Ыркече

"Биринчи өбүшкөнүмдө эч кандай сезим болгон эмес"
Жанэл, ырчы:
- Качан, каерде өтө ынгайсыз абалда калдың эле?
- Ыңгайсыз абалда калган учурларым деле болгон эмес. Бирок алгач сахнага чыкканымда өзүмдү аябай ыңгайсыз сезгем. Сүрдөп, эки бетим кызарып, албырттап-жалбырттап аябай жаман болгом. Кантип чыкканымды, өзүмдү сахнага кандай алып жүргөнүмдү ошол учурду эч унута албайм. Өзүмдү башкара албай биринчи жолу ыңгайсыз абалда калган күнүм алгачкы сахнага чыгуум менен башталган.
- Мүчөңдүн кайсы жери өзүңө абдан жагат?
- Өзүмө дайыма жылмайып жүргөнүм жагат. Баардыгы эле айта беришет. Дайыма эле күлүп жүрөсүң дешет. Өзүмө ошол күлүп жүргөнүм жагат.
- Жигитиң барбы?
- Азырынча жигитим жок. Көңүлүмө жаккан жигитти жолуктура элекмин. Ушул убакка чейин эч кимди сүйүп да көрө элекмин. Кыскасы башыма сүйүү келе элек десем болот. Апамдын эле кичинекей кызымын.
- Жигитти сүйүп калсаң сезимиңди кантип билдирет элең?
- Эгер мен сүйүп калсам сезимимди билдире албай аябай кыйналмакмын. Жанына бара албай сүйлөй албай аябай сүрдөмөк болушум керек.
- Кыздар менен эс алып отуруп, жүз граммдашканга кандайсың?
- Жок, мен таптакыр ичпейм жана ичкен адамды да сыйлабайм. Кээ бирөөлөр жөн эле ичип, тамеки чегип эле жүрүшпөйбү. Мага бул нерсе таптакыр жакпайт. Анткени биз келечектеги энебиз да. Ошол жүрөгүндө ыйманы бар адам эч качан андай жаман жолго барбайт болуш керек деп ойлойм.
- Саунага барасызбы?
- Сауна, дискотека дегендерге таптакыр кызыкпайм.
- Саясатчы болобу, бизнесмен болобу эс алып келүү сунушун киргизсе макул болот белең?
- Андай нерселерге таптакыр каршымын. Кызыкпайм дагы. Ал тууралуу да ойлонгум да келбейт.
-Эс алууну кайда өткөзөсүң?
- Өзүм Көлдөн болгондуктан кереметтүү туулуп өскөн айылыма келип, апамдын жанында түрлүү тамактарды жасап алып рахаттанып эс алганды жакшы көрөм.
- Кыздар менен чачташып мушташкан учурларың болгонбу?
- Кичинекейимден эле аябай токтоо кыз болуп чоңойдум. Анын үстүнөн жалгыз кыз болуп чоңойгонгобу, баардыгы сеники деп эле, өзүмчүл да болуп алдым. Ушул кезге чейин кыздар менен чачташмак түгүл жаман сөз менен деле урушуп көрө элекмин. Кичинемден эле өзүм менен өзүм болуп, азыркыга чейин ошондоймун. Өзүмчө кыялданып кандай ыр жаратсам экен деп ойлонуп жүрө берем.
- Кайненең каардуу болуп ырдатпай койсо эмне кыласың?
- Мен биринчиден андай кайненеге туш болом деп таптакыр элестетпейм. "Жаштын тилегин берет" дейт. Келечектеги кайненем мени түшүнгөн адам болсо дейм.
- Жүрөгүңө эң жакын адамың барбы?
- Жүрөгүмө эң жакын, бул дүйнөдө мен сыйлаган, ишенген, таянганым жалгыз апам. Анан албетте Кудайга ишенем.
- Атактуулукка жетиш үчүн киного эротика аралашкан башкы ролду аткарып бер десе кандай дейсиң?
- Мен буга макул болмок эмесмин. Буга апам да каршы болмок. Тартылганга жараша жакшынакай эле оң каармандын ролун беришсе макул болмокмун.
- Биринчи өбүшкөндө кандай сезимге кабылдың эле?
- Билбейм.. бирок эч кандай деле сезим болгон эмес. Адамды сүйүп көргөн эмесмин. Мындай эле өбүшүп койгом. Эгер сүйбөсөң эсте калбайт экен.
- Ич кийимдин өңүнө басым жасайсыңбы?
- Мага ак жана кара өңдөгү кийимдер жагат. Ич кийимдеримдин өңү деле ошондой. Жакшы эле башка түстөгү кийимдерди алайын деп ойлоном бирок ала келгенде эле ак же кара болуп калат.
- Эгер сени эл көзүнө көрүнүп калган эле адам экинчи аял болууга сунуштаса эмне деп жооп айтасың?
- Кудай сактасын андай нерседен. Экинчи аял болуп тийүүгө каршымын. "Тең теңи менен" деп коёт эмеспи. Жакшынакай өзүм теңдүү балага турмушка чыгып, татыктуу жар, бактылуу эне болууга не жетсин.

Маектешкен
Асел КАРЫПБЕКОВА




Имиштер-тетири имидждер
Эгер сиздин шоу бизнестеги ырчылар тууралуу оюңузду, алардын терс сапаттары тууралуу билсеңиз 0554423321 номерине СМС жөнөтүп, редакция менен байланышсаңыз болот.

Жанеттанын жели чыктыбы?
- Созолонтуп ырдап, эки элдин салтын бузбай бекем кармап келе жаткан ырчы Жанетта эжеге кайрылгым келет. "Супер инфо" гезити менен чатакташып, соттошобуз деп жүрүп дымыңыз чыкпай калды го. Имиштерден улам Жанетта Бобкова калп айтып алганын моюнуна алып унчукпай калды деп айтып жатышат. Эмне үчүн соттошобуз деп атып эле соттошпой калдыңыздар. "Кыз боозуп энесин коркутат" дегенден кийин унчукпай дым болдуңуз. "Супер инфо" туурасын жазып чыккандыктан, күнөө сиз тарапта болуп калдыбы?
Күйөрманыңыз Айжаркын.


Буулуккан Клара
- Клара Алибекованын "Кыргызымдын жигиттери" деген ырын уккандан тажачу эмесмин. Клараны тааныткан алгачкы ыры ушул эмес беле. Койкоюп элдин эми көзүнө көрүнө баштаганда Байыш акебиз менен кол кармашып "Оо, менин биринчи сүйүүм" деп ырдаганда алардан өткөн бактылуу адамдардар жоктой сезилчү. Бир балалуу болгондон кийин кайрадан ажырашып кетишти. Уккандан кийин ушунчалык жаман болгом. Эми акыркы күндөрү ичимдикти аябай ичип, ичине градус кирсе буулугуп эле ыйлай берет деп угуп жатам. Күйөрманы катары боорум ооруп ушул СМСти жазып отурам. Мүмкүн болсо ушул тууралуу Клара сиздер менен байланышып чын төгүнүн айтып берет деп ишенем?
Кылычбек,
Жалалабад.

Билектерин
балык туйлатып
- Эмне үчүн шоу бизнестеги ырчылар бат-бат эле аялдары менен ажырашып, сулуу кыздарга ашык боло беришет. Белгилүү ырчы Айбек Карымовдун ырларын аябай сүйүп укчу элем. Өзүн да аябай сыйлачуумун. Жакын арадан бери Ахунбаева көчөсүндөгү кафелердин биринен күндө болбосо да, күн алыс сулуу кыздарды ээрчитип эс алып кетет. "Жүрөк бирди сүйөт, көңүл миңди сүйөт" деген сөз бар эмеспи. Айбек байкенин улам эле жаш кыздарга көз артып жүргөнүн көп байкайм. Айбек байке чыныгы сүйүүңүзгө жолуга албай жатасызбы?
Динара, Чүйдөн


Нуриза сүйүүсүн таптыбы?
- "Эскирген эски бакта" деп созолонтуп ырдаган ырчы эжекебиз 34 жашка келип калды эми качан турмушка чыгат деп ойлочумун? Буга чейин турмушка чыга элек экенине кабарым бар болчу. Жакын арада бир тааныш адамдан Нуриза Абазова абакта отурган жигитке жашыруун турмушка чыгып, тоюн ошол жактан өткөрүптүр деген имиш уккам. Нуриза эже чын эле абакта отурган адамга турмушка чыктыңызбы? Ошону билгим келет?
Нурбек, Бишкек