуксуз коридор болуп калган. Кийинчерээк нарко жолу бир топ кеңейтилген. Эми ошол жол жабылып калганы турат. Ошон үчүн алардын да кызыкчылыгы бар.
- Темага кичине жакындасак, Кыргызстандагы абал ОБСЕнин полициясына кирүүгө өтө эле муктажбы?
- Өтө деле муктаждабыз деп мен деле айталбайм, бирок мына бул жаңжал кайталанбай басылып кетсе ал жакшы. Бирок, ошону биздин милициялар жөнгө салалабы деген маселе бар. Мен буга толук ишенбейм. Анткени кийинки кездерде биздин укук коргоо кызматкерлерин деңгээли өтө төмөн болуп кеткен. Булар өздөрүн профессионалдык деңгээлде эмес бийликке берилгендигине, акча жасап бере алгандыгына гана карап тандалып алынып калган. Мисалы, 7-апрелдеги окуялардан көрдүк. Спецназдар колундагы куралдарын тарттырып ийип эле отуруп калбадыбы. Андан кийинки окуялардан деле караңыз, Ош, Жалалабаттагы курал-жарактарын тагынып жүргөндөрдү деле, провакаторлорго деле алдын-ала иш жасай алган жок. Ошон үчүн бул жерде деле тажырыйба алып, алмашып, конфликттен кандай чыгып кетүү керек. Ошол жагынан жардам алсак эч качан жаман болбойт анткени биз ОБСЕнин мүчөсүбүз.
- Аликбек Жекшенкулов Азаттыка берген интервьюсунда Югославияга кирген ОБСЕнин полициялары мамлекетти бытрандуулукка алып келди деп айтты го? Кыргызстан Югославиянын тагдырын кайталабайбы?
- Аликбек Жекшенкулов бул жерде жаңылып атат. ОБСЕнин полициялары Югославияга кирген жок. Югославияга НАТОнун күчтөрү кирди. Тынчтык орнотуу эл аралык күчтөрү деген. Ал полиция күчтөрү эмес, ал аскер күчтөрү. Алар күч менен конфликтерди токтоткон. Аны жөн эле бытырандуу кылды деген туура эмес. Бытырандуулуктун себеби башка жакта жатат. Бул жерден Аликбек Жекшенкулов өзү тышкы иштер министрилигинде дагы иштеп жүрсө дагы, ситуацияны жакшы билбегендиги өкүндүрөт. Косова эмне үчүн бөлүнүп чыкты? Ал жакта мусулмандар жашайт. Улуту боюнча албандар, ошолорго геноцид болгон. Сербияда дагы геноцид болгон көп улутту мамлекетте улуттардын арасынан конфликт чыгып, анан диний конфликтке алып келген. Ошондо канча деген мусулмандардын укугун коргоп калышпадыбы маселе эл аралык кийлигишүүсүнө чейин алып келген. Болбосо, Косовадагы мусулмандар кырылып калмак.
- Эки тараптуу келишим түзүлбөй эле кирип калышы да мүмкүнбү?
- Мүмкүн, бизге айтпаган менен эки тараптуу келишим түзүлүп аткандыр балким. Убактылуу өкмөттүн көп нерсесин укпай эле калып атпайбызбы? Техникалык өкмөт келди балким алар иштеп аткандыр. ИИМги карап аткандыр муну балким, ошону да карашыбыз керек. Анан жөн эле кирбейт болуш керек, ушинтип үмүттөнүп туралы.

Нурайым Рысмамбетова




  Пикирофон

Техникалык өкмөттүн жаңы курамына ичиңиз чыктыбы?
Равшан Жээнбеков,
"Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин бири:
- Азыркы өкмөт курамы туура эмес деп атышпайбы. Бирок көпчүлүгү туура тандалган. Кеп алардын туура тандалган жана тандалбагандыгында эмес, маселе, биздин жаңы президент элге алдын ала талаптарын айта алган жок. Айтпагандан кийин эл аябай нааразы болуп жатат. Анткени бул министрликке тиги министр татыктуу деп айтышы керек эле. Телефон аркылуу сүйлөшүүлөр, жердештик ж.б. баардыгы ачык болсо эл билет да кимдин кимдигин.

Токтогул Какчекеев,
саясат таанычуу:
- 7-апрелде эски бийликти кулатканына элдин ичи чыкпай турат. Ошол учурда өкмөт мүчөлөрү мамлекеттке таза, иштин көзүн билген кесипчил инсандарды алып келебиз деп айтышкан. Бүгүнкү күндө баягы эле Акаев, Бакиев доорунда иштегендер келип жатат. Мен аларды жамандайын деген деле оюм жок. Бирок Бакиев, Акаев доорунда иштеген адамдар кыргыз элин кемсинтип, духун, экономикасын түбүн түшүрүп, өндүрүштү талкалап жатканын көрүп жатабыз. Анын жыйынтыгы элдин нааразычылыгынан элди көчөгө алып чыгып, өлүм-житимден корпой Бакиевдин планын жоготконго барышты да. Роза Исаковна толук ыйгарымдуу президент болгондон кийин ага ишенишибиз керек.

Шайлообек Дүйшеев,
Эл акыны:
- Ар ким ар кандай нерселерди айта беришет да. Мисалы, менин ичим аларга ачышкан жок. Себеби мени бийликке койсо иштей албайм да. Отуруп алып сындаганга моралдык укугум да, акым да жок. Анан дагы Бакиевдики, Акаевдики деген нерсени ушундай кырдаалда ташташыбыз керек. Бир ууч эле кыргызбыз. Техникалык өкмөттүн мөөнөтү үч ай деп жатпайбы. Бир ай болобу, үч ай болобу? Азыр биздин казынабыз бош, бюджет жок. Ушундай кыйрап, бүлүнүп турган абалда турабыз. Баарыбыз эле көкүрөк кага бербей, бутубузга туруп, экономикабызды көтөрүп алышыбыз керек.

Ишенбай Абдразаков, коомдук ишмер:
- Бардык нерсе салыштырмалуу да. Мурдагы убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө караганда, азыркы жумушчу өкмөттүн курамы мага аябай жакты. Өздөрүнүн ишин мыкты билген, профессионалдуу адистер келиптир. Буларды колдошубуз керек. Кичине болсо да ичим жылып, ыраазы болуп турам. Бирок дагы бир топ орундарды өзүнүн ишине байланыштуу адистерди алып келишсе болот эле. Шартка жараша ошондой деп чечишсе керек. Келечегин дагы көрө жатарбыз.

Асел Карыпбекова






кыргыз тилиндеги гезит "Апта"
email • архив • редакция 
22-июль, 2009-ж.:
1-бет
ОБСЕнин полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизүүнүн зарылчылыгы бар беле?
2-бет
Люстрация
3-бет
Кыргызстан наркокоридор болуп калган
4-бет
Кыргыз Республикасынын Президенти, Роза Отунбаева:
"Убадабызга турбасак, шейит кеткен мекендештерибиздин арбагы кечирбейт"

5-бет
Осмонакун ИБРАИМОВ:
"Бука" эмесмин, "боксер" эмесмин, автомат атканды билбейм"

6-бет
Алмаз Кожомкулов, ЖКнын иш башкармалыгынын башчысы:
"ЖК имаратында өкмөттүн толук курамы отурмай болду"

7-бет
Камчыбек Ташиевди түштүктө улуттук баатыр катары тосуп алышты
8-бет
Акматбек Келдибеков:
"Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп келген жана кала берет"

9-бет
Кылмышдүйнө
10-бет
Академик Нарбеков:
"Өзүбүз менен өзүбүз күрөшүп атабыз

11-бет
Ответное письмо
12-бет
Көшөгөңөр көгөрсүн
13-бет
Акыркы апта ичиндеги ааламдын эң окулган жанылыктарынан
14-бет
"Биринчи өбүшкөнүмдө эч кандай сезим болгон эмес"
15-бет
Жер-дыйкандарга!..
16-бет
"Ойнош ойносо оттон ысык, ажыраса боктон сасык"



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_3.htm on line 57

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_3.htm on line 57

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_3.htm on line 57


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_3.htm on line 57

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_3.htm on line 57

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_3.htm on line 57


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_3.htm on line 57

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_3.htm on line 57

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/apta/10/0722_3.htm on line 57